СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сары-Челек көлү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сары-Челек көлү

Сары-Челек көлү бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын батышында, Бишкектен 500 км, ал эми Оштон 300 км аралыкта, Сары-Челек коругундажайгашкан. Ал Чаткал тоо кыркасынын кызыктуу ажайып жайы. Көлдүн узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 км, суусунун аянты – 507 гектар.Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1940 м бийиктикте жайгашкан.

Жайкысын көлдөгү суунун тепмпературасы Цельсия боюнча + 19 градустан ашпайт, ал эми кышкысын Цельсия боюнча +4төн 0 градуска чейин өзгөрүп турат. Көлдүн суусун ичкенге болот жана андан Кожо-Ата дарыясы агып чыгат.

Көлдү курчаган капчыгайлардан ондогон тоо суулары куюлуп турат. Көлдүн жээктери өтө тик жана салаңдаган аскалар менен курчалган. Жээктен эле дароо тереңдик башталып, кээ бир жерде ал 234 метрге жетет. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү, ал эми Кыргызстанда экинчи орунда турат.

Көлдүн түндүк жээктери койкойгон карагайлар менен пихталардын калың токойуна курчалган. Эгер сиз бул жерге келип калсаңыз, Сибирдин чытырман токойлоруна туш келгендей эле болосуз. Көз мелжиген карагайлар жаркыраган көл суусунда күзгүгө карангандай, чагылышып турат. Бул табигый күзгүдөн көлдү курчаган кызыл аскалар менен жашыл ыраң тоолорду да көрүп, сиз өзүнчө эле бир жомоктор дүйнөсүнө туш келгендей болосуз.

Көлдүн “Сары-Челек” деген аты ага күзүндө гана жарашат. Бул убакта бак-дарактардын жалбырактары сары, кызыл түскө боёлуп, көл бал сузган чаканы элестетет. Жылдын калган бардык мезгилинде көлдөгү суу бир аз жашыл ыраң аралаган көк түстө болот. Көлдүн атына бир кооз уламышты байланыштырып жүрүшөт. Ал көл жээгинде аарынын уюгун кармаган балчы жөнүндө. Күндөрдүн биринде ал балды челекке куюп жатып, балдын түсү ага ушунчалык жагып калат да, көлдү “Сары-Челек” деп атап коюптур.

01.12.2019 17:46


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!