1 . САЛАМДАШУУ.
– Саламатсыздарбы ардактуу агайлар,
- Сүйүктүү эжелер,
- Кымбаттуу ата-энелер,
- Сиздерге арчадай узун өмүр,
- Булактай тунук көңүл,
- Ааламдай кенендик,
- Көлдөй тереңдик,
- Ишиңиздерге ийгилик,
- үй бүлөлүк бакыт,
- Жашоодо жетишкендиктерди каалоо менен бирге мектепке чейинки даярдоо классынын окуучуларын чакырып коюга уруксат этиңиздер.
2. ХОР.
Сагынткан , сагынткан ,
Жапжаңы жаңы жыл,
Татына , татына,
Мынакей жаңы нур,
Жаңы жыл жаңы жыл ,
Келди карачы,
Аяз ата , аяз кыз , кооз балаты.
3ДЕКЛОМАЦИЯ.
Кел жаңы жыл жадыраган баладай,
Кар бүртүгүн себе койгун аябай,
Бөбөктөр да оболотуп күлкүсүн,
Жылгаякты тепсин суукка карабай,
Ыр ырдасын жаңы жылдык белек деп,
Абдан күттүк бул күн качан келет деп,
Анда эмесе кабыл алгын калайык,
Ыр айтабыз жан дүйнөгө керек деп.
Нуржан – Азирет.
Сүйүнчү балдар сүйүнчү
Мына мен көрдүм биринчи,
Жаңы жылдык белектерин артынып,
Аяз атам келе жатат шашылып.
Илимбек
Белектерди которүп
аяз атам келиптир,
Ашуу,ашуу тоолорду,
Аран басып өтүптүр.
Адеми – Медина
Кар ханыша мен болсом ,
Асманда учуп ойносом,
Кандай сонун болмок ээ,
Аяз ата жанында ,
Жыргап бийлеп ойногон,
Аяз кызы мен болсом.
Нуржигит - Диана
Күмүш чапан ак сакал,
Аяз атам келсе экен,
Колубузду толтуруп,
Белектерден берсе экен.
Даут - Нурыйман
Жайы-кышы карачы,
Жашыл токой арасы ,
Жаңы баскан баладай,
Жакшынакай балаты.
Эрдан .
Эй балаты ,балаты,
Алып үйгө барсамбы,
Кооз мончок тагынтып ,
Сени багып алсамбы?
Айгерим .
Бөбөктөр музда ойношот,
Үшүйбүз деп ойлошпойт,
Маңдайдан терин агызып,
Кар жиреп музда сойлошот.
Ө.Медина
Бүгүн биздин мектепте ,
Көрчү кандай тазалык,
Жаңы жылды тосолу,
Балатыдай жасанып.
Асема – Элнура
Аяз ата аяз кыз
Ден соолукту чыңдайлы
Өмүрлөрү дени сак
Өзүндөй көп жашайлы
Арууке
Ушул сонун майрамда
Жаңыртабыз ырларды
Алып келген биздерге
Жаңы жылым жыргалды
Нуржигит
Тынчтык күндүн жлы бол
Майрам тойдун ыры бол
Мекениме сүйкүмдүү
Мээримдүү бол жаңы жыл
Бекболсун
Жаркырасын елка
Жайнап жаңы түр менен
Куттуктайбыз мейманды
Жаңы,жаңы жыл менен.
Жасмина-Элзада- Адеми.
Аяз атам елкага
Кирип келди типтирүү
Ой эмнеси мунусу
Кандай шумдук мурдусу.
Элнура - Асема
Аяз ата белек артынып
Аяз кыз келет каткырып
Жаңы жыл мына жылмаят
Өмүрлөрдү шат кылып.
Даниэл –Нурсултан
Ак кебездей самсалап
Ай талаада жаады кар
Ал ансайын күчтөнуп
Чуркурашат каргалар
Кар , кар ., кар,,,
Тимур
Жаңы жыл оттору
Каректе чагылат
Ынтымак артылып
Ыр күлкү жаңырат
Тулпар
Кел жаңы жыл жадыраган баладай,
Кар бүртүгүн себе койгун аябай,
Бөбөктөр да оболотуп күлкүсүн
Жылгаякты тепсин суукка карабай.
Албина - Асела
Балатыны айланып
Ырдап бийлеп ойнойлу
Жаңы жылды ар дайым
Шаңдуу,шаңдуу тосолу.
Элмурат
улуу майрам дүйнөдө
жаңы жылга келебиз,
кубанышсын биз менен
ата менен энебиз.
Жасмина
Жерди чиет чапапны
Кебезден экен сакалы
Кызыл мурун ак каштуу
Көрөлү аяз атаны.
Аделина.
Балбалактап аппак кар
Жаап турат себелеп
Жатып алып ээритип
Кудум эле күнгө окшоп
Менин бетим тегерек.
Акшоола - Айназик
Кел жаңы жыл келе гой,
Келип колуң бере гой
Албан албан иш бүтүп
Аткарылсын тилек ой.
Абдүшүкүр.
Жаңы жылды тосолу,
Күлкү менен шат менен,
Балатыны кооздойлу,
Түрдүү белектер менен.
Ибрагим.
Биз тособуз жңы жыл,
Ырдайбыз да бийлейбиз,
Елканы айланып
Күлүп шаңдуу сүйлөйбүз.
4. ЖЕКЕ НОМЕР
Апалар жңы жылыңыздар менен.
Ө.Медина. (мен дүйнөнү апам менен таанысам).
5. Кыргыз бий .
Биз кыргызбыз бийлеп кыргыз бийлерин,
Бизге кошул кана эмесе бийлегин,
Баарңардын маайыңар жаркырап,
Бийле кыздар кана эмесе бийлегин.
(Султан Садыралиев)
6. Табышмактар.
- Кыргыз элим жомокко бай сөзгө бай,
Жаратышат сөз булагын ылгабай,
Жада калса чурпөлөрү сөзгө бай,
Ырлар да , табышмак да бизде бар.
Адеми
Жамгыр жаап жер суунун
Жалбырактар солчу эле
Талаалар бошоп мал жайган ,
Бул кайсыл кез болчу эле?(күз)
Зияуддин
Күн узарып кар ээрип
Байчачекей толчу эле
Бул кайсыл кез болчу эле.(жаз)
Умар
Карагайсыз тактайсыз,
Көпөрө салат тактайсз? (муз)
Бекболсун
Ак бирок кар эмес,
Таттуу бирок бал эмес?(кумшекер)
7. Кара жорго .
Кыймылдары айкалыша бийлешет,
Кыргызымдын келечек муундары,
Байыртадан келе жаткан салт ушул,
Бий бийлешет келечектин муундары. ( Добр ).
8. Манас айтуу.
Күн болбосо , Жер да болбос ,Ай болбос,
Ай болбосо , турмуш көркү шай болбос,
Манас менен көтөрөбүз желекти,
Манас менен биз оңдойбуз ниетти.
Мураталиев Нурыйман
Бегимбаев Зияуддин
9. Бий
Кана балдар бийлегин ,
ушул сонун майрамда,
өнөрүңдү өргө чап,
кол чабалы биз анда.
(балдар)
10. Ата-энелер үчүн оюндар.
Шаңдуу шаар оюну.
11. Новый год .
(жалпы бий).