СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Пандемия шартындагы жумуштар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз Өкмөтү жарыялаган өзгөчө кырдаалга байланыштуу 2020-жылдын 17-мартынан биздин окуу жайда сабактар аралыктан өткөрүлө баштаган. Биринчи күндөн WhatsApp мессенжеринде окуу тайпалары боюнча группалар түзүлүп, сабактар аралыктан өтүлө баштады. Курстар боюнча сабактарды көзөмөлдөө жакшы жолго коюлуп, иш үзгүлтүккө учураган жок. Бир гана кыргыз тили окутуучусу Кайназаров Б. сабактарын Google Classroom платформасын колдонуу менен өткөрдү. Ал буга чейин ошол платформаны сабактарында колдонуп жаткандыгы айтылып жүргөн. Анын сабагынын кандай тартипте өтүп жаткандыгын өзүнөн башка эч ким көргөн жок. Менин баамымда электрондук ресурстарды колдонуп, аралыктан сабак өтүүнүн жүрүшү жамааттагы окутуучулардын, студенттерибиздин "ким экендигин" толук болбосо да көрсөттү. Бир күндө төрт жуптан сабак өткөн окутуучуларда, сабакка катышкан студенттерде кандай нервдик чыңалуу болгонун элестетип көрсөңүздөр! Башка айла жок эле. Баарына рахмат. "Кой аксагы менен жүз", демекчи сабактарга начар катышкандар, сабактарды жөндөп өтө албагандар байкалды. Окуу тайпасынын жалпы деңгээли төмөн дейин десең ошол эле окуу тайпасына башка бир окуутуучу мыкты сабак өтүп, студенттерди 80 минута бою тынымсыз "кыймылдаткандары" болду. Алар окутуу жараяны окутуучудан гана көз каранды болорун дагы бир жолу далилдеп көрсөтүштү. Ошентсе да ушундай шартта биринчи жолу эмгектенип жаткандарга жана окуп жаткандарга ыраазычылык гана билдирүүбүз зарыл.

Категория: Всем учителям
22.05.2020 16:34


Рекомендуем курсы ПК и ПП