СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ичкилик канатынын Тейит уруусу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Лейлекте тейит урууларынын бүт дүйнөлүк курултайы өттү

18-август 2014, 08:04

16-августта Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында кыргыздын Ичкилик канатынын Тейит уруусунун бүткүл дүйнөлүк курултайы өттү.

Жогорку Кеңешинин депутаты Надира Нарматова Facebook социалдык тармагына: "Бүткүл дүйнөлүк Тейиттердин Курултайы Лейлек районунун борборундагы Маданият үйүндө чоң уюшкандыкта өттү. Курултайга Турциядан, Кытайдан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринен, Ыссык -Көл, Нарын,Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 600дөн ашык делегаттар катышты. Максат Элди ынтымакка, биримдикке, Түндүк-Түштүк болуп бөлүнбөй бир кыргыз экендигибизди далилдеп биригүүгө жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошолу деген ой менен өткөзүлдү.

Курултай өз максатына жетти. Тейит башы болуп бир добуштан Академик Абдыганы Эркебаев шайланды. Тейит башы деген белги (эн тамга) расмий түрдө Абдыганы Эркебаевге тапшырылды. Алланын кулагы сүйүнсүн" деп жазды.

Алгач курултайдын салтанаттуу ачылышы Исфанадагы клубда өтүп, андан чыгышкан делегаттар райондук стадиондо Тейит уруусунун жаштары уюштурган салтанаттуу жүрүш-флэшмобго күбө болушкан. Жаштар Кыргызстандын жана Тейит уруусунун желектерин көтөрүп салтанаттуу жүрүш жасашкан.

Курултайга Тейит уруусунун көрүнүктүү өкүлдөрү, Кыргыз Илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Надира Нарматова, "Кыз-Бурак" кыздар тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова жана Баткен облусунун "гүбүрнатыры" Жеңиш Раззаковдор баштаган кыргызга төбөсү көрүнгөн уул-кыздары катышты.

Стадиондогу салтанаттуу жүрүштөн кийин делегаттар кыргыз мамлекетинин биринчи расмий партиялык лидери Исхак Раззаковдун айылына барышты.

Баса, Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиев, качып жүргөн экс-транспорт министри Нурлан Сулаймановдор да Тейит уруусунан болушат. Сары-тейит уруусунун чыккан Рахманкул-хан, өзүнүн эли менен Түркиянын Ван деген жерине көчуп барып, мекендеп калган.

Чоң-Алайда Кара тейит, Ноокатта Кызыл тейит, Жалал-Абадда экс-президент К.Бакиевдин туугандары жашаган Тейит деген айылдар бар.

Эсиңиздерге сала кетсек, Академик Абдыганы Эркебаев азыр Кыргыз Илимдер академиясынын президенти, 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнүн уюштуруучуларынын бири. Акаев доорунда министр, парламенттин спикери болуп иштеген. Бирок, бийликке Тейит уруусунун өкүлү Курманбек Бакиев келгенде ага оппозицияга өткөн жана мамлекеттик кызматтарга дайындалган эмес.

Кошумчалай кетчү жагдай буга чейин кытай, мундуз, баргы, жедигер сыктуу бир топ уруулар өздөрүнүн курултайын өткөзүшкөн.

Тейит байыркы кыргыздын бир уруусу

М.Тынышпаев тейиттер 6-к. түрктөр менен Орто Азияга келген деп эсептейт. Чумугундар менен тыгыз байланышта. Тейиттер батыш түрк каганатынын негизин түзгөн. Кытай, карлуктардын соккусунунан алар чачырап, бир бөлүгү Кашкарга, бир бөлүгү батышка кетишкен. Ошолордун насилдери Доит-Тейиттер, Кара Кесектер болушу ыктымал деп божомолдошот. Кара тейиттердин бир уругу казактарда болуп, алардын байыркы урааны Даут тейит. Санжырада Чүй баатыр элин кытайлардан коргоп согушта өлөт. Алар Алай, Памир тоолорунда моңголдордон мурда эле жашаган, биз 11-12-кк. түзгө түшкөнбүз. Ферганада Ороз хандын заманынан бери жашайбыз (М.Тынышпаев.1925. Ташкент. стр. 3-25) дейт.

Үсөн Ажы араб тарыхына таянып: Кыргыз Ороз хан Чыңгыз хандын аскери Самаркандды алганда өзү келип багынып берип ордун сактап калганын айтат.

А.Кушкевич (1872-ж. «Туркестанские ведомости», №11) Каратегинде тейит уруусу жашаарын айтат. И.Минаев 1879-ж. ичкиликтердин 20 уруудан турарын, ага: тейит, кара тейит, чал тейит кирет деп жазган.

Н.А.Аристов Свен Хединге таянып «Памирде, Алайда, Кара Тегинде тейит уруусунун өкүлдөрү (каратейит, тейит) 543 түтүн, 2715 киши» деп жазган.

Н.Ситняковский «Ош уездиндеги кыргыз уруулары» деген макаласында жана таблицасында тейит уруусу 12 уруктан турат: «Кара тейит, Сары тейит, Чал тейит, Бай тейит, Арык тейит, Чоң тейит, Уйгур тейит, Жаман тейит, Чапан тейит, Айтемир тейит, Токум тейит, Чыгырчак тейит» деп жазган. Тейиттер накта кыргыздар.

Тейит арабдар менен салгылашкан, алардын кол башчылары менен куда болгону жөнүндө аңыз айтылат. 1913-14-жж. тейиттер Скобелев уездинин Ичкилик болушунун №1,2,3 айылдарында 167 түтүн 758 киши, Найман болушунун 19 айылында 416 түтүн 2297 киши турушкан. 1924-26-жж. тейиттер Ноокат, Нойгут-Кыпчак, Ичкилик, Найман болуштуктарында жашашкан. 1953-55-жж. чоң тейит, чыгырчак тейиттер катталган эмес, өзгөргөн. 20-к. 50-ж. тейиттер Лейлектин Булак Башы, Кайрагач, биринчи, экинчи, Кольцо, Кулундуда, Баткендин Сары Талаа, Кульп айылында, Фрунзеде – Майдан, Караганды, Шибе, Лянгар, Теңизбайда, Алайда – Көк Булак, Кургак, Талды Суу, Кара Кабак, Кашка Суу, Кабык, Кызыл Эшме, Жаш Тилек, Чак, Кулчу, Жекенди, Карамык, Шибээ, Кара Тейит айылдарында, Ноокаттагы Апшир Сайда, Сузакта, Ак Мечитте, Ысык Көлдүн Ак Терек, Жеңиш айылдарында жайланышкан. Тейиттер кыргыздын калыптанышына катышкан.

Интернет булактарынан алып даярдаган Орозалы Карасартов,” Аймак”

10.05.2020 08:00


Рекомендуем курсы ПК и ПП