Химиялык ондуруштордун копчулугу жаратылышта таркалган сырьелорду химиялык жактан кайрадан иштетип эл чарбасынын онугушу учун зарыл болгон материалдар менен камсыз кылуу болуп эсептелет. Химиялык ондуруштун томондогудой илимий негиздери бар: 1.Табигый гендерди озу менен кошо алып жургон аралашмалардан тазартуу: А)Флотациялык ыкма Б)Калкытып чыгаруу В)Магнитке тарттыруу 2. Реакцияга катышкан заттардын тийишуу беттерин камсыз кылуу (заттарды белгилуу олчомго чейин майдалоо, абаны кычкылтек менен байытуу) 3.Химия ондурушундо журо турган процесстерди тездетуучу оптималдуу шарттарды туура тандоо. 4. Ар бир ондуруш учун: температураны басымды катализаторду тандоо. 5.Химиялык реакция учурунда болунуп чыккан жылуулукту жылуулук алмаштыргычтарда пайдалануу. 6.Кайталанма реакциялардын журушун туура козомолдоо. 7.Химия ондурушундогу аппараттардын тузулушун жана иштоо принциптерин уйронуу. 8.Ондурушту механизациялаштыруу, автоматташтыруу жана роботтоштуруу. 9.Химия ондурушун башка ондуруштор менен байланышта болуп туруусуна шарт тузуу. 10.Ондуруш калдыктарын таштандыларын пайдаланууга жана тазартууга жетишуу. 11.Ондурушто эмгекти сактоо жана коопсуздук эрежелерин туура колдонуу. 12.Чыккан продуктунун наркын томондотуу. 13.Чыккан продуктуларды уномдуу пайдалануу. Химия ондурушундо таяна турган негизги тушунуктор томонкулор: адсорбция, гомогендуу жана гетерогендуу реакциялар, катализатор, ингибитор, реакциянын ылдамдыгы жана тендештик. Тустуу металлдарды ондуруудо (коргошун, цинк жана жез) буларды ондуруудо кукурт (IV)оксиди пайда болот. Кукурт (IV)оксиди айлана чойрого чон зыян келтирет. Ошондуктан оксидди тосуп алып кукурт кислотасын ондурууго болот. Кара металлургияда чоюн жана болотту ондуруу керек. Мында темир кени жаратылыш газы менен калыбына келтирилет. 4Fe2O3 3CH4 ---- 8Fe 6H2O 3CO2 Мында к=пш=к темир алынат. Аны электр мешинде иштетип болот ондурулот. |