СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
ӨЗ ТИЛИҢДИ УНУТПА!
Халал эмес - адал де,
Харам эмес - арам де.
Минте берсек өздүк тил,
Барып бир күн тамам де.
Фатва эмес - чечим де.
Ката кетсем кечир де.
Уңгу сөздүн баркын сен,
Утурумга кетирбе.
Дагы канча сөздүктөр,
Өөн сөздөрдөн куралып.
Нак кыргыздын сөздөрү,
Барат ага буралып.
Аминь эмес - оомийн де.
Өз сөзүңдүн сообун же.
Өзгө тилде мас болбой,
Өз дилиңде соомун де.
Ооз ачуу де - ифтарди.
Сөз мааниси тим калды.
Өздүгүңдү унуткан,
Өөн өзгөлүк жин алды.
Адам ыйман кармасын,
Тапкан болуп аргасын.
Өз улутун сыйлаган
Жанды Кудай жалгасын!.
Автор: Бакытбек Мукарамов (Илегилек),
23.03.2023-жыл.
© 2024, Раманкулов Мухаммед-Назар Эрназарович 35