СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

10-класстар үчүн I чейрекке карата тесттик иш

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«10-класстар үчүн I чейрекке карата тесттик иш»

Кыргызстан тарыхы предмети боюнча 10-класс үчүн 1-чейрекке карата тесттик иш

I вариант

  1. Cакталып калган эмгек куралдары, турмуш тиричилик буюмдары, турак жайлар, храмдар – булар тѳмѳндѳгүдѳй аталат:

а) заттык булак б) оозеки булак в) жазуу булак г) тарыхый булак

  1. Расалардын, адамдын келип чыгышын жана ѳнүгүшүн сѳѳк калдыктары аркылуу изилдѳѳчү илим ............ деп аталат.

а) археология б) геология в) антропология г) сфрагистика

  1. Жаа менен жебенин пайда болгон мезгили:

А) тѳмѳнкү палеолит б) жогорку палеолит в) неолит г) мезолит

  1. Окумуштуулар орто таш кылымын кандай аташат?

а) палеолит б) энеолит в) мезолит г) неолит

  1. Чуст маданиятындагы уруулардын негизги чарбасы:

а) дыйканчылык б) аңчылык в) мал чарбачылык г) тоо-кен иштетүү

  1. Кыргызстандын аймагындагы эң алгачкы уруулук бирикменин аталышы?

а) усундар б) наймандар в) сактар г) гундар

  1. Кимдин эмгегинде байыркы сактар жѳнүндѳ маалымат бар?

а) Сыма Цзяндын б) М.Кашгаринин в) Птоломейдин г) Геродоттун

  1. Усун башкаруучуларынын ордосу жайгашкан шаардын аталышы?

а) кызыл ѳрѳѳндѳгү шаар б) жашыл ѳрѳѳндѳгү шаар в) алтын ѳрѳѳндѳгү г) аталышы жок

  1. Даван мамлекети кайсы аймакта жайгашкан?

а) Борбордук Азияда б) Ферганада в) Түштүк Сибирде г) Монголияда

  1. Усундар Теңир-Тоого качан журт которуп кѳчүп келишкен?

а) б.зч. 164-ж. б) б.з.ч. 165-ж. в) б.з.ч. 150-ж. г) 160-ж.

  1. «Кыргыз» этнониминин тарыхта алгачкы эскерилүүсү:

а) б.з.ч. 201-ж. б) б.з.ч. 103-ж. в) б.з.ч. 100-ж. г) б.з.ч. 160-ж.

  1. Кыргызстандын аймагында эң байыркы эмгек куралдары кайсы жерде табылган?

а) Саламат – Булактан (Ысык-Кѳл) б) Он Арчадан (Нарын)

в) Ак-Сайдан (Тянь-Шань) г) Георгиевкадан (Чүй)

  1. Кѳрүстѳндѳгү таш плитасына жазылган жазуулар тѳмѳндѳгүдѳй аталат.

а) палеография б) петроглиф в) эпитафия г) иероглиф

  1. Биздин доорго чейинки 1750-жыл кайсы кылымга таандык?

а) б.д.ч. XVIк б) б.д.ч. XVIIIк в) б.д.ч. XVIIк г) XVIIIк

  1. «Кыргыздар Орто Азиядагы эң байыркы элдердин катарына кирет. Азыркы кезде Орто Азияда жашап жаткан элдердин ичинен тарыхта аты мынчалык эрте кезиккен бир дагы эл болбоо керек», - деп илимий эмгегинде жазган окумуштуу:

а) Ю.С.Худяков б) С.М.Абрамзон в) А.Н.Бернштам г) В.В.Бартольд





Кыргызстан тарыхы предмети боюнча 10-класс үчүн 1-чейрекке карата тесттик иш

II вариант

  1. Тарыхый летопистер, грамоталар, келишимдер, күндѳлүктѳр, мемуарлар, арноо тексттери – кайсы тарыхый булакка таандык?

а) заттык б) оозеки в) жазуу г) салттуу

  1. Урук жана уруулардын келип чыгышынын тарыхын, адамдардын тек жайын, тууганчылык байланыштарын изилдеп тукум тарыхын түзүүчү илим:

а) геральдика б) нумизматика в) этнография г) генеалогия

  1. Байыркы адамдардын алгачкы чарбачылыгы болгон:

а) кол ѳнѳрчүлүк б) жыйноочулук в) соодагерчилик г) жер иштетүү

  1. Алгачкы адамдар биргелешип аңчылык кылып, жырткычтардан сактанышкан. Бул мезгилдеги адам тобу кандай аталат.

а) уруулук жамаат б) урук в) уруу г) адам үйүрү

  1. Андрон маданиятынын ѳкүлдѳрүнүн негизги чарбачылыгы:

а) мал чарбачылык б) дыйканчылык в) балык улоо г) соодагерчилик

  1. «Шуштугуй калпакчандар» деп кимдерди аташкан?

а) хаумаварга сактары б) тиграхауд сактары в) массагеттерди г) сарматтарды

  1. Сактар персиялыктардын кайсы падышасын жеңип алышкан?

а) Дарий I б) Камбиз в) Кир II г) Дария II

  1. Усун мамлекетинин башкаруучусунун титулу?

а) күнбаг б) каган в) ажо г) хан

  1. Даван мамлекети кайсы мезгилде ѳкүм сүргѳн?

а) б.з.ч. Iмиң жылдык б) б.з.ч. VIII-VIIкк в) б.з.ч. VII-VIкк г) б.зч. IIмин жылдык

  1. Түрк элдеринин эң байыркысы болуп эсептелинет?

а) казактар б) уйгурлар в) башкырлар г) кыргыздар

  1. Кыргыздар тууралуу алгачкы маалыматты .................... берген.

а) Бань Гу б) Сыма Цзянь в) Захредин Бабур г) Геродот

  1. Б.з.ч. VIк. Сактар согушкан.

а) Персия падышалары Кир II жана Дарий I менен б) Македонскийдин аскерлери менен

в) Аттиланын гунндары менен г) Кытайлык императорлор менен

  1. Б.з.ч. 480-жыл менен б.з. 476-жыл аралыгын канча жыл бѳлүп турат?

а) 4 жыл б) 480 жыл в) 980 жыл г) 956 жыл

  1. Уламышка караганда грек тарыхчысы Геродоттун маалыматында, Томирис падышанын башын канн толтурулган чаначка чѳмүлтүп: «Мен сени канга тойгузам дебедим беле»- деп айткан:

а) Кирге б) Дарийге в) Филипке г) Александрга

  1. Азыркы күндѳ биз колдонуп жаткан календарь кандай аталат:

а) европалык б) римдик в) григориандык г) юлиандык




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!