СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабырдуулук. Тарбиялык саат иштелмеси.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кудай Тааланын токсон тогуз атынын бири –сабыр. Демек, сабырдуу болуу – актыкка жетүүчү жолду тандап алуу. Биз барга да, жокко да, ачка да, токко да сабыр-канаат кылуу менен адамдык аброюбузду түшүрбөй жүрүп ийгиликтерге жетишебиз.Бекеринен ата-бабаларыбыз: «Сабырдын түбү сары алтын», -деп айтпаган чыгаар. Сабырдуу адам көп нерсеге жетишет. Оор-басырыктуу, токтоо болот. Бирөөгө ойлонбой туруп сөз бербейт. Кызуу кандыкка алдырбайт. Ушак-айым сөздөргө алынып кетпейт. Бирөөлөрдүн артынан кыянат сүйлөбөйт. Көп нерсеге кечиримдүү болот.

* * *

Сабыр күтпөй жашагандарды бейсабыр, сабыры жоктор, сабырсыздар деп коюшат. Андайлар ар кандай кесепеттерге дуушар болушат. Кыял-жоругу жүрүп олтуруп жеңил-ойлуулукка, жел өпкөлүккө, өзүм билемдикке, чыдамсыздыкка алып келет. Менменсинүүнүн оорусуна чалдыгып, бараткан туура багытынан адашат. Кылган ишинен майнап чыкпай калат. Эл алдында абийирин жоготот. Ушундай болоорун билип туруп анан неге биз сабыр күтпөйбүз? Неге жердей оор, тоодой бекем болбойбуз?

* * *

Сабыр күтүүнүн ар кандай ыкмалары бар. Аны адам акырын үйрөнүп алса болот. Мен ошондой бир ыкманы айтып берейин. Көз алдыма күн чайыттай тийип тургандагы кичинекей көлмөнү элестет, үлп эткен жел жок. Көлмөнүн үстү мемиреп тып-тынч. Ошол көлмөгө бир кичинекей ташты ыргытсаң үстүндө жыбыраган майда толкундар пайда болот. Аны бир аз сабыр кылып күтүп турсаң, майда толкундар жээкке барып өчүп, бир аздан кийин көлмө мемиреп тып-тынч болуп калат. Мемиреп, жандүйнөң тып-тынч болуш үчүн сабыр күт. Сабырың болбосо, жандүйнөңдү кыйнаган кандайдыр бир ой-санаа сага эч бир тынчтык бербейт. Жүрөгүңдү жанагы көлмөгө түшкөн таштай толкундатып кыйнай берет. Бир аз сабыр кылып тур. Толкундардын өтүп кетишин, жээке барып өлүшүн күт. Ошо кезде сен кайрадан мемиреген көлдөй болуп каласың. Демек сабырсыздык жаныбызды жай таптырбас алаамат күч экен да. Ал акылыбызды адаштырып, оюбузду чак-чалакей кылып кетчү касиет нерсе.

* * *

«Шашкан шайтандын иши», – дечү энем. Кийин чоңойгондо бул сөздүн маанисин билдим. Көрсө, бул сөз ар кандай кесепетке, азгырыкка, оңтойсуз абалга калбайын десең шашылба, акыл калчап иш кыл, сабырдуу бол деген маанини берет экен. Эмне себептен улгайган адамдар: «Балам, бышкан ашты таштап кетпе. Ооз тий. Ырыс-кешигиңди калтырба », – дешет. Бул жөндөн-жөн айтылган сөз эмес. Ошондой учурда сабыр күтпөй шашылып жөнөгөн адамдардын канчасы сапарга баратып кырсыкка учурашууда. Ушундай майда нерселердин түбүндө чоң сырлар жатат.

* * *

Ар бир нерсенин убакыт-сааты, жүзөгө аша турган мезгили бар. Шашкалактай бергенден эч кандай майнап чыкпайт. Убакыт-сааты келгенде сен канчалык далбас урбагын чечиле турган маселе өзүнөн-өзү чечилет, чечилбей турган маселе башың-ды ташка урсаң да чечилбейт. Ошондуктан убакыттан, мезгилден өтөөр нерсе жок. Ийгиликтин келишин сабыр кылып күт. Жакшылык менен, жакшы аракеттер менен гана агын суу агып келет. Арыгыңды тазала.

* * *

Сабыр кылсаң эккен көчөтүңдүн мөмөсүн жейсиң. Сабыр кылсаң алтын аяктан суу ичесиң. Сабыр кылсаң кучагың гүлгө толуп эмгегиңдин үзүрүн көрөсүң. Сабыр кылсаң эч ким жеталбаган бийиктикке жетип, асманга колуңду тийгизесиң. Сабыр кылсаң жан дүйнөңдө сыйкырдуу ыргактар жаңырып, баскан жолуңа атыр гүлдөр төшөлөт.

* * *

«Сабыр күтүп жүрсүн деп, сабыр берген бир Алла, сабыры жок адамга, жабыр берген бир Алла», -деп ырдаган экен Туяк ырчы. Бул ырчыдан артык сөз айтуу кыйын. Мындай поэзияда уйкаш да, философия да өз чегине жеткендей туюлат. Чын-чынына келгенде сабырсыздыктын кесепетинен өлкөбүз ар кандай кризистерге кабылып, кадрдык баш аламандыктар үстөккө-босток орун алып, азырга чейин айкын жол табалбай башыбыз маң болууда. Күндөн-күнгө, жылдан-жылга карапайым элдин башына түшкөн жабыр күчөгөндөн-күчөп баратат.

* * *

Ката кетирбейин десең сабыр күт. Сабырдуулук даанышмандыктын белгиси. Караңгы туюкка кабылбайын десең сабыр күт. Сабырдуулук акылдын чырагы. Азгырыкка кирип кетпейин десең сабыр күт. Сабырдуулук ыймандын күзгүсү.

Эгемберди Эрматов

Булак: http://insan.kg/sabyrduuluk/

04.12.2019 20:51


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!