Бекитемин
Мектеп директору: _______Д.Жангелдиева
Капалов Эшимбек атындагы орто мектебинин 2019-жылдын 19-май Кошундар күнүнө арналган салтанаттын программасы.
Аянтча кооздолгон. Чакырылган коноктор алдыңкы орундуктарда орун алышат.
А.б.: Саламатсыздарбы кадырман коноктор!
А.к. :Урматтуу эже-агайлар жана окуучулар!. Улуу урматтуу салтанаттын катышуучулары,
Кошундар көңүл бургула!
Кубаныч менен шаң менен
Кошундардын сабына
Каз катар болуп тургула!
Тоо жаңырсын үнүнөн
Толкусун жүрөк сүрүнөн
Баатырдыктын эрдиктин
Добулбасын ургула!
Айданек: Кошундар түздөнгүлө !
Кыргыз мамлекетинин ж-а Манас, Семетей Сейтек, кошундарынын туулары алынып келинсин. (Бек Борбиев Кыргызстаным)
- Мамлекеттик гимни ырдалат.
А.к. Салтанатты ачып берүү үчүн алгачкы сөз кезеги мектеп директору Жангелдиева Динара Тууганбековнага берилет.
А.б.: Капалов Эшимбек атындагы орто мектебинде бүгүнкү 19-май «Кошундар күнүнө» арналган салтанатты ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер.
МАУБнин төрайымы: Кошундар түздөнгүлө, түз тургула, Манас,Семетей,Сейтек кошундарынын кошун башчылары ант берүүгө даярдангыла.
- Кошундар Тууга карай түздөнгүлө
- Түз тургула.
Ант берүү. Асанов Айдос, Алымкулов Акбар, Асанов Адахан.
А.к: Жүрөк согот барабандай дирилдеп
Кыял ташып, аккан суудай күрүлдөп
Кайдыгерче жүрүп калдык бет алды
Уюму жок чилдей тарап бириңдеп.
А.б: Максат коюп, кыйынчылыктан качпайлы
Жакшы иштерди жигерденип баштайлы
Жандап алган жан дүйнөнү азгырып
Жаман адат ыкшоолукту таштайлы.
А.К: Кийинки кезекти 7б классынын окуучусу Шерипбеков Бакдөөлөттүн Кыргызстаным аттуу ырына көңүл буралы.
МАУБ Кошундар түздөнгүлө, тууга карай түз тургула!
А.к Азыр биз салтанаттуу түрдө 1-классынын окуучуларын Сейтек кошунуна, 4-класстын окуучуларын Семетей кошунуна, 8-класстын окуучуларын Манас кошунуна кабыл алабыз.
А.б. Тизил сапка Манас Ата кошуну,
Улуу муун бабалардын элеси.
Кайталанып карт тарыхтын жоосуну
Кылымдардан бүткөн тулку денеси.
А.к. Тизил сапка Сейтек кошуну
Ата бабаң дайым сени колдосун!
Ак жолуңдан адашпагын эч качан,
Алар баскан ыйык ыраак жолдосун!
МАУБтөр: Кошундар түздөнгүлө!
Кошун башчылары ант берүүгө даярдангыла! Манас кошунунун кошун башчысы ант берсин.
Манас кош.башчысы: (Асанов Айдос) МАУБнин төрагасы бүгүнкү 19-май Кошундар күнүнүн салтанатына Манас кошунунун 11 а,11б, 10 а, 10б,9 а, 9 б класстары атындагы канаттарынын курамы даяр.
Биз 8 «а», 8 «б», атындагы канаттар Манас атанын Манас кошунунун курамына өтүп жатып, улуу-кичүүлөрдүн алдында, өз Ата-журтумдун алдында, өз Ата-журтумдун чыныгы атуулу болуп , жакшы окууга, үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланып. Достукту чыңдоого, тынчтык үчүн күрөшүүгө, улуулардын өрнөгүн ишин улантууга ант беребиз.
Биздин ураан:
Ак асаба кызыл –туу
Айгайлаган ызы-чуу
Көк асаба кызыл туу
Көктү жарган ызы чуу.
Биздин ыр: Манас гимни
Биздин көңүл: Ар дайым ачык
Ант берген Манас кошунунун кошун башчысы Асанов Айдос
Семетей кош башчысы:(Алымкулов Акбар) МАУБнин төрагасы бүгүнкү 19-май Кошундар күнүнүн салтанатына Семетей кошунунун 7 «а», 7 «б», 6 «а», 6 «б», 5 «а», 5 «б» атындагы канаттарынын курамы даяр.
Биз 4 «а», 4 «б»,4 в атындагы канаттар Манас атанын Семетей кошунунун курамына өтүп жатып, улуу-кичүүлөрдүн алдында, өз Ата-журтумдун алдында, өз Ата-журтумдун чыныгы атуулу болуп , жакшы окууга, үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланып. достукту чыңдоого, тынчтык үчүн күрөшүүгө, улуулардын өрнөгүн ишин улантууга ант беребиз.
Биздин ураан:
Ал сүйгөндөй сүйөлү
Ата Мекен турагы
Кошунуна кошулуп
Көбөйтөлү курамын. Манас, Манас, Манас.
Биздин ыр: Семетей гимни
Биздин көңүл: Жайдары, шайыр
Ант берген Семетей кошунунун башчысы Алымкулов Акбар
Сейтек кош.башчысы:(Асанов Адахан) МАУБнин төрагасы бүгүнкү 19-май Кошундар күнүнүн салтанатына Семетей кошунунун 3 «а», 3 «б», 3 «в», 2 «а» 2 «б», атындагы канаттарынын курамы даяр.
Биз 1 «а», 1 «б», 1в атындагы канаттар Манас атанын Семетей кошунунун курамына өтүп жатып, улуу-кичүүлөрдүн алдында, өз Ата-журтумдун алдында, өз Ата-журтумдун чыныгы атуулу болуп , жакшы окууга, үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланып. достукту чыңдоого, тынчтык үчүн күрөшүүгө, улуулардын өрнөгүн ишин улантууга ант беребиз.
Биздин ураан:
Дүңгүрөтүп дүйнөнү,
Добулбасын ураалы
Түбөлүктүү Манастын
Тоо жаңырсын урааны Манас, Манас, Манас
Биздин ыр: Жеткинчек
Биздин көңүл: Дайыма ачык
Ант берген Сейтек кошунунун башчысы Асанов Адахан
Ант берген канаттарга жагоолор тагылсын. .
Бакай-Ата ордо кеңешинин буйругун окуу мектеп директору :
Жангелдиева Динара Тууганбековнага берилет. Буйрук окулат.
А.к.: Ук кошундар биримдигин кут болсун,
Колдоочулар Ата-Мекен журт болсун.
Манас, Семетей, Сейтек баатырдын
Ар намысы жүрөгүнө жык толсун.
А.б.:
Максат коюп кыйындыктан качпайлы,
Жакшы иштерди жигерденип баштайлы.
Жандап алган жан дүйнөнү азгырып,
Жаман адат ыкшоолукту таштайлы.
А.б.:
Кошундар көңүл бургула!
Каалаган жакка бурулбай,
Кас катар тизил шурудай!
Кайраттуу шаңдуу тургула!
Кайратыңар көөдөн жарып,
Катар сабында түз тургула!
А.б. Сиздерди МАУБнин Манас, Семетей, Сейтек кошундарына өтүүңүздөр менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Манас атабыздын арбагынын алдында, өз Ата-журтубуздун атуулу болуп, жакшы окууга, достукту чыңдоого, тынчтык үчүн күрөшүүгө, улуулардын өрнөгүн улантууга дайым даяр болгула!.
А.К:
Ыр
Кошундарга сөз берилет 3-4- кошунга
Ыр 3а-кл окуучулары
4. Бий
Манас , Семетей , Сейтек кошундарынын туулары алынып кетилсин
Окуудагы жетишкендиктери үчүн мактоо баракчалары менен сыйланат.
Кыргыз Республикасынын гимни ырдалат
Ушуну менен 19-май кошундар күнүнө арналган салтанаттуу тизилмебизди жабык деп жарыялайбыз.
Капалов Эшимбек атындагы орто мектебинде 1-11-класстарынын канаттардын тизмеси
1а-кл Эшматов Дамир
1б-кл
1в-кл
2а-кл Ызабеков Чынарбек
2б-кл Рысманбетова Бурулкан
3а-кл Рыспеков Акжол
3б-кл Смайылова Гүлбара
3в-кл Адигинеева Гүлмира
4а-кл Жумабеков Жылдыз
4б-кл Чалданбаев Бакыт
4в-кл Абдыжапаров Улан
5а-кл Байгончоков Мирлан
5б-кл Кемелбек к. Бурул
6а-кл Шадыканов Адилет
6б-кл Арыкбаева Бейшегүл
7а-кл Эшматов Улан
7б-кл Кушубаков Аман
8а-кл Дүйшеев Алтынбек
8б-кл Байсеркеев Анарбек
9а-кл Чоноев Кадырбек
9б-кл Тапылбеков Кубат
10а-кл Сатыбеков Анарбек
10б-кл Шайданов Аскарбек
11а-кл Жумакулова Сулуу
11б-кл Биримкулов Рамис