СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

2-класс учун т арбиялык саат разработкалары

Нажмите, чтобы узнать подробности

тарбиялык сааттар

Просмотр содержимого документа
«2-класс учун т арбиялык саат разработкалары»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

БАТКЕН ОБЛУСУ

КАДАМЖАЙ РАЙОНДУК

БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮ


КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

БАТКЕНСКАЯ ОБЛАСТЬ

ОТДЕЛ ОБРАЗОВАНИЯ

КАДАМЖАЙСКОГО РАЙОНА










_______________ атындагы орто мектеби



2-класс үчүн

тарбиялык сабактар



класс жетекчиси:________________________________



Текшерилди:________________

Сабактын темасы: НАМЫС ЖАНА НАМЫСТУУЛУК

Сабактын максаты: Окуучулар намыстуу болууга намыстуулукка тарбияланышат. Балдардын улуттук намысы ойгонот.

Сабактын жабдылышы: Ватман, маркерлер, ж.б.

Сабактын жүрүшү:


Мугалим сабакты «Намыс деген улуу журт» деген темада 5 мүнөттүк эссе жазуу менен баштайт.

Каалаган окуучулар жазган эсселерин класста окушат.

Жалпы талкуу өткөрүшөт.


“Намыс… Бул адамдын адамдык өлчөмү, анын кишичилик даражасынын бийиктик ченеми”. Касым Тыныстанов

Мугалим балдарга төмөнкү текстти окуп берет



Күндөрдүн биринде намыс өз кийимин жоготуп койду. Ырахат-жыргалга, байлыкка жана күч-кубатка кайрылып, алардан жоголгон кийимин талап кылды. Булардын бирөө дагы анын кийимин таап берүүгө кудуретсиз эле. Акырында намыстын кийимин өкүнүч менен бушаймандык таап келди.


Намыс – бул адам баласынын эң жогорку сапаты. Ыймандын бир бутагы. Жогорудагы икаяда айтылгадай намысты колдон чыгаргандан кийин, аны кайрадан табуу, аны менен жарашуу кыйын. Канча байлыгың болсо да, эч кимде жок күч кубатка ээ болсоң да, өзүң сезген жыргалга тунуп турсаң да намысыңды кетирип алсаң анда сен адашкан адамсың.

Өкүнүч менен бушайман болуу гана сени ошол абалдан чыгарууга жардам бериши мүмкүн. Анткени өткөн ишке өкүнгөн адам аны кайрадан кайталабоого аракет жасайт. Элибизде сөз бар эмеспи “Эрди намыс, коенду камыш өлтүрөт” деп айтылган. Негизинен намыс эр жүрөк, эркин болууну каалаган, кадыр-баркын бийик сактаган, ата-салтын даңктаган, өзгөлөрдү барктаган адамдардын сапаты болуп эсептелет.

Улуу акыныбыз Барпы Алыкулов “Ариет менен намысты алган жигит жакшы экен” деген ыр саптары менен эр жигиттердин намыс-ариетинин, намыстуулугунун бийиктигин баса белгилеген.Кыргыз эли эр жүрөк, намыстуу баатырларга бай эл. Илгертеден эле алышкан жоосун доого жыккан жигиттер улуттук намысын колдон беришкен эмес. Канчалаган кан күйгөн согуштарда да кыргыз туусунун бийик желбиреп турушу үчүн күрөшүшкөн.


Сабакты бышыктоо: Текст окуп,талдоо менен

( Ар намыстын арты-ийгилик деген текст таратылат)


үй иши: намыс деген сөздү түшүнүп,иш дептерге жазуу

Текшерилди:____________

Сабактын темасы: АДАМЗАТТЫН АЗЫГЫ КИТЕП

Сабактын максаты:


Балдардын китеп окууга болгон кызыгуусу артат. Китепти сүйүүгө, китептен таасир алууга үйрөнүшөт. Ак ниет, билимдүү болууга тарбияланышат.


Сабактын жабдылышы:

Ар түрдүү багыттагы китептер, ватман, маркерлер ж.б.

Сабактын жүрүшү:


Мугалим балдардан китептин пайда болуу тарыхы жөнүндө маалымат суроо менен сабакты баштайт. Кимдин кандай темадагы китептерди окугусу келерин, эң акыркы окуган китеби, андан алган таасирлери жөнүндө да маалымат алат.


23-апрель – китеп күнү


Эсиңиздеби, биринчи жолу мектеп партасына олтуруп, мугалимиңиз колуңузга «Алиппени» карматканы; кооз сүрөттөр жана бейтааныш тамгалар; үйүңүзгө дегдеңдеп чуркап келип бардыгына мактанып, жетине албай турганыңыз?..


Китеп ар кыл маалыматтарды өзүнө камтып, эски менен жаңыны, улуу менен кичүүнү, эл менен элди бириктирүү касиетине эгедер. Китепти кеңешчи, ишенимдүү дос десе да болот. Шекспирдин трагедиялары, Сервантестин «Дон Кихоту », Гетенин «Фаусту», Пушкиндин поэзиясы «түбөлүктүү жандоочулар» деген наамга бекеринен арзыбаган чыгар. Ар бир муун өзүнө ачылыш жасап, жашоосунда кайра-кайра аларга кайрылып турат. Буга Нобель сыйлыгынын лауреаты Герман Гессе толугу менен кошулуп, кайра окууну чыгармачылык деп билип, адамдын рухний дүйнөсүн көтөрө турган сапатын жогору баалаган.

Ал эми араб жазуучусу Аббас Махмуд аль-Акад: «Бир сыйрадан эки китепти окуганыңа караганда, бир китепти эки сыйра окуп чыкканың терең жана маанилүү», - деген. Бирок, кийинки учурда кайталап окуганды мындай кой, өмүрү колуна китеп кармап көрбөгөндөрдүн саны арбыды.

1995-жылы Парижде болуп өткөн ЮНЕСКОнун генералдык конференциясында ушул маселе козголуп, китептин баркын көтөрүү, адамзаттын маданий жагына социалдык жактан жетилүүсүнө салым кошкон адамдардын эмгегин баалоо максатында, 23-апрель «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү» деп кабыл алынган.

Бул дата жөн эле тандалып алынган эмес, дал ушул күнү дүйнөлүк адабияттын дөө-шаалары: Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсиласо де ла Вега каза болгон; Морис Дрюон, Х.Лакснесс, Владимир Набоков, Мануэль Мехиа Вальехо сыяктуу атактуу акын-жазуучулар жарык дүйнөгө келишкен. Ал эми 2-апрелди – атактуу жомокчу Ханс Кристиан Андерсендин туулган күнүн дүйнө эли «Балдарга арналган китеп күнү» катары белгилешет.


Сабакты бышыктоо: китеп жөнүндо макал айтуу

Үй иши: Көркөм китептерди окуу





Текшерилди:______________

Сабактын темасы: ЖОЛДО ЖҮРСӨҢ, САК БОЛ!

Сабактын максаты:


Окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөнүшөт. Шаардын, айылдын көчөлөрүндөгү жол эрежелерин үйрөнүшөт. Балдар өзүн-өзү сыйлоого, тыкандыкка, тактыкка, улууларды сыйлоого, кыраакылыкка тарбияланышат.


Сабактын жабдылышы:

Светофордун макети, жол белгилеринин үлгүлөрү жана керектүү адабияттар.


Сабактын жүрүшү:


а) уюштуруу;

б) мугалимдин аңгемеси:


Балдар, бүгүн биз тарбиялык сабагыбыздан «Жолдо жүрсөң, абайла!» деген темада сабак өтөбүз. Азыркы мезгилде техниканын өнүккөндүгүнө байланыштуу атайын жолдор, машина жолдор да абдан да көп. Кыргызстандын бардык булуң-бурчуна авто жолдор салынган. Ал эми бул жолдордо жүрүү үчүн атайын эрежеге баш ийүү керек. Айрыкча кыймыл көп болгон шаарда жүрүү үчүн төмөнкү эрежелерди эске тутуп, тротуар менен басып, бир аз оң жагына жакын жүрүү керек. Эгер тротуар жок көчө болсо, анда жолдун сол жагы менен транспорттун кыймылына каршы жүрүү керек.

Светофордун сигналына баш ийүү шарт. Көчөнүн бир жагынан экинчи жагына светофордун жашыл жарыгы күйгөндө гана же жол кыймылын жөнгө салгычтын сигналына карап гана өтүү керек. Көчөдөн жөө кишилер баскан жер менен өт, эгер ал жок болсо, эки жолдун кайчылашкан жеринен түз басып өт. Көчөнүн бир жагына өтүүдөн мурда эки жагыңды жакшылап карагын, ал үчүн адегенде сол жагыңды, жолдун ортосуна келгенде оң жагыңды карагын. Автобустан же тролейбустан түшөрүң менен көчөнүн аркы бетине «өтөмүн» деп ашыкпа!

Эгерде өтө турган болсоң, келе жаткан транспорту билиш үчүн артыңды карагын. Эгерде өйдө-төмөн жүрүп жаткан транспорттор көп болсо, өзүңдөн чоң кишилер менен биргеликте өт.


Көчөдөн өтүп бара жатканда оң жаккы бурулушка сак болгун, анткени түз келе жаткан транспорт кээде оң жакка бурулуп кетиши мүмкүн. Мындай учурда алар кичине фараларын жандырып белги берет. Коньки же велосипед менен жүргөндө өтүп бара жаткан машинанын артына жабышып ойноо жөнүндө ойлобогун, ал абдан зыян. Келе жаткан машинанын алдынан жүгүрүп өтпө, сен бул туура эмес кылыгыңды эрдик деп түшүнбөгүн. Андан жалаң гана сен жапа чекпейсиң, шофер каттуу жаза алат. Ата-энеңди чоң кайгыга саласың. Эгер сен кокустан машинаны көрсөң ордуңдан жылба, машина сени айланып өтөт. Ата-энеңден уруксат болгондо гана өз алдыңча транспортко түшүү керек. Кандай транспорт менен кайсы жерге барарыңды анык билгин.


Үй иши: жол белгилерин үйрөнүү




Текшерилди:___________________


Сабактын темасы: ЖАЛКООЛУК – ЖАМАН ЖОРУК

Сабактын максаты:

  • Окуучулар жалкоолук жөнүндө түшүнүккө ээ болушат.

  • Жалкоолук жаман адат экендигине ынанышат.


  • Жалкоолуктун маанисин түшүнүшөт.


Сабактын жабдылышы:

Төкмө акын Аалы Туткучевдин фотосу, “Жалкоолук” деген ырынын тексти, DVD, диск.



Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалим окуучулар менен биргеликте “Жалкоолук” деген сөзгө кластер түзөт. Жалкоолук тууралуу окуучулардын ойлору угулат, класста талкууланат.


2-кадам: DVD аркылуу окуучулар А.Туткучевдин “Жалкоолук” деген ырын угушат.


3-кадам: Окуучуларга ырдын текстти таркатылат. Алар ырдалып жаткан учурда кошо ээрчип текст менен таанышышат.

4-кадам: Ыр уктурулуп бүткөндөн кийин окуучулардан пикирлер суралат.

Суроолорго жооп беришип, жалпы класста талкуу уюштурулат.

5-кадам: Класс жетекчи сабакты жыйынтыктайт.

Жалкоолук


Маасысы жок кепиччен,


Жуурканга башын бекиткен.

Жан багып мештин түбүндө,

Жатып алып жеп-ичкен.


Чак түшкө чейин ойгонбой,

Чакырган жерден кечиккен.

Ток урган жандай секирип,


Той десе, чуркап жетишкен.

Жаштар укса, айтайын

“Жакоолук” деген кесиптен.


Таш баканын үстүнө


Минип алган жалкоолук.


Аалы Туткучев



Тарбиялык сабакты жыйынтыктоо:


Балдар жалкоолук боюнча оз ойлорун айтышат. Суроолорго жооп беришет.


Үй иши: Сүрөт тартуу

Текшерилди:__________

Сабактын темасы: КЫРГЫЗСТАН БИЗДИН МЕКЕНИБИЗ


Сабактын максаты:

Окуучулар мекендин ыйыктыгы жөнүндө түшүнүккө ээ болушат. Мекенге болгон аяр мамилени үйрөнүшөт. Мекенди даңазалаган тексттер менен таанышышат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин лекциясы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.


Сабактын жүрүшү:


Мугалим окуучуларга Кыргызстан жөнүндө маалымат берет. Кыскача баяндама жасайт.


1-кадам: Мугалимдин лекциясы.

Кыргыз жери - бийик жер,

Кырда ойногон кийиктер.


Ар чокусун карасаң –

Ак калпактуу жигиттер.

С.Жусуев.


Кыргыз эли тээ кылымдарды карыткан, уюткулуу улуу журт. Чокусу асман тиреген, кен байлыкка толгон Алатоосу, бейиштин тѳрүндѳй болгон кооз табияты менен сыймыктана алат. Мына ошол бийик аска-зоолор кыргыз элин чеп сыяктуу эчен душмандардан коргоп келген. Жеринин кѳркүнѳ кѳрк кошкон Ысыккѳл, Соңкѳл, Чатыркѳл ж.б. майда кѳлдѳрү жүздѳп саналат.


Кут даарыган жергебиздеги сан миңдеген ѳзѳн-суулар, керилип жаткан салкын тѳрлѳр, сан байлыкка толгон чытырман токойлору, адамга жакын кайберендери биздин байлыгыбыз болуп эсептелет.


Улуу тоонун койнун мекендеген ата-бабаларыбыз байыркы улуулук, тазалык, бийиктик сыяктуу түшүнүктѳрүн асман тиреген чокулары менен байланыштырган. Мындай тоо кыргыздарда улуу чоку Хантеңири болгон. Аны эзелки замандан бери эле ыйык тоо катары эсептешкен.


Кѳптѳгѳн оош-кыйыш замандарды башынан ѳткѳргѳн кыргыз эли адамдык аруулугун, кең пейилдүүлүгүн, айкѳлдүгүн, меймандостугун бүгүнкү күнгѳ чейин чып-чыргасын коротпой сактап келди. Кыргыз эли илгертеден эле канатташ, ичкен ашы бирге табакташ башка улуттун ѳкүлдѳрү менен дилдеш, санаалаш болуп бирге конуп келишкен


Бышыктоо: Балдар өз алдынча Кыргызстан жөнундө эссе жазып,сүрөт тартышат



Үйгө тапшырмалар:


1.“Кыргыз эли – айкѳл эл” деген темададилбаян жазгыла.


2.Залкар ойлорду окуп, ар бирин талдаганга аракет жасагыла.






Текшерилди:_________________________

Сабактын темасы: ТУЗ ТАТКАН ЖЕРИҢЕ КЫЯНАТТЫК

КЫЛБА


Сабактын максаты:


Окуучулар адептүү, бирөөнүн акын жебеген инсан болууга тарбияланышат. «Бир күн туз таткан жериңе миң күн салам» деген макалдын тегерегинде талкуу уюштурушат. Жомоктун негизинде кыянаттык кылбоого тарбияланышат.


Сабактын жабдылышы:


Жомоктун негизинде тартылган сүрөттөр, ватман, маркер ж.б.


Сабактын жүрүшү:

Мугалим окуучулардан «Кыянат» деген сөз жөнүндө маалымат сурайт. Берген жоопторун ватманга кластер түрүндө улам жазып турат. Андан соң «Туз таткан жериңе кыянаттык кылба» деген жомокту окуп берет, мүмкүнчүлүк болсо окуучулар өз алдынча окушса жакшы натыйжага жетишүүгө болот.


Туз таткан жериңе кыянаттык кылба

Кадимки заманда бир улуу жана адил падыша болгон экен. Ал ар бир сөзүн

жана амалын адилеттүүлүк менен аткарып, өз элине кайрымдуу болуптур. Күндөрдүн биринде таң эрте падышага казынага ууру түшкөнүн кабар


кылышат. Ал увазирлери менен окуя болуп өткөн жерге жетип барат. Казынага жер түбүнөн жол казылган, бардык алтын жана кымбат баалуу буюмдар каптарга салынган, бирок эч нерсе уурдалбаган экен. Падыша айраң болуп казынаны текшертсе, чындыгында эле эч нерсе жоголбоптур. Таң калган падыша мындай дептир:


“Ушунча күн казынага жол казып жетип келген киши эч нерсе албаса? Мунун себеби эмне?” Бул окуяга баары айраң. Ошондо падыша жар чакыртып мындай дейт: “Ким ушул ишти кылган болсо күнөөсүн кечтим. Бирок эч нерсе уурдабаганынын себебин айтып берсе болгону”.


Арадан үч күн өтүп падышанын алдына бир жигит келиптир. Анын адептүүлүгү жана жылдыздуу жүзү падышага жагыптыр. Жигиттин жөнүн сураганда ал мындай дептир:


-Падышам, алгач мен күнөөкөрдүн бир кашык канын кечиңиз. Сиздин казынаңызга уурулукка кирген менмин. Себеби муктаждык мени ушуга мажбур кылды. Негизи ууру эмесмин, кесибим соодагер. Бар мал-мүлкүмдү алдырып кембагал болуп калдым. Мусаапырмын, соодагерликтен башка кесибим жок. Ойлоп-ойлоп казынаңызга уурулукка түшүүгө баш байладым, бир нече күн жерди казып казынаңызга кирдим.


Бышыктоо: Кыянаттык деген эмне? Балдар талкуу жүргузушөт.


Үй иши: Жомокту андан ары улантып окуп келишет.

Текшерилди:_________________


Сабактын темасы: БИРѲѲНҮН БУЮМУНА УРУКСАТСЫЗ


ТИЙҮҮ – АДЕПСИЗДИК


Сабактын максаты:

  • Окуучулар уруксат суроо адебин үйрѳнүшѳт;

  • Уурулуктун акыбети кандай болору жѳнүндѳ билишет;

  • Бири-биринин пикирин баалоону үйрѳнүшѳт;

  • Кантип уруксат суроонун эрежелерин иштеп чыгышат;


  • Адамдардагы жакшы сапаттарды баалоого кѳнүгүшѳт.

Сабактын жабдылышы:

Окуучуларга таркатылуучу темага байланыштуу “Эгиздер” деген жомоктун


тексти, ватмандар, маркерлер.


Сабактын жүрүшү:

Мугалим сабакты “Сезим жана ой” деген атайын кѳнүгүү менен баштайт. Бул кѳнүгүү окуучулардын сезим жана ой арасындагы байланышты түшүнүүлѳрүнѳ жардам берет. Ар бир окуучуга тѳмѳндѳгүдѳй таркатма таркатылат:


1-таркатма

1.а. Велосипедиӊерди тээп кѳчѳгѳ чыктыӊар. Бул убакта бир бала силерге “Эй, велосипедимди уурдаба, ордуна коюп кой” деп кыйкырды.


Сезим .......................................................................................

б. Силер токтоп, тиги балага велосипед аныкы эмес, силердики экенин айттыӊар. Бала велосипедди жакын келип карап, “кечирип кой, меники экен деп ойлогом, башка экен. Мен велосипедимди эки жыл акча чогултуп, жаӊы эле алгам” деди.


Сезим .....................................................................................


Кѳнүгүүнү уюштуруу процесси:

2-таркатма: Доскада илинген БАКЫТ ДАРАГЫна окуучулар өздөрүнун ойлорун алып чыгып илишет, аягында презентациялашат

Кимдин ой жугуртүүсү мыкты экендигин таап, упайлар менен белгилешет.


Сабакты бышыктоо:

  1. Окуучуларга текстер таркатылат;


  1. Окуучуларга текстте берилген ар бир абал учурунда боло турган сезимди бош калтырылган жерге жазуулары айтылат;



Үй иши: Апамды кантип жакшы көрөм? Пикир жазып келишет




Текшерилди:___________________


Сабактын темасы: ЖАКШЫЛЫКТЫН АКЫБЕТИ – ЖАКШЫЛЫК МЕНЕН КАЙТАТ

Сабактын максаты:

  • Жакшылык жасоонун акыбети кандай болорун билишет;


  • Жакшылыкка жакшылык кылыш керек экендигин түшүнѳт;

  • Адилеттүүлүк тууралуу түшүнүк алышат;

Сабактын жабдылышы:


Ватмандар, маркерлер, А4 форматындагы кагаздар, түстүү карандаштар. Окуучуларга таркатылуучу темага байланыштуу “Адилеттүүлүктүн чылбыры” деген текст.


Сабактын жүрүшү:

Сабактын башталышында мугалим ар бир окуучуга бирден А4 форматындаы кагаз, түстүү карандаштарды таратып берет.


Окуучулар жакшылыктын, адилеттүүлүктүн, боорукерликтин, мээримдүүлүктүн символун сүрѳт аркылуу кагазга түшүрүшѳт. Ѳз эмгектерин презентациялашат.


Мугалим сабакты “Бир табак сезим” кѳнүгүүсү менен баштаса да болот. Бул кѳнүгүү окуучулардын ѳз сезимдерин билүү деӊгээлдерин жогорулатууга жана башкалардын сезимдерин урматтоо түшүнүктѳрүнүн түптѳлүшүнѳ жардам берет.


Кѳнүгүүнү уюштуруу процесси:


1.Кагаз табактарды окуучуларга таратыӊыз жана табактардын бирѳѳнѳ бактылуу, бирѳѳнѳ жини келген, бирѳѳнѳ ачууланган, бирѳѳнѳ болсо бир нерседен тажаган, эриккен кишинин бетин тартуусун айтыӊыз (Жогорку класстарда мындан башка сезимдерди дагы кошсоӊуз болот).


2.Тѳмѳндѳгүдѳй ар кандай абалдарды айтып, окуучулардан мындай учурларда кандай сезим пайда болорун кѳрсѳткѳн табакты ѳйдѳ кѳтѳрүүнү сураӊыз:


  • Майрамда айылыӊарга барып, таенеӊерди кѳрѳсүӊѳр;


  • Апаӊар силерди сууга түшүрѳйүн дейт;


  • Мугалимиӊер силерге тапшырманы аткарбагандыгыӊар үчүн ачууланды;


  • Бѳбѳгүӊѳр ооруп калды;


  • Телевизоруӊар бузулду;


  • Атаӊар жекшемби күнү силерди зоопаркка алып барат;


  • Классташыӊар танаписте бутуӊарды басып алды.

  1. Класска тѳмѳндѳгү суроолорду берип, группалык баарлашууну баштагыла:


Бышыктоо: Адилеттүүлүк дегенди кандай түшүндүӊѳр?


Үй иши: Адилеттүү деп эсептеген досуңду белгиле

Текшерилди:____________

Сабактын темасы : ДОС ЖАНА ДОСТОШУУ

Сабактын максаты:


  • Дос, достук деген эмне экендигин түшүнүшѳт;


  • Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат;


  • Жакшы, жаман достун кандай экендигин билишет;


  • Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт.

Сабактын жабдылышы:

Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл,


кѳк), темага байланыштуу таркатмалар ж.б. Сабактын ыкмасы: Багыттап окутуу


Сабактын жүрүшү:

Мугалим: Окуучум, бүгүнкү сага кайрылуучу насаат кебибиз достук жѳнүндѳ болмокчу. Достук деген эмне? Дос деген ким? Бул суроолорго жооп издеп кѳрѳлүчү , Дос - бул жан кыйышпас, кайгыңды тең бѳлүшѳѳр, кубанычыңа ортоктош болоор, ар дайым сага жѳлѳк, таяныч болоор асыл адам. Эгер сен достукка бекем болсоң, достуктун кадырына жете билсең гана жогорудагы биз айткандай дос болушу мүмкүн.


Тарыхтагы, элдик эпостордогу достуктун улуу үлгүлѳрүнѳ кайрылып кѳрѳлүчү. Мисалы, «Курманбек» эпосундагы Курманбек менен Аккандын достугун айтсак болот. Курманбек баатыр жоо огунан жараланып, ажал менен алпурушуп ээн талаада жаткан мезгилде аны жараатынан тазалап, дарыгер алдырып дарылап, үстүнѳ тон жаап, ичерине тамак камдап, кийин ал кѳз жумгандан соң баласы Сейитбекти асырап алган Аккан достуктун шертин аткарды десек болот. Дос мына ушундай кыйынчылык башка түшкѳн убакта сыналат эмеспи. Алардын достугу достуктун кадырына жетүү, достукка бек болууну айгинелеп турат.

Талкуу:


Достук жѳнүндѳ

Пайдалуу достон үчѳѳ, зыяндуу достон үчѳѳ болот. Пайдалуу досторго -

чындыкты бетке айткан, сѳздү түз сүйлѳп, кѳптү кѳрүп, кѳп билген адамдар кирет.


Зыяндуу досторго - эки жүздүү, калп айтканга эптүү жана маңыз адамдар кирет.


Конфуций



Бышыктоо: Акмак адамдан дос күтпѳгүн дейт эмне үчүн? Ойлорду жазышат


Үйгө тапшырмалар:

1.«Дос кандай болуш керек?» деген темада дилбаян жазгыла.








Текшерилди:_________________

Сабактын темасы: САРАҢДЫК

Сабактын максаты:


  • Сараңдык деген эмне экендигин түшүнүшѳт;


  • Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат;


  • Тексттеги каармандар жѳнүндѳ эркин айтып бере алышат.

Сабактын жабдылышы:

Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл,


кѳк), темага байланыштуу таркатмалар ж.б.


Сабактын ыкмасы: Тыным менен окуу, Башкарып окутуу


Сабактын жүрүшү:

Мугалим:


Сүйүктүү балдар, силер сараңдык кандай сапат экендигин билесиңерби?


Албетте, бул кайрымдуулукка, ырайымдуулукка, каниеттүүлүккѳ каршы келген сапат. Сараңдык, битирдик адамгерчиликтин алкагына сыйбаган терс жосун. Ар дайым сараңдыктан алыс болуп, кең пейил, берешен инсан катары калыптанууга аракет жасаганыңар оң. «Жараткан дагы бергенге берет»- дейт эмеспи элибиз. Ошондуктан зыкым, ичи тар, кара мүртѳз адам болуудан корккула.


Адептүүлүккѳ үндѳгѳн жакшы сапаттарды ѳзүңѳргѳ калыптандыргыла. Эл оозунда аңыз болуп айтылып калган «Чык татырбас Чынарбай», «Байлыкка тойбос карынбай» сыяктуу Кудайдын каарына да калбай, барга каниет келтирип, шүгүрчүлүк кылгыла, сабырдуу болгула.


Талкуу үчүн текст:

Талкуу үчүн «Карынбай» тексти тыным менен окулат.

Окуучуларга алгач тѳмѳнкү суроолор берилет:


1.Текст кандай башталышы мүмкүн?

2.Эмне жѳнүндѳ болот деп ойлойсуңар?

Андан соң, чыгарманын биринчи бѳлүмү кѳрктүү окулат.


1-бѳлүм

Илгери-илгери, ѳткѳн заманда бир Карынбай деген абдан сараң бай болгон экен. Ал кулдарына «битин сыктырчу эмес» -дешет. Бирѳѳлѳргѳ боору да ачышпайт. Ал ар жыл жазы кулдарына малын айдатып, жайлоого кѳчүп чыкчу. Жайлоонун жакшы, чѳптүү жерин тандап, малдарын ошол жерге бактырчу экен. Ѳзү койчуларына: «Кара, кайтар!» - деп гана кыйкырып, бир жайда эле жата берет экен.(калганын мугалим окуп берет)


Бышыктоо: Саран адам итине сөөк бербейт деген сөздү талкуулашат



Үйгө тапшырмалар:

1.«Бүгүнкүнүн Карынбайы» деген темада дилбаян жазгыла.






Текшерилди__________________________________

ҮЙ-БҮЛѲДѲГҮ УЛУУЛАРДЫН МИЛДЕТИ


Сабактын максаты:


  • Улуулардын милдеттерин түшүнүшѳт;


  • Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат;


  • Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт.

Сабактын жабдылышы:


Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл,

кѳк), темага байланыштуу таркатмалар ж.б.


Сабактын ыкмасы: Башкарып окутуу.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим:


Ата-бабаларыбыздын «алдыңкы кѳч кайда барса, кийинки кѳч ошол жакка барат», «аганы кѳрүп ини ѳсѳт, эжени кѳрүп сиңди ѳсѳт», «улуусун тарбияласаң, кичүүсү ѳзү тарбияланат» деген макалдары таасын айтылганына ынанабыз. Бул макалдардын негизинде үй-бүлѳдѳгү улуулар, кичүүлѳргѳ ѳрнѳктүү таалим-тарбия берүүсү шарт. Бул багытта улууларга, кичүүлѳрдүн ага-эжелерине бир топ орчундуу милдеттер жүктѳлѳт. Ал милдет кичүү муундарды тарбиялоо. Ѳзүңдѳн кичүү ини, карындаштарың сенин айткан сѳзүңѳ кѳп ынанат, сага ишенет, сага таянат. Демек, сенин берген адептик тарбияңдын аларга жугумдуу болушунда шек жок. Аларга кантип тарбия бересиң? Кантип адептүүлүктү үйрѳтѳсүң? Албетте ѳзүңдүн үлгүлүү жүрүш-турушуң алар үчүн эң чоң тарбия. Сени кѳрүп, дал ѳзүңдѳй болууга, сага окшоого аракет жасайт, умтулат. Кѳрдүңбү сен дагы тарбиячысың, окуучум!


Талкуу үчүн текст:

Катуу айтпай, уга турган кылып айт!


Сайкал апанын эки небереси бар. Алар: Жанара менен Динара. Жанара улуулук кылып, Динараны дайыма башкарып алат. Үйдѳ болсо керели-кечке тиги-бу ишке жумшай бермей анын адаты. Динара жаңы эле үй шыпырып бүтсѳ, « полду жуу» дейт. Полду жаңы эле жууп бүтсѳ «чыны жуу» деп чарчатат. Динара ага катуу айтпай айтканын аткара берет.(калган текстти мугалим улап окуйт)


.

Сабакты бышыктоо:Ой жүгүртүү үчүн суроолор:

1.Силер түшүндүңѳрбү, Сайкал эне эмне деди?


2.Жанара сиңдисине кандай мамиле жасаш керек эле?


3.Ѳзүңѳрдѳн кичинелерге кандай тарбия беришиңер керек экен?


Үйгө тапшырмалар:

1.Нуска сѳздѳрдү окуп класста талкуулагыла.

2.Агаңар, эжеңер, же болбосо үйүңѳрдѳгү силерден улуулар жѳнүңдѳ кыскача дилбаян жазгыл

Текшерилди:_______________

Сабактын темасы: АДАЛ ЫРЫСКЫ


Сабактын максаты:


Окуучулар адал ырыскы эмне экендигин түшүнүшөт. Адал ырыскы менен нан табууга, бирөөнүн акысын жебөөгө тарбияланышат. жомоктун маанисин түшүнүп, талкуу уюштурушат.



Сабактын жабдылышы:

Жомоктун негизинде тартылган сүрөттөр, ватман, маркер ж.б.


Сабактын жүрүшү:


Мугалим доскадагы ватманга «Адал ырыскы» жөнүндө кластер түзүшөт.


Жомок эмне жөнүндө экендигин алдын ала божомолдошот.

Адал ырыскы


Кадимки заманда өтө адал ынсаптуу, эл суктангыдай, байлыгы жети муунга


жеткидей бир соодагерзаада өткөн экен. Ал өмүрүн соодагерлик менен өткөрөт экен. Бир күнү соода менен Багдадга барып кедей кызга ашык болуп калыптыр. Соодагер дилиндеги сөзүн билдириптир. Ошондо кыз ыктыяр атасында экендигин айтыптыр. Соодагерзаада Багдадддагы кедейлердин башчысы – кыздын атасы молдо Осмонго жолугуптур жана кызынын колун сурап канча байлык беришин айтыптыр.Кедейлердин башчысы күлүп соодагерзаададан өз малынан канча пайыз пайда алышын сураптыр.

Соодагерзаада 10-15 пайыз экендигин айтат.Ошондо ал соодагерди маскарлап: -Эй, жигит! Сен нааданга кыз берейинби? Шаарам-шаар жүрүп ошол пайданы пайда деп жатасыңбы? Мына кара, мен сага көрсөтөйүн. Чеч колуңдагы шакегиңди. Мунун баасы канча? – дептир. Соодагер шакектин баасын балалуу төөнүн баасына ченептир. -Жакшы, - дептир кедей, - эми шакегиңди эртеге мен айткан жайдан аласың. Кедей жума күнү өтө чоң жамаат жыйыла турган мечитке барып имамга катуу үн менен кайрылыптыр: -Эй, имам! Мен ушул шаардын момун бир кедейимин. Өмүрүм кедейликте өттү, бирок адал жашадым. Мына бул шакекти үч күн мурун таап алдым. Өтө кымбат турат экен. Бирок мага арам керек эмес. Бир гана мага уулумду үйлөп, кызымды турмушка узатуум керек. Шаарыбыздын момундарына айтсаңыз, мечит дарбазасынын жанына оромол жазсам, мен бечараны курук коюшпас, - дептир.


Бул сөздөрдү уккан момундар өтө таасирленишип, кедейдин адалдыгына айраң калышыптыр жана намаз окуп болушуп бардыгы анын белбоосуна акча ташташыптыр. Өтө көп акча жыйналыптыр. Кечкурун кедей соодагерди үйүнө чакырып, акчаны көрсөтүп мындай дептир:-Эй, соодагер! Муну кара – сен сапар машакатынан кыйналып, жан алып, жан берип 10- 15 пайыз пайда кыла турган болсоң, мен эч кыйналбай бир күндө канча акча таба алам. Эми сен мына бул акчадан алып мечитке бар. Имамга учура, бул акчалардан сүйүнчү деп берип шакегиңди кайтарып алып бизге кошул. Ошондо кызымды сага берем.


Анда соодагер айтыптыр: Эй, алдамчы! Бүтүн ата-бабамдын урмат акы мен кечтим сенин кызыңдан дагы, кымбат баа шакегимден дагы. Менин ата-бабаларым адал соодагерлер эле, мени адал оокат менен багышты. Мен дагы адал үй-бүлөдөн үйлөнүп Алла перзент берсе аларды адал даам менен баксам, - деп өз малдарын жыйып ошол шаардан чыгып кеткен экен.



Бышыктоо: Суроо-жооп уюштуруу






Үй иши: Кимдин сөзү туура,соодагерби же кедейбашчыбы?


Текшерилди:_______________________

Сабактын темасы: ӨНӨРЛҮҮ – ӨЛБӨЙТ


Сабактын максаты:


Окуучулар өнөрдүн баркын, өнөрлүү адам эч нерседен кем болбостугун түшүнүшөт.


Сабактын жабдылышы:

Жомоктун тексти.


Сабактын жүрүшү:

Мугалим окуучуларга жомокту окуп берет. Жомокту окугандан кийин класста талкуулашат.


Ѳнѳрдүн баркы

Чоң энем дайыма кишинин пайдалуу иш жасашы керек экенин айтчу. Ар


дайым тамакка олтурганыбызда мага:


-Ар бир киши жыгачтан болобу, темирден болобу же башка нерседен болобу, ѳз колу менен адамзатка пайдалуу бир иш жасоосу керек, дээр эле.


-Дүйнѳдѳ жаш жигиттин ак мээнети менен бир чеберчилик үйрѳнүп, пайдалуу бир эмгек калтырганынан артык нерсе жок. Ушундай ѳнѳрүң барбы, айтчы? Жѳнѳкѳй бир үстѳл, же бир отургуч, же бир табак, эң эле болбогондо кофе чѳйчѳгүн жасай аласыңбы? Колуңдан келген бир ѳнѳрүң барбы, балам? –деп, жемелүү кѳз карашы менен тиктеп калар эле. Билем, баары сени жазуучу деп эсептейт. Бир нерселерди чийгилеп эле жатасың, түшүнүп турам, балким бир жазуучусуң, бирок колуңдан келгени, үйдѳ тамекинин түтүнүнѳ толтургандан башка эч нерсе эмес. Менин оюча ишке жарай турган, кѳзгѳ басар, колдонула турган нерсе жасашың керек, бул ѳтѳ маанилүү, балам.

Сага бир жомок айтып берейинби.



Илгери Иран ханынын бир баласы бар экен. Сүйүү деген ушундай болот турбайбы, ал бала бир кедей чабандын кызына ашык болуп калыптыр. Атасына келип:


-Ата, мен бир чабандын кызын жакшы кѳрүп калдым. Ошол кыз менен баш кошоюн дедим эле, дейт. Атасы каарданып:


-Ошондой да болобу, балам? Сен хандын баласысың. Мен ѳлсѳм тактыма сен олтурасың. Чабандын кызы сарайга кантип жарашсын?

Хандын баласы болбой, атасына жалбарып:


-Айланайын атаке, мен ал кызды абдан жакшы кѳрѳм. Эгер ага үйлѳнбѳсѳм, ѳлѳм деп, атасынын кулагын жейт. Атасы баласын кыя албай:


-Мейли, балам, жуучу жиберип, кызды суратайын дейт. Ошентип, вазирин кызга жуучу кылып жиберет. Вазири кызга барып, хандын уулу аны сүйгѳнүн жана ага үйлѳнгүсү келгенин айтат. Анда чабандын кызы:


-Макул. Хандын уулу эмне иш кылат? – десе, вазир чочуп кетет:

-Хандын уулубу? Бул кандай суроо? Хандын уулун да эмне иш кылат деп сурачу беле? Хандын уулу кайдан иштесин! – дейт.


-Жок, дептир кыз. Хандын баласы болсо да, бир чеберчиликти үйрѳнүшү керек. Мен колунан эч нерсе келбеген бирѳѳгѳ, хандын баласы болсо да, турмушка чыга албайм.

Вазир башын жерге салып, ханга айтат. Ага кыздын айткандарын айтып берет. Анда хан баласын чакырып:



-Эгер сен ал кызды ошондой эле катуу сүйсѳң, бир чеберчилик үйрѳн же ал сүйүүдѳн баш тарт, дейт.


Анда уулу: “Мейли, мен анда чий токуганды үйрѳнѳйүн”, дейт экен. Айлар бою чарчабай, тажабай аракет, кѳңүл коюп, чий токуганды үйрѳнѳ баштайт.


Барган сайын чеберчилиги артат. Кооз оймолорду жаратып, түрдүү-түрдүү түстѳргѳ боеп, кооз чийлерди токуйт. Чеберчилиги ѳскѳндѳн кийин вазирди кайра жуучу кылып, колуна чий берип кызга жиберишет. Вазир кызга “мына” деп хандын уулунун токуган чийлерин кѳргѳзѳт.


Чабандын кызы, ѳрүлгѳн чийлерди кѳрүп, абдан кубанып, сунушуна макул болот. Ошентип кыз келин болуп сарайга барат. Күндѳрдүн биринде хандын баласы кѳчѳдѳ сейилдеп басып жүрсѳ, бир кербен сарай учурайт. Сарайдын ичи таза, эшик болсо ысык болот, күндүн ысыгына чыдабай, ошол сарайга кирип, бир бурчка олтурат. Бирок ал сарай ууру, каракчылардын сарайы экен. Ал сарайга киргендерди каршылык кылууга мүмкүнчүлүк бербей, шап кармап, зынданга ыргытышчу экен. Кѳзүн кан баскан каракчылардын дагы мындай бир салты бар болчу. Колго түшкѳндѳрдүн семиздерин ѳлтүрүп, арыктарына жедиришчү. Хандын баласы арык болгонунан тирүү калыптыр.


Күндѳрдүн биринде баласы каракчыларга: “Мен сонун-сонун чийлерди токуйм. Бул чийлер абдан кымбат турат. Мага бир аз камыш, анан үстѳлүмѳ чырак берсеңиздер, силерге эң кооз чийлерди токуп берейин”, - дейт. Каракчылар баланы угуп, айтканын кылышат. Арадан үч күн ѳтпѳй бала түрдүү-түрдүү, кооз чийлерди токуп берет да: “Бул бойролорду алып, Иран ханынын сарайын барсаңар, чийлерди кѳрүп, силерге бир ууч алтын берет” дейт.


Каракчылар чийлерди жондоруна кѳтѳргѳн бойдон, хандын сарайына жетип барышат. Хан бир кѳрүштѳ чийдин оймолоруна, кооздугуна айраң таң калат. Бойролорду келинине жиберет.


“Бул чийлерди сатып алышыбыз үчүн алып келишиптир. Эгер ал жакса, ал” деп кабар берет. Чабандын кызы ар бир оймону ѳз-ѳзүнчѳ изилдеп, оймолордун токулушунан күйѳѳсүнүн ага жашыруун кабар жибергенин түшүнѳт. Хандын баласы кайсыл жакка качырылганын чийдин оймолору менен кѳргѳзүптүр. Аялы катты окуур замат жүгүрүп келип, ханга айтат. Хан каркчылардын сарайына сакчыларын жиберип, сарайды басып алып, каркчыларды кармашат. Хандын уулу сарайга, чабандын кызына кайтып келет да:


“Кымбаттуу жарым, сен мени ѳлүмдѳн сактап калдың, сага карызмын” - дейт. Хан дагы чабандын кызынын акылдуулугуна абдан ыраазы болуп, аны жакшы кѳрүп, кучактайт. Ошентип, жомогун айтып бүтүргѳн чоң энем: “Түшүндүңбү эми, жашоодо ѳнѳрдүн маанисин?” дегенде, мен: “Ооба, түшүндүм. Бир аз акча таап, араа, жыгач сатып алайын. Анан каалаганыңыздай бир үстѳл же китеп текчесин жасап берем” дедим.



Суроолор жана тапшырмалар:

  1. Жомоктон эмнени түшүндүң?


  1. Ѳнѳрдүн баркы канчалык экенин жомоктун негизинде түшүндүрүп бер?

  2. Пайдалуу ѳнѳрлѳрдү санап бере аласыңарбы?


Үй иши: “Ѳнѳрлүү - ѳлбѳйт” деген темада эссе жазгыла.















Текшерилди:__________________________

Сабактын темасы: САБЫРДУУЛУК

Сабактын максаты:


  • Окуучулар сабырдуулукка үйрөнүшөт;

  • Сабырдуулукка байланыштуу окуяларды окуп, маанисин түшүнүшөт;

  • Бири-биринин пикирин баалоону үйрѳнүшѳт;


Сабактын жабдылышы:

Окуучуларга таркатылуучу текст, ватмандар, маркерлер.

Сабактын жүрүшү:


1-кадам: Мугалим окуучуларга текстти окуп берет же таратып берет. Текст тууралуу класста талкуу уюштурулат.

Мугалим үчүн текст.


Илгертеден көптү көргөн карыялар балам, же кызым сабырдуу бол деп айтып келет. «Сабырдын түбү – сары алтын» дешет. Сабырдуулук турмуштагы ар кандай кыйынчылыктарга каршы туруу, кыйын күндөрдө да жакшы адамдык сапаттар менен калуу. Кээ бир адамдар кандайдыр кыйынчылыктарга кабылса, же жаман кеп-сөздөрдү укса, катуу ооруга тушугат, же арак ичип кетет, болбосо кимдир бирөөлөрдөн өч алууга барат. Бул туура эмес, мындайда жаман күндөрдөн чыгуунун бир гана жолу – сабырдуулук. Ал максат-ниетке жеткирет, адамды оң жолго баштайт. Убагында сабырдуу болуу кыйын, анын туура болгондугу, ырас эле ошондой болгондугу кийин гана билинет.«Сабырдуулук – акылмандын шериги» дешкен. Анан да сабыры кетип жаткан адамдарга «Сабырдын түбү – сары алтын, санабай билгин кымбатын», «Сабырдуунун багына алма бүтөт, сабырсыздын башына кайгы түшөт», «Акыл – сабырдын көркү», «Сабыр эткен – муратка жеткен» дегендей элдик насаат сөздөрдү айтып, токтоолукка, жети өлчөп, бир кесүүгө, сабырдуу болууга, канаат кылууга чакырган.


2-кадам: Мугалим окуучуларга текстти таратып берет. Окуучулар окуп чыгышкан соӊ талкуу уюштурулат.


Аалам падышасы аталган Искендер Зулкарнайн бир жашыруун сырын жакын адамына айтып салат. Анын да жакыны бар да. Жакынынын да жакыны болуп отуруп, айтор, атактуу колбашчынын купуя сыры бүт мамлекетке тарайт.


Буга Искендердин ачуусу аябай келет. Устазы Арастуга ушул окуя тууралуу айтып, эми сыр сактай албаган тигил кишини кантип жазаласам деп сурайт. Антсе устаты: «Сенин ал кишиге жаза берүүгө акың жок, өзүң айыптуусуң, сырыңды өзүң сактай албай, дилиң ташып кетип, бирөөгө айтып салгансың. Сен сактай албаган сырыңды башка бирөө кантип сактамак эле! – деп жооп бериптир. Сыр сактоодо сабырдуу боло албоо – мамлекеттерди, керек болсо улуу державаларды кыйраткан, душман алдына полководецтерди чөгөлөткөн, эчендеген тагдырларды кыйраткан. Ошон үчүн «сөз күмүш болсо, сүкүт алтын» дешет.

Бышыктоо: Сыр деген эмне? Талкуу үй иши: Тема боюнча даярдануу


Текшерилди:_________________


Сабактын темасы: ЖАМАНДЫК КЫЛГАН ЖАРЫБАЙТ!

Сабактын максаты:


  • Жамандыктын залалдары жѳнүндѳ түшүнүк алышат;


  • Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат;


  • Каармандар жѳнүндѳ сүйлѳп бере алат;


  • Досторуна, жалпы эле адамдарга жамандык кылбоо керек экендигин түшүнѳт;


  • Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт.

Сабактын жабдылышы:


Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), таркатмалар (жамандыктын залалдары жѳнүндѳ жазылган чакан тексттер), ж.б.


Сабактын ыкмасы: Тыным менен окутуу

Сабактын жүрүшү: Мугалим:


Ар бир жаш инсандын жүрѳгүндѳ келечекке болгон жакшы максат, жагымдуу ой - тилектери бар. Ошол жакшы жышаандарды жүзѳгѳ ашыруу үчүн инсан бул жашоосунда кѳп аракет жумшайт. Алар качан жүзѳгѳ ашат? Жакшы менен жаманды ажырата билгенде, дээриндеги изги сапаттар бышып жетилип ѳз түшүмүн бергенде гана.


Турмуштагы ар кандай кырдаалдарды акыл элегинен ѳткѳрүп, таразалап, талдап анан адал жашоого умтулган жаш жеткинчек, сенден баралыңа келгенде абийирдүү, ыймандуу адам пайда болот. Талкуу үчүн «Жоомарт халифа» тексти тыным менен окулат.


Окуучуларга алгач тѳмѳнкү суроо берилет:


Текстте жоомарттыкка байланышкан кандай окуя баяндалат деп ойлойсуңар? Ой жүгүртүү үчүн суроолор:

1.Бул кичинекей окуядан жамандыктын кандай залалдарын байкадың?


2.Абдулазиз халифанын жакшы сапаттарын эмне үчүн кѳрѳ албады деп ойлойсуңар?

3.Халифа ал адамды жазалаш керек беле? Эмне үчүн жазалабады?

  1. Халифа ууну ичип, бирок аман калганында кандай сыр бар?


  1. Инсан жамандык кылган адамдан ѳч албоосу, анын күнѳѳсүн кечирүүсү зарыл дегенди кандайча түшүнѳсүң?


ЖАМАНДЫКТЫН ЗАЛАЛДАРЫ


Жалганчылык залалы

Жалганчылык - бул жамандалган сапаттардан. Мухаммед пайгамбар айткан:

«Силерге жалгандан сактануу милдет. Себеби, жалганчылык бузулууга багыттайт. Ал эми бузулуу отко багыттайт». Демек, ар бир мусулман жалган сүйлѳѳдѳн сактануусу зарьл.


Үйгө тапшырмалар

Ѳз алдыңарча изденип залкар ойлорду таап жазгыла.


.«Жамандыктын залалдары кайдан келет?» деген темада дилбаян жазгыла




Текшерилди:_______________________


Сабактын темасы: ЭНЕ СҮТҮН КАНТИП АКТАЙБЫЗ?

Сабактын максаты:


  • Ата-энени сыйлоо керек экендигин түшүнүшѳт;


  • Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат;


  • Эненин үй бүлѳдѳгү орду кандай экендигин билишет;


  • Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт.

Сабактын жабдылышы:


Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл,


кѳк), темага байланыштуу таркатмалар ж.б. Сабактын ыкмасы: Багыттап окутуу

Сабактын жүрүшү:


Муз жаргыч

Мугалим:

Окуучум, сенин ыймандуулугуң ата-энеңдин сыймыгы. Ата-энеңден алган мыкты тарбияңды коомго кѳрсѳтүң, сабакты мыкты окушуң, элпектигиң, эл оозуна алынгандыгың, акылы тетик чыгаан эл инсаны болгондугуң эне сүтүн актоого кошкон зор үлүшүң.


Кандай учурда уул-кыз эне сүтүн актай алат? - деген суроого тѳмѳндѳгү окуялардан жооп издеп кѳрѳлү.

Талкуу үчүн текст:


Энемди ыраазы кыла алдымбы?


Бир адам акылманга келип:


-Эй даанышманым! Энем ѳтѳ карып калды. Кыялы жаш баладай, балдарга окшогон иштерди кылат. Ордунан тура албайт. Ага ѳз колум менен тамак ичирем, дааратына жардам берем, андан кийин намаз окуган жерине кѳтѳрүп алып барам. Айтканын жасайм. Эй даанышман, мен энемдин сүтүн актай алдымбы, ыраазы кыла алдымбы, жокпу? – деп сурады. Бул суроого акылман кайра суроо менен жооп берди. Келгиле силер да ошол суроолорго ой жугуртуп коргулочү



Суроолор:


  1. Сенин ыймандуулугуң ата-энеңдин сыймыгы дегенди кандайча түшүнѳсүң?



  1. Кандай учурда эне сүтүн актоого болот?


  1. Эмне үчүн энесине канчалык кызмат кылса дагы анын акысынын жүздѳн бирин дагы актай албады?

Ата менен энени ыраазы кылган адам Алланын ыраазылыгын алат дегенди кандайча түшунөсүн?

Үйгө тапшырмалар:


  1. Эне жѳнүндѳ жазылган ырларды таап жаттагыла.

  2. Эне жѳнүндѳ эссе жазгыла.





Текшерилди:________________


Сабактын темасы: ҮЙ-БҮЛѲДѲГҮ БИР ТУУГАНДАР МАМИЛЕСИ


Сабактын максаты:


  • Үй-бүлѳдѳгү бир туугандардын тарбияларынын маанисин түшүнүшѳт;


  • Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат;


  • Тексттеги каармандар жѳнүндѳ айтып бере алышат;


  • Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт.

Сабактын жабдылышы:


Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), темага байланыштуу таркатмалар ж.б.


Сабактын ыкмасы: Башкарып окутуу

Сабактын жүрүшү:


Мугалим:

Бир тууганың -уялашың, тирегиң,

Алар үчүн аябагын барыңды.


Ажал келсе аларга түз бет мандай,


Артка качпа бергин асыл жаныңды.

К. Акматов

Балдар, «Күч бирдикте» жомогун эсиңерге салып кѳргүлѳчү. Андагы ыркы жок, ынтымаксыз бир туугандар, үй-бүлѳсүн ырашкерликке чакыра албаган балдардын атасынын абалы силерди ойлондурбай койбойт.

Силер дагы балдар сындыра албаган топ табылгыдай биримдикте болгула. Үй-бүлѳнүн ынтымактуулугун сактагыла. Бири-бириңерди сыйлап, «байке», «эжеке», «иничек», «карындашым», «сиңдим » деген жагымдуу сѳздѳрдү аябагыла, Бул ызаттуу сѳздѳр ынтымак, ырашкерликке үлүш болот.

“Куч бирдикте” жомогу мугалим тарабынан окулат.

Ой жүгүртүү үчүн суроолор:


1.Үй-бүлѳдѳгү бир туугандардын тарбиясы кийин турмушта ѳз таасирин тийгизет деген ойго кандай карайсынар?

Нуска сѳздѳр


Биз жакшылыкты билсин деп айтпайбыз,

Жакшы адам болсун деп айтабыз. (Аристотель)


Жамандыкты чын ниети менен жек керген адам гана жакшылыктын кадырына жете алат. ( Ф.Шиллер)


Күн асмандын нур чачкан кѳркү болсо,


Абийир адамдын нурданган кѳркү. ( Д.Бокаччио)


Үйгө тапшырмалар:


  1. «Күч бирдикте» жомогунун негизинде сүрѳт тартып, негизги маанисин сүйлѳп бергиле.







Текшерилди:______________________

Сабактын темасы: АТА-ЭНЕҢ СЕНИН БЕЙИШИҢ

Сабактын максаты:


Ата-энеге кайрымдуу болууга тарбияланып, адамдык асыл сапаттар калыптанат. Турмуштагы оң, терс жагдайларга карата баамчылдык сезимдери, көз караштары өнүгүп, өз алдынча ой жүгүртүүгө багыт алышат.


Сабактын жабдылышы: сүрөт, планшет, магнитофон же комуз.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу иштери.


Сабакка окуучулардын ата-энелери да чакырылат, анткени бардык эле учурда ата-эне менен баланын ортосунда турмуштук жагдайлар туурасында же өз ара мамилелер жөнүндө ачык айрым аңгемелешүүлөр боло бербейт. Демек, бул жерде ата-эне баласы жөнүндө, баласы ата-энеси жөнүндөгү ойлор айтылмакчы. Ошондой эле ата-эне баласынын ой жүгүртүүсүнө, жооп беришине баам салат.


Мугалим: Ар бир ата-эне балам чоңоюп, эрезеге жетсе, адам болсо деп тилейт: баласын тамак-аш, кийим-кечек менен камсыз кылат, тарбия -таалим берип өстүрөт.


Бул олтурган балдарыбызга тамак-аш, кийим-кечек бербесек да да ушулар акыл-эстүү болуп, өзүлөрүн тартиптүү алып жүрсө экен, адамдагы асыл сапаттарга


  • болуп, өзүнө караган, ата-энесин, анан элин баккан уулдардан болсо деген тилекти биз, мугалимдер да тилейбиз. Айтабыз. “Кулактууга бир сөз ” дейт элибизде.


Үйдөн ата-эне айтса, мектептен биз мугалимдер айтсак эстүүсү илип кетээр. Ата-эненин балага болгон мээрими чексиз, көргөн камкордугу, келечегинен


күткөн үмүтү чоң.


Баласы:-Ата, сен мени чын эле жакшы көрөсүңбү?


Атасы: -Балам, менин сени канчалык деңгээлде жакшы көрөөрүмдү өзүң балалуу болгондон кийин гана даанарак түшүнөсүң!


Ошондон бери: “Балам балалуу болгондо билээрсиң!” деген лакап калыптыр. Атаң менен энең сенин бактылуу балалыгың, кайгы капасыз жаштык чагың үчүн кам көрүп, окуп билим алышыңа эмгекке үйрөнүп, акыл- эстүү болуп чоңоюшуңа ыңгайлуу шарттарды түзөт. Илгеркилерден “ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан сый көрөсүң” деген сөз калган. Маселен, үй-бүлөдө чоң ата, чоң эне, уул-келини, небере чогуу жашайт дейли. Ата-энесине астейдил мамиле кылып, аларды сыйлап, барктап олтурган ата-энеге баласы да ошондой мамиле кылат.


Бышыктоо: Сүрөт менен иштөө:

Л.Н.Толстойдун ангемеси боюнча тартылган сурөттун үстундо иштешет.


Үй иши: Менин атам ангеме жазуу.



Текшерилди______________________________


Сабактын темасы: АЧУУ – ДУШМАН, АКЫЛ – ДОС


Сабактын максаты: Ыксыз ачуулануу адамга жакшылык алып келбейт. Ачууну сабырдуулук менен кетирүү керек. Жаалдуу адамдын душманы көбөйүп, сүйлөшүүдөн качып турушат. Окуучулар ачууга алдырбай, акылдуулук менен ойлонуп иш жүргүзүү керек экендигин үйрөнүшөт. Элдик жомоктордун мисалында акылдуулукка тарбияланышат.


Сабактын жабдылышы: Адеп китеби, түстүү кагаздар, ватман ж.б.

Сабактын жүрүшү:


Мугалим окуучуларды класстын санына жараша төрт топко бөлүп, ар бир топко бирден ватман, түстүү кагаз бөлүштүрүп берет. Ар бир топ түстүү кагаз менен “ачуулуу адамдын” бет түзүлүшүн жасашат. Акырында кайсыл топтун эмгеги жакшы экендиги жалпы класс тарабынан бааланат.


Мугалимдин сөзү:

Ачуулануу, урушуу – адамдагы тескери сапаттардын бири. Терс сезимге күтүүсүздөн жеңдирип жиберүүчүлүк. Тилекке каршы, жашоо-тиричиликте адам турмушу сыдыргыга салгандай тегиз, ойдогудай оң тараптуу,бир жактуу боло бербейт.


Кайгы-капа, кээ бир иштерге туталануу, кейип-кепчүүнүн акыры ачууга жеңдирүүгө, өзүн токтото албай кетүүчүлүккө алып келет. Арийне, “Бир колуңдун ачуусун бир колуң менен бас” - дегендей көпчүлүк адамдар кайрадан өзүн колго алып, сезимин башкара билүүгө жөндөмдүү келет. Ал эми айрым адамдар “Мен төрөлгөндөн эле ушундаймын”, “Мени ушундай жаратып койсо эмне кылайын” дегендей пикирлерде.


Урматтуу окуучум, Сулайман пайгамбар да минтип айткан экен: “Ачуусу чукулдук – акылсыздыктын белгиси”, же “Сабырдуу болуу – ачууну басат, кечиримдүү болуу – адамдын кадырына кадыр кошот”. Демек, адамдын өзүн-өзү кармай билүүсү, айланадагыларга астейдил, алпейим мамиле жасоо - бул башкы талаптардан экендигин да түшүнүү абзел.


Ачууга алдыруу, чорт кыял, бетке чапма мүнөз бул адамдын кулк-мүнөзүндөгү терс сапат эле эмес, дегеле мындай адамдын акыл-эси да тайкы болорун тастыктап турат. Бул жагдайга байланыштуу кыргыз элинде “Ачуу душман, акыл дос, акылыңа акыл кош” - деген таамай сөз айтылат. Себеби эч бир ишти ач кыйкырык, куу сүрөөн менен майнаптуу, үзүрлүү бүтүрүү мүмкүн эмес. Тескерисинче токтоолук менен, акылга салып иш кылуу, өзүн-өзү кармана билүү гана ар бир иштин ийгилигине дайым өбөлгө экендиги калетсиз.


Бышыктоо: Ачуу келгенде аткарылуучу көнүгүүлөрдү үйрөнүшөт


Үй иши: Ачуулуу адамдын сүрөтүн тартып келишет






Текшерилди:_____________________


Сабактын темасы: ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОЙЛУЧУ,

ЗАМАНДАШ!

Сабактын максаты:


Окуучулар жаратылышты кооргоого тарбияланышат. Жаратылыштын баркын билүүгө үйрөнүшөт. Жаратылыш, анын байлыктары жөнүндө эссе, дилбаян жазууга көнүгүшөт.


Сабактын жабдылышы:


Жаратылыштын ар түрдүү сүрөттөрү.


Сабактын жүрүшү:

Мугалим бул сабакта окуучуларга жаратылышты коргоо жөнүндө дилбаян, эссе, ыр жаздырса болот. Жазган дилбаянын атайын жыйнак кылып, айрымдарын класста окутуп талкуулатат. Төмөндө окуучулар жазган диблаяндарды сунуштайбыз:

Табиятты сактайлычы, замандаш!

Туулуп-өскөн кичи мекенимди сагындым. Мен эс тартканда ата-энемдин жумушу менен шаарга келип жашап калдык. Ызы-чууга толгон көңүлсүз шаардан да кез-кезде тажап кетем. Шаардын сыртына, таза абага чыгып эс алгым келет. Мына азыр да эс алуу үчүн айылга баратам.


Биздин айыл… Тогуз жолдун тоомунан орун алган, төбөсүндө бейиштин оту жанган, кан жолдун боюндагы айыл. Айылдын жогору жагынан айтылуу Отуз-Адыр каналы агып өтөт. Каналды бойлоп шамалга үн салып шуудурашкан камыштар байыр алган. Канал, камыштар айылга көрк берип турат. Суу мол болгондуктан айылдын ажарын бой тиреген бийик теректер, ар бир үйдүн алдындагы жапжашыл бактар ачып турат. Мына ушулардын баарына суктанып, айылымдын кооздугу менен дагы бир жолу сыймыктанып алдым. Табиятты, айрыкча токойлорду сактайлычы! Бак-дарактарды аеосуз кеспейличи! Ойлонолучу! Токойлор жердин көркү, адам баласына абаны тазалап берчү негизги механизм болуп саналат эмеспи. Ошондуктан мен замандаштарыма төмөндөгүдөй ыр саптары менен кайрылат элем:


Бышыктоо: көркөм окуу менен Жаратылышты коргоо

(акро ыр)


Жан-жаныбар тоо токойду мекендеп,


Ала-Тоодо болгон түрү эчен көп.

Райым кылгын табиятка Адамзат,

Айтам сага «кайра жүгүн көтөр» - деп.


Табият бул жол караган наристе,

Ыйлап турат карды ачкан таризде.

Лом, күрөгүң белен кылгын жан досум,


Ыргалсын тал тоо суусунан дагы ичсе.

Шарпылдаган көп толкундуу көлү бар.


үй иши: Өзүбүздүн туулаган айылыбыз тууралуу эссе жазуу




Текшерилди:_______________________________

Сабактын темасы: ЭМГЕКЧИЛ, САРАМЖАЛ, МЭЭНЕТКЕЧ

АДАМДАР КООМДУН ТҮРКҮГҮ


Сабактын максаты: Эмгекчил, сарамжал, мээнеткеч адамдар экономикалык байлык жаратуучулар экендиги, бүгүн алардын катарына бизнесчилер, ишкерлер тобунун кошулганы, алардын жараткан аракетинин натыйжасында эл жумуш орундары менен, жардам күткөн социалдык катмарлар пенсия, стипендия, айлык менен камсыз болуп жаткандыгы айтылып, жогорудагыдай жакшы сапаттарды жаштарда калыптандыруу жөнүндө сөз козгошот.


Сабактын жабдылышы: Адеп китеби, ак барак, түстүү карандаштар, дидактикалык таркатмалар, виде кассета, видео магнитофон.


Сабактын жүрүшү:


Мугалим доскага төмөндөгүдөй таблица түзүп, окуучуларга сунуштайт. Окуучулар жуп-жубу менен толтурушат. Ар бир жуптан ой айтылып, доскадагы таблица да толтурулат.


Эмгекчил

Сарамжал

Мээнеткеч





Таблица толтурулгандан кийин мугалим тема жөнүдө кошумча маалымат берет. Суроолор аркылуу бышыктайт. Берилген жомок да талкууга алынат.

Бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын экономикалык абалына саресеп салып карай турган болсок бир топ жетишкендиктерге күбө болобуз. Эмгекчил, мээнеткеч адамдар жашоо шарттын жакшырышына өбөлгө түзүп жатышат. Алардын катарына бизнесчилерди, жеке ишкерлер тобун кошууга болот. Өздөрүнүн тынымсыз аракетинин натыйжасында элди жумуш орундары менен камсыз кылышып, жакырчылык турмуштан чыгууга салым кошуп келишүүдө. Эгер коомубузда ушундай ишкерлер, дыйкандар, мамлекеттин казынасына каражат түшүрө турган азамат атуулдарыбыз көп болсо пенсия, стипендия, жөлөк пул, айлык акыларыбыз өз убагында берилип, жашоо шартыбыз кыйла деңгээлге көтөрүлмөк.


Урматтуу жаш жеткинчек сен да эл керегине жараган мээнеткеч, сарамжал инсан бол. Сарамжалдуулук – бул тапкан кирешеңди ысырапкерчиликке учуратпай, үнөмдөп пайдалануу болуп эсептелет эмеспи. Эч качан жалкоолук менен жолдош болбо. Эл оозунда айтылып жүргөн жалкоолук жөнүндөгү жомокторду окуп көрүп, өзүң жыйынтык чыгар.


Бышыктоо: Ар кимдин эмгеги өзүнө кымбат дегенди кантип түшүнөбүз?


Үй иши: Бир күндүк жасаган эмгегин тизмелеп келүү





Текшерилди:_______________________


Сабактын темасы: АДЕПТҮҮЛҮК – АДАМ КѲРКҮ


Сабактын максаты:

Саламдашуу, тамактануу, көчөдө жүрүү адептерин үйрөнүп, аларды өз турмушунда пайдалана алышат.


Сабактын жабдылышы:


Мугалимдин баяндамасы, таркатмалар.

Сабактын жүрүшү:


1-кадам: Окуучуларга текст таркатылат.

Саламдашуу адеби


Тааныш же бейтааныш адамга кезигип калсаң сѳзсүз түрдѳ салам берип кѳрүш. Бул сенин адептүүлүгүңдүн белгиси. Тааныш адам менен саламдашып туруп калбай, ал-акыбалын сура.


Бирѳѳ сага салам берсе, дароо алик алып, саламына жооп бер. Саламды толук түрдѳ “Ассалоому алейкум”, деп айт. Саламдын жообу “Воалейкумусалам” болот. “Ассалоому алейкум” - араб сѳздѳрү. Кыргызча мааниси “Сизге тынчтык болсун”. “Воалейкумусалам” - дегени – “Сизге дагы тынчтык болсун”.


Башыңды ийкеп койбой, колдоруңду кѳкүрѳккѳ коюп салам бер. Кѳпчүлүк менен учурашып жатканда алардын ар бирине айрым-айрым салам бербей, бардыгына, жалпы бир гана салам айтсаң жетиштүү болот. Ѳзүңдѳн жашы улууга, басып бара жатсаң олтурган кишиге, атчан болсоң жѳѳ адамга биринчи салам беришиң шарт. Кемсинтип, шылдыңдагансып ыржайып салам берүү адепсиздик. Саламды шыбырап койбой угуза айт. Бир таанышыңды алыстан кѳрүп калсаң, колуңду кѳкүрѳгүңѳ коюп салам ишаарасын кыл.


Кол берип учурашкан чакта колуңдун учун берип саламдашпа. Бул – адепсиздик, адамды тоготпогондук.


2-топко: Тамактануу адеби


Эң биринчи колду таза жууп анан тамакка отуруу керек. Тамакты ѳз убагы менен, керектүү ѳлчѳмдѳ жешке кѳнүккүн. Ашыкча эле жей берсең, сиңире албай кѳп түйшүк тартасың.


Ачуу, кычкыл нерселерди, этти сүт менен жебегин. Жыттанып калган жана ачып кеткен тамактан да этият болгун. Кыргыз элинин ѳзгѳчѳ сапаттарынын бири, кичүүлѳр улуулардан мурун тамакка кол салган эмес, ата-энең дасторконго кол узатмайынча , сен кол узатпагын. Тамакты ѳз алдыңан гана алып жегин. Нанды дайыма кош колдоп сындыргын. Оозуңдагы тамакты шашпай, акырын чайнап жуткун. Тамак жеп жаткан учурда сүйлѳп, башкаларга жолтоо болбоо керек.


Бышыктоо: Суроолор жана тапшырмалар:

  1. Саламдашуу адебин кандайча түшүндүң?


  1. Саламдашуунун эрежелерин айтып бер.


Тамактануунун эрежелерине сен макулсуңбу жана аларды аткара аласыңбы?


Үй иши: Көчодө жүрүү адеби боюнча ой жүгүртүп келүү

Текшерилди:_______________________

Сабактын темасы: КѲП УГУП, АЗ СҮЙЛѲ, ОЙЧУЛ БОЛ

Сабактын максаты:


Окуучулар сүйлөө маданиятын үйрөнүшөт. Көп сүйлөөнүн зыяндуулугун түшүнүшөт. Ойчул болууга умтулушат.


Сабактын жабдылышы:

Талкуулоо үчүн тексттер.

Сабактын жүрүшү:


1-кадам: Мугалим окуучуларды 2 топко бөлөт. Ар бир топко текст берет.


Топтор текстти талкуулашып, класска жалпы презентация жасашат.

Мугалим:


Элибизде “Сууну сиңген жерге куй, сѳздү уккан кишиге айт”, “Ойлобой сүйлѳгѳн онтобой ооруга жолугат”, “Ойноп сүйлѳсѳң да, ойлоп сүйлѳ” деген нуска кептер бар. Бул сѳздѳрдүн түпкүлүгүндѳ кыргыз элинин адеп-ариетин чагылдырган түшүнүктѳр камтылган. Урматтуу жаш жеткинчек, бирѳѳнүн сѳзүн тыңдай билүү, аны түшүнүү, ойлоно билүү, сѳз кадырын билүү, аны кѳкүрѳктѳ бекем сактап калуу сендеги артыкча сапаттардан болуп саналат.


Кыргыз эли сѳз баккан, тирешкенин сѳз менен жыккан, ойго кенен эл. Кѳп сүйлѳгѳндү бабыр же тантык деп коюшкан. Кѳп тыңдап, аз сүйлѳсѳ да маанилүү саз сүйлѳп, чечендик ѳнѳрдү туу тутушкан. Элибизден чыккан Жээренче чечен, Акыл Карачач, Асан Кайгы ж.б. кѳптѳгѳн сѳз усталарынын ѳрнѳктүү ѳмүрү бүгүнкү күнгѳ чейин жетип келди. Силерге кыргыз элинин “Чечен келин” деген жомогун сунуш кылмакчымын, сѳз кудуретин баамдагыла. Чечен келин


Илгери бир кѳпкѳлѳң тарткан мырза жигит жолоочулап келе жатып бир үйгѳ токтойт. Үйдѳн бир сулуу жаш келин чыга калып, коноктун атын алып, үйгѳ киргизет. Мырза жигиттин куржуну бар экен. Үйгѳ киргенде ал бой кѳтѳрүп, бир жагынан жардыраак турмушту шылдыңдап: “Бул куржунду кайсы жерге илейин, келинчек”, - деп кекирейет. Анда келин: “Эгер сексен баштуу керегеден куржунуңуз илине турган баш табылбай калса, анда мойнуңузга илип алыңыз”, - дейт. Жигит келиндин туура сѳзүнѳ жыгылат.


.Эртеси келин конокту узатат. Мырза жигит аттанып жѳнѳѳрдѳ, конгон үйдүн чоң дѳбѳтү үрүп, жигиттин үзѳңгүсүнѳ асыла кетет. Жигит эңкейе калып, дѳбѳттү камчы менен башка тартып жиберет. Дѳбѳт каңшылап калат. Анда келин каңшылап жаткан дѳбѳттү эркелетип: “Кой, Маңгыт, ыйлаба! Агасы инисин уруп койсо эчтеке болбойт” - дейт. Ошентип чечен келинден мырза жигит сѳзгѳ сынып, сѳзгѳ сѳлтүк, кепке кемтик болуптур.

Бышыктоо үчүн Суроолор:


1. “Сууну сиңген жерге куй, сѳздү уккан кишиге айт” деген макалдын маанисин кандайча түшүнѳсүң?

2.Эмне үчүн аз сүйлѳ, ойчул бол деп айтылат?

3. Чечен келин эмне үчүн жигитти кайра-кайра сѳзгѳ жыгып жатты?


Үйгө тапшырмалар:


1.Жолдошуң менен чечен сѳздѳр аркылуу кат алышып кѳр.



Текшерилди:____________________________________


Сабактын темасы: КИЧИПЕЙИЛ, ЖАПАКЕЧ, ЭЛПЕК ЖАНА


ЖѲНѲКѲЙ БОЛ

Сабактын максаты:

Кичипейилдикке үйрөнүшөт. Жапакечтиктин, элпектиктин маанисин түшүнүшөт. Жөнөкөй болгонго аракеттенишет.


Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:


1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.


Кандай адамды кичипейил, жапакеч жана элпек деп атасак болот? Бул суроого жооп издеп кѳрѳлүчү. Сезимтал, бардык нерсени айттырбай түшүнгѳн инсан гана бул сапаттарды ѳзүндѳ калыптандыра алат.


Эгер сен ѳзүңдѳн улуу адамдын тапшырган жумушун чын дилиңден жасасаң, айтканын аткарсаң, бардык кызматына даяр турсаң анда сени кичипейил, жапакеч деп атоого болот. Керкейип бой кѳтѳрбѳй, ѳзүңдү жогору сезбей элпек болсоң сен жѳнүндѳ кѳпчүлүк адамдар жылуу пикирде болот. Сени урматташат. Кичипейилдик сапатыңдан эч качан жазбагын. Элиң үчүн ак кызмат кылууга, алардын жеңилин жерден, оорун колдон алууга умтулгун. Ата-энеңдин берген мыкты тарбиясын пайдалангын. Алар сени менен сыймыктангыдай, мактангыдай болуп, эл алдында жүздѳрү жарык болсун. Окуучум, жѳнѳкѳй адам болуу деген ураан да сенде калыптансын. Мектепте окуп жүргѳн бир окуучу аябай шок болуп, сабагын окубай, мугалимдерин какшатып, ата-энесин тажатат. Жадап бүткѳн атасы: “Уулум сен такыр адам болбойсуң,” - деп айтат. Атанын сѳзүнѳ ушунчалык намыстанган уулу, ошол күндѳн тартып ѳзгѳрѳ баштайт. Сабакты эң жакшы окуп, мектепти алтын медаль менен аяктайт. Жогорку окуу жайга тапшырып, аны кызыл диплом менен бүтүрѳт. Тилеген максатына жетип, министр болот. Алдында машинасы, эки кабат үйү, байлыгы бардык нерсе жетиштүү. Ошол бала бир күнү креслодо чалкалап олтуруп бир учур атасынын “Уулум, сен адам болбойсуң” деген сѳзүн эстеп, машина жѳнѳтүп, айылдагы атасын алдырат. Атасын ордунан туруп тосуп алат. Жайгашкандан кийин атасына кайрылып: “Ата, бир убакта сиз мени адам болбойсуң деген элеңиз, мына адам болот деген ушу, бардык нерсе жетиштүү”, - дейт. Атасы уулун бир топко үнсүз тиктеп турат да: “Балам, туура сен бардык нерсеге жетишипсиң, бийлик, байлык баары бар. Эч кемчилдигиң жок. Бирок, балам, сен дагы эле адам болбопсуң”, -деп ордунан туруп чыгып кеткен экен.


Мына кѳрдүңбү окуучум, текеберликтин арты кандай болоорун. Сен кандай ийгиликтерге жетишпе ата-энеңдин эмгегин жадыңдан чыгарба, эң негизгиси жѳнѳкѳй адам болушту унутпагын. Инсан деген улуу атка татыктуу болгун.

Бышыктоо үчүн Суроолор:

1.Карыя эмне үчүн уулун дагы эле адам болбопсуң деп айтты?

2.Кичипейил, элпек болуш үчүн эмне кылуу керек экен?


Үйгө тапшырмалар:

Кичипейилдик, элпектик, жѳнѳкѳйлүк жѳнүндѳ ѳзүңѳр аңгеме жазгыла.

Текшерилди:_________________________________


Сабактын темасы: СѲЗ КѲТѲРҮМДҮҮ, ЖАЙДАРЫ,


КЕҢ ПЕЙИЛ БОЛ

Сабактын максаты:


Окуучулар сөз көтөрүмдүүлүккө үйрөнөт. Жайдары, кең пейилдик сапаттар тууралуу маалыматка ээ болушат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.


Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.



“Карынын сѳзүн капка сал”, “Улуу уксун деп айтат”, “Атаңын айтканын алтынга алмаштырба” деген нуска сѳздѳр ата-бабаларыбыздан бизге чейин жетип келди. Пейли кенен, меймандос кыргыз элинин мындай нускалары четтен саналат. Ѳзүнүн сынын, наркын жоготпой улам кийинки муундарга мурас катары калып келет. Адамдагы сѳз кѳтѳрүмдүүлүк адамдык баркыбызды бийик деңгээлге кѳтѳргѳн жакшы сапаттардан болуп саналат. Мындай сапаттар адамды ажарлантат.


Окуучум, сен эч качан ѳзүңдѳн улуу адамга каяша сүйлѳп жаман сапатыңды кѳрсѳтпѳ, алардын дилин оорутпа. Чоң адамдын назарына калба. Андан кѳрѳ сага айтылган сын пикирди терең анализдеп, туура тыянак чыгарууга үйрѳн. Эрте менен үйдѳн чыгып баратканда эмне иш бүтүрүү керек деп ойлон, ал эми кеч үйгѳ кайтканда эмне иш бүтүрдүм, кимге кандай мамиле жасадым деп бир күндүк ишиңди талда.


Кабагыңды бүркѳбѳй, дайыма жайдары бол. Сараң, зыкым болбой кең пейилдүүлүктү ѳзүңѳ адат кылгын. Муктаждарга жардам колуңду сунгун. Кең пейилдүүлүк менен жайдары мүнѳз сенин адамдар арасындагы кадыр-баркыңды кѳтѳрѳт, досторуңдун сага болгон ишенимин ойготот

.

Суроолор:

  1. Кандай адамды кең пейил деп эсептейсиң?


2.“Атанын айтканын алтынга алмаштырба” деген нусканы кандайча түшүндүң?

Сабакты бышыктоо: Залкар ойлор


Кең пейилдүү кемибейт, тар пейилдүү жарыбайт.


Кеп кѳтѳрбѳй жакшы болбойт,


Тер кѳтѳрбѳй күлүк болбойт.


Сѳз айтпагын болбоско,


Суу куйбагын толбоско.


Сѳз башы ачуу болсо,


Аягы таттуу болот.

Үйгө тапшырмалар:


1. “Ѳзгѳргѳн мүнѳз” тексттине жакын кыскача аңгеме жазгыла.


2.Залкар ойлордун ар бирин терең анализдегиле.


Текшерилди:________________________________


Сабактын темасы: СЫЛЫК МҮНѲЗ АДАМДЫ АЖАРЛАНТАТ

Сабактын максаты:


Сылыктыкты үйрөнүшөт. Бирөөнү сыйлоо сапаты калыптанат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.


Сабактын жүрүшү:



1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.


Кыргыз эли эзелтеден эле кѳчмѳндүү жашоого ылайыкташкан, ѳзгѳлѳрдѳн айырмаланып турган ыйман-адепке тарбиялоонун жолу ѳсүп-ѳнүгүп, алар элдин каада-салтына, үрп-адатына чѳгѳрүлгѳн. Улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, аксакал адамга акаарат кылбоо, сылык, сыйчыл мүнѳз болуу жана башка күнүмдүк турмушка керектүү жүрүш-туруш эрежелери ар бир коомдун жаш мүчѳсүнүн акыл сезимине күн сайын сиңириле берген.


Ар бир ата-эне ѳз балдарына: “Бирѳѳнүн башына келген жакшылыгына жан дүйнѳң менен ыраазы болуп, анын ийгилигин ичиңден тең бѳлүшүп турсаң бул сенин пейилиңдин кеңдиги. Жаныңдагы адамдын бактысына кѳз артпаста, кандай учур болсо да ѳз жардамыңды аябай жүр. Жакын адамыңдын кайгысын тең бѳлүшсѳң, ал азаят, андай жамандык сенден да алыс болот, кубанычын тең бѳлүшсѳң ал сага да жугат. Улууну улуудай, кичүүнү кичүүдѳй сыйлап, айкѳл, боорукер, сылык болгула, садагаларым”, - деп айтышса керек.


2-кадам: Окуучулар ролдоштуруп окушат.

Ата менен бала

Баласы: Ата, мага жомок айтып берчи?

Атасы: Сиздин жомок уккуңуз келип калган гоээ?


Баласы: Ооба, айтсаң эми.

Атасы: Жомогум түгѳнүп калды.

Баласы: Анда сен ат болчу, экѳѳбүз ойнойлу.


Атасы: Балам, убактым жок.

Баласы: Эмне үчүн убактың жок?

Атасы: Анын сага тиешеси жок, андан кѳрѳмашинаңды сындырбай ойногун.


Баласы: Ата, мага карышкыр менен эчкижѳнүндѳгү жомогуңду айтып берчи.


Атасы: Балам, колум бош эмес, кѳрүп турасыңго…

Баласы: Кана?

Атасы: Аны сага түшүндүрүп олтуруугаубактым жок.


Баласы: Эмне үчүн?


Атасы: Жумушум кѳп. Балам жатып эс алчы.Анан балам, сиз дегенге үйрѳнчү. Бала томсоро түштү. Ал эриккенинен атасы менен ат болуп ойногусу келген эле. Бирок ал анча деле эриккен эмес, атасын кечке сагынганынан ошентип сезилген.


  • атасы болсо убактысы жок, баласы менен ат болуп ойногонго колу түк бошобойт. Же эмне атасы сенсиреген сѳз үчүн таарындыбы? Бала ошону да ойлоду.



Бышыктоо үчүн Суроолор:


1. Сылыктык дегенди кандайча түшүнѳсүң?

2.Сыйчыл мүнѳз адам деп кандай адамды айтабыз?

3. Ата менен баланын сүйлѳшүүсүнѳн эмнени байкадың?


Үйгө тапшырмалар:

  1. Ата менен баланын ортосундагы диалогду ролдоштуруп аткаргыла.


Текшерилди:_________________________


Сабактын темасы: КЕК ЖАНА КЕКЧИЛДИК

Сабактын максаты:


Кекчилидик жаман сапат экендигин түшүнүшөт. Кечиримдүү болууга үйрөнүшөт.


Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:


1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.


Элибиз илгертеден эле айкѳлдүк, жоомарттык, кең пейилдүүлүк сапаттарды кан-жанына сиңирип келген. Бирѳѳдѳн ѳч алуу, кекчилдик ѳңдүү терс сапаттарды ѳздѳрүнѳн алыс тутуп жактыра беришпеген. “Алдыңа келсе жети атаңдын кунун кеч”, “Бирѳѳ бир жаагыңа урса, анда, экинчи жаагыңды тосуп бер”, “Кекчил болбо, эпчил бол” деген нуска сѳздѳрдү кийинки урпактарга таберик катары калтырып келишкен. Жаман мамиле жасап башка бирѳѳнү ѳзүңѳ кекентип, душман кылып албагын. Баарын ѳзүңдѳй кѳрѳ бербе, эл оозундагы “Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр” деген сѳз эсиңде болсун. Бирѳѳ менен мамиле түзүп, алакада болууда ѳтѳ кылдаттыкка үйрѳн, алардын дилин оорутпа. Болбосо ѳзүңѳ жараша жооп алып калышың мүмкүн. Мындай окуяны “Сѳѳлжан менен үлүл” деген тексттен байкасаң болот.


Үлүл менен сѳѳлжан бир күнү жолугушуп калышты. Алар бирин-бири кѳрүп таң калып турушту.


-Эй, Үлүл, сенин үйүң кайда? – деп сурады Сѳѳлжан Үлүлдѳн.

-Менин үйүмбү? Үйүм мына, - деди үлүл үстүндѳгү кабыгын кѳрсѳтүп.

-А шапкең канакей? – деди анан Сѳѳлжан кайта суроо берип.


-Шапкем да мынакей, - деди ага Үлүл, дагы да кабыгын кѳрсѳтүп. Сѳѳлжан Үлүлдү бул үчүн шылдыңдап күлдү.

Ошондо Үлүл Сѳѳлжанга минтти:

-А сенин башың кайда?


-Менин башымбы? Башым мынакей, - деди ѳзүнүн жиптей чубалган бир учун ѳйдѳ кѳтѳрүп.

-А куйругуңчу? Ал кайда? – деди Үлүл Сѳѳлжанга таң калганы басылбай.


-Куйругум да мынакей, - деди анда Сѳѳлжан дагы бир жак учун кѳтѳрүп. Анын бул сѳзүн угуп, Үлүл мага кезек келди дегенсип, Сѳѳлжанды шылдыңдап аябай күлдү…


Мына кѳрдүңбү, окуучум бири-бирине ѳчѳшүп, кек алуу максатындагы окуяны. Сенде дагы ушундай окуялар кайталанбасын.

Бышыктоо үчүн Суроолор:


1. Кекчилдик дегенди кандайча түшүндүң?

2. Сѳѳлжан менен Үлүлдүн окуясынан эмнени түшүндүңѳр?


Үйгө тапшырмалар:

1. “Кекчил болбойм!” деген темада дилбаян жазгыла.





Текшерилди:_____________________________


Сабактын темасы: ѲЗҮМЧҮЛДҮК, КАЙДЫГЕРЛИК

Сабактын максаты:


Өзүмчүлдүк жаман сапат экендигин түшүнөт. Кайдыгерлик тууралуу маалыматка ээ болот.


Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:


1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.



Ѳз кѳмѳчүнѳ күл тартып, ѳз кызыкчылыгын ойлогон адамды ѳзүмчүл деп атайбыз. Андай адам баардыгынан ѳз кызыкчылыгын жогору коет. “Ѳзүм аман болоюн, ѳзгѳлѳр эмне болсо, ошо болсун” деген ураан менен гана жашайт. Ѳңгѳлѳрдүн кызыкчылыгына кайдыгер мамиле кылат.


Кайдыгерлик – бул адам сапатынын терс кѳрүнүшү. Анын табиятына жалаң гана “Мен” деген жаңырык мүнѳздүү. Баарын мен жасадым, баары мен үчүн деп, акчанын, байлыктын кулу болуп ган жашайт. Ѳзүнүн ырыскысын башкалар менен бѳлүшүүнү каалабайт. Демек, окуучум мындай адамдан кандай жакшы жѳрѳлгѳ алууга болот? Сенде ушундай жамандалган сапаттын уялашына эч качан жол бербе. Ѳзүңдүн кызыкчылыгыңдан ѳзгѳнүкүн жогору кой, досторуңан, классташтарыңан жардам колун аяба . Аларга кайрымдуу бол, жардам бер. Эне уулу эмес эл уулу бол. Кадырлуу калктын батасын ал. “Бата менен эл кѳгѳрѳт, жамгыр менен жер кѳгѳрѳт” деген макалды эсиңе ал. Эң негизгиси кайдыгерликтен алыс бол.


2-кадам: Окуучуларга текст таркатылат. Топто талкуулашат. Презентацияга чыгышат.

Дыйкандын тартуусу


Кадимки замандарда ѳтѳ жоомарт, адил увазир болгон экен. Бирѳѳдѳн тартуу келсе бардыгына барабар бѳлүп берчү экен. Ѳзүнүн кызыкчылыгынан башкалардыкын жогору койчу. Күндѳрдүн биринде бир багбан ага таң эрте менен үч бадырың алып келиптир. Увазир үч бадырыңды тең биринин артынан бирин жалгыз ѳзү жеп коюптур дагы, аларды алып келген багбанга миң динар тартуу сыйын бериптир. Андан соң увазир ѳз багына эс алууга чыккан учурда, андан бир кызматчысы сураптыр:


-Таксыр, эмне үчүн сиз бадырыңдын үчѳѳнү тең ѳзүңүз жеп койдуңуз, деги эле мындай адатыңыз жок эле го?


Адил увазир мыйыгынан жылмая жумшак гана жооп айтыптыр-Бадыраңдар ачуу экен. Башкаларга дагы берчү болсом, анын ачуулугуна чыдай алышпай дыйканга жаман сѳз айтып жиберишет. Натыйжада карапайым дыйкандын дили ууланып калат. Мен ѳзүмдѳн мурда ѳзгѳнү ойлодум.

Бышыктоо үчүн суроолор: 1. Кайдыгерлик дегенди кандайча түшүндүң?

2. Увазир эмне үчүн бадырыңдарды ѳзү жеп койду?

Үйгө тапшырмалар: . “Ѳзүмчүл адам – ѳспѳйт ” деген темада дилбаян жазгыла.





Текшерилди:______________

Сабактын темасы: УШАКЧЫЛЫК, ЧАГЫМЧЫЛЫК

Сабактын максаты:

Окуучулар ушакчылык, чагымчылык жаман сапат экендигин билишет.

Мындай сапаттардан алыс болууга аракеттенишет.


Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:


1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.


Ушакчылык – бул эң жамандалган сапаттардын бири болуп саналат. Элибизде сѳз бар эмеспи “Эки үйдү эриктирбеген, бир үйдү бириктирбеген” деген сыяктуу. Бул ушакчыларга тиешелүү макал. Ушакчы адам бирѳѳдѳн уккан сѳздү экинчиге жеткирип, анын сѳзүн кайра башкага жеткирип турат. Ага адат болуп калган жумуш. Элибиз бекеринен “Ушакчыдан безе кач”, “Айткан ушакчы эмес, айтып барган ушакчы”, “Ушакчыда уят болбойт” деген сѳздѳрдү айтышпаса керек. Булардын ар биринде чындык бар, ушакчылар уят-сыйытты жыйыштырып коюшат. Күнүмдүк турмушубузда ушакчылардын кесепетинен жакын достор, жубайлар ажырашып ынтымак бузулганын да учуратып жүрѳбүз. Айтылган ушакка ишенип, артынан сүрүштүрүү туура эмес. Анткени, ушактын түбү жок болуп чыгат.


Ал эми чагымчылык – ушакты жеткирген соң улантылат. Чагымчы ошол ушактын негизинде эки адамды бири-бирине кайрап, ортого от жакканга, араны алыстатканга аракет жасайт. Бул дагы эң ыплас сапаттардан болуп саналат. Сыйкырчы канча жыл аракет кылып буза албаган нерсени, чагымчы бирпаста бүлүндүрүп жиберет. Ушунчалык жийиркеничтүү, кечирилгис чоң күнѳѳ.


Албетте, окуучум, бул сапаттардан арылууга, алыс качууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эң орчундуусу сага ишенип айткан, бирѳѳнүн сырын башка адамга жеткирбеш керек. Сыр сактай билгенге үйрѳнѳлү. Эки адамды бири-бирине жамандап, кайраштыруудан оолак бололу. Бирѳѳнүн айтып келген ушагын укпайлы, чагымына ишенбейли. Ар бир ишти талдап, ойлонуп туруп анан жасайлы.


2-кадам: Мугалим окуучуларга суроо берет,Жалпы класста талкуулашат. Суроолор:


1. Ушакчылык сапатты кантип жоюуга болот?


2. Турмушта чагымчы адамды учураттыңбы?


Сабакты бышыктоо: : Залкар ойлор талкууланат.

Чагым – ѳлтүрѳт, мактоо – жеткирет.

Ушакчыны жолотпогун жаныңа,

Сырыңды жайып салат баарына.

Ушак-айың кеп уксаң, кѳңүлүңдү аздырба.



Үйгө тапшырмалар:


1. “Ушакчы” деген темада кѳркѳм чыгарма жараткыла.

























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!