СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

23-апрель Буткул дуйнолук китеп куну

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул күн Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү катары белгиленет. 23-апрель дүйнөлүк адабият үчүн символдук мааниси бар дата. Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн кайтышкан. Мындан улам ЮНЕСКО уюмунун Башкы конференциясы китеп жана автордук укукту урматтоо максатында аталган күндү атайын белгилөө жөрөлгөсүн иштеп чыккан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө шартын кабыл алган. Өкмөттүк токтомдо Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо аркылуу дүйнөлүк басылмалар менен китеп алмашуу жана жаңы китептер менен өлкө коомчулугун тааныштыруу багыттарын аныктаган.  

Просмотр содержимого документа
«23-апрель Буткул дуйнолук китеп куну»

Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы № 1 ЖББГИ Даярдаган: Суйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна

Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы

1 ЖББГИ

Даярдаган: Суйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна

 Билим кенчи  Ким китеп окуй билсе күтүнө,  Эки дүйнө жарык берер ишине.   Бул китептин баркын билет окуган,  Билимсиздин эмне келет колунан.   Китепте акылмандын насааты бар,  Башкаруу ыкмалары эсте турат.   Китеп көп арап, тажик тилдеринде,  Бул китеп эң биринчи биздин тилде.    Билимдүү китептердин баркын билет,  Окуган - акыл оюн эске түйөт.   Жусуп Баласагын

Билим кенчи

Ким китеп окуй билсе күтүнө, Эки дүйнө жарык берер ишине. Бул китептин баркын билет окуган, Билимсиздин эмне келет колунан. Китепте акылмандын насааты бар, Башкаруу ыкмалары эсте турат. Китеп көп арап, тажик тилдеринде, Бул китеп эң биринчи биздин тилде.

Билимдүү китептердин баркын билет, Окуган - акыл оюн эске түйөт. Жусуп Баласагын

 Китеп  Билбегенди билгизген,  Мээге сезим киргизген.  Ак булуттун үстүндө,  Айга жакын жүргүзгөн.  Китеп - менин акылым,  Китеп - менин жакыным. Турмуш сырын үйрөткөн,  Көркөм, чечен сүйлөткөн.  Көкөлөтүп көңүлдү,  Табиятты бийлеткен.  Китеп - менин акылым,  Китеп - менин жакыным. Эл достугун сактаган,  Эрк, таалайды мактаган.  Согуш өртүн өчүрүп,  Бейкуттукту жактаган.  Китеп - менин акылым,  Китеп - менин жакыным.  Аалы Токомбаев

Китеп Билбегенди билгизген, Мээге сезим киргизген. Ак булуттун үстүндө, Айга жакын жүргүзгөн. Китеп - менин акылым, Китеп - менин жакыным.

Турмуш сырын үйрөткөн, Көркөм, чечен сүйлөткөн. Көкөлөтүп көңүлдү, Табиятты бийлеткен. Китеп - менин акылым, Китеп - менин жакыным.

Эл достугун сактаган, Эрк, таалайды мактаган. Согуш өртүн өчүрүп, Бейкуттукту жактаган. Китеп - менин акылым, Китеп - менин жакыным. Аалы Токомбаев

 Китеп - өмүрдүн ыраакы жана караңгы жолунда адамга нур тартуулаган, жомоктогудай шам чырак.  А. Упит

Китеп - өмүрдүн ыраакы жана караңгы жолунда адамга нур тартуулаган, жомоктогудай шам чырак.

А. Упит

Китепти сүй  Китепти сүй, баркын бил, Китептин көп акылы. Ким китепке дос болсо, Ал ошонун жакыны.  Сүттөй таза тилеги, Деңиздей кең талабы. Көктөй тунук, акыйкат, Анын ар бир барагы.  Таалайдын жолун көрсөтүп, Чакырып турат келчи деп. Арамдыктан тазалап, Жакшылыкка ээрчитет.  Ошондуктан баркын бил, Кирдебесин бир чети. Айрып, жазып булгабай Жакшы сакта китепти.   Алыкул Осмонов

Китепти сүй

Китепти сүй, баркын бил,

Китептин көп акылы.

Ким китепке дос болсо,

Ал ошонун жакыны.

Сүттөй таза тилеги,

Деңиздей кең талабы.

Көктөй тунук, акыйкат,

Анын ар бир барагы.

Таалайдын жолун көрсөтүп,

Чакырып турат келчи деп.

Арамдыктан тазалап,

Жакшылыкка ээрчитет.

Ошондуктан баркын бил,

Кирдебесин бир чети.

Айрып, жазып булгабай

Жакшы сакта китепти.

Алыкул Осмонов

  Китеп  Китеп деген бир укмуш, Камтыйт аалам сырларын. Талбай окуп, түшүнүп, Акылдуу бол, бил баарын.  Китеп өзү сыйкырдуу, Бүт кубулуш ичинде. Үйрөнгүнүң бүт жумшап Эркиң менен күчүңдү.     Алматай Чойбекова

Китеп

Китеп деген бир укмуш,

Камтыйт аалам сырларын.

Талбай окуп, түшүнүп,

Акылдуу бол, бил баарын.

Китеп өзү сыйкырдуу,

Бүт кубулуш ичинде.

Үйрөнгүнүң бүт жумшап

Эркиң менен күчүңдү.

Алматай Чойбекова

  Накта чыныгы билимдүү болуш үчүн адам мыкты китептерди, башкача айтканда акыл эстүү жана терең ой жүгүрткөн адамдар жазган китептерди тандоосу керек.   У. Чэннинг

Накта чыныгы билимдүү болуш үчүн адам мыкты китептерди, башкача айтканда акыл эстүү жана терең ой жүгүрткөн адамдар жазган китептерди тандоосу керек.

У. Чэннинг

Китептерди коллекциялоо - ал дагы өзүнчө Университет. Т. Карлейль

Китептерди коллекциялоо - ал дагы өзүнчө Университет.

Т. Карлейль

Китептер - тилекти пайда кылып, аны өмүргө чакырып, ой толгоого кириптер жасап, ой пикирдин өз алдынчалыгын тарбиялайт.  С. Г. Струмилин

Китептер - тилекти пайда кылып, аны өмүргө чакырып, ой толгоого кириптер жасап, ой пикирдин өз алдынчалыгын тарбиялайт.

С. Г. Струмилин

Дүнүйө абдан кең. Өз көзүңөр менен анын кыпындай үлүшүн гана көрө аласыңар. Ошондуктан далилди китептен издеп, китепти жыйнай билгиле.  В. А. Обручев

Дүнүйө абдан кең. Өз көзүңөр менен анын кыпындай үлүшүн гана көрө аласыңар. Ошондуктан далилди китептен издеп, китепти жыйнай билгиле.

В. А. Обручев

Китептер - тилекти пайда кылып, аны өмүргө чакырып, ой толгоого кириптер жасап, ой пикирдин өз алдынчалыгын тарбиялайт.  С. Г. Струмилин

Китептер - тилекти пайда кылып, аны өмүргө чакырып, ой толгоого кириптер жасап, ой пикирдин өз алдынчалыгын тарбиялайт.

С. Г. Струмилин

Китеп окугандардын үч түрү болот: биринчиси - окуйт, бирок түшүнбөйт;  экинчиси - окуйт да түшүнөт; үчүнчүсү - окуп түшүнүп, анын жазылбай калган жагын да байкайт. Жакшы китептин шек келтирбеген белгиси, ал адам баласы улам улгайган сайын жакканында.  Г. Лихтенберг

Китеп окугандардын үч түрү болот: биринчиси - окуйт, бирок түшүнбөйт; экинчиси - окуйт да түшүнөт; үчүнчүсү - окуп түшүнүп, анын жазылбай калган жагын да байкайт.

Жакшы китептин шек келтирбеген белгиси, ал адам баласы улам улгайган сайын жакканында.

Г. Лихтенберг

Китепти тандоо керек . Китепти сүйүү керек. Китепке ишенүү керек . Китептин жардамы менен жашоого ыңгайлашууну жана ийкемдүүлүктү өздөштүрүү зарыл.  Жакшы китепкана, китепте аалам дүйнөсүнүн чагылдырылышы. Китепти тандай билүү илим гана эмес, өнөр (искусство) дагы.    Н. А. Рубакин

Китепти тандоо керек . Китепти сүйүү керек. Китепке ишенүү керек . Китептин жардамы менен жашоого ыңгайлашууну жана ийкемдүүлүктү өздөштүрүү зарыл.

Жакшы китепкана, китепте аалам дүйнөсүнүн чагылдырылышы. Китепти тандай билүү илим гана эмес, өнөр (искусство) дагы.

Н. А. Рубакин

Китеп - билим булагы , китепти сүйө билгиле. Ал турмушуңарды жеңилдетип, ой пикирдин, сезимдин, окуянын чийеленген түйүнүн чечүүгө жардам берип, адамды жана өзүн-өзү урматтоого үйрөтөт. Өзүмдөгү бардык жакшы нерсе үчүн мен китепке милдеттүүмүн.  Мен канчалык көп окуган сайын, китептер мага жашоо сырын ачып, өмүрүм кызыктуу да, маңыздуу да, маанилүү да боло баштады.   М. Горький

Китеп - билим булагы , китепти сүйө билгиле. Ал турмушуңарды жеңилдетип, ой пикирдин, сезимдин, окуянын чийеленген түйүнүн чечүүгө жардам берип, адамды жана өзүн-өзү урматтоого үйрөтөт.

Өзүмдөгү бардык жакшы нерсе үчүн мен китепке милдеттүүмүн.

Мен канчалык көп окуган сайын, китептер мага жашоо сырын ачып, өмүрүм кызыктуу да, маңыздуу да, маанилүү да боло баштады.

М. Горький

Окуу,  окуу жана окуу!, мен аз билем, бирок көп билүүгө далалат кылам.  В. И. Ленин

Окуу,

окуу жана окуу!,

мен аз билем, бирок көп билүүгө далалат кылам.

В. И. Ленин


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!