СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Закон об образовании Кыргызской Республики

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамы

Тема: глава 1 Жалпы жоболор. Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамынын 1-беренеси

Максаты: Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамы, 1-берене Негизги түшүнүктөр жөнүнүндө кенен маалымат алуу

Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамы 2003-жылдын 30-апрели № 92 (КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 225, 2007-жылдын 31-июлундагы № 111, 2007-жылдын 31-июлундагы № 115, 2009-жылдын 20-январындагы № 10,2009-жылдын 17-июнундагы № 185, 2010-жылдын 15-январындагы № 2, 2011-жылдын 13-июнундагы № 42, 2011-жылдын 8-августундагы № 150, 2011-жылдын 29-декабрындагы № 255, 2012-жылдын 29-декабрындагы № 206, 2013-жылдын 4-июлундагы № 110, 2013-жылдын 30-июлундагы № 176, 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 199, 2013-жылдын 16-декабрындагы № 221 2014-жылдын 30-майындагы № 82, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 16-январындагы № 15, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 82,2015-жылдын 17-апрелиндеги № 84, 2015-жылдын 3-августундагы № 213,2016-жылдын 29-июнундагы № 92, 2017-жылдын 22-февралындагы № 32, 2017-жылдын 23-майындагы № 84,2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2018-жылдын 16-февралындагы N 22, 2018-жылдын 30-июлундагы N 76, 2018-жылдын 2-августундагы N 78, 2019-жылдын 17-майындагы N 64, 2019-жылдын 14-июнундагы N 71, 2019-жылдын 1-июлундагы N 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)жазылган Ушул Мыйзам билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын, билим берүү процессин жүзөгө ашыруунун, билим берүү уюмдарынын ишинин, Кыргыз Республикасында билим алуунун принциптерин белгилейт, ошондой эле аны жүзөгө ашыруунун укуктук базасы болуп кызмат кылат.

I Глава Жалпы жоболор

1-берене. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда негизги түшүнүктөр төмөндөгүдөй мааниде колдонулат:

адъюнктура - аскердик окуу жайларда жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун формасы;

академиялык эркиндик - мамлекеттик билим берүү стандарттары койгон талаптардын чегинде окутуу программаларын иштеп чыгуу, окуу сабактарын өз алдынча баяндоо, илимий изилдөөлөр үчүн теманы жана аларды ишке ашыруунун усулдарын тандап алуу, ошондой эле окуп жаткандардын өздөрүнүн жөндөмдөрүнө ылайык билим алуу укугу;

аккредитациялык агенттик - ишинин негизги максаты билим берүү уюмдарын жана билим берүү программаларын аккредитациялоону жүзөгө ашыруу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте катталган мамлекеттик эмес, коммерциялык эмес уюм;

аккредитация - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган талаптардан жана критерийлерден төмөн эмес белгиленген талаптарга жана критерийлерге билим берүү уюмунун же билим берүү программаларынын ылайыктуулугун таануу максатында билим берүү уюмунун сапатынын деңгээлин бүтүндөй же анын айрым бир билим берүү программаларын баалоонун жол-жобосу;

институционалдык аккредитация - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган талаптардан жана критерийлерден төмөн эмес белгиленген талаптарга жана критерийлерге анын ылайыктуулугун таануу максатында билим берүү уюмунун сапатынын деңгээлин баалоонун жол-жобосу;

программалык аккредитация - тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынан төмөн эмес белгиленген талаптарга жана критерийлерге алардын ылайыктуулугун таануу максатында билим берүү программаларынын сапатынын деңгээлин баалоонун жол-жобосу;

бакалавр - магистратурага өтүүгө жана кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;

жогорку кесиптик билим берүү - билим берүү программаларынын жана стандарттарынын тиешелүү деңгээлинде адистерди окутуу, даярдоо, кайра даярдоо;

бюджеттен тышкаркы билим берүү иши - акы төлөө негизинде мамлекеттик билим берүү уюмдары көрсөткөн билим берүү кызматы;

билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясат - мамлекеттик билим берүү жаатында толук аныкталган стратегиялык максаттарды жана жалпы мамлекеттик же глобалдуу маанидеги милдеттерди чечүү үчүн билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында ал жүзөгө ашыруучу багыттоочу жана жөнгө салуучу иши. Ал мыйзамдар, жалпы мамлекеттик программалар, өкмөттүк токтомдор, ошондой эле коомдук уюмдарды жана кыймылдарды, кеңири коомчулукту алардын карамагында болгон каражаттар (массалык маалымат каражаттары, коомдук академиялар, кесиптик ассоциациялар, союздар ж.б) аркылуу колдоо көрсөтүү үчүн аларды тартуу жолу менен ишке ашырылат;

дистанциялык билим берүү технологиялары - негизинен маалыматтык жана телекоммуникациялык технологиялар каражаттарын колдонуп, окуп жаткандар менен педагогикалык кызматкердин кыйыр же толук эмес кыйыр түрдө өз ара иш жүргүзүүсү аркылуу ишке ашырылуучу билим берүү технологиялары;

философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор - тиешелүү окуу программасын жана илимий-изилдөө ишин диссертацияны жактоо менен аткарган адамдарга илимий жана башка кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли (базалык докторантура);

эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү - билим берүү стандарттары тынымсыз өркүндөп жатканына байланыштуу жумушчулардын, кызматчылардын, адистердин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу максатында инсандын суроо-талаптарын толугураак канааттандыруу;

балдарга кошумча билим берүү - жалпы билим берүү жана башка билим берүү уюмдарында окуудан бош мезгилинде базалык билим берүүдөн тышкары кошумча программаларды өздөштүрүү аркылуу балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын кесипти эркин тандоосуна жана алардын кызыкчылыктарын, руханий талаптарын жана муктаждыктарын толугураак канааттандырууга негизделген мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүү тутумунун өзгөчө бөлүгү;

мектеп жашына чейинки билим берүү - баланы турмушка жана мектепке алгачкы даярдоо, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү негизги максаты болуп саналган таалим-тарбия берүү тутуму;

квалификация - компетенттүү орган тарабынан инсандын белгилүү бир билим берүү программасын жана (же) практикалык тажрыйбаны өздөштүрүүсүнө баа берүү жана таануу процессинин натыйжасы;

кабыл алуу квотасы - I жана II топтордогу майыптардын ичинен жарандарды, жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча теңештирилген адамдарды, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды, айылдык жаштарды жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыз улутундагы адамдарды, ошондой эле жетим балдарды жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды кесиптик баштапкы, орто жана жогорку билим берүүчү билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн бөлүнүп берилүүчү мамлекеттик билим берүү тапшырыгынын, анын ичинде билим берүү гранттарынын чегине жеткен көлөмү;

колледж - базалык жана жогорку деңгээлдеги орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу орто кесиптик окуу жайы;

мамлекеттик жогорку окуу жайдын жамааты - педагогикалык жана илимий кызматкерлер (профессордук-окутуучулук курам) жана администрациялык-башкаруучу кызматкерлер;

компетенция - окуучуну (окуп жатканды) билим берүүгө карата даярдоодо, белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу жемиштүү иши үчүн зарыл болгон алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);

компетенттүүлүк - адамдын белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык жана кесиптик) илимдин ар кандай элементтерин жана жөндөмдөрүн өз алдынча колдонуудагы интеграцияланган жөндөмдүүлүгү;

лицензиялоо - билим берүү уюмдарына билим берүү ишин жүргүзүүгө уруксат берүү, анын максаты билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары койгон талаптардын деңгээлинде кепилдикке алынган билим сапатын камсыз кылуу болуп саналат;

магистр - аспирантурага жана (же) базалык докторантурага (PhD/тармак боюнча) өтүүгө жана кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;

квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык тутумчаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациялардын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу тутуму үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдерин түзүмдөлгөн сыпаттама;

квалификациялардын улуттук тутуму - билим берүү жана эмгек рыногу чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү, квалификациялардын улуттук алкагын, квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын, кесиптик жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана аларды таануу жол-жоболорун, квалификацияларды, билим берүү уюмдарын жана программаларын баалоо тутумдарын камтыган механизмдердин жыйындысы;

кесиптик башталгыч билим берүү - негизги же орто жалпы билим берүү базасында квалификациялуу эмгек кызматкерлерин (жумушчуларды, кызматчыларды) коомдук-пайдалуу иштин негизги багыттары боюнча даярдоо;

толук эмес мектеп - окуп жаткандардын аз контингенти, аралаш класс-комплекти жана окуу сабактарын уюштуруунун бөтөнчө формасы менен жалпы билим берүү мектеби;

билим берүү - инсанды, коомду жана мамлекетти гармониялуу өнүктүрүү максатында окуп жаткандардын мамлекет тарабынан белгиленген билим берүү деңгээлине жетишүүсүн тастыктоо менен коштолгон тарбиялоонун жана окутуунун тынымсыз, тутумдуу процесси. Билим алуу деп окуп жаткандардын тиешелүү документ менен тастыкталган белгилүү бир билим деңгээлине жетиши жана аны ырасташы түшүнүлөт;

билим берүү программасы - конкреттүү бир деңгээлдеги, багыттагы же адистиктеги билим берүү мазмуну;

билим берүү процесси - педагогдордун түздөн-түз катышуусу жана окуп жаткандардын өз бетинче окуусу менен ар кандай түрдөгү сабак өтүү формасында, ошондой эле окуп жаткандардан жана бүтүрүүчүлөрдөн экзамен, зачет алуу, аттестациялоонун дагы башка түрлөрү аркылуу тарбиялоонун жана окутуунун уюшулган процесси. Билим берүү процесси менен билим берүү программалары ишке ашырылат;

билим берүү стандарты - негизги билим берүү программаларынын мазмунунун билим берүү минимумун, бүтүрүүчүлөрдү даярдоо сапатына коюлуучу базалык талаптардын, окуп жаткандарга жетимдүү окуу жүктөмүнүн чегин аныктоочу ченемдер менен эрежелердин жыйындысы;

билим берүү стратегиясы (билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы) - бир бүтүн социалдык институт катары билим берүү тутумунун негизги багыттарын жана принциптерин аныктоо;

жалпы билим берүү мектеби - башталгыч, негизги орто жана орто жалпы билим берүү окуу программаларын, ошондой эле окуп жаткандарга жана тарбиялануучуларга кошумча билим берүүнүн окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жайы;

квалификациялардын тармактык/сектордук алкактары - белгилүү бир тармакта (сектордо) квалификациялардын мазмунун деңгээлдер боюнча тутумдук жана түзүмдөлгөн сыпаттама;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши (мындан ары - камкорчулук кеңеши) - мамлекеттик билим берүү уюмунун уставдык максаттарына жетүүсү үчүн, ошондой эле кошумча (бюджеттен тышкары) каражаттарды тартуу жана алардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча көмөк көрсөтүү функцияларын жүзөгө ашыруучу, юридикалык жак статусу жок мамлекеттик билим берүү уюмунун тең башкаруусунун шайлануучу органы;

жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү - кесиптик жогорку билим берүү базасында жарандарга билим деңгээлин, илимий педагогдук квалификациясын жогорулатууга мүмкүн болгон билим берүү;

кесиптик даярдоо - окуп жаткандардын белгилүү бир ишти, иштердин тобун аткарууга зарыл билимге, жөндөмгө жана ыкка ээ болуусу. Кесиптик даярдык окуп жаткандардын мамлекет тарабынан белгиленген билим деңгээлин жогорулатуу менен коштолбойт;

кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүнүн алкагында анын мазмунуна жана сапатына карата талаптарды аныктаган жана ишинин түрүнө карабастан каалаган уюмдун штатында өз ордун укугу боюнча ээлөө үчүн ылайык келүүсү милдеттүү болгон кызматкердин квалификациясынын сапаттык деңгээлин сыпаттаган негиз болуучу документ;

билим берүү тутуму - өз ара иш жүргүзүүчү жолун уланткан билим берүү программаларынын жана ар кандай деңгээлдеги жана багыттагы мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, аларды ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын жана адамдардын, ошондой эле билим берүүнү башкаруу органдарынын жана аларга ведомстволук жактан караштуу мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жыйындысы;

социалдык билим берүү кредити - бул Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарындагы окууга акы төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан субсидиялануучу жеңилдетилген кредит;

адис - аспирантурага жана (же) базалык докторантурага (PhD/тармак боюнча) өтүүгө жана кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берген жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;

атайын билим берүү - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды атайын же жалпы билим берүү уюмдарында окутуу;

орто жалпы билим берүү - коомдо жигердүү социалдык көнүгүүгө жана өз алдынча турмушту тандоого, эмгек ишмердүүлүгүнө, өз алдынча билим алууга жана өзүн өзү жетилтүүгө жөндөмдүү, гармониялуу өнүккөн инсанды тарбиялоого жана окутууга максаттуу багытталган үзгүлтүксүз процесс;

кесиптик орто билим берүү - негизги, орто жалпы же кесиптик башталгыч билим берүү базасында белгилүү бир адистик (багыт) боюнча окуп жаткандардын кесиптик билимге, жөндөмгө жана ыкка ээ болуусун камсыз кылуучу даярдык;

билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - компетенциясына билим берүү жагындагы маселелер кирген Кыргыз Республикасынын министрлиги жана ведомстволору жана алардын аймактык түзүмдөрү;

квалификация деңгээли - кызматкерлердин компетенцияларына карата квалификациялык алкактарда белгиленген жана сыпатталган талаптардын жыйындысы;

билим берүү процессине катышуучулар - окуп жаткандар (тарбиялануучулар), педагогикалык кызматкерлер, билим берүү уюмдарынын окутуучу-көмөкчү жана башкаруучу кызматкерлери, окуп жаткандардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү);

мектеп (жалпы) билим берүүсү - тарбиялоо жана окутуу тутуму, ушул тутумдун баскычтарына шайкеш келүүчү коомдо активдүү иштөөгө зарыл билимди, жөндөмдү, практикалык ыкты камсыз кылат;

окуу-тарбиялык комплекс/автордук окуу-тарбиялык комплекс/мектеп-комплекс - окутуунун, окуучуларды ар тараптуу маданий-эстетикалык жана дене тарбиялык жактан тарбиялоонун жаңычыл/автордук программасын ишке ашыруу үчүн жалпы билим берүүчү мектеп менен башка кызыкдар билим берүүчү уюмдарды жана мекемелерди (мектепке чейинки билим берүү уюмдарын, жогорку окуу жайларын, музыкалык, спорттук жана башка уюмдарды жана мекемелерди) өзүнө бириктирген көп тармактуу окуу жайы;

окумуштуулук даража - билимдин белгилүү бир тармагында жетишилген илимий деңгээлди чагылдыруучу, окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертация жактаган адамга ыйгарылуучу жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү квалификациясынын деңгээли;

орто окуу жайы - негизги орто, орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү окуу программаларын жана техникалык жана кесиптик, маданият жана искусство жаатындагы орто билим берүүдөн кийинки кесиптик окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жай;

мектеп-гимназия - башталгыч жалпы жана окуучулардын шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша гуманитардык тармактар боюнча негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүчү жалпы билим берүү окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жайы;

мектеп-лицей - башталгыч жалпы жана окуучулардын шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша табигый-илимий, физика-математикалык тармактар боюнча негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүчү жалпы билим берүү окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жайы;

эксперименттик аянтча - жаңы педагогикалык технологияларды жана билим берүү окуу программаларын сыноодон өткөрүү үчүн билим берүү окуу программаларын эксперимент режиминде ишке ашыруучу билим берүүчү уюм;

экстернат - тиешелүү билим берүү уюмунда кийин аттестациядан (учурдагы жана жыйынтыктоочу) өтүү менен негизги билим берүү программаларына ылайык окуп жаткандардын сабактарды өз алдынча окуп үйрөнүшү.

Билим берүү жаатындагы ченемдик базаны калыптандырууда колдонулуучу башка бардык атайын түшүнүктөр ушул беренеде баяндалган негизги түшүнүктөргө карама-каршы келбөөгө тийиш.

(КР 2010-жылдын 15-январындагы № 2, 2011-жылдын 29-декабрындагы № 255, 2012-жылдын 29-декабрындагы № 206, 2013-жылдын 4-июлундагы № 110, 2013-жылдын 30-июлундагы № 176, 2015-жылдын 3-августундагы № 213, 2017-жылдын 23-майындагы № 84, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2018-жылдын 2-августундагы N 78, 2019-жылдын 14-июнундагы N 71 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Категория: Право
05.05.2020 15:26


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!