СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

4-декабрь "Манас"кунуно карата адабий музыкалык кече

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Манас-кыргыз рухунун туу чокусу"

Просмотр содержимого документа
«4-декабрь "Манас"кунуно карата адабий музыкалык кече»



Адабий-музыкалык кече

Тема : « Манас»-кыргыз рухунун туу чокусу

Максаты: 4-декабр «Манас» куну тууралуу окуучулар кенири маалымат алышат.Эпостун кыргыз журтчулугунун жашоосундагы ордун,маанисин тушунушот. «Манас» эпосу аркылуу мекенчил болууга багыт алышат.

Журушу:



1.(Сахна жабык ,сахнада катышуучулар тизилип турушат.Аксакал карыянын уну комуздун коштоосунда жанырат.Кошоголор жай ачылат.)



Оо адамзаттын жолу татаал беле?

Ааламдын сырын ачар беле ?

Ата –баба сырын билсе,

Алоолонуп жанаар беле…

Жоголоордо кыргызды тапкан Манас,

Жосунсуз кундо кыргызды баккан Манас.

Кыргыздын оту очоордо,

кыргыздын отун куйгузуп жаккан Манас.

Оо айланайын жараткан,

Журтубуздун эртенни корунгон бейм.

Эл коргогон шерлердин,

Туяксыз кеткен эрлердин.

Эрдиги журтка баян болуп ,

Айтыла турган кез келди.

2.Саламдашуу

Аиша:

Манастан алган сабакты,

Уйронуп бир топ санатты.

Башты ийип,бугулуп,

Калкыма айтам саламды.

Айганыш:

Салам айтам,

Бакайдай аыкылманга,

Каныкейдей ууздарга.

Айчуроктой ак кууларга,

Манастай кабыланга.

Ширин:

Салам айтам,

Улуу кыргыз калкыма,

Ушул турган жалпына.

Келечекке талпынган ,

Кыз уландар ,жаштарга.

Адема:

Манастай уулду жараткан,

Кутмандуу элим аманбы.

Ааламга жеткен баатырдын,

Урпактары айтат саламды.

Зарина:

«Манас» бар кезде -кыргыз бар,

Кыргыз бар кезде -« Манас»бар.

«Манас»деп ураан чакырып,

«Манас»деп жашайт кыргыздар.

Мугалим:

«Манас» эпосу –кыргыздын улуттук сыймыгы.

«Манас» эпосу –кыргыз элинин кылымдар каатыткан тарыхынын казынасы.

«Манас» эпосу –дуйнодо тендешсиз зор кооломдуу чыгарма.

«Манас» эпосу –кыргыздын байыркы эл экендигинин далили.

4- декабрь-Манас кунунно арналган кечебизди баштоого уруксат этиниздер.

3. «Манас Гимни»

Кайын барбы кыргыз балта чаппаган,

Кыр-жон барбы кыргыз кыргын таппаган.

Кылымдардан аты калбай очоордо ,

Кыргыз элин кыраан Манас сактаган.

Кайырма:

Асман менен жериндин,

Тироосунон буткондой.

Айын менен кунундун,

Бир озунон буткондой,

Ээй Тенир уулу эр Манас,

Оой Айкол бабам Шер Манас.



Белес,белден беш удургуп откон эл,

Арстан болуп ай чапчыган кочмон эл.

Курандылап куруп бара жатканда ,

Эр Манасты туу карманып оскон эл.

4.-«4-декабрь –Манас куну»проектор аркылуу видео –слайд корсотулот.

5. Манастын 7 осуяты.

  1. Дастан: -Эл журттун ажырагыс бутундугу,бир жакадан баш,бир женден кол чыгарган ички биримдиги.

  2. Арлен :-Улуттар аралык ынтымак ,достук жана кызматташтык.

  3. Адилет: -Улуттук ар намыс жана атуулдук ариет.

  4. Ахмед:-Арыбас мээнет,алдынкы онор билим менен бакубат доолотко умтулуу.

  5. Абдурахман:-Гуманизм ,айколдук,кечиримдуулук.

  6. Илимбек:-Табият менен таттуу мамиледе болуу.

  7. Актилек:- Кыргыз мамлекеттуулугун чындоо жана аны коздун карегиндей сактоо.

6.Кыргыз бийи «Молмолум»

Жасмина,Адема,Айнура,Зарина,Айкида,Айганыш.

7.Корком ырлар:

8.Манас айтуу:

Айкида,Барсбек,Жасмина,Сейитбек.

9.Ценка «Кошой бабанын батасы»

10.Обондуу ыр «Айкол Манас»



Айкол Манас ,шер Манас ,

Телегейи тен чыккан

Бактысына кыргыздын,

Бабам Манас эр чыккан.

Эий эий бабам Манас Эр чыккан.



Тугонгон сайн тутогон,

Туу казанак шер чыккан.

Беттешкенин бет кылган,

Берген шертке эй бек чыккан.

Эий эий берген шертке эй бек чыккан.



Кулалы таптап куш кылган,

Курама жыйып журт кылган.

Кыргыз элин шер Манас,

Кыйын кундон куткарган .

Кыргыз учун жаралган эий эй.

Кыраан Манас эй ааламга.



Айкол бабам Эр Манас,

Узулгонду улаган.

Кочмон элин кураган.

Кен колду жерди ,жер кылган.

Эий эй Кен колду жерди жер кылган.

Кочмон элин эл кылган,

Таласын жердеп жер кылган.

Кыргызын жыйнап эл кылган.

Кыргызыма эй хан болгон.

Эий эий эй.

Касиетту эй жан болгон

11. «Залкар манасчылар» слайд корсотулот.

12.Бий «Айкол Манас»Г.Рыскулованын ырына балдар бийлешет.

13. Хор «Кыргызмын мен»

Эр Манастын урпагымын, намысты бекем кармаган,
Тайманбас эл жер үчүн, жүрөгүн арнаган.
Жанымды берем бүтүн, бир сен деп ар качан,
Манастын урпагымын, Манастын урпагымын, мен.

Кайырма 2 жолу:
Кыргызмын, кыргызмын мен, таймашта жеңилбеген,
Кыргызмын кылым кезген, көз күйүп элим деген,
Табият сырын сезген, толгонуп кемитбеген.

Баатырлар өткөн жанып, тарыхта өчпөс салып жол,
Дилиңден өчпөй жарык, баарына багыт бол,
Байлыгын сөзгө катып, көрсөткон анык жол,
Манастын урпагымын, Манастын урпагымын, мен.

Кайырма 3 жолу:
Кыргызмын, кыргызмын мен, таймашта жеңилбеген,
Кыргызмын кылым кезген, көз күйүп элим деген,
Табият сырын сезген, толгонун кемитбеген.

13. Жыйынтыктоо:

Манас деп согуп журоктор,

Эпосту окуп билели.

Атабыз баатыр болгонун,

Ар дайым айтып журолу-деген саптар менен бугунку «Манас кунуно»арналган кечебизди жыйынтыктайбыз.

Конул бурганыныздарга чон рахмат!










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!