СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

5-6-7-8-кл.тарбиялык саат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«5-6-7-8-кл.тарбиялык саат»

2019-2020 – ОКУУ ЖЫЛЫНЫН БИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА БИРИНЧИ САБАК: “САНАРИП ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ АДАМДЫН ТУРМУШУНДА” (5-8 – КЛАССТАР ҮЧҮН)

Максаттар: Билим берүүчүлүк: “санариптештирүү” түшүнүгү жана санариптештирүүнүн коомдун өнүгүүсүндөгү ролу менен тааныштыруу;

  1. Өнүктүрүүчүлүк: окуучунун логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө жардам берүү, уккан маалыматына талдоо жүргүзүп, өз оюн кыскача билдире алуусун өстүрүү жана калыптандыруу;

  2. Тарбияберүүчүлүк: өз иш- аракеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга тарбиялоочу шарттарды түзүү.

Колдонулуучу методдор жана формалар: аңгеме, акылчабуулу, топтордо иштөө, видео көрсөтүү.

Каражаттар: класстык такта, проектор, компьютер, таркатылуучу материал.

Сабактынжүрүшү

Сабактын этаптары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучулардын ишмердүүлүгү

Убак-тысы

Сабакты психологиялык- педагогикалык уюштуруу

Саламатсыңарбы, балдар. Силерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм.

Мугалимин жана классташтарын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттукташат.

1 мүнөт

Гимн

Келгиле, бүгүнкү салтанаттуу күндү Кыргызстандын гимни менен баштайбыз

Бардыгы орундарынан туруп, оң колун жүрөгүнө коюп ырдашат.

5 мүнөт

Сабактын темасы менен тааныштыруу

 Сабактын “Санарип технологиялары адамдын турмушунда” деген темасы боюнча кыскача маалымат берүү.

Балдар, силер Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019 – жылды  Өлкөнү санариптештирүү жана региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялаган жарлыгы менен таанышсыңарбы?

Азыр Кыргызстандын дээрлик ар бир жаранында интернет желесине чыгууга мүмкүнчүлүгү бар телефондору, көпчүлүгүнүн үйүндө компьютерлери жана планшеттери бар. Ишканаларда, фирмаларда да компьютерлер бар. Алар ар кандай программаларды – электрондук  эсеп – кысапты  ( жумушчулардын айлык маянасын эсептөө, фирмалардын киреше – чыгашаларын  көрсөтүү ж.б.) жүргүзүүгө, чиймелердин 3D басылмасы боюнча жасоого колдонушат.

Компьютер өндүрүшкө гана жардам бербестен, билим берүү тармагында да чоң мааниге ээ. Мисалы, Бишкек шаарында 1- класска электрондук жазылуу аркылуу барышат. Компьютер дароо эле баланын жашаган жерине жараша кайсы мектепке барарын билдирет. Көпчүлүгүңөр мектептерде электрондук журналдар жана күндөлүктөр бар. Жакында алар бардык мектептерде болот. Көбүңөр электрондук платформаларда жайгаштырылган iBilim жана Билим Булагынын материалдары жана www.lib.kg сайтындагы электрондук китептер менен тааныш болсоңор керек.

Бейтапканага да онлайн  түрүндө жазылууга болот, ал эми саламаттыкты сактоо жаатында көпжылдардан бери телемедицина багыты бар. Анда алыскы аймактарда жашагандар дарыгерден дартты аныктоо үчүн кеңеш  же кыйын операция жасоодо адистен онлайн түрүндөжардам  болот

Мынаошентип, компьютердик – санариптик   технологияларадамдарга жашоонун бардык чөйрөсүндө жардам берет.

Келгиле, азыр мен айткан маалыматтын негизинде санариптештирүү деген эмне экенин аныктайбыз.

Санариптештирүү – булл маалыматты аналогдук жол менен берүүдөн санариптик жол менен берүүгө өтүү.

Санарип технологияларын эмне үчүн колдонобуз?

Биз санарип технологияларын ар кандай процесстер (уюштуруучулук, бизнес ж.б.) натыйжалуу, сапаттуу болуусу, замандын арышы менен жүрүү үчүн колдонобуз.

Балдар мугалимдинмаалыматынугушат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Окуучулар “санариптештирүү” түшүнүгүнүн аныктамасын берүүгө аракет кылышат

5 мүнөт

Санарип технологияларын адам турмушунда колдонот

Балдар,айткылачы,  санариптехнологиялары эмнеси менен пайдалуу болушу мүмкүн? Кандай деп ойлойсуңар?

Мугалим акыл чабуулу технологиясын (окуучулардын бардык жоопторун тактага жазат, алардын бири – биринин  жообунсындап, баа берүүгө жол бербейт).

Мугалим керек болгон учурда окуучулардын жоопторун толуктап турат:

·         жашаган жерине карабастан соодасын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр  (интернет – соода );

·         электрондук төлөмдөрдүн жана мобилдик банкингдин өнүгүүсү: аймактарга банктык тейлөөлөрдүн санын жогорулатуу керек:

·         өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн активдүү алдыга жылдыруу жана жер – жерлерде   аймактык туризмди өнүктүрүүгө түрткү болуучу социалдык түйүндөр аркылуу интернет – брондоону  кеңири колдонуу;

·         кичине жана орто бизнестин субъектилерине консультациялык, маалыматтык жана башка колдоолорду көрсөтүү;

·         дистанттык билим берүү.  Жашаган жеринде эле билим алуу мүмкүнчүлүгү. Ден соолугу чектелген адамдардын билим алуууга мүмкүнчүлүгүнүн жеткиликтүүлүгү.

Акыл чабуулуна катышышат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3 мүнөт

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Окуучулардын жооптору менен

5-7 мүнөт

 


5-6- класстар үчүн топтордо иштөө.

       Балдар, биз IT-технологияларынын жардамы менен көптөгөн маселелерди чечүүгө болоруна токтолдук, бирок мында ар кандай көйгөйлөр да жаралбай койбойт экен.

Санарип технологияларын жашообузга киргизүүдө ар бирибизди кандай коркунуч күтүшү мүмкүн?

– адамдарды компьютерге алмаштыруу, жумуш орундарынын кыскарышы;

–  акча каражаттарын уурдоо;

–  жеке маалыматтарды уурдоо;

– хакерлердин иш- аракети;

– террористтик уюмдарга жана ар түрдүү секталарга адамдарды тартуу үчүн интернетти колдонуу

– жалган маалыматты таратуу (“фейк маалыматтары”);

– компьютерди квирустардын ж.б. айынан маалыматтарды жоготуу.

Келгиле, биз бүгүн силер менен эмне кылганда Интернетти колдонуу коопсуз болорун түшүнүүгө аракет жасайбыз.    Класс топторго бөлүнөт, ар бир топ 3 суроого жооп берет:

1.      Интернетте эмне кылууга болот?

2.      Интернетте эмне кылууга болбойт?

3.      Интернетте иштөөдө кандай эрежелерди  колдоном?

Топтор ишин презентациялагандан кийин аларды тактага/ маалымат тактасына илип, балдарга “Эскерткич” таркатылат.

 « Интернетти колдонуунун жалпы коопсуздук эрежеси»:

1.      Интернетке кошулуунун алдында компьютердин вируска каршы коргонуусунун күйгүзүлгөнүн текшергиле. Программалык камсыздоону коргоо версиясын жаңылагыла (керек болгон учурда);

2.      Компьютерге зыяндуу файлдарды жүктөөгө алып келүүчү гиперссылкаларды активдештирбегиле:

3.      Компьютерге тааныш эмес веб – сайттардан  программалык камсыздоону орнотпогула;

4.      Таанышэмес веб – сайттарга  жайгаштырылганбан жерлерди (рекламалык же көңүлачуу мүнөздөгү) активдештирбегиле;

5.      Эгерде электрондук почта аркылуу жөнөтүүчү силерге тааныш эмес болсо, ал жөнөткөн файлдарды ачпагыла;

6.      Интернетте өздүк маалыматыңар менен бөлүшпөгүлө;

7.      Колдонуучунун атын, пароль талапкылган корголгон сайттарды колдонгула. Пароль тамга жана сандан турган, 8ден кем эмес символдордон туруусу керек. Ал көпчүлүккө белгилүү жөнөкөй сөздөн же даталардан болбоосу зарыл;

8.         Интернет аркылуу таанышкан адам менен жолугууга көнбөңүз, сүрөтүңүздү жөнөтпөңүз, өзүңүз тууралуу маалымат (толукаты- жөнүңүз, дарегиңиз, мектебиңиз, сабактарыңыздын жүгүртмөсү, үй- бүлөңүзж.б.) бербеңиз;

Бул эрежелерди окуучулар бүт окуу жылы бою сактоого тийиш

Эгерде убакыт болсо, сабак тыбышыктоо үчүн Интернет тармагындагы коопсуздук жөнүндө видео роликти көрсөтүүгө болот. https://www.youtube.com/watch?v=i3ari42l4ac

 

Окуучулар технологиялардын киргизилишине байланышкан ар кандай коркунучтар боюнча суроолорго жооп беришет

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Топторго бөлүнүү

 

Топтордо иштөө

 

Ишти презентациялоо

 

 

 

 

 

 

3 мүнөт

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-3 мүнөт

 

5-7 мүнөт

 

Ар бир топ –  2-3 мүнөттөн.

 

 

1 мүнөт

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-5 мүнөт

 


7-8- класстарүчүнтоптордоиштөө.

Мугалималдын ала мектеп жайгашкан аймакта өнүгө турган кластер тууралуу маалыматты даярдайт.

“Аймактардын экономикасынын тармактык түзүлүшүн үйрөнүү төмөнкүдөй кластердин өнүгүүсүн көрсөттү:

– билим берүүчүлүк (Бишкек жана Ош шаарлары);

– куруучулук (Чүй, Ош облустары);

– туристтик  (Ысык-Көлоблусу);

– нефти- химиялык (Жалал-Абадоблусу);

– агрардык өнөр жай  (көпчүлүкаймактарда, айрым шаарларды, райондорду кошпогондо);

– мал чарбачылык (Чүй, Нарын облустары);

– транспорттук-коммуникациялык (Нарын, Ош, Ысык-Көл, Чүйоблустары, Бишкек ш.);

– медициналык – фармациялык ( Бишкек ш.).»

 

Кененирирээккараңыз  http://www.gov.kg/?page_id=92323&lang=ru

2018 – 2022 –жылдарга Кыргыз Республикасынын аймактык саясатынын концепциясы

Окуучуларгатөмөнкү суроолорду топтордо талкуулоо сунушталат:

  1. Биздин райондо/ облуста кандай өндүрүштөр өнүгүүдө?

  2. Аймактарда өндүрүштү өнүктүрүү үчүн IT-технологияларын кантип колдонууга болот?

  3. Кандай кесипке ээ болгум келет (ал менин аймагымдын өнүгүүсү менен байланышта болобу)?

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Класс топторго бөлүнөт

 

Топтордо иштөө

 

Топтук иштерди презентациялоо

 

 

 

3-4 мүнөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-3 мүнөт

 

 

5-7 мүнөт

 

Ар бир топ –  2-3 мүнөттөн.

 

Сабакты жыйынтыктоо

5-6 – класстарда мугалим окуучулардын көңүлүн Интернетте иштөө эрежелеринин тизмесине бурат.

7-8 – класстарда  сабак  аймактарды өнүктүрүүнүн негизги  багыттарын ажанаалардын келечектеги өнүгүүсүнө окуучулардын кошо турган салымы менен жыйынтыкталат.

 


2 мүнөт