СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

2 тур 6 класс мамлекеттик тил сабагынан

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мамлекеттик тил сабагынан 6 кл. мектептик олимпиаданын 2 турунун тапшырмалары

Просмотр содержимого документа
«2 тур 6 класс мамлекеттик тил сабагынан»

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ БОЮНЧА МЕКТЕПТИК ОЛИМПИАДАДА БЕРИЛГЕН ТАПШЫРМАЛАР

2 – ТУР

Окуучунун Ф.А. ­­­­­­­___________________________________ класс_____________

6 – класс. 2021-2022 жж.

1 тапшырма Тесттер

1. Маани бербөөчү сөз түркүмдөрүн белгиле

А) зат атооч,сын атооч, сан атооч Б) ат атооч, этиш В) кызматчы сөздөр

2. Зат атооч сөздү белгиле

А) адептүү Б) ) адептүүлүк В) жакшы

3. Чыгыш жөндөмөдө турган сөздү белгиле

А) чананын Б) чанада В) чанадан

4. Берилген сөз айкашы кайсы жөндөмөнүн мүчөсү менен айкашы турат: шаарды көрүү

А) табыш Б) илик В) барыш

5. – сы таандык мүчөнүн жагын белгиле

А) 1 жак Б) 3 жак В) 2 жак

6. Энчилүү аттарга эмненин аталыштары кирет.

А) тамак-аштын аттары Б) чөп-чардын аттары В) жер-суунун аттары

7. Туура жазылган сөздү белгиле

А) корелек, угалык , саруй Б) козу карын, көрө элек, уга элек

8 . - ыраак – бул мүчө сын атоочтун кайсы даражасы

А) күчөтмө даража Б) жай даража В) салыштырма даража

9. Этиштин канча чагы бар?

А) 3 Б)2 В) 1

10. Жандама ат атоочту белгиле

А) биринчи, экинчи, үчүнчү Б) бир, эки беш В) бирөө, экөө, үчөө

11. Кандай? Кайсы? – кайсы сөз түркүмү?

А) толуктооч Б) ат атооч В) сын атооч

12. Синоним сөздөрдү белгиле

А) кыз, жигит, адам Б) китеп, гезит журнал В) натыйжа, жыйынтык, корутунду

13. «Бугу эне» жомогу кимдин чыгармасы

А) Ш.Бейшеналиевдики Б) Ч.Айтматовдуку В) А.Осмоновдуку

14. Кыргыздар кылымдар бою сыймыктанган көлү

А) Чатыр- кѳл Б) Ысык- кѳл В) Соң-кѳл

15. Макалды толукта: Уят….катуу

А) өлүмдөн Б) темирден В) сөздөн



2 – тапшырма

5 макал жазып, бирөөнү чечмелеп, жазып бер















3- тапшырма

Ырды жебе аркылуу калыбына келтир

Жылуу кийин бороон улуп, кар уруп

Кыш да катуу жолуң кыйын үшүрсүң

Суугуңду өз токтой турчу, Ата Журт!

Жол карайын мойнума алайын



4- тапшырма

Текстти которуу

Менин Мекеним
Ар бир адамдын өз Мекени бар “ Мекен “ деген сөз кыргыз элинде “ ата – бабамдын жери , алардын туулуп өскөн балдары бизге калтырган жер” дегенди билдирет ... Мен жер жөнүндө ойлогондо, сөзсүз, өз айылым Шекерди элестетем . Анткени менин башатым – ушу Шекер айылы . Ушул жерде аталарым жана балдарым жашаган . Ушул жерде мен төрөлүп, ушул жерде өнүгүп – өскөм, чоңойгом. Биз туулуп –өскөн жер ар бирибизди адам катары калыптандырат, чоңойтот,билим тарбия берет...














5-тапшырма

Ч.Айтматовдун, Шекер, туулган, айылы, жазуучу. Бул сөздөрдөн сүйлөм түз