Просмотр содержимого документа
«4-класс тарбиялык сабак»
4 «А» КЛАСС Тарбиялык саат
Сабактын темасы: Ыйман, адеп жана маданият-бул, улуу инсандык сапат.
Сабактын максаты:
- Окуучулар адамдын оң сапаттары болгон адептуулук , ыймандуулук жана маданияттуулук жонундо тушунук алышат.
- Окуучулар адамдын оң жана терс сапаттарын айырмалоону уйронушот.
- Окуучулар адептуулукко ,ыймандуулукка,
- маданияттуулукка ,улууну урматтоого , кичууну сыйлоого журум –турум маданиятын сактоого тарбияланышат
Сабакта колдонулган усул:
- Интерактивдуу усул
- Жаны материалды оздоштуруу
Топко болунуу
- 1-топ «Ыйман»
- 2-топ «Адеп»
- 3-топ «Маданият»
«Ыйман» тобу
- Ыйман-адамдын адамдык сапаттарынын кузгусу. Адам баласы жаратылыштагы бардык жандуулардын ан-сезимдуусу.
- Ыймандуулук-бир соз менен айтканда жашоодогу адамгерчилик тушунугу деген мааниде жатат.
- Биз улууларды урматтап ,кичуулорду ызаттап ,ар дайым жакшы мамиледе болсок гана , жамандыкка барбасак, алсыздарга, кары-картандарга жардам корсотсок бул ыймандуулукка жатат
«Адеп» тобу
- Адеп бул бузукулуктун чегине чейин жеткир турган адам баласынындагы асыл сапаттардын бири.
- Жулунуп жулкунбай , ынсаптуу болуп , озун да озголорду да сыйлай билуу бул адептуулукко жатат.
Адептуу ата наркын,
Ызаттап эне баркын.
Болокчо тарбиясы,
Сыйлагын элин, калкын.
«Маданият » тобу
- «culture» англис тилинен алынган соз. Кыргыз тилинде маданият б.а. тарбиялоо же иштетүү деген мааниде. Мазмуну боюнча өтө кеңири маанини билдирет.
- Маданият сөзүнүн мааниси көп түрдүү жана көп кырдуу деп айтсак болот. Мисалы: билим алуу маданияты, көчөдө же үйдө өзүн алып жүрүү маданияты, мейман күтүү маданияты, башка улуттардын маданияты, ден соолук маданияты, мектепте өзүн алып жүрүү маданияты, сүйлөө маданиты, коомдук жайда жүрүм-турум маданияты, тамактануу маданияты ж.б.
1-тапшырма
3 топко адамдын сүрөтү тартылган ватман таратылат.
Адамдын сүрөтүнүн оң тарабына, адамдын оң сапаттарын, ал эми сол тарабына адамдын терс сапаттарын жазуу.
2-тапшырма
Сүрөткө карап макал, табышмак айтуу.
3-тапшырма
Адептүүлүккө, ыймандуулукка, маданияттуулукка тарбиялаган макалдардан айтуу.
4-тапшырма Сабакты жыйынтыктоо ар бир топко класстер толтуруу учун ватман таратылат
Кайтарым байланыш анкетасы
Аты_______________Куну24.02.2017
Сабак сага жактыбы?_________________
Сабакта эмнелерди уйрондун?_______________
Дагы эмнелерди уйронгун келет?_____________
__________________________________________
Уйго тапшырма Ар бир топ ыйман, адеп, маданият жонундо эссе жазып келуу