СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

10-класс билеттик суроолор

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«10-класс билеттик суроолор»

Физика боюнча экзамендик билеттер. 10 класс.



Билет № 1

  1. Механикалык кыймыл. Бир калыптагы кыймы. Механикалык кыймылдын салыштырмалуулугу.

  2. Жылуулук кыймылдаткычтары(машиналары). Жылуулук кыймылдаткычтарынын ПАКи.

3. Маселе. (515)Өткөргүчтөгү токтун күчү 40 мкА(4*10-5 А). 20 мин ичинде өткөргүчтүн туурасынан кесилиши аркылуу канча заряд ташылып өтөт?





Билет № 2

  1. Бир калыпта эмес кыймыл. Бир калыпта ылдамдатылган кыймыл Ылдамдануу. Бир калыпта ылдамдатылган кыймыл кезиндеги ылдамдыктын жана которулуштун формуласы.

  2. Электр талаасы. Электр талаасынын чыңалышы. Суперпозиция принциби.

  3. Маселе. (515) Чынжырдагы токтун күчү 0,36 А болгон учурда чоңдугу 20 Кл заряд өткөргүч аркылуу канча убакытта ташылып өтөт?







Билет № 3

  1. Ийри сызыктуу кыймыл. Айлана боюнча кыймыл.

Борборго умтулуучу ылдамдануу жана анын механикадагы ролу.

  1. Электр талаасынын потенциалы. Электр талаасындагы электр зарядынын потенциалдык энергиясы.

  2. Маселе:(178) Самосвал жүк ташууда 30 кВт кубаттуулукту өөрчүтөт. 45 мин убакытта ал тарабынан кандай жумуш аткарат?





Билет № 4

1. Динамика. Ньютондун 1-закону. Инерция. Нерсенин массасы – нерсенин инерттүүлүгүнүн чени 2. Электр зарядын электр талаасында жылдыруу боюнча электр талаасынын аткарган жумушу.

3. Маселе: (166) 120 Дж жумуш аткаруу менен 5 кг жүктү кандай бийиктикке көтөрүүгө болот?

Билет № 5

  1. Динамика.Ньютондун 2-жана 3-закону. Күч-нерсенин ылдамданууга ээ болуусунун себеби. Нерселердин өз ара аракеттешүүсүнүн өзгөчөлүктөрү.

  2. Электр сыйымдуулугу. Конденсатор.

  3. Маселе: (459) Чоңдуктары 10 нКл(10*10-9Кл) жана 15 нКл(15*10-9Кл) болгон эки чекиттик заряддар 5 см аралыктан кандай күч менен өз ара аракеттенишет?





Билет № 6

  1. Нерсенин импульсу. Импульстун сакталуу закону. Реактивдүү кыймыл.

  2. Адиабаттык процесс жана анын техникадагы ролу.

  3. Маселе: (467) 0,1 нКл(0,1*10-9Кл) чекиттик заряддан бир метр аралыктагы электр талаасынын чыңалышы кандай?







Билет № 7

  1. Механикалык жумуш. Кубаттуулук. Механикалык жумуштун кинетикалык жана потенциалдык энергия менен байланышы.

  2. Молекулалык-кинетикалык теориянын негизги теңдемеси.

  3. Маселе: (219) 10 Н күчтүн таасири алдында резина лентасы 10 см ге чейин узарып кетти . Анын катуулугу кандай.







Билет № 8

  1. Молекулалык-кинетикалык теориянын негиздери. Молекулалар. Молекулалардын кыймылы жана өз ара аракеттешүүсү.

  2. Нерселердин тең салмактуулук шарттары. Оордук борбору. Тең салмактуулуктун түрлөрү. Нерселердин туруктуулугу.

  3. Маселе: (243) Бийиктиги 0,5 м болгон керосин катмары идиштин түбүнө кандай басым жасайт?









Билет № 9

  1. Идеалдык газ. Менделеев-Клапейрондун теңдемеси. Температуранын абсолюттук шкаласы.

  2. Электр тогу. Чынжырдын бөлүгү үчүн Омдун закону.

  3. Маселе: (107) Массасы 0,4 кг тынч турган темир шарчанын массасы 1,2 кг болгон болот шарчасы 0,5 м/с ылдамдык менен келип кагып, экөө бир тарапты көздөй кыймылдап кетишти. Экөөнүн бир багытту кыймылынын ылдамдыгын тапкыла.





Билет № 10

  1. Газ закондору (Бойль_Мариоттун, Гей-Люссактын, Шарльдын закондору). Газдарды техникада колдонуу.

  2. Өткөргүчтөрдүн каршылыктары. Каршылыкты эсептөө.

  3. Маселе:(163) Ат сокону 350 Н күч менен сүйрөп 8750 Дж жумуш аткарса, ал сокону канча аралыкка жылдырды.









Билет № 11

  1. Термодинамика. Термодинамикадагы жумуш.

  2. Электр чынжырын туташтыруунун түрлөрү.

  3. Маселе: (187) Тартуу күчү 12 кН болсо, 3,5 км/саатка барабар ылдамдык менен бир калыпта кыймылдоочу трактор кандай кубаттулукту сарп кылат?









Билет № 12

  1. Идеалдык газдын ички энергиясы жана аны колдонуу.

  2. Электр кыймылдаткыч күчү. Толук чынжыр үчүн Омдун закону.

  3. Маселе: (6) Эки автомобиль бир калыпта кыймылда келе жатышат. Биринчиси 5 мин ичинде 6 км ди, ал эми экинчиси 3 с да 90 м жолду басышты. Кайсы автомобилдин ылдамдыгы чоң?

Билет № 13

  1. Термодинамика. Жылуулук саны. Термодинамиканын 1-закону.

  2. Электр тогунун жумушу. Джоуль-Ленц закону.

  3. Маселе: (27) Автомомбиль тынч абалынан 0,6 м/с2 ылдамдануу менен чыгып, 10 с убакыт ичинде кандай аралыкты өтөт?











Билет № 14

  1. Абанын нымдуулугу. Каныккан жана каныкпаган буулар.

  2. Жарым өткөргүчтөрдөгү электр тогу. р - n өтүүсү.

  3. Маселе: (24) Автомобиль 30 с убакыт ичинде ылдамдыгын 15 м/с дан 30 м/с га чейин өөрчүтө алды. Автомобилдин ылдамдануусун тапкыла.



Билет № 15

  1. Электр заряддарынын аракеттешүүсү. Кулон закону. Электр талаасы.

  2. Термодинамиканын 1-закону жанан анын изопроцесстерде колдонулушу.

  3. Маселе: (43) Радиусу 13 см болгон дөңгөлөктүн айлануу мезгили 0,5 с болсо, анын сызыктуу ылдамдыгы канчага барабар?





Билет № 16

  1. Борборго умтулуучу күч. Ерсенин айлана боюнча болгон кыймылы.

  2. Суюктуктардын касиети. Суюктуктардын беттик тартылуу күчү.

  3. Маселе: (378) Массасы 5 кг болгон жезди 10 0С ден 200 0С ге чейин ысытуу үчүн канча жылуулук саны талап кылынат? Жездин салыштырма жылуулук сыйымдуулугу 920 Дж/Кг0С.






Билет №17

  1. Бүткүл дүйнөлүк тартылуу күчү . Салмаксыздык, кош салмак.

  2. Жылуулук кыймылдаткычтар. Жылуулук кыймыдаткычтар жана айлана чөйрөнү коргоо.

  3. Маселе: (202) Жер Күндү 30 км/с ылдамдык менен айлануу аркылуу кандай кинетикалык энергияга ээ болот? Жердин массасы 6*1024 кг.



Билет №18

  1. Кристаллдык жана аморфтук нерселер. Моно жана поликристаллдар.

  2. Электр сыйымдуулугу. Конденсатор.

  3. Маселе: (164). Ат 0,2 т массадагы жүктүү арабаны горизонталдык жол менен 0,5 км аралыкка сүйрөп барууда кандай жумуш аткара алат? Сүрүлүү коэфициенти 0,02 ге барабар.





Билет №19

  1. Катуу нерселердин касиеттери. Катуу нерселердин эриши жана катуулланышы.

  2. Электр каршылыгынын температурадан көз карандылыгы.

  3. Маселе: (88) Эгер кыймылдаткычтын тартуу күчү 90 кН болсо, массасы 60 т болгон реактивдүү самолет күүлөнүү учурунда кандай ылдамдануу менен кыймылдайт?.



Билет №20

  1. Газдардын жана суюктуктардын бири-бирине өтүүсү. Кайноо жана буулануу.

  2. Электролиттердин электр өткөрүмдүүлүгү.

  3. Маселе: (464) Электр талаасынын чыңалышы 2 кВ/м ге барабар чекитке жайгаштырылган 12 нКл зарядга кандай күч таасир этет?





Билет №21

  1. Вакуумдагы электр тогу. Электрон нур түтүгү.

  2. Молекулалык-кинтеикалык теориянын негизги теңдемеси.

  3. Маселе: (524) Каршылыгы 20 Ом болгон металл өткөргүчү аркылуу 0,2 А ток өтөт. Өткөргүчтүн акыркы чекитиндеги чыңалуунун тапкыла.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!