СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

3-4-класстардын мектептик олимпиадасы үчун тесттик суроолор

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«3-4-класстардын мектептик олимпиадасы үчун тесттик суроолор»

Манас шаарындагы №19 И.Сатыбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин

Математика боюнча 3-класстар үчүн стандарттык тест

Класс _______

Окуучунун аты-жөнү______________________________________________

Тапшырма №1

Пирог жасоо үчүн апама 1 кг ундун 5 тен 4 бөлүгү керек. Пирогду жасоо үчүн канча грамм ун керектелген? Жообун сан менен жаз.

____________________________________

Ашканада тараза жок болсо, апам унду кантип өлчөйт? Өлчөөнүн эң тез жолун аныкта.

Жообун жаз_________________________________

Тапшырма №2. Теӊдеменин тамыры канчага барабар? х · 3 = 6321 : 7

а) 301 б) 903 Ашканада тараза жок болсо: в) 31 г) 93

Тапшырма №3. 768 жана 8 дин тийиндисин 100 эсе чоӊойт.

а) 76000 б) 9600 в) 196 г) 77600

Тапшырма №4. Бул эки туюнтманын айырмасы канчага барабар? 5124 · 5 жана 2748 · 6 а) 42108 б) 16488 в) 25620 г) 9132 Тапшырмалардын мүнөздөмөсү

Тапшырма №5. Айгерим белек кутучаларын чогултат. Анын бир чоң кутусуна 7 кичирээк куту батат жана алардын ар биринде дагы 7ден куту бар. Айгеримдин коллекциясы канча кутудан турат?

а) 49 б) 50 в) 56 г) 57

Тапшырма №6. Сол жакта турган ар бир элементке оң жактагы элементтердин ичинен дал келгенин тап. (б.а. дал келген эки элементти туташтыр). Оң жактагы элементтердин бирөөсү ашык. Жообу астында берилген таблицага жазылат.



Тапшырма №7. Дүкөндө окуучулардын чакмак жана түз сызык дептерлери сатылат. 200 дептердин 5 тен 2 бөлүгү чакмак дептерлер болсо, анда алардын канчасы түз сызык дептерлер? Жообу: ____________________

Тапшырма №8 .11-класстын окуучулары математикадан сынак берип жатышат. Сынак башталгандан бери 99 мүнөт өттү. Сынактын бүтүшүнө канча убакыт калды?

СЫНАКТЫН УЗАКТЫГЫ

Сынактын башталышы – 10.00

Математика – 3 саат 55 мүнөт

Орус тили – 3 саат 55 мүнөт

Тапшырма №9. Жер тилкесине кара өрүк отургузуу чечими кабыл алынган. Жумушчулар бак-дарактарды отургузуунун тартибин изилдеп чыгып, жумушка киришишти.

Көрүнүп тургандай, дарактар тилкенин периметри боюнча отургузулган. Жер тилкенин аянты канчага барабар?

Жообун жаз_______________________________________

Тапшырма №10. Мектептин ашканасына 96 таңгак сүт алып келишти. Бул айранга караганда 3 эсе көп. Сүткө караганда айрандын таӊгактары канчага аз?

Жообун жаз: _______________________________

Тапшырма №11. Туура чыгарылган туюнтманы тап

а) 230 : 6 = 38 (ост.2) б) 652 : 9 = 72 (ост.4)

в) 17225 : 6 = 287 (ост.5) г) 24315 : 4 = 6078 (ост.3)

Тапшырма №12. 5 м2 канча см2 га барабар?

а) 50 см2 б) 5000 см2 в) 500 см2 г) 50000 см2

Тапшырма №13. Сүрөттүн жардамы менен таблицаны толтур.

Көк киттин салмагы жана өркөчтүү киттин узундугу канчага барабар?

Тапшырма №14. Туура эмес барабарсыздыкты белгиле.

а) 1 с 30 мин 90 мин б) 3 т 300 ц в) 9 км 300 м 9030 м г) 506 дм

Тапшырма №15. Фигуранын боёлгон бөлүгүн тап.

Жообун жаз__________________________

Тапшырма 16. Бишкек-Токмок каттамындагы поезд бирдей 2 саат 48 мүнөт аралыгында жүрөт. Токмокко таңкы алгачкы поезд саат 6:48де келди. Кийинки поезд канчада келет?

а) 9 саат 36 мин б) 8 саат 86 мин в) 8 саат 96 мин г) 9 саат 26 мин

Тапшырма №17. Маселени чыгаруу үчүн туюнтманы танда: 3 бирдей жөөккө 15 помидор көчөтү отургузулган. Мындай 7 жөөккө канча помидор көчөтүн отургузууга болот?

а) 15 · 3 : 7 б) 15 : 3 · 7 в) (7 + 3) · 15 г) 15 · 7

Тапшырма №18. Кайсы туюнтмада көбөйтүү экинчи аткарылат?

а) (2000 + 430) : 2 · 5 б) 3250 – 300 : 5 · 7 в) 768 : 4 · (120 : 60) г) 64 : (76 : 38) · 2

Тапшырма №19. Кыргызстандын жети аймагы төмөнкү аянттарды ээлейт: Ысык-Көл аймагы – 43100 км2, Нарын аймагы – 45200 км2, Жалал-Абад аймагы – 33700 км2, Ош аймагы – 29200 км2, Баткен аймагы – 16995 км2, Чүй аймагы – 20200 км2, Талас аймагы – 11400 км2. Аймактардын аттарын аянттарынын өсүү тартибинде жайгаштыр.

Жообун жаз:______________________________________________________________

_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Тапшырма №20. Эсетебей туруп, тийиндиси 3 орундуу болгон санды танда.

а) 485 : 5 б) 31440 : 4 в) 7448 : 7 г) 4734 : 9



Манас шаарындагы №19 И.Сатыбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин

Кыргыз тили боюнча 4-класстар үчүн стандарттык тест

Класс _______

Окуучунун аты-жөнү______________________________________________

  1. Берилгендерди окуп. Кайсынысы жазуу кебине кирет.

а) ырды көркөм айтуу б) радиодон жомок угуу

в) телефондо сүйлөшүү г) телефон аркылуу жиберилген куттуктоо



2. Берилгендердин кайсынысы текст болот? Белгиле.

а) Саламатсыңарбы, балдар? Жакында каникул башталат. Тапшырманы убагында аткар! б) Бул калың токой. Токойдо карагат көп. Ошондуктан, аны карагайлуу токой деп коюшат в) Июнь айы. Касым бутактагы уяны көрдү. Канаттууларга аяр мамиле жасаганды билгиле!

г) Канат футболго катышат. Жакында бороон башталат. Ден соолугуңду жакшы кара.

3. Берилген ыр саптарын окуп чык. Аларды ирээти менен жайгаштырып текст түз. Катар иретин төмөнкү торчолорго жазып көрсөт. 1. Кулпунуп туруп таранса 2. Баатырдык, эрдик журөктө 3. Балбандын күчү билекте 4. Куштун көркү түнөктө







4. Сүрөттү кара. Ойдун негизин жана жыйынтыгын чагылдырып ой жүгүртүүчү текст түзүп жаз. Жаратылыш биздин байлыгыбыз!



________________________________________________________ _____________________________________________________________________________Анткени, бизди курчап турган жандуу жана жансыз жаратылышсыз жашоо мүмкүн эмес. _____________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________

5. Текст деген эмне. Жообун белгиле.

а) Текст – бул беш-алты сүйлөмдөрдөн турат.

б) Текст – бул мааниси боюнча байланышкан сөз же сөздөрдүн тизмеги.

в) Текст – бул бир нече сүйлөмдөрдүн жыйындысы.

г) Текст – бул белгилүү бир тартипте мааниси боюнча байланышкан сүйлөмдөрдүн тизмеге

6. Оку. Кайсы сөз айкаштарында негизги сөздүн асты туура эмес сызылган?

а) дептерге жаз б) алма кызыл в) суудай суюк г) биринчи жолугушуу

7. Сүйлөмдү оку. Сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзүп, бир туура жоопту белгиле. Илгери оорулуу адам кумурсканын уюгуна түнөчү экен.

а) ээ + айкындооч + айкындооч + баяндооч + баяндооч

б) айкындооч + айкындооч + ээ + айкындооч + айкындооч + баяндооч

в) айкындооч + ээ + айкындооч + айкындооч + баяндооч

г) айкындооч + ээ + айкындооч + ээ+ баяндооч + баяндооч

8. Сүйлөмдөрдү оку жана баш мүчөлөрдөн турган сөз айкашын белгиле. Асманда жаркылдаган жылдыздар ары-бери учушат.

а) асманда учушат б) ары-бери учушат

в) жаркылдаган жылдыздар г) жылдыздар учушат

9. Сүрөт боюнча бир өңчөй мүчөлүү жайылма сүйлөм түзүп жаз.

10. Сүйлөмдөрдү оку. Ар бир сүйлөмгө кайсы тыныш белгилери (?,!.) коюлушу керек? Коёндун ийини терең казылып көп сандаган тешикчелери болот курт-кумурскалардын сезүү органдары ар кандайбы эх кандай сонун эртең Японияга эс алууга кетебиз

11. “Кумурска, кислота, дарыкана, сатылат”деген сөздөрдү колдонуп, жалаң жана жайылма сүйлөм түзүп жаз.

1. Жалаң сүйлөм: _____________________________________________________________

_____________________________________________________________________________

2. Жайылма сүйлөм: __________________________________________________________



12. Таблицанын сол жагындагы төл жана бөтөн сөзгө тиешелүү болгон таяныч белгилер менен оң жактагы кайсы сүйлөм дал келет?Аларды туташтыр. Сүйлөмдөрдүн бирөө ашык. Жообун кийинки таблицага жаз.



13. Текстти оку, төл жана бөтөн сөздү катыштырып улантып жаз. Биз зоопаркка бардык. Зоопарктын оң тарабына аюу, арстан жана кара түлкүнү жайгаштырган экен. _________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

14. Төмөнкү сөздөрдүн мааниси эмнени түшүндүрөт? Сол жакта турган ар бир элементке оң жактагы элементтердин ичинен дал келгенин тап. (б.а. дал келген эки элементти туташтыр). Оң жактагы элементтердин бирөөсү ашык. Жообу астындагы таблицага жазылат.

15. Сөздөрдү оку. Катасыз жазылган сөздөрдү тап.

а) буудай, самор б) жууркан, маанилүү в) марайт, турады г) кооро, баалу

16. Сол жакта турган ар бир элементке оң жактагы элементтердин ичинен дал келгенин тап. (б.а. дал келген эки элементти туташтыр). Оң жактагы элементтердин бирөөсү ашык. Жообу астындагы таблицага жазылат. Мээрим төмөнкү сүрөттөгү сөздөрдө канча тыбыш, канча тамга бар экендигин табышы керек. Мээримге жардам бер.

17. Төмөндө бир нече сөздөр берилген. Аларды окуп-үйрөнгөн эрежелерге таянып таблицага бөлүштүрүп жаз. Китеп, гүлдөр, илгери, көпөлөк, жалкоо, мугалим, өчүргүч, тамга, ачкыч, жибек.

18. Адис төмөнкү текстти угуп жазууда катасыз жазды. Ал эми Жылдыз ушул эле тексттен айтылышы менен жазылышы бирдей болбогон сөздөрдөн ката кетирди. Алар кайсы сөздөр болушу мүмкүн? Ал сөздөрдү жазып, салыштырып далилде. Мисалы: ава-аба, Кубат эртең менен эрте савакка жөнөдү. Алдынан Жибек чыгып: – Кечээги убадаңды аткардыңбы? - деп сурады. – Ооба, аткардым, - деди Кубат уялып. Жибек андан ары сүйлөбөй бурулуп кетти. ___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________

19. Макалдагы туура эмес жазылган сөздү тап, аны белгиле. Уялбаган адамдан уял.

а) кишиден б) досуңдан в ) уятсыздан г) өзүң

20. Сөздөрдү оку. Мааниси бири-бирине жакын сөздөрдү тап.

а) тамчы жаш, үч жаш б) бул дурус, ал мыкты

в) келим, кетим күчөдү г) боз туман, ак чымчык

















































Манас шаарындагы №19 И.Сатыбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин

Математика боюнча 4-класстар үчүн стандарттык тест

Класс _______

Окуучунун аты-жөнү______________________________________________

Тапшырма №1

Чоң эне пирамида түрүндөгү күнөскана курууну суранды. Эсептөө үчүн атам чакмак кагазга чиймесин чийди. 1 чакмак – 1м2. Күнөскананын ар бир дубалынын аянты канчага барабар?

Тапшырма №2

Белгисиз сан бөлүү амалы менен аткарыла турган теӊдемени тап. Ал теӊдемени чыгар жана жообун жаз. а) х · 5=2840 б) 3480 – х = 2190 в) х + 736 = 9152 г) х : 540 = 90

Жообу: ________

Тапшырма №3

Апасы 32 жашта. Ал баласынан 24 жашка улуу. Апасы улуу баласынан канча эсе чон? Жообу: ______ эсе

Тапшырма №4

Сол жакта турган ар бир элементке оң жактагы элементтердин ичинен дал келгенин тап. (б.а. дал келген эки элементти туташтыр). Оң жактагы элементтердин бирөөсү ашык. Жообу астында берилген таблицага жазылат.

Тапшырма №5

Сүрөттү кара. Сүрөттүн жардамы менен маселени чыгар.

Тапшырма №6

Тапшырма №7

Тапшырма №8

Тапшырма №9

Тапшырма №10

Диаграммада мектеп китепканасынын фондусуна канча окуу китептери кошулганы көрсөтүлгөн. Китепканачы кыргыз тили китептерине караганда дагы 150 гө көп математика китептери бар экенин билет. Математика, кыргыз тили боюнча окуу китептеринин санын аныкта. Эгерде алардын 900 даана экени белгилүү болсо, диаграммага адабий окуу боюнча окуу китептеринин санын чий

Тапшырма №11

Санды 36 га бөлгөндө эң чоң калдык канча болушу мүмкүн?

а) 37 б) 35 в) 34 г) 36

Тапшырма №12

Төрт бурчтуу гүлзардын узундугу 16 м, туурасы анын узундугунун 8 ден 2 бөлүгүн түзөт. Гүлзардын айланасына бордюрларды орнотушту. Бордюрдун узундугу канча метр болду?

Тапшырма №13

Кайсы катарда чоӊдуктар кемүү тартипте жайгашкан?

а) 56 ц, 872 кг, 4 т б) 872 кг, 4 т, 56 ц в) 56 ц, 4 т, 872 кг г) 4 т, 56 ц, 872 кг

Тапшырма №14

Чоң атасы небереси Осмонго төрөлгөндө салмагы 45 кг болгон ак төө белек кылган. Биринчи айда аны энесинин сүтү менен багышып, ал 12 кг салмак кошту. Калган убакта чоң атасы менен Осмон төөнүн баласын өздөрү багышты. Бир жылда төө чоңоюп, күчтүү болуп калды. Калган убакта ай сайын орточо 10 кг салмак кошуп турса, ал 1 жашында канча кг болгон?

а) 167 кг б) 122 кг в) 155 кг г) 110 кг

Тапшырма №15

Нооруз майрамына карата “Шоро” ишканасы 570 литр улуттук суусундуктарды даярдады. «Максым» жана «Чалап» 450 литр, ал эми «Чалап» менен «Айран» 435 литр болгон. Ишкана ар бир суусундуктан өзүнчө канча литрден даярдаган?

Жообу: «Максым» - ____________ «Чалап» - ___________ «Айран» - _____________

Тапшырма №16

12 тонна 225 килограмм жүзүмдүн түшүмүн 489 ящикке салышты. 1 ящикте канча кг жүзүм бар?

Тапшырма №17.

Шаардан туристтик базага чейинки жолдун аралыгы 210 км. Турист базага бара жатканда жолдо 5 саат, ал эми кайра кайтып келе жатканда 7 саат болгон. Кайтуу жолунда ылдамдык канчага аз болгонун билүү үчүн кандай сөз айкашын колдоно аласыӊ?

а) 210 : 5 + 210 : 7 б) 210 : 5 – 210 : 7 в) 210 : 7 г) (210 : 5) : (210 : 7)

Тапшырма №18

Сол жакта турган ар бир элементке оң жактагы элементтердин ичинен дал келгенин тап. (б.а. дал келген эки элементти туташтыр). Оң жактагы элементтердин бирөөсү ашык. Жообу астында берилген таблицага жазылат.

Тапшырма №19

Эсепте. Жыйынтыгын килограммга айландыр. 6 т 5 ц 6 кг – 8 ц 93 кг =

Тапшырма №20









Манас шаарындагы №19 И.Сатыбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин

Кыргыз тили боюнча 4-класстар үчүн стандарттык тест

Класс _______

Окуучунун аты-жөнү______________________________________________

Тапшырма №1

Кыргыз тили сабагында окуучулар бири-биринин дептерлерин текшеришти. Айбек досунун дептерин текшерип жатып бир нече сөздөрдүн ката жазылганын байкады. - Ал кайсы сөздөр? - Айбек досуна кандай кеӊеш берет? Биздин Ысык-Көлүбүз керемет. Ысык-Көлгө жайкысын Минсктен, Томсктен жана башка шаарлардан миңдеген эс алуучулар жана туристтер келишет. Ката жазылган сөздөр: _________________________________________________________ Кеӊеш: _______________________________________________________________________

2

Калтырылган чекиттердин ордуна тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүн коюп жаз. Өсүмдүккө эӊ зарыл шарттардын бири – жарык. Жарык... бизге Күн берет. Жарык болбосо, өсүмдүк өспөйт. Алар жарык... кубат алышат. ______________________________________________________________________________________________________________________________________________________

3

Асан жекшемби күнү сейил бакка эс алууга чыкты. Ал айланага көз чаптырды. Анан ал жаратылышты 2ге бөлүүнү чечти. Асан кандай кылып бөлүштүрдү? Асанга жардам бер.

4

Текстти окуп чык. 4 - 5 – тапшырмаларды аткар. “Google” сайты – интернетке байланыштуу кызматтарды: интернеттен маалыматтарды издөө, аларды табуу жана жарнаманы камсыз кылган америкалык эл аралык компания. Бул компания Ларри Пейж жана Сергей Брин тарабынан түзүлгөн. Компаниянын максаты – дүйнө жүзүндөгү маалыматтарды жалпыга жеткиликтүү жана пайдалуу кылып уюштуруу. Ал интернетте колдоно турган электрондук кат, кеңсе программаларынын топтомдорун жана социалдык желелер кызматтарын колдонууну сунуштайт. Ал ноутбуктар үчүн да иштөө системасын түзгөн. №4. Сол жакта турган ар бир сөзгө оң жактагы сөздөрдүн ичинен дал келгенин тап. (б.а. дал келген эки элементти туташтыр). Оң жактагы сөздөрдүн бирөөсү ашык.

А


Б


В




5

Жогоруда окуган тексттин ичинен көптүк санда турган зат атоочторду жазып чык. Мисалы: ______________________________________________________________________

6

Кыймыл-аракетти билдирген сөздө ката бар сүйлөмдү белгиле.

а) Биздин сабак башталды. б) Жыйналышка катышуучу элдер чогулду.

в) Карааныӊды бир көрүүгө зар кылдыӊ. г) Сага окшош бир да жылдыз таба албадым.

7

Жөнөкөй этиш сөздү татаал этишке айландырып жаз. Окуучулар мектептен келатышат. Мисалы: _____________________________________________________________________

8

Кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдү чак боюнча бөлүштүрүп жаз. Окуду, жазып жатат, бийледи, уктап жатат, ырдашат, чуркайт, барышты, окуп отурат, жуунат.

9

Сүйлөмдөрдү жак боюнча ирээти менен жайгаштыр. 1. Ал күздүк буудайды өз убагында септи. 2. Мен баш көтөрбөй иштейм. 3. Сен көп уксаӊ, аз сүйлөйсүӊ. 4. Сиз окуучуларга мыкты билим бериӊиз.







10

Сөздөрдүн тушуна (+) коюп этиштин жактарын белгиле.

11

Текстти оку жана 11-14 – тапшырмаларды аткар.

1) Айрым жерлерде жер алдынан суу агып чыгып турат.

2) Туптунук, муздак жана таза суу.

3) Түбүнөн таштары көрүнүп турат.

4) Муну элибизде булак дейт.

5) Суу чыгып турган жерди «булактын көзү» деп аташат.

6 ) Булакты булгоо жарабайт.

7) Жер алдынан жылуу суу чыгышы да мүмкүн.

8) Андай булактар дарылык касиетке ээ. Окуган тексттин ичинен сын атооч сөздөрүнөн 4тү таап жаз. Мисалы: ___________________________________________________

12

13

«таш» деген зат атоочтон катыштык сын атооч жасалган сөздү тап.

а) таштар б) таштын в) таштуу г) таштан

14

Текстти окуп чык, алтынчы сүйлөмдөн кийин өзүӊдүн сөзүӊ менен 1 сүйлөм улант.

1) Айрым жерлерде жер алдынан суу агып чыгып турат.

2) Туптунук, муздак жана таза суу.

3) Түбүнөн таштары көрүнүп турат.

4) Муну элибизде булак дейт.

5) Суу чыгып турган жерди «булактын көзү» деп аташат. 6) Булакты булгоо жарабайт.

7) ___________________________________________________________________________8) Жер алдынан жылуу суу чыгышы да мүмкүн. 9) Андай булактар дарылык касиетке ээ.

15

Сүйлөмдөрдү окуп чык, төмөндө берилген таблицага сөз түркүмдөрүнүн ар бирине 2 ден мисал жаз. Сөздөрдү баштапкы формада же текстте жолуккан боюнча жазсаӊ болот. Таң эрте токойдо күндү дароо көрүүгө мүмкүн эмес. Жалындаган нурлар аркылуу гана ал чоң дарактын артына жашынып, таңкы кыйгач нурларын ошол жерден караңгы токойго чачыратканын билебиз.

16

17

Сан атоочторду коюп, сүйлөмдөрдү толукта. _____ жолдош токойго барды. ______ убакта алар алды жактан чоӊ аюунун келе жатканын көрүштү. Жолдоштордун ______ бактын башына чыга качты да, жашынып калды.

18

Азамат кыргыз тили сабагынан сүйлөмдү көчүрүп жатып, сүйлөмдөгү сөздөрдүн арасынан сан катышкан сөздөрдү байкады. Алар кайсы сандар? Күчтүү пилге жоон бакты эки жолу көтөртүштү. ___________________________________________________________________________

19

Эсептик сан атоочту иреттик сан атоочко айландырып сүйлөм түзүп жаз. Досум беш китеп окуду. ___________________________________________________________________________

20

Иреттик сан атоочту сан менен жаз. Бөбөгүм Арсен экинчи класста окуп жатат.