СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Математика тактыкты, логикалык ойлонууну талап кылат".

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ооба, чындыгында математика илими тактыкты талап кылган илим. Илимпоздор тарабынан "Математика илимдердин падышасы"деп бекеринен айтылбаса керек. Менин жеке пикиримде математиканы билген адам жашоону билет, жашоодо убакытты туура болуштуро алат. Мен озумдун педагогикалык кесибимди куду сааттын жебесине окшоштурам.Анткени убакытты туура пайдаланууну оз алдыма милдет кылып койгонмун.Эгерде ар бир ишти оз убагында буткорбосом, ошол кунку иш аракетим узгултукко учурайт.Мен ар бир инсанды убакытты туура пайдаланууга, тактыкка чакырам.

Кесибим математик болгон сон, бул кесипти аркалоодо тумон - туйшукторго батып, сар - санаа тартууга туура келет. Бул предметти окутуудагы койгойлорду чечуудогу менин сунушум: башталгыч класстарда "кичине сандан чон санды кемитууго болбойт" деген тушунукту четке кагып,терс сандын жашоодо бар экендигин айтуу менен жогорку класстарда толук маалыматты алуусун тушундуруу. Ошондой эле сабактардын кыскаргандыгы мени окунтот. Сабактар кыскарган сон, программа да кыскаруу керек.Анткени сабак кыскарган, программа кенири, татаал болуп математик мугалимдер учун туйшукту ото коп жаратууда.

Ошентсе да белгилуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун " Канткенде адам уулу адам болот?" деген проблемалуу койгойду алдыбызга коюу менен эмгектенуудобуз.Анткени биз мугалимдер окуучунун сезиминин теренинен орун алып, тунок таба ала турган адам саяпкерибиз.Андыктан жан дуйнобузду тазартып,омурубузду балдарга арноого тийишпиз.

Озунчо издене алган,сынды туура кабыл алган, оз катаасын андай алган мугалим гана чыныгы мугалим боло алат деген ой ар дайым мени менен кошо жашайт. Демек мугалим "педагог" деген статусту алып журуусу учун эн биринчи ал кишиде тактык, тазалык, жан дуйносундо ыймандуулук, эмгекчилдик болуусу абзел.

Белгилуу сынчы Б.Алымовдун созу менен айтканда " Мугалим- адамдын озуно билинбеген жараатты айыктыруучу мыкты дарыгер болуп саналат".

"Мугалим учканга канат,укканга санат", "Мугалим - момолуу дарак","Мугалим адамдын жан дуйносунун саяпкери".

Айтор айта берсек мугалим жонундогу баалуу создор арбын. Жыйынтыктап айтканда мугалим- педагог,кесиптик билимге ээ, окутуу,илимий усулдук тарбиялоо, уюштуруучу жана жетекчилик иштерди аткаруучу инсан.

Мугалимдер момолуу дарак болот,

Ар бир созу окуучуга сабак болот.

Жетилип, ал момосу бышкан кезде,

Бутагына бакыттын кушу конот.

21.05.2020 14:18


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!