СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Илгери Кытайда бир селсаяк ачкалыктан улам бирөөнүн алмурутун уурдап жеп коёт. Сакчылар ууруну кармап императордун алдына сүйрөп келишет. Императорду көргөн ууру мындай дейт:
- Урматтуу өкүмдарым, курсагым абдан ачты, чыдай албай уурдап жеп койдум. Күнөөмдү мойнума алам. Мени кечирип коюңуз, суранам сизден. Эгерде кечирим ыроолосоңуз, сизге өтө кымбат бир белегим бар.
Император мыскылдагансып:
- Сага окшогон селсаякта кымбат баалуу нерсе кайдан болсун? - деп суроо берет.
Ууру жумулган манжаларын ачып, ичиндеги алмуруттун данегин сунуп:
- Муну эксеңиз бир күн ичинде эле алтын мөмө берген даракка айланганын көрөсүз, - дейт.
Император каткырып:
- Кана өзүң эгип көрчү, алтын мөмөнү көргөн соң кечирейин сени, - деп сунуш берет.
Селсаяк:
- Өкүмдарым, мага муну эгүүгө болбойт, анткени, мен уурумун. Муну жалгыз гана өмүрүндө бир да нерсе уурдабаган, башкалардын акысын жебеген, жалган сүйлөбөгөн бирөө эгүүсү керек. Ошондо гана данек өз сырдуу күчүн көрсөтөт, болбосо, данек эккен адамды уулап, жан чыдагыс оорулар натыйжасында өлтүрөт. Падышам, муну жалгыз гана сиз эге аласыз, - дейт.
Император бир саамга ойлонуп катып калат да, андан соң ачууланган үнү менен:
- Мен императормун, багбан эмесмин. Ал данекти вазирге бергин дагы, тезирээк алтын мөмөлөрдү көрөлү, - деди.
Селсаяк данекти вазирге узатаары менен вазир өзүн жоготуп, толкунданган үнү менен императорго кайрылды:
- Мен эгин иштерин түшүнбөйм, кара жумушка да жокмун. Данекти эгем деп, анын сыйкырын кетирип албайын. Менимче бул данекти казыначы эккени дурус.
Казыначы да дароо бир шылтоо таап, эккенден баш тартып кайра вазирге оодарат. Ошол жерде турган бардык мамлекеттик кызматкерлер данек эгүүнү бири-бирине узатып, бирок, баары баш тартат. Бул абалды байкап турган падыша, бир топ үн катпай терең ойлонуп туруп калат. Алгач вазирдин, казыначынын жана башка кызматчылардын жүзүнө бирден карап:
- Келгиле, бул ууру багбанга данектин алтын мөмө бергенин бир көрсөтөлү, - деп туруп чөнтөгүнөн алтын дилде чыгарып селсаяктын колуна карматат.
Баардыгы үнсүз-добушсуз абалда бирден алтын чыгарып селсаякка бере баштайт.
Император жылмайган абалда селсаякка:
- Бар эми кете бер, бүгүнкүгө бул сабак бизге жетиштүү, - деп жолго салат.
Силердин оюңарча ушундай бир күндөрдө, ал сыйкырдуу данекти эге турган бирөө чыгабы? Болсо ким?
© 2022, Раманкулов Мухаммед-Назар Эрназарович 236