СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Инновациялык багытта окутуунун педагогикалык технологиялары

Нажмите, чтобы узнать подробности

ИННОВАЦИЯЛЫК БАГЫТТА ОКУТУУНУН ПЕДАГОГИКАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ Бүгүнкү күндө инновациялык багытта билим берүүдө педагогикалык системанын бардык методологиялык структуралык элементтерин өзгөртүүгө тура келүүдө. Алар: окуу планы, программасы, анын мазмуну, окутуунун методдору, формалары, колдонулган окуу каражаттары жана анын натыйжалуулугун кайра карап чыгуу зарылдыктары келип чыгууда. Учурда билим берүүнүн жаңы инновациялык процесстеринде педагогикалык системага жаңыланган интерактивдүү мүнөздөгү жаңы меттоддору киргизилип жаткандыгын баарыбыз билебиз. Натыйжада педагогикалык билим берүү системасында коомдун учурку талаптарына карата бүгүнкү инсанга (студенттерге, окуучуларга) жаңы деңгээлдеги таасирдүү билим берүү үчүн, окутулуучу предметтердин методологиялык структурасын модернизациялоо керек экендиги, аларды кайрадан жаңыртып иштеп чыгуу, окуу процессинде калыптандыруу талап кылынууда. Заманбап талабы, студенттердин (окуучулардын) психологиясын, ички ой – мүдөөлөрүн туура түшүнүп, алардын таанып билүүчүлүк кызыкчылыктарын, эмоциясын, эркин, ачын жана бирдиктүү аракеттенүү менен өз алдынча эмгектенип билим алууга муктаждыктарын пайда кылуу, жаңы чыгармачылык менен иштөөчү новатор мугалимдердин эффективдүү иштеринин жыйынтыктары болууга тийиш. Демек окуу процессиндеги жаңы талаптарга карата жаңы ишмердүүлүктү жогорулатууга ар кандай жаңы маалыматтардын технологиялык процесстери киргизилсе ал Инновациалык багытта окутуу деп атап келебиз. Себеби, инновациалык багыттагы интерактивдүү методдорду колдонуу менен окутууда жаңы билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү студенттердин (окуучулардын) аң сезимине тасирдүү таанып билүүгө, өздөштүрүү процессиндеги башкаруу жана уюштуруунун ыкмаларын туура тандап алууда студенттердин, окучуулардын (инсандык) активдүүлүгү айрыкча чоң мааниге ээ. Мындай инновациялык багыттагы билим берүүдѳ айрым учурда эки багытта (формаларына жана мазмунунуна карата) деп белгилеп жүрѳбүз. Биринчиси студенттерге (окучууларга) инновациялык багытта ар түрдүү интерактивдүү методдорду колдонуу менен билим берүүгѳ тиешелүү шарт түзүп берүү: салттуу же атайын инжинердик жактан жабдылган окуу залдарында, кабинеттерде, така түрүндѳ, Т-түрүндѳ, С-түрүндѳ, П-түрүндө же атайын топторго бѳлүп группаларга, эки- экиден, же тренинг ж.б. формада жайгаштырып сабак өтүү. Экинчиси окутуу процессинде (интерактивдүү методдорду колдонуп сабак ѳтүүдѳ) ѳтүлүүчү темага көрсөтмөлүү жана таазирдүү мүнөздө, мазмунуна карата таанып билүүгө оптималдуу түшүнүктѳрдү, жаңы интерактивдүү методдорду колдонуу менен акыл-ой- чабуулун жүгүртүү, талдоо жана жыйынтык чыгаруу технологияларын тандап алуу. Өтүлүүчү темага кандай формада жана мазмунда интерактивдүү методду колдонуу керектиги, ал үчүн кандай окуу каражаттарын тандоо мүмкүнчүлүгү, убакытты оптималдуу ѳлчѳй билүү, пайдалануу жана аны объективдүү күнүмдүк чөйрөдөгү шарттарга карата уюштура алуу зарылдыгы талап кылынат. Инновациалык багыттагы окутуунун методдору – бул учурдагы модернизацияланган (заманбап талабына карата жаңыланган) интерактивдүү методдорду пайдалануу менен студенттерди (окуучуларды) окутуу учурунда ѳнүккѳн илимдин, жаңы техникалардын жана технологияларды колдонуу. Алардын жетишкен өсүп-өнүгүүсүнө байланыштуу жаңы коомдогу тарбияланып жаткан студенттердин, окуучулардын жана талапкерлердин жаңы маалыматтык технологияларына ылайык жаңылануу жолу менен «таанып билүү, түшүнө билүү, элестетүү, талдай билүү, ой жүгүртүү жана колдоно- калыптана билүү» концепциясынын негизинде иш жүргүзүү деп эсептейбиз. Башкача айтканда ачык, эркин жана бирдиктүү өз ара аракеттенүү менен окуу процессин уюштуруу деп билебиз. Азыркы мезгилде инсандын (студенттин, окуучунун) инновациалык багыттагы окутуу көптөгөн интерактивдүү методдор менен тыгыз байланышкан. Окутуучу (мугалим) менен студенттердин (окуучулардын б.а. инсандын) ортосундагы максаттуу иш аркеттенүүсү б.а. билим берүү жана кабыл алуу, теориялык жана практикалык жактан жаңы маалыматтарды талдоодо жана ѳздѳштүрүүдѳ өз ара аракеттенүү методдору менен сабак уюштуру. Мындай интерактивдү методдорду пайдаланууда төмөндөгүдөй байланыштар түзүлөт: «окутуучу-студент-маалымат» алар өз ара «окутуучу –студент», «студент - студент», «студент -маалымат» жана «жаңы маалыматтар-түшүнүктөр окутуучу -студент» бири-бири менен тыгыз байланыштагы билим алууну түшүндүрѳт. Окутуучунун (мугалимдин) менен студенттердин (окуучунун же инсандын) бирдиктүү активдүүлүгү жана аракеттенүүсү менен жаңы маалыматтарды ѳздѳштүрүшѳт. Инновациялык багыттагы интерактивдүү билим алуунун модели. Окутуучунун милдети: коюлган проблеманы чечүүдѳ студенттерге эркин, бирдиктүү жана ачык-айкын түрдѳ коюлган масселени ѳздѳштүрүүгѳ, чечмелөөгө өздөштүрүүчүлөргө активдүү шарт түзүп берүү. Студенттердин милдети: коюлган проблемага (проблеммага, масселеге, суроолорго) активдүү кѳңүл бѳлүп, эркин, ачык-айкын жана бирдиктүү аракеттенүү менен талкуу жүргүзүп, ѳз оюн жалпы катышуучуларга (студенттерге) эркин айтуу менен бирдиктүү жаңы маалыматтарды кабыл алуу. Окутуучу өз кезегинде студенттерге жалпы билим берүү жана тарбиялык иш жүргүзүү менен, окуу процессинин жүрүшүнө багыт берет жана контролдойт. Алар: билим берүүнүн негизги концепциясына карата, мамлекеттик стандартына (тиешелүү кесибине карата), окуу планын, окуу программасын, ѳтүлүүчү темалардын мазмунун, консультация, ага колдонулуучу тирминдердин, окуу каражаттарын туура пайдалануу, тиешелүү болгон группалар (атайын инсандарга) ортосунда берилүүчү суроолорду, тапшырмаларды алдын ала даярдайт жана окуу процессин жүргүзѳт. Демек, инновациялык багыттагы интерактивдүү методдорду колдонуп окутуу – бул студенттердин (окучуулардын же инсандын) таанып билүүдѳгү иш аракеттин, Студент (инсан) Студент (инсан) Студент (инсан) Окутуучу (мугалим) уюштуруунун атайын формасы деп эсептөөгө болот. Анда толугу менен биз билим берүүдѳгү эркин, айкын-ачык жана бирдиктүү окутуу менен белгилүү деңгээлдеги максаттарга (билим, билгичтик жана кѳндүм) ээ болуу дегендикти билгизет. Мындай окутуунун максаттарынын негизи окуу процессинин натыйжалуулугун арттырат, окутуудагы билимдүүлүктүн ийгилигин, окутуучунун жана студенттин интелектуалдуу чыгармачылыктагы негиздүүлүгүн сездирген, окутуунун ынгайлуу шарттарын түзүү берүү болуп эсептелет. Таанып билүү процессиндеги бирдиктүү иш аракеттерди окуу материалдарына өздөштүрүүдө ар бир окуучу өз салымдарын кошууга, ой пикирлерин эркин айтууга, элестетүүгѳ, ошону менен бирге алган билимин, билгичтигин талдоого андан ары кѳндүмдүктү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Студенттер (окуучулар) арасында, группалаштар, жалпы өнөктөштөр арасында ак- ниеттүүлүк, өз-ара жардамдашуучулук жана ынтымактуулук пайда болот. Интерактивдүү методдор менен окутуу жана аткаруу технологияларын – ошол предметтин темасындагы мани-мазмунун түшүндүрүүдѳ окутуучу менен студенттин ортосундагы байланышта өтүлүүчү теманын мазмундук маалыматтары аркылуу маектешүүсү жана баарлашуусу, анын концепцияларын өз ара аракет мамилесин төмөндөгүдөй караса болот. Окутуунун концепциясы тааный билүү түшүнө билүү элестете билүү талдай билүү Колдоно-калыптана билүү Бул максатта иш алып барууда көптөгөн иннавациялык багыттагы интерактивдүү методдорду колдонууга болот. Алар: сын көз караш менен ой жүгүртүү, инсерт, кластер, кейст технологиясы, зигзаг, аралыктан окутуу ж.б. интерактивдүү методдорду колдонууда пайдаланылат. Өз ара аракеттенүү мамилеси Окутуучу– студент Студент – окутуучу Студент– студент Студент – маалымат Жаңы ой пикирлер – студент, окутуучу Окуу процессинде интерактивдүү методдорду колдонуу менен окутуу - бул бардык группанын студенттерине эркин, бирдиктү жана айкын-ачык билим берүүгѳ жетишүү болуп эсептелет. Мында ар бир студент ѳз оюн экин айтууга, ачык, бирдиктүү билим жана билгичтике жетишет. Ар кандай маалыматтарды талдоого, салыштырууга мүмкүнчүлүк түзүлѳт жана бѳлѳк темага тиешелүү материалдар менен таанышат. Интерактивдик методдордун принциби – бул ѳз-ара активдүүлүктү пайда кылуу, жалпы группанын ой-пикирине таянуу, ар-кандай карама каршылыкты жою, кѳпчүлүктүн пикирин колдоо, бирдиктүү түшүнүктѳгү пикирге келүү менен билимин, билгичтигин баалого жетишүү болуп эсептелет. Интерактивдик методдорду колдонууда айрым учурда атайын оюн түрүндѳ же жѳн эле бирдиктүү билим алуу, дискуссия түрүндѳ болушу мүмкүн. Атайын оюн түрүндѳгүлѳр: теманын мазмунуна карата оюндар, кейипкерге, ролдорго бѳлүштүрү же фактыга карата оюндар, психологиялык тренингдер ж.б. Атайын оюн түрүндѳ эместер: атайын теманын мазмуундук кырдаалга карата анализдер (case-study), групплык дискуссиялар, бирдиктүү окуу методикалары болушу мүмкүн. Натыйжада билим берүү системасында учурку коомдун социалдык-экономикалык жана маданияттык багытынын өзгөрүшүнө карата, ЖОЖдордо жана мектептерде модернизацияланган жаңы программанын негизинде, инновациялык багыттагы методдорду колдонуу менен окутуу, жаңы чыгармачылык чөйрөсүндө атаандаштыкта, коомго жаңы салым кошо ала турган жаштарды тарбиялоо керек болуп калды. Жогорудагыдай талаптарына карата билим берүү системасында педагогикалык жаңы технологиялардын системасы пайда болуда. Булар традициялык формадагы (лекция, аңгеме ж.б., формасы күндүзгү, кечки жана сырттан) жана инновациялык формадагы (интерактивдүү, өз алдынча же аралыктан окутуу) окутуунун жаңы методдорун колдонуу менен бүгүнкү күндөгү компьютердин өнүккөн маалыматтык технологиялары (окуу каражаттары) аркылуу билим берүү болуп саналууда. Мындай билим берүүнүн жаңы структурасы: студент (окуучу) билим алууда предметтин мазмунун өздөштүрүүдө компьютердин өнүккөн маалыматтык технологияларынын каражаттарын колдонуу, ал эми окутуучу ошол окуу каражаттарынын мазмунун жана аны окуутуунун структурасын, аткаруу технологиясын даярдоо б.а. билим берүү системасынын бул жаңы түрү педагогикалык технология деп айсак да болот. Натыйжада приаритеттүү педагогикалык жаңы технология - бул максаттуу билим берүү б.а. билим алуучунун талабын эске алуу менен окутуу процессин жаңыча уюштуруу жаңы педагогикалык технологиялардын максаты болуп келүүдө. Колдонулган адабияттар: 1. Д.К.Карагулов Интерактивдүү методдорду колдонуунун педагогикалык технологиялары (Информатика жана жаңы маалыматтык технологиялар предметтеринин негизинде). окуу китеби, Бишкек, 2014.

01.04.2020 23:00


Рекомендуем курсы ПК и ПП