СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

21-февраль -Эне тил куну сабак

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«21-февраль -Эне тил куну сабак»

Сабактын темасы: 21- февраль – Эне тил күнү

Сабактын максаттары:

  • Эне тил күнүнүн белгиленип калыш тарыхы, булактардан маалыматтарды берүү;

  • Мекен алдындагы жоопкерчилигин арттыруу. Атуулдук сезимдерин ойготуу, эне тилин сүйүүгө, сактоого умтулуу;

  • Окуучунун ар түрдүү шык-жөндөмдөрүн өстүрүү, өз оюн эркин айтууга үйрөтүү.

Сабакта колдонулуучу дидактикалык каражаттар: көркөм китептер, сүрөттөр, кыргыздын улуттук буюмдары, улуттук кийимдери, тамак-аштары, макет тер ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Сабак Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили- Кыргыз тилинин Гимнин аткаруу менен башталат.

Алып баруучу: Урматту бүгүнкү аземдин катышуучулары! “Эне тилсиз эл болбойт”, “Эне тили –эне сүтү менен тең”,-демекчи, Эне тилибизди даназалоо сабагын баштоого уруксат этиниздер!

Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул- эне тилибиз кыргыз тили.

Келгиле, биргеликте дүйнөдө теңдеши жок алп “Манастай” дастандарды жараткан эне тилибиз жөнүндө ой бөлүшөлү.

1-окуучу: Эне тил жөнүндө ырды көркөм окуйт.

Эне тилим

Эне тилим-өз тилим,

Эси жоктук иш кылат,

Өзүнүн эне тилинде

Суйлөбөсө сөздү ким.

Уккан сайын көшүгөн.

Эне тилим-эгизим.

Сүзүп өттүм өзунөн,

Акыл-билим деңизин.

Эне тилим-намысым,

Эне тилим-арым да.

Билбейм жолдун алысын,

Эне тилим барында.

Эне тилим- карегим,

Сенде менин дарегим.

Сен турганда мен бармын,

Сен турганда бар элим.

Эне тилге кайрылып,

Бак-таалайлуу болмокмун.

Эне тилден айрылып,

Калган күнү мен жокмун.

Алып баруучу: Достор, билесинерби, эмне үчүн бугүн Эне тил күнүн белгилеп жатабыз? Келгиле, чогуу бул багыттагы маалыматтарды угалы.

2-окуучу: 21-февраль-Эне Тил күнү

21-февраль-ЮНЕСКО тарабынан эл аралык Эне тил күнү катары белгиленген.

Бул күн 1999-жылы Бириккен Улуттур уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму-ЮНЕСКО тарбынан жарыяланып, ошондон бери жыл сайын маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат.

Кыргыз тили-кыргыздардын эне тили, турк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирет. Кыргыз тили 1924-1927-жылдары реформаланган араб алфавитинин негизиндеги, 1927-1941-жылдары латын алфавитинин негизиндеги жазууда болгон. 1935-жылы кыргыз тилинин алфавитинин кириллицага өткөрүү боюнча катуу талкуу журүп, 1941-жылдан тартып кирилица жазуу системасы колдонулууда. Жазуу системаларынын өзгөрүшү менен бирге кыргыз тилинин орфография эрежелери да улам такталып келе жатат.

Алып баруучу: Бүгүнкү күндө жоголуп кетүү коркунучунда турган тилдер да бар. Алар кайсы тилдер экен? Чогуу угалы.

3-окуучу:Жоголуу коркунучундагы тилдер катары учурда дүйнө жүзүндө 6700дөн ашуун тил каттталган. Тилчи окмуштуулардын маалыматына таянсак, ар бир 14 күндө дүйнөдө бир тил жоголуп кетуудө. Бул тилдер ошол тилде сүйлөгөн саналуу кишилердин акыркылары дуйнө салып кетишине байланыштуу жоголууда. Эгер минтип отурса, ушул жуз жылдыктын соңуна дейре дуйнө тилдеринин тең жарымы биротоло жоголуп кетуу коркунучуна туш келиши ыктымал. Мындай тилдердин катарына 200гө жакын адам сүйлөгөн кет тилин кошсо болот. Бул тилди Сибирдеги Енисейдин өйдө жагындагы айрым кыштактардан гана угуууга болот. Ошондой эле Ооганстанда жуз чакты адам сүйлөгөн тирахи тили, Арменияда 50дөн ашык адам сүйлөгөнловрамен тили да жоголуп кетүү коркунучундагы тилдердин катарында.

4- окуучу: Гарвард университетинин тил аалымы, жоголуп кетүү коркунучундагы тилдер институтунун директору Грегори Андерсон тилдин жоголуусун мындай жагдай менен байланыштырат:

-Басым кылган тилде сүйлөгөн эл же этниклык топтор, негизине, экономикалык жактан кубаттуу. Көпчулүк же кайсы бир этникалык топтун үстөмдүгу астында экономикалык активдүүлүк күчөгөн шартта социалдык-экономикалык өсүү же байлык топтоо жолунда ошол тилди колдонуу керек болсо, көп адам ошол жолду тандайт.

5-окуучу: Тил адистери мындай болбогон учурда анда ошол азчылык соцалдык кысымдарга кабылышы мүмкүндүгүн да айтат. Азчылыктын тили көбүнчө ишкердик жагдайда көп колдонулган тилдерди үйрөнүүдө унутула баштайт. Ошентип үстөмдүк кылган элдердин тили азчылыктын тилин колдонуудан чыгарып салат.Мындай көрүнүш Орусиянын Сибирь аймагында көп кездешүүдө.

Алып баруучу: Балдар, биздин эне тилибиз- кыргыз тилинин жагдайы кандай болду экен? Бул нерсе баарыбызды кабатыр кылат болуш керек? Көңүл бөлөлү.

6-окуучу: Кыргыз коомчулугунда буга чейин кыргыз тили да ушундай жоголуп кетүү коркунучундагы тилдердин тизмесинде экен дегендей тынчсыздануулар айтылган эле. Бирок тиешелүү адистер муну четке кагып, бул маселе Кытайдагы Фү-ю кыргыздардын тилине байланыштуу чыкканын айтышкан.

7-окуучу: Ар бир тил өзүнчө кайталангыс улуу мурас, интеллектуалдык байлык. Адамзат ошол кайсы бир тилден ажыраган сайын ошондой мурастарынан ажырап келатат, биз кайталангыс нерселерден улам айрылып келатабыз. Бирок кыргыз тилине карата мындай маселени коюуга болбойт. Анткени бир миллион адам сүйлөгөн тил эч качан жоголбойт деген да аныктама бар. А кыргыз тилин азыр дүйнө жүзү боюнча 5 миллиондой адам колдонуп жатпайбы. Демек, кыргыз кыргыз тилин жоголуп бараткан тилдердин катарына кошуу мүмкүн эмес.

Кыргыз тили бай, анын тамыры тереңде. Ал азыр бардык илимдердин тили болгонго да толук кудуреттүү. Болгону биз ушуну далилдеп, тастыктап беришибиз керек. Ошондо биздин тилибиз дагы ачылат. Ошондуктан мен кыргыз тили жарды, мүмкүнчүлүгү чектелүү дегендерге кошулбайм.

8-окуучу: Канткен менен акыркы жылдарда кыргыз тилине байланышкан бир катар сөздүктөр чыгышын тилге аз да болсо көңүл бурууу катары баалагандар да жок эмес. Ошол эле учурда расмий жыйындар, ак үй-көк үйдөгү чогулуштар көбүнчө расмий аталган орус тилинде өтүп жатышына, көбүнчө өлкө жетекчилеринин сөздөрүн эл өз мамлекетинде бөтөн тилде угуп жатканына кабатыр болгондор да арбын.

Алып баруучу : Балдар, кыргыз тилин бирргеликте колдойлу. Биз, Кыргызстан, чоң держава эмеспиз, биз империянын балдары эмеспиз.Биз калкы 5 эле миллион, анын дагы таза кыргыздар 3-35 миллион болгон жөнөкөй гана өлкөбүз. Ошондуктан өз тилибизди, маданиятыбызды, каада –салтыбызды, урп-адаттарыбызды, улуттук намысыбызды коргош учүн чон мамлекеттерге караганда көбүрөөк аракет кылышыбыз керек. Анткени, чон балык кичинекей балыкты жеп коёт Жем болбош үчүн ар бир атуулдун милдети- кыргыз тилин коргоо деп эсептейм. Бул милдетти ким кандай аткарып жатат же кандай аткарышыбыз керек? Өзүбүз, биринчиден, каяктан чыкканыбызды, ата-бабаларыбыздын тарыхын, кыргыз тилин жакшылап билишибиз керек. Дарт каякта экенин билбей туруп дарман таба албайбыз.

Атуулдук ан-сезим ар бир жаранда бар болушу керек. Мен ата-энем сүйлөгөн, ата-бабаларыбыз адырларда кой бакса да, жайлооодо жатса сүйлөгөн тилде сүйлөйм. Эпостордун океаны болгон “Манас” дастаны жазылган, ар бир кыргызга таандык болгон “Эне тилим” менен сыймыктанам.

9-окуучу Келгиле, баарыбыз биригип кыргыз тилин сактайлы, кыргыз тилинин кадыр –баркын жогорку деңгэлге көтөрөлү! Барыбыз кыргызча таза, так, коркөм сүйлөйлү! Ошондо гана биздин эне тилибизди улам урпактан урпактарга жеткире алабыз!

Бирге жүрсөм, эне тилин кадырлайм,

Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.

Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,

Эне тилим сүйгөнүмдөн жаңылбайм.

Алып баруучу: Анда эмесе, кезекти сөз каймактарына берели. Эне тил тууралуу айтылган накыл кептер, макалдар, учкул сөздөр

1.Тил тагдыры-эл тагдыры.

2.Элсиз тил болбойт, Эне тилсиз эл болбойт.

3. Ата сөзү алга сүйрөйт адамды,

Эне сөзү эпке салат жаманды.

4.Ооздун көркү – тил,

Тилдин көркү –сөз

5. Өнөр алды –кызыл тил.

6.Эне тилин билбеген, эне сүтүн актабайт,

6. Эне тилин сүйбөгөн, элин сүйүп жарытпайт. ( Б.Сарногоев)

Кеченин жүрүшүндө кыз жигиттер элдик ырлардан аткарып беришет.

Кыргыз бийлери аткарылат.

Жаңылмач, макал-лакап айтышуу мелдеши өткөрүлөт.

Жалпы окуучулар хор аткарышат:



Эне тил

Эне тилин өксүтүп көп кордогон,

Анысына бир уялып койбогон.

Андайлардын аты кыргыз болсо да,

Эч убакта өзү кыргыз болбогон.

Кайырма: Эне тилин билбеген

Эси жогун аныктайт.

Эне тилин сүйбөгөн

Элин сүйүп жарытпайт.

Элин сүйүп, жерин сүйүп жарытпайт.

Алып баруучу: Туура айтасыңар , достор. “Адамдын эгне тили-анын жан тамыры”- дегендей, жан дуйнөдөгу ой тизмектерин эне тилибиз аркылуу билдирип жүрөлү.

Залкар жазуучубуз Ч. Айтматов: “Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет”-деп айткандай, эне тилибиз- кыргыз тили нечендеген кылымдар бою жашап келген, жашап жатат жана жашай бермекчи!

Бар бол кыргыз элим! Бар бол эне тилим-кыргыз тили!

Сабак Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили- Кыргыз тилинин Гимнин аткаруу менен жыйынтыкталат.






















































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!