СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Байыркы эле эмес, бактылуу да элдин улуу тили- кыргыз тили. 2200 жылдан ашуун жашап келген кыргыз элинин көчмөн убагында жазуусу болбосо да, элдик оозеки чыгармачылыгы менен тарыхын, салт-санаасын, маданиятын сактап келди. 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алды. Андан соң эгемендүү элдин эне тили сыймыгына ээ болду. Ар бир кыргыз сөзү мухиттей чалкыган улуу поэзиянын алтын чөйчөккө куюлуп сунулган бир жутуму, сан гүлдөрдөн тандалган таберик же болбосо жыттоо үчүн берилген гүлдесте сыңары.

Ошол себептен В.Радлов, М.Ауэзов сыяктуу залкар адамдар сүйлөгөндө ырдап жаткандай угулган кыргыз тилиме тамшанып баасын беришкендир…

Бирок дүйнөнү дүңгүрөткөн «Манас» эпосунунун, Чыңгыздын тили болгон кыргыз тили- элибиз эгемендүүлүккө ээ болгон учурда босогодо бозала болуп тургандыгы өкүндүрөт. Мамлекеттин келечеги- жаштар тилин чанып, чоркок сүйлөп, сарала кылып орусча кошуп сүйлөп, өзгө тилди «мода» тутуп турса…Көрнөк-жарнакты кыргызчалатканыбыз менен катасы он талаа болуп, жанды кейитсе…Бала-бакча, мектеп, жогорку окуу жайларында орусча дарс окулуп, орус тайпаларына кирүү басымдуу болсо…Дегеле санай берсең көйгөй көп.

Байыртадан ата-бабам кара сөздүн каймагын калпып сүйлөп, ой чабыты күчтүү экендигин тили менен даңазалап келген, К.Тыныстанов, К.Карасаев, К.Юдахин, Ж.Мукамбаев, К.Дыйканов, Б.Орузбаева ж.б. сыяктуу аалымдарыбыз тилибизди түптөп, сөздүккө түшүрүп кетишти.

Керемети да, дарамети да күчтүү кыргыз тили байыртадан бери суу болуп, сиңип кетпей ушул күнгө жетип отурат, жоголушу да мүмкүн эмес. Тил жоголсо, улут жоголот, улут жоголсо, мамлекет жоголот. Тилибиз өнүккөн тил, аны баалай билүү ар бирибиздин милдетибиз. Ал үчүн эң биринчи улуттук аң-сезимибиз болуш керек. Аны эне сүтү менен, жомогу менен, бешик ыры менен кыргыз атуулунун кан-жанына сиңириш керек. Бекеринен эне тили деп айтылбаса керек, алгач уккан тили эненин тили болгондуктан, эненин улутту тарбиялоодогу ролу чоң. Экинчиден, талап болуу керек. Талап бар жерде, өсүш болот. Жакшы кызматтык орундарда иш кагаздар кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керек. Илимде жактоолор, китептер, иш кагаздар өз тилибизде гана жакталышы керек. Кыскасы, кыргыз тили-илимдин тилине айлануусу керек. Ошондой эле, заманга жараша кыргыз тили –интернеттин, санариптин, жаңы доордун тили болушу зарыл. Жаш муундардын булганыч сленгдерин, сөздү кыскартып жазуу менен сабатсыздыкка барып калуусунан арачалообуз керек. Кытайда тил эрежесин бузса, айып төлөйт экен. Бизде да тилди аруулукта, тазалыкта сактап, майын чыгара барктап сүйлөп, кенч катары тутсак экен. Ата-бабабыздын калтырып кеткен аманатын жаш муундарга татыктуу жеткизгенди насип кылсын. Кызыл китептеги айбанаттарга караганда, дүйнөдөгү тилдер көбүрөөк жоголуп жатканда, тилибизди баалайлы. ϴССҮН, ϴНСҮН, ЖАШАСЫН КЫРГЫЗ ТИЛИ.

14.10.2020 21:04


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!