СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
1. Эл билги – өзүнүн элинин түпкү тегин, маңызын, тарыхын билген, өз элин урматтаган, ага ишеним арткан адам.
2. Жер билги – өзүнүн туулган жеринин, ата-мекенинин табиятын билген, Кыргызстандын жалпы элине берген пайдасын, сулуулугун, көркөмдүгүн жан-дүйнөсү менен сезип, кабыл алган, түшүнгөн, өз жеринин табияты менен таттуу мамиледе болгон жана анын экологиялык тазалыгын сактоого кам көргөн адам.
3. Сыр билги – башкалардын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирген, алардын кулк-мүнөзүн, ички сырларын, инсандык парасаттарын түшүнгөн, оң же терс көрүнүштөр болсо ачык айткан, аларды сыйлаган жана ишеним көрсөткөн адам.
4. Сөз билги – сөздүн улуулугун билген, ага маани берген, сөзгө конок берген, сөзгө турган, жан дүйнөсүндө “сөзүм өлгүчө, өзүм өлөйүн” деген сезимди дайыма билген адам.
5. Жөн билги – социалдык чөйрөнүн (кишилер, адамдар, инсандар) катышуучуларынын арасындагы мамилелерди билген, түшүнгөн, аткарган адам.
6. Иш билги – адистикке, кесипке тиешелүү болгон теориялык жана практикалык билимдерге, билгичтиктерге, көндүмдөргө ээ болгон, атайын билгилик жана жоопкерчиликтүү адам.
7. Кол билги – өзүнө, үй-турмушуна, кесиптик ишмердикке керектүү болгон айрым нерселерди өз колу менен жасай билген адам.
8. Сын билги – өзү жана башкалар жасаган иштердин, болгон окуялардын оң же терс жактарын сынай билген адам.
9. Баа билги – өзүнүн жана башкалардын жасаган аракеттерин, болуп өткөн ар кандай окуялардын натыйжасын калыс баалай билген адам.
© 2025, Раманкулов Мухаммед-Назар Эрназарович 15