СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

9-класс билеттик суроолор

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«9-класс билеттик суроолор»

№ 1 билет

1. Нерсенин механикалык кыймылы. Кыймылдын траекториясы. Кыймылдын түрлөрү. Жол жана которулуш.

2. Ички энергия. Ички энергиянын өзгөрүшү.

3. Көлөмү 0,28 м3 болгон кирпичти сууга салышты. Ага карата аткарылган күчтүн чоңдугун тапкыла.

№ 2 билет

1. Ылдамдык. Бир калыптагы түз сызыктуу кыймыл. Каалаган эсептөө системасында нерсенин орточо ылдамдыгын аныктоо.

2. Жылуулуктун берилиши ( жылуулук өткөрүүчүлүк, конвекция, нурлануу).

3. Кандайдыр бир темир брусогуна берилген жылуулук саны 0,2 МДж болсо, бул жылуулук менен кандай массадагы темирдин температурасын 200 С ден 1300 ге чейин көтөрүүгө болот.

№ 3 билет

1. Жылуулук саны анын бирдиктери. Нерсенин алган же берген жылуулук санын эсептөөнүн формуласы.

2. Жарык булактары. Жарыктын таралышы. Жарыктын чагылышы. Чагылуу закону.

3. . Патефон пластинканы 0,83 с да бир толук айландырат. Анын айлануу жыштыгы эмнеге барабар?

№ 4 билет

1. Ылдамдануу. Бир калыпта ылдамдатылган түз сызыктуу кыймыл. Эркин түшүүнүн ылдамдануусу. Нерсенин координатасынын убакытка болгон көз карандылыгын сунуш кылган тендеме боюнча нерсенин кыймылын мүнөздөгүлө.

2. Салыштырма жылуулук сыйымдуулук, формуласы, бирдиктери.

3. Жер шарынын өз огунда айлануу мезгили 24 саат болсо, анда Бишкек шаарынын аянтында турган адам кандай ылдамдык менен кыймылдап жаткан болот. Жердин радиусу 6400 км.



№ 5 билет

1. Ньютондун биринчи закону. Инерциялык эсептөө системасы.

2. Электр тогу. Анын пайда болушунун негизги шарттары. Электр чынжыры.

3. Чыналышы 750 Н/Кл электр талаасы кандайдыр бир зарядка 5,25 мкН күч менен аракет этет. Белгсиз заряддын чондугун тапкыла.



№ 6 билет

1. Жалпак күзгүдөгү сүрөттөлүш. Жарыктын сынышы. Сынуу закондору.

2. Катуу заттардын түзүлүшү. Кристаллдык жана аморфтук катуу заттар. Кристаллдык торчо. Кристаллдын эриши жана катууланышы. Катуу нерселер биздин турмушубузда.

3. Жерди ай болжол менен 27 суткада 1 км/с ылдамдык менен толук айланып чыгат. Жердин борборунан айдын борборуна чейинки аралыкты тапкыла.



№ 7 билет

1. Эрүүнүн жана кристаллдашуунун салыштырма жылуулугу.

2. ТОктун жумушу. Токтун кубаттуулугу. Жумуштун жана кубаттуулуктун бирдиктери.

3. Кандайдыр бир темир брусогуна берилген жылуулук саны 0,2 МДж болсо, бул жылуулук менен кандай массадагы темирдин температурасын 200 С ден 1300 ге чейин көтөрүүгө болот.



№ 8 билет

1. Бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону. Жасалма спутниктердин кыймылы. Биринчи жана экинчи космос ылдамдык.

2. Металлдардагы электр тогу. Металл өткөргүчтөрүнүң каршылыгынын температурага көз карандылыгы.

3. Чыналышы 800 Н/Кл болгон электр талаасына киргизилген 3,5 МККл зарядга аракет эткен электр күчүн такыла.

№ 9 билет

1. Буулануу жана конденсация. Кайноо

2. Нерселердтн электрлениши. Заряддын эки түрү. Электр талаасы.

3. Кандай чондуктагы зарядка чыналышы 600 Н/Кл болгон электр талаасы 1,2 мН күч менен аракет этет?

№ 10 билет

1.Серпилгич күч. Гук закону. Серпилгич күчтүн таасири астындагы кыймыл.

2. Электр тогу. Ток күчү, бирдиги, ток күчүн өлчөө.

3. Электр талаасынын чыналышы 950 Н/Кл болгон учурда, ага киргизилген 2*10-7 Кл зарядка кандай электрдик күч аракет этет?

№ 11 билет

1. Металлдардагы электр тогу.

2. Жарыктын дисперсиясы. Ньютондун тажрыйбалары. Түстөр жана алардын толкун узундуктары.

3. Заряды 30мкКл жана 100мкКл болгон эки бөлүкчө 0,003 мм аралыкта жайгашкан. Алардын ортосундагы өз ара аракеттешүү күчүн тапкыла.

№ 12 билет

1. Нымдоо. Капиллярдуулук. Абанын нымдуулугу.

2. Фарадейдин тажрыйбалары. Индукциялык ток.

3. Аракеттешүү күчү 0,9 Н болгон 0,5 мкКл жана 20нКл заряддарынын ортосундагы аралыкты эсептегиле.

№ 13 билет

1. Индукциялык ток. Индукциялык ЭККнун пайда болушу Ленц эрежеси.

2. Өткөгүчтүн каршылыгы. Салыштырмалуу каршылык жана анын бирдиктери.

3. 20см аралыкта турган эки заряд бири- бири менен 22,5 мкН күч аркылуу аракеттешип жатат. Эгерде экинчи заряддын чондугу 5нКл болсо, биринчи заряддын мааниси эмнеге барабар болгон?

№ 14 билет

1. Реактивдүү кыймыл. Ракетанын түзүлүшү. Космонавтика үчүн К.Э. Циолковскийдин эмгектеринин мааниси.

2. Өткөргүчтөрдү жарыш жана удаалаш туташтыруу.

3. Чондугу 4,5 нКл болгон заряддын жанына 9 мН күч менен аракет этиши үчүн, андан 3 см аралыкка кандай зарядды жайгаштыруу керек.



№ 15 билет

1. Молекулалык- кинетикалык теориянын негизги жоболору жана алардын тажрыйбаларда далилдениши.

2.Электр сыймдуулук. Электр сыйымдуулугунун бирдикери. Конденсатор жана түрлөрү.

3. Чыналышы 0,2 кН/Кл электр талаасында чондугу 0,4 мкКл зарядды кандай аралыкка которууда 8*10-5 Дж жумуш аткарат.



№ 16 билет

1. Энергия. Потенциалдык жана кинетикалык энергия. Механикадагы энергиянын сакталуу закону.

2. Электр тогунун жумушу жана кубаттуулугу.

3. Чыналышы 1кН/Кл электр талаасындагы кандай чондуктагы зарядды 100мм ге жылдыруу үчүн 46* 10-4 Дж жумуш аткарылат.



№ 17 билет

1. Резерфорддун тажрыйбалары. Атомдун планетардык модели.

2. Ааламдын түзүлүшү. Жылдыздуу асман. Жылдыздын түрлөрү. Жердин өз огунун айланасында айланышына астрономиялык далилдер.

3. Чондугу 2,3 10-8 Кл зарядды которууда 4,6 мкДж жумуш аткарылса, талаанын чыналуусу кандай болот?



№ 18 билет

1. Өзгөрмө ток. Өзгөрмө ток алуунун принциби. Өзгормө токтун жөнөкөй булактары ( генератору).

2. Күндүн жылдык көзгө көрүнөн кыймылы- Жердин Күндүн айланасында айланышынын натыйжасы. Эклиптика.

3. Сыйымдуулугу 45 мкФ конденсаторго чыналуу берүү менен катушкага туташтырылган. Мындан сон контурда термелүү мезгили 0,9 мкс болгон басандоочу термелүү пайда болот. Анда катушканын индуктивдүүлүгү кандай болот?



№ 19 билет

1. Атмосфера басымы. Атмосфера басымын өлчөө. Торричелли тажрыйбасы. Барометр.

2. Газдын басымы. Басымдын бирдиктери. Идеалдык газ жөнүндөгү алгачкы маалыматтар.

3. Сыйымдуулугу 0,058 мкФ жана индуктивдүүлүгү 1,4 мГн болгон термелүү контурундагы заряддардын термелиши кандай мезгил менен кайталанат?



№ 20 билет

1. Электромагниттик термелүүлөр. Термелүү контурунда заряддардын термелиши.

2. Өткөргүчтүн каршылыгы. Салыштырма каршылык.

3. Өзгөрмөлүү 220 В чыналууга туташтырылган электр плитасынын спиралындагы ток күчү 5 А ге жетет. Спиралдын каршылыгын тапкыла.











№ 21 билет

1. Толкун жөнүндө түшүнүктөр. Туурасынан жана узатасынан кеткен толкундар. Толкун узундугу, анын таралуу ылдамдыгы, толкундун жыштыгы менен мезгилдин байланышы.

2. Атом ядросунун түзүлүшү. Ядролук күч. Радиоактивдүүлүк.

3. Чыналуусу 3 В болгон гальваникалык элемент аркылуу пайда болгон ток күчүн тапкыла. Гальваникалык элемент туташкан өткөргүчтүн каршылыгы 10 Ом.





№ 22 билет

1.Үн толкундары. Үндүн ылдамдыгы. Катуулугу, бийиктиги. Жанырык. Ультра үн жөнүндө маалыматтар.

2. Күн эн жакынкы жылдыз.Күн – жарыктын табигый булагы. Күндүн энергиясы. Күндүн энергиясын пайдалануу.

3. Чынжырдагы ток күчүн мааниси 15 А ге жеткирүү үчүн, каршылыгы 2,5 Ом болгон өткөргүчкө кандай чыналуу берүү керек?




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!