СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Менин педогогикалык философиям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Багбандын жашоосу өзү өстүргөн бактарда уланат- дейт, жазуучунун экинчи өмүрү- китептерде, сүрөтчүнүкү- тарткан сүрөттөрүндө, ал эми мугалимдикичи?

Мугалим өзүнүн жашоосун окуучуларынын келечекте атактуу адамдардан болуп, алардын өз мекени үчүн кылган эмгектеринен көрө алат. Демек, мен ушундай коомдук жүктү көтөрүп, өз мекенимдин алдында жөнөкөй мугалим катары атуулдук парзымды аткаруу- менин алдымдагы кесиптик узак жолумдагы зор милдет экенин университетти ийгиликтүү аяктап, мектеп босогосун алгач аттаганда эле түшүнгөм.

Алдымда: “Канткенде окуучулардын жан дүйнөсүнө билимдүүлүктүн, ыймандуулуктун үрөнүн себе аламын, ошол үрөндү кантип өстүрүп, адамдык сапат ыйбаасын кантип ойготушум керек?” деген суроо коюп, ошол суроонун үстүндө азыркы күнгө чейин иштеп келем. Бул суроо менин педагогикалык чыгармачылыгымдагы изденүүмдүн суроосу болуп калары талашсыз. Өзүмдүн жылдык иш тажрыйбамда канчалык кыйынчылыктарга туш болсом, ошончолук кубанычтарга да ээ болдум. Өзгөчө өзүң окуткан балдарың, жогорку окуу жайларына тапшырууда “билим жагынан кыйынчылыктарга туш болгон жокмун”, - деп ыраазычылыгын билдирип, рахматын айтып келишсе кубанбай койбойсун. Демек, кара жанды карч уруп, кылган аракетиң текке кетпегенине ыраазы болосун.

Балдарды тарбиялоодогу эң башкы идея катары Манас бабабыздын бизге калтырган жети осуятынын принциптеринин негизин эсептейм. “Тарбия башаты-мектеп” демекчи, мектеп босогосунан аттаган жаш бөбөктөр ата-энеден тышкары “мугалим” деген улуу тарбиячыга жолугушат. Коллективде өздөрүн алып жүрүүгө, жолдошчулукка, бири-бири менен мамилелешүүгөмугалим аркылуу багыт алышат. Мугалим- тарбиячы өз окуучуларына өз энесинен артыгыраак күйүп, өз атасынан жумшак мамиле жасаганда гана кылган мээнеттин акыбети кайтат. Класс толо окуучуларымдын көздөрүнөн менден жакшы нерсени үмүт этишип, тиктей карашкандары менин ишиме болгон кызыгуумду арттырат.

Мен мугалиммин, мен тарбиячымын, менин колумдан жан дүйнөсү бардык нерселерден улук “Адам” тарбияланат. Мен анын инсан болуп калыптанышына багыт берем, окутуп үйрөтөм, таалим-тарбияга сугарам. Эгер алар келечекте өз жолдорун туура тандаган “Адам” болушса, анда ал менин жеңишим, менин турмушумдагы ийгиликтерим. “Менин окуучуларым- менин жан дүйнөм”. Окуучуларыма канткенде жаңы заманбап технологиялар аркылуу тарбия, билим берем, канткенде алардын жан дүйнөсүнө таасир эте турган иштерди жасай алам? Тарбиялоонун жаңы глобалдык билим берүүдөгү, сынчыл ойлом программаларынын негизинде интерактивдүү ыкма менен тарбиялоодо иш жүзүнө ашырылат деген ойго кошулам. Өзүм өткөн тарбиялык сааттарда ушул ыкмаларды пайдаланып, иш жүзүнө ашырууга аракеттенем. Натыйжа бар “жөжөнү күздө сана” демекчи, окуучуларым райондук, шаардык, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, эл аралык олимпиаданын катышуучулары болушту. Көптөгөн окуучуларым Мед. Академиянын бүтүрүүчүлөрү, студенттери( бюджет, контракт). Жетектеп жаткан балдарым жакшы ийгиликтерге жетишсе, турмуштан өз ордуларын табышса, мен ошого кубанам. Мээнетим текке кетпептир деп өзүмө каниет кылам.

“ Мугалим деген педогогикалык чеберчиликке ээ болгон, өз ишин чексиз сүйгөн, чыгармачыл, окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн, билимге болгон кызыгуусун өстүргөн, окуучулардан коомго пайдалуу адамдарды тарбиялап чыгарган инсан, эмгекчил жана билимдүү адамдын үлгүсү болууга тийиш”. Я. А. Коменский

08.04.2020 10:15


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!