СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

13.ички секреция бездери

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«13.ички секреция бездери»

Ички секреция бездери

Ички секреция бездери

Функциясы     Нерв жана эндокрин системалары организмди жөнгө салуучу система болуп эсептелет. Алардын катышуусуз организмде бир да процесс жүрбөйт, эндокрин жана нерв системасы өз ара тыгыз байланышта болуп, алардын иши бузулса организмде олуттуу өзгөрүштөр болот. Эндокрин системасын ички секреция бези түзөт. Алар өздөрү иштеп чыгарган биологиялык активдүү заттарды — гормондорду бөлүп чыгаруу өткөөлдөрү болбогондуктан сыртка чыгарбай, канга жана лимфага кошот. Бул процесс ички же эндокрин секрециясы деп да аталат. Ички секреция бездеринин түзүлүшүн, функциясын, алардын бузулушун эндокринология изилдейт.

Функциясы

  •   Нерв жана эндокрин системалары организмди жөнгө салуучу система болуп эсептелет. Алардын катышуусуз организмде бир да процесс жүрбөйт, эндокрин жана нерв системасы өз ара тыгыз байланышта болуп, алардын иши бузулса организмде олуттуу өзгөрүштөр болот. Эндокрин системасын ички секреция бези түзөт. Алар өздөрү иштеп чыгарган биологиялык активдүү заттарды — гормондорду бөлүп чыгаруу өткөөлдөрү болбогондуктан сыртка чыгарбай, канга жана лимфага кошот. Бул процесс ички же эндокрин секрециясы деп да аталат. Ички секреция бездеринин түзүлүшүн, функциясын, алардын бузулушун эндокринология изилдейт.

Түзүлүшү

  • Гипофиз —  мээнин  алдыңкы бези; баш сөөгүнүн ичинде түрк ээрчесинин ойдуңунда жатат. Гипофиз пролактин, адренокортикон жана башкалар гормондорду бөлүп чыгарып, зат алмашуунун бардык түрлөрүнө, организмдин өсүп-өнүгүүсүнө, көбөйүшүнө башка бездер аркылуу (калкан сымал, калкан сымал бездин жанындагы, уйку, бөйрөк үстүндөгү, жыныс жана эмчек бездери) таасирин тийгизет. Гипофиз гормондорунун ашыкча болушу кишинин боюнун өтө өсүп кетишине (алп), кээде гипофиз шишигинин пайда болушуна, жетишсиздиги эргежээлдикке алып келет. Ал эми интермедин гормону пигменттин туура бөлүнүшүн камсыз кылып турат.
  • Гипоталамус мээнин бир бөлүгү болуп, гипофиз менен тыгыз байланышат. Ал гормондук таасирге ээ затты (рилизинг-гормонду) иштеп чыгарат. Бул гормондун химиялык түзүлүшү жөнөкөй, гипофизге таасир тийгизип, натыйжада гипофиз татаал гормонду бөлүп чыгарат. Гипоталамустун ядросу вазопрессин жана окситоцин гормондорун бөлүп чыгарат. Алар гипофизде чогулат. Окситоцин суу-туз алмашууну жөнгө салып, кан тамырлардын тонусун сактайт, вазопрессин майда кан тамырлардын жыйрылышына, кан басымынын көтөрүлүшүнө таасир тийгизет. Гипоталамус ядросу жабыркаса кантсыз диабет оорусуна алып келет.
  • .
Ички секреция (солдо — Эркек, оңдо — аял): 1. Эпифиз 2. Гипофиз 3. Калкан сымал без 4. Тимус 5. Бөйрөк үстүндөгү без 6. Уйку бези 7. Энелик бези 8. Эн бези

Ички секреция (солдо — Эркек, оңдо — аял): 1. Эпифиз 2. Гипофиз 3. Калкан сымал без 4. Тимус 5. Бөйрөк үстүндөгү без 6. Уйку бези 7. Энелик бези 8. Эн бези

Гипофиз менен гипоталамус

  • Гипофиз — мээнин алдыңкы бези; баш сөөгүнүн ичинде түрк ээрчесинин ойдуңунда жатат. Гипофиз пролактин, адренокортикон жана башкалар гормондорду бөлүп чыгарып, зат алмашуунун бардык түрлөрүнө, организмдин өсүп-өнүгүүсүнө, көбөйүшүнө башка бездер аркылуу (калкан сымал, калкан сымал бездин жанындагы, уйку, бөйрөк үстүндөгү, жыныс жана эмчек бездери) таасирин тийгизет. Гипофиз гормондорунун ашыкча болушу кишинин боюнун өтө өсүп кетишине (алп), кээде гипофиз шишигинин пайда болушуна, жетишсиздиги эргежээлдикке алып келет. Ал эми интермедин гормону пигменттин туура бөлүнүшүн камсыз кылып турат.
  • Гипоталамус мээнин бир бөлүгү болуп, гипофиз менен тыгыз байланышат. Ал гормондук таасирге ээ затты (рилизинг-гормонду) иштеп чыгарат. Бул гормондун химиялык түзүлүшү жөнөкөй, гипофизге таасир тийгизип, натыйжада гипофиз татаал гормонду бөлүп чыгарат. Гипоталамустун ядросу вазопрессин жана окситоцин гормондорун бөлүп чыгарат. Алар гипофизде чогулат. Окситоцин суу-туз алмашууну жөнгө салып, кан тамырлардын тонусун сактайт, вазопрессин майда кан тамырлардын жыйрылышына, кан басымынын көтөрүлүшүнө таасир тийгизет. Гипоталамус ядросу жабыркаса кантсыз диабет оорусуна алып келет.
Калкан сымал без   Калкан сымал без   — кекиртектин алды жагында, кокодон төмөнүрөөк жайгашкан ички  секреция бези . Муунчак менен байланышкан эки бөлүкчөдөн турат. Анын салмагы 25—30 гга жетет, жаш өткөн сайын көлөмү кичирейет, бирок сууда йод аз өлкөлөрдө салмагы өсүп кетиши да ыктымал. Анын көлөмү аялдарда эркектердикинен чоңураак болот. Калкан сымал без байыркы заманда эле белгилүү болгон, мисалы, илгерки кытай догдурлары кургатылган калкан бези менен  богок оорусун  дарылашкан. Ал тироксин жана трийодтиронин гормондорун түз эле канга бөлүп чыгарат. Бул гормондордун пайда болушуна тирозин аминокислотасы жана йод керек.

Калкан сымал без

  • Калкан сымал без   — кекиртектин алды жагында, кокодон төмөнүрөөк жайгашкан ички  секреция бези .
  • Муунчак менен байланышкан эки бөлүкчөдөн турат. Анын салмагы 25—30 гга жетет, жаш өткөн сайын көлөмү кичирейет, бирок сууда йод аз өлкөлөрдө салмагы өсүп кетиши да ыктымал. Анын көлөмү аялдарда эркектердикинен чоңураак болот. Калкан сымал без байыркы заманда эле белгилүү болгон, мисалы, илгерки кытай догдурлары кургатылган калкан бези менен  богок оорусун  дарылашкан. Ал тироксин жана трийодтиронин гормондорун түз эле канга бөлүп чыгарат. Бул гормондордун пайда болушуна тирозин аминокислотасы жана йод керек.
Калкан сымал без: 1—калкан сымал бездин оң бөлүгү; 2— калкан сымал бездин моюнчасы; 3— күрөө тамыр; 4— калкан сымал бездин сөл бөлүгү; 5— моюнтурук венасы; 6— кекиртек.

Калкан сымал без: 1—калкан сымал бездин оң бөлүгү; 2— калкан сымал бездин моюнчасы; 3— күрөө тамыр; 4— калкан сымал бездин сөл бөлүгү; 5— моюнтурук венасы; 6— кекиртек.

Калкан сымал без иштеши

  • Калкан сымал без гормондордон башка организмдеги кальций алмашууну жөнгө салуучу кальцитонин гормонун иштеп чыгарат. Калкан сымал безнин гормон бөлүп чыгаруусу башка ички секреция бездеринин (гипофиздин алдыңкы бөлүгү,  бөйрөк үстүндөгү без ,  жыныс бездери ) иштешине, чөйрө температурасына, ар кандай эмоциялык жана физикалык дүүлүктүргүчтөргө, организмге тамак-аш менен келген йоддун санына жараша болот. Калкан сымал безнин гормондору ткань жана органдардын бир калыпта өсүшүн тейлеп турат. Эгерде организмге бул гормондор жетишсиз болсо, гипотиреоз оорусу пайда болот. Бул ооруну өз убагында дарылабаса, шишик күчөп, бүт денеге тарап кетип, микседема оорусуна алып келет. Жаш балдарда калкан сымал безинин гормондору жетишпесе, мээнин өсүшү начарлап  кретинизм  оорусу пайда болот. Мында баланын бою кичине болуп, өңү саргыч тартып, териси кургап, чачтары менен тырмактары сынма болот, тили шишип кеткендиктен оозуна батпай, баланын сүйлөшүнө тоскоол болот. Сууда йоддун аз болушунан калкан сымал безинин гормондору аз бөлүнүп чыгып анын көлөмү чоңоёт, ал  эндемиялык богок  деп аталат. Ошондой эле гормондордун өтө көп бөлүнүшү гипертиреозго алып келет (к. Диффузиялык ууландыруучу богок).
Уйку бези глюкагон   Ал эки бөлүктөн туруп, эки түрдүү милдет аткарат. Анын сырткы секреция бөлүп чыгаруучу бөлүгү өзүнүн зилин  он эки эли ичегиге  бөлүп чыгарат. Бул зилдин составында  белок  заттарын, майларды жана  углеводдорду ажырата турган ферменттер бар. Уйку бези бир суткада 1,5  л ге чейин зил бөлүп чыгарат. Бирок, көп учурда уйку бези бөлүп чыгарган зилдин өлчөмү жана химиялык составы ичкен тамактын түрүнө да жараша болот. Мисалы, уйку бези сүткө караганда нанга зилди көп бөлүп чыгарат.

Уйку бези глюкагон

  • Ал эки бөлүктөн туруп, эки түрдүү милдет аткарат. Анын сырткы секреция бөлүп чыгаруучу бөлүгү өзүнүн зилин  он эки эли ичегиге  бөлүп чыгарат. Бул зилдин составында  белок  заттарын, майларды жана  углеводдорду ажырата турган ферменттер бар. Уйку бези бир суткада 1,5  л ге чейин зил бөлүп чыгарат. Бирок, көп учурда уйку бези бөлүп чыгарган зилдин өлчөмү жана химиялык составы ичкен тамактын түрүнө да жараша болот. Мисалы, уйку бези сүткө караганда нанга зилди көп бөлүп чыгарат.
Кишинин уйку бези жана он эки эли ичегиси: 1, 2, 3— уйку бези; 4— уйку безинин түтүгү; 5— упчу сымал тешик; 6— өт агуучу түтүк; 7- он эки эли ичеги; 8— боор түтүгү; 9— өт баштыгы.

Кишинин уйку бези жана он эки эли ичегиси: 1, 2, 3— уйку бези; 4— уйку безинин түтүгү; 5— упчу сымал тешик; 6— өт агуучу түтүк; 7- он эки эли ичеги; 8— боор түтүгү; 9— өт баштыгы.

Жайгашуусу   Уйку бези карындын артында 1—2-бел  омурткасынын  тушунда туурасынан жатат. Узундугу 12 —15  см че келип, жоонураак келген баш жагынан, денеден жана куйрукчадан турат. Баш жагын он эки эли ичеги (жумур) курчап жатат. Уйку безинин ар бир бөлүгү түтүкчөлөрү бар майда без баштыкчаларынан турат. Акыры бардык майда түтүкчөлөр чогулуп, анын негизги өткөөлүн түзөт.  Бул өткөөл уйку безинин куйругунан башына чейин жетип, жумурга барып куят. Ал эндокрин (ички секреция) безине кирет да,  инсулин гормонун  бөлүп чыгарат.  Уйку безинде гормон — инсулиндин пайда болушунун бузулушу  кант диабетине  чалдыктырат

Жайгашуусу

  • Уйку бези карындын артында 1—2-бел  омурткасынын  тушунда туурасынан жатат. Узундугу 12 —15  см че келип, жоонураак келген баш жагынан, денеден жана куйрукчадан турат. Баш жагын он эки эли ичеги (жумур) курчап жатат. Уйку безинин ар бир бөлүгү түтүкчөлөрү бар майда без баштыкчаларынан турат. Акыры бардык майда түтүкчөлөр чогулуп, анын негизги өткөөлүн түзөт. Бул өткөөл уйку безинин куйругунан башына чейин жетип, жумурга барып куят. Ал эндокрин (ички секреция) безине кирет да,  инсулин гормонун  бөлүп чыгарат. Уйку безинде гормон — инсулиндин пайда болушунун бузулушу  кант диабетине  чалдыктырат

Бөйрөк үстүндөгү без

  • Бөйрөк үстүндөгү без  — киши жана омурткалуу жаныбарлардын ички секреция органы; бөйрөктүн жогору жагынан орун алган. Бөйрөк үстүндөгү без кыртыш (сырткы) жана мээ сымал (ички) катмардан турат. Кыртыш катмары 50дөй ар кандай гормондорду иштеп чыгарат. Анда минерал алмашууга таасир этүүчү альдестерон; углевод жана белок алмашууга катышуучу, ошондой эле организмдин коргоо реакциясын камсыз кылуучу — кортикостерон жана гидрокортизон; жыныс гормондору сыяктуу таасир берүүчү андроген, эстроген жана прогестерон гормондору пайда болот. Алар жалпы кортикостероиддер деп аталат. Бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышынын шишигинде же анын көлөмү чоңоюп кеткенде гормону көп бөлүнүп Иценко-Кушинг [1]  оорусу пайда болот. Ал эми гормондор аз иштелип чыкса Аддисон оорусуна алып келет. Бөйрөк үстүндөгү бездин мээ катмары 2 гормон — адреналин жана норадреналин бөлүп чыгарат. Алар нерв учтарына, жүрөк-кан тамыр системасына, алмашуу процесстерине таасир тийгизет. Бул гормондор мээ катмардын шишигинде өтө көп бөлүнүп чыгат. Бөйрөк үстүндөгү бездин кызматы нерв системасынын көзөмөлүндө өтүп, башка ички секреция бездери менен тыгыз байланышта болот.
Бөйрөк үстүндөгү без: 1— бөйрөк үстүндөгү без; 2— бөйрөк; 3— заара агуучу түтүк; 4— бөйрөк венасы; 5— бөйрөк артериясы.

Бөйрөк үстүндөгү без: 1— бөйрөк үстүндөгү без; 2— бөйрөк; 3— заара агуучу түтүк; 4— бөйрөк венасы; 5— бөйрөк артериясы.

Жыныс бездери   Жыныс бездери  - жыныс айырмасын көрсөтүүчү жана ошол жыныстарга таандык продуктуларды чыгаруучу ички жана сырткы  секреция   бездери . Эркектин тукум безинин тышка чыгуучу заты - анын ийрилген урук түтүкчөлөрүндөгү тукум пайда кылма эпителий болуп чыгаруучу эркек клеткалары (сперматозоиддер). Сперматозоиддер 15 жаштан пайда болуп, 55-60 жашка чейин сакталат. Аялдын урук безинин тышка чыкма заты - энелик клеткалар. Алар аялдын тукум безинин кыртыш клеткаларында (фолликулаларда) өсүп жетилет. Жаңы төрөлгөн кыздардын тукум безинин кыртыш катмарында миңдеген алгачкы фолликулалар өсүп жетилбестен жоголуп турат. Кыздардын энелик клеткалары 12-15 жаштан жетиле баштан, кийин уруктанууга жарамдууларынын саны 300-500гө жетип (21-28 күндө бир жолу жетилип турат), 45-50 жашка чейин сакталат.

Жыныс бездери

  • Жыныс бездери  - жыныс айырмасын көрсөтүүчү жана ошол жыныстарга таандык продуктуларды чыгаруучу ички жана сырткы  секреция   бездери .
  • Эркектин тукум безинин тышка чыгуучу заты - анын ийрилген урук түтүкчөлөрүндөгү тукум пайда кылма эпителий болуп чыгаруучу эркек клеткалары (сперматозоиддер). Сперматозоиддер 15 жаштан пайда болуп, 55-60 жашка чейин сакталат. Аялдын урук безинин тышка чыкма заты - энелик клеткалар. Алар аялдын тукум безинин кыртыш клеткаларында (фолликулаларда) өсүп жетилет. Жаңы төрөлгөн кыздардын тукум безинин кыртыш катмарында миңдеген алгачкы фолликулалар өсүп жетилбестен жоголуп турат. Кыздардын энелик клеткалары 12-15 жаштан жетиле баштан, кийин уруктанууга жарамдууларынын саны 300-500гө жетип (21-28 күндө бир жолу жетилип турат), 45-50 жашка чейин сакталат.
Гумордук жөнгө салуунун бузулушу Гипофиз гормону -  өсүү гормону же соматотропин физикалык жактан өсүү жана өнүгүү процессине жооп берет. Бул гормон бардык организмдин жана булчуңдардын өсүшүн камсыздап, ашыкча майларды жоготуп турат. Ошондой эле гипофизардык карлик жана гигинат болуп өзгөрүүгө учурайт. Мисалы, өсүп жетилген маалда ашыкча гормондор иштелип, анын жыйынтыгында дененин кээ бир мүчөлөрү - мурду, сакалы, согончогу, колу жана билеги өсүп, эриндер калыңдап өзгөрө баштайт. Пролактин  гормону ден соолугу жакшы аялзатында кош бойлуу жана бала эмизүү учурунда, жыныстык катнаш мезгилинде, катуу уйкуга кеткенде жана стресске алып келген учурларда гана көбөйөт. Мындан тышкары кайсы бир оорудан, бойдон алдыруудан жана сүт безин операция кылгандан кийин да күчөшү мүмкүн. Пролактин өз нормасынан ашып кеткен учурда аялзатын тукумсуздукка алып келиши толук ыктымал. Ал эми аталган гормон эркектерде нормадан ашып кеткен учурда алардын бел кубаты алсыз болуп, жыныстык жашоо кызыктырбай калат.

Гумордук жөнгө салуунун бузулушу

  • Гипофиз гормону -  өсүү гормону же соматотропин физикалык жактан өсүү жана өнүгүү процессине жооп берет. Бул гормон бардык организмдин жана булчуңдардын өсүшүн камсыздап, ашыкча майларды жоготуп турат. Ошондой эле гипофизардык карлик жана гигинат болуп өзгөрүүгө учурайт. Мисалы, өсүп жетилген маалда ашыкча гормондор иштелип, анын жыйынтыгында дененин кээ бир мүчөлөрү - мурду, сакалы, согончогу, колу жана билеги өсүп, эриндер калыңдап өзгөрө баштайт.
  • Пролактин  гормону ден соолугу жакшы аялзатында кош бойлуу жана бала эмизүү учурунда, жыныстык катнаш мезгилинде, катуу уйкуга кеткенде жана стресске алып келген учурларда гана көбөйөт. Мындан тышкары кайсы бир оорудан, бойдон алдыруудан жана сүт безин операция кылгандан кийин да күчөшү мүмкүн. Пролактин өз нормасынан ашып кеткен учурда аялзатын тукумсуздукка алып келиши толук ыктымал. Ал эми аталган гормон эркектерде нормадан ашып кеткен учурда алардын бел кубаты алсыз болуп, жыныстык жашоо кызыктырбай калат.
  • Адренокортикотроптуу  гормон (кортикотропин) бөйрөк үстүндөгү темирди стимулдаштырып, аларга керектүү картизолду пайда кылат. АКТГ ашыкча болгондо адам семирип, тулку бойдо ашыкча майларды пайда кылып, булчуңдарды алсыратып, жыйынтыгында кан басымы жогорулап, шишиктерди жана остеопороз ооруларын жаратат. Ал эми жетишсиз болсо, кан басымын түшүрөт, башы айланат жана жүрөгү айланып куса баштайт.
  • Гонадотропиндүү  фолликулостимулдаштыруучу гормон жумуртка клеткасында жумуртканын жана сперматозоиддердин уругун өстүрөт. Ал эми лютеинизирдик гормон аялдардын жумурткасын иштеп чыгуу менен тестостерондун секрециясын калыбында кармап турат.
  • Глюкагон  гормону кандагы глюкозаны көбөйтүп, бөйрөктү глюкозадан бошотуп турат. Инсулин кандагы кантты түшүрөт. Инсулин адамга жетишсиз болсо, ал кант диабетине кабылып, жыйынтыгында тез-тезден суусап, териде майда бүртүкчөлөр чыгып, тамакка болгон табит жоголуп, териси кургап олтуруп комага түшүп калат.
  • Тироксин  гормону организмде зат алмашууну тездетип, борбордук нерв системасынын сезимталдуулугун жогорулатат. Тироксин нормадан ашпай дайым бир калыпта болсо, адамда толуп кетүү деген болбойт. Тироксиндин азайып, көбөйүшү калкан безиндеги йоддун курамына жараша болот. Эгер йод жетишсиз болсо тироксин да жетишсиз деп эсептей бериңиз. Бул гормон жетишсиз болгондо адам тез чарчап, бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү да болбой калат. Тироксин өз нормасынан ашып кеткенде салмакты тез жоготуп олтуруп анорексия оорусуна кептейт. Йод организмде ашыкча болсо курамында йоду бар балык баш болгон азыктардан баш тартууга туура келет.
  • Трийодтиронин  гормону аткарган функциясы жагынан тироксинге окшош. Эсиңизге сактап алыңыз, бул гормондун өсүп келе жаткан балдарда жана наристелерде жетишсиз болушу баланын акыл-эсинин жана физикалык өсүшүн кечеңдетет. Ал эми чоңдордо болсо уйкусуроого, алсыроого жана тез чарчоого алып келет. Ашыкча болсо, адам уйкусуздук оорусу менен жабыр тартат.
  • Тиреокальцитонин  организмде кальцийдин алмашып турушун, өзгөчө кандагы кальцийдин курамын азайтып, сөөк ткандарындагы кальцийди көбөйтүп, алардын ишин жөнгө салып турат.
  • Кортизол  гормону адам кайгырып, стресске кабылган учурда иштелип чыгат. Ал иммундук механизмди ишке киргизип, жыйынтыгында жүрөк булчуңдары менен мээнин иштешин жакшыртат. Кортизол өз өлчөмүнөн ашып кеткенде ичте, моюн тушта жана бөйрөк тушта ашыкча майлар топтоло баштайт. Кортизол азайып кеткенде иммундук система төмөндөп, адам алсырап тез-тезден ооруп, жыйынтыгында бөйрөктөрү иштен чыгып калышы толук мүмкүн.
  • Адреналин  гормону адам катуу корккондо күчөп, активдешет да, адамдын канындагы кант булчуңдардын иштеши үчүн көбөйөт. Ал өз нормасынан ашык чектен чыкканда кандагы канттын деңгээли жогорулап уюган канды пайда кылат. Жыйынтыгында организм холестеринди көбүрөөк иштеп, ал жүрөк-кан тамырлардын иштешин начарлатат. Адреналинди азайтуу үчүн физикалык көнүгүүлөрдү жасоо керек.
  • Альдостерон  гормону организмде суу менен тузду баланстап, бөйрөк аркылуу организмдеги калий, натрий жана хлорду сыртка заара аркылуу чыгаруу керектигин бөйрөктү оорутуу менен билдирип турат.
Эстроген  гормону айыздын, кош бойлуулуктун белгилерин билдирип гана турбастан, маанайды көтөрүп, теринин бырыштарын кетирет. Прогестерон  гормону тамакка болгон табитти көтөрүп, майларды бөлүп чыгарат жана түйүлдүктү көтөрүп жүрүүгө жардам берет. Андроген  - эркектердин жыныс гормону. Бул гормонго тестостерон дагы кирет. Тестостерон гормону белоктордун байланышын тездетип, бойдун жана булчуңдардын чоңоюшун камсыздайт. Тимозин  гормону сөөктүн өсүшүн жөнгө салып, 10-15 жашка чейин иммундук системанын иштешине катышып турат. Мелатонин  гормону тамакка болгон табитти күчөтүп, майларды пайда кылат жана уйкуну жөнгө салып турат.
  • Эстроген  гормону айыздын, кош бойлуулуктун белгилерин билдирип гана турбастан, маанайды көтөрүп, теринин бырыштарын кетирет.
  • Прогестерон  гормону тамакка болгон табитти көтөрүп, майларды бөлүп чыгарат жана түйүлдүктү көтөрүп жүрүүгө жардам берет.
  • Андроген  - эркектердин жыныс гормону. Бул гормонго тестостерон дагы кирет. Тестостерон гормону белоктордун байланышын тездетип, бойдун жана булчуңдардын чоңоюшун камсыздайт.
  • Тимозин  гормону сөөктүн өсүшүн жөнгө салып, 10-15 жашка чейин иммундук системанын иштешине катышып турат.
  • Мелатонин  гормону тамакка болгон табитти күчөтүп, майларды пайда кылат жана уйкуну жөнгө салып турат.
Көңүл бөлгөнүңөргө чоң ырахмат!

Көңүл бөлгөнүңөргө чоң ырахмат!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!