СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
ЖАНЫБАРЛАР ЖӨНҮНДӨ КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
• Денесине салыштырып эсептегенде, мээси эң чоң жаныбар – бул кумурска.
• Дүйнөдөгү тирүү жандыктардын 70%ы – бактериялар.
• Кара деңиздин окундары көбүнчө ургаачы болуп төрөлүшөт, ал эми 5 жылдан кийин алардын жынысы өзгөрөт. • Жыл сайын Токионун зоопарктарындагы жаныбарлар келген кишилерден эс алыш үчүн 2 айга жабылышат.
• Жирафты төрөп жатканда анын баласы 1,5 метр бийиктиктен кулап түшөт.
• Төөнүн өргөчү бар болгону менен анын омурткасы түптүз.
• Акулалардын ракка имунитети күчтүү болушат.
• Момолой бир түндүн ичинде узундугу 76 метр болгон жер төлөө каза алат.
• Үлүлдүн 25 000 тиши бар. • Уйкучу аттуу жаныбарлар жашоосунун 75%ын уктап өткөрүшөт.
• Уюлдарда жашаган аюулар 40км/саат ылдамдык менен жүгүрө алышат.
• Сууга ылдыйыраак чөмүү үчүн крокодилдер таш жутушат.
• Жаныбарлардын ичинен бир гана шимпанзелер күзгүдөн көрүнүп өзүн тааный алышат.
• Пингвиндер бир жарым метрден бийигирээк секире алышат.
• Акыркы 4000 жылдын ичинде бир дагы жаңы жаныбар колго үйрөтүлгөн жок.
• Чегирткенин каны ак, ал эми лобстердин каны көгүлтүр түстө болот.
• Бир килограмм бал жасаш үчүн, аары 2 млн. гүлгө конуп чыгышы керек.
• Жерде жашаган жандыктардын 99%ы кырылып калган.
© 2020, Осорбек кызы Айгерим .. 1565