СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
“Манас” эпосу -кыргыздардын улуттук сыймыгы,муундан -муунга өткөрүп келген аздектүү жомогу, ата-бабабыз үч миң жылдан ашык убакыттан бери басып өткөн тарыхий жолундагы руханий табылгаларынын, турмуштук тажрыйбасынын, башынан кечирген окуялар жөнүндөгү маалыматтардын орчундууларын бүт чогулткан баалуу казынанын милдетин аткарып келе жаткан улуу мурасы.
“Манас” -баатырдык эпос. Бирок анын мазмуну камтыган чек берген маалыматтарынын көлөмү баатырдык эпостун салттык алкагынын өлчөмүнөн алда канча кеңири жана терең. Анткени кылымдар бою кыргыздардын элдик топ катарындагы уюткусу ыдырабай, биримдигин жоготпоо үчүн жүргүзүп келген тынымсыз кармаштарын – туруктуулук, көктүк менен, көшөрүп жүргүзгөн күрөшүн баяндоого арналган бул чыгармадагы башкы тема – элдин эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн күрөш, сырттан басып кирген душмандарга каршы салгылаштарда көрсөтүлгөн эрдиктерди даңазалоо, калктын уюткусун түзгөн ата уулдар өкүлдөрүн ынтымакка, биримдикке чакыруу. Ошону менен бирге эл үлгүлүү жүрүш-туруш, мыкты сапаттардын элестүү мисалдарына таянуу менен калктын бардык муундарына, айрыкча жаштарга таалим-тарбия берүү.
“Манас” эпосу - эл турмушунан алган орду, мааниси боюнча жалпы элдик эстелик-мурас. Бирок, ал бара-бара толукталып, жалпы элдик мааниге ээ, бүткүл калктын тагдырында зор роль ойногон маалымат-кабарлар менен мазмуну байып, улуттук маңыздагы өлбөс улуу мураска айланышы ыктымал.
“Манасты” жыйноо – тиешелүү мекемелерде сактоо, иликтөө, жарыялоо максаты менен эпосту эл оозунан жазып алуу. Кыргыз жергесине келген окумуштуулардын көпчүлүгү кыргыз элинин үрп-адаты менен оозеки чыгармачылыгына, өзгөчө “Манас” эпосуна аябагандай кызыгышкан. “Манас” эпосу жөнүндө биринчи жолу “Мажму ат-таварихте” эскерилет.
Казак окумуштуусу Ч.Валиханов кыргыз жерине үч жолу келген (1856, 1857, 1858). Ал саякаттарында кыргыз элинин оозеки адабиятын, тарыхын, этнографиясын изилдеген. “Манас” эпосунан “Көкөтөйдүн ашы” эпизодун жазып алган.
В.В.Радлов кыргыздарга үч жолу келип кеткен (1862, 1864, 1869). “Манас” эпопеясынын үч бөлүмүн тең жазып алган. “Манас” эпосунун В.В.Радлов жазып алган текстинин жалпы көлөмү 12454 сап ыр, анын 9449 сабы “Манас” эпосуна, калган 3005 сабы “Семетей” менен “Сейтек” эпосуна таандык.
Ы.Абдырахманов тарабынан манасчы Сагымбай Орозбак уулунан 1922-жылдан 1926-жылга чейин 4 жыл аралыгында эпостун “Манас” бөлүмү кагаз бетине түшүрүлгөн (180 378 сап ыр).
Саякбай Карала уулунун айтуусунда эпосту толук жазып алуу ишин К.Жумабаев, Ы.Абдырахманов, Ж.Рисов жана К.Кыдырбаева 1930-жылдан 1947-жылга чейин жазып алышкан. Бул мезгилде манасчыдан 500553 сап ыр көлөмүндөгү материал кагаз бетине түшүрүлгөн (“Манас” – 84 513 сап, “Семетей” – 316 157 сап, “Сейтек” – 84 697 сап, “Кенен”, “Алымсарык”, “Кулансарык” – 15 186 сап ыр).
“Манас” эпосун басмадан чыгаруу. “Манас” эпосу жөнүндө жазуу жүзүндөгү эң алгачкы маалымат “Мажму ат-таварихте” жолугат. 1856-жылы Ч.Валиханов тарабынан жазылып алынган “Көкөтөйдүн ашы” 1904-жылы “Жунгария очерктери” деген эмгегинде биринчи жолу орус тилинде басылып чыккан. В.В.Радлов жазып алган үзүндүлөрдүн кыргызчасы Санкт-Петербургда, немисчеси Лейпцигде 1885-жылы жарык көргөн. 1925-жылы Москвадан араб ариби менен Тыныбек жомокчунун айтуусунда “Семетей” эпосунан үзүндү жарык көргөн. Бул – “Манас” эпосунун совет доорунда жарык көргөн эң алгачкы тексти.
© 2020, Омурова Надира Талантбековна 570