СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

2020-жылды Президент балдарды колдоо жылы деп жарыялады

Нажмите, чтобы узнать подробности

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жаны жыл менен куттуктоосунда билдирди

«Бул багыттагы иштер 2020-жылы  да уланат.

Биз алган жолубуздан кайтпайбыз. Өлкөнү туташ санариптештирүүнү улантабыз.

Урматтуу мекендештерим, ар бир адам үчүн бала — жашоонун маңызы. Ар бир ата-эне бала үчүн баардыгын жасоого даяр. Ошентсе да, балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж.

Просмотр содержимого документа
«2020-жылды Президент балдарды колдоо жылы деп жарыялады»


2 020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыяланды


2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жаны жыл менен куттуктоосунда билдирди

«Бул багыттагы иштер 2020-жылы  да уланат.

Биз алган жолубуздан кайтпайбыз. Өлкөнү туташ санариптештирүүнү улантабыз.

Урматтуу мекендештерим, ар бир адам үчүн бала — жашоонун маңызы. Ар бир ата-эне бала үчүн баардыгын жасоого даяр. Ошентсе да, балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж. Айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл.

Ушул максатта 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыялоону чечтим.

Балдарыбыздын дени сак, билими терең, коопсуздугу бекем болуусу — көңүл борборундагы маселе. Мамлекеттин балдарга карата камкордугун күчөтүп, артыкчылыктуу багыт катары аныктайбыз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Санариптештирүүнүн алкагында сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер жасалды. Белгиленген багыттар быйылкы жылы дагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары бойдон калууда. Жарлыкка ылайык, өлкөнүн мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын маанилүү милдети катары региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды ар тараптуу колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу аныкталды. Өкмөткө Жарлыкта конкреттүү белгиленген бир катар милдеттерди жана багыттарды ишке ашыруу сунушталат.