СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

5-класстар учун коопсуздук

Категория: ОБЖ

Нажмите, чтобы узнать подробности

Коопсуздук эрежелери 

Просмотр содержимого документа
«5-класстар учун коопсуздук»

V класстар үчүн коопсуздук өзгөчө кырдаалдар.


Шаар (айыл) коркунучтун булагы катары. Калк жашаган чөйрөдөгү (өз ара карым-катнаштын бузулушу, элдердин чогулуусу, элдин кесиптик бөлүнүшү) шаарлар (айылдар) өзгөчөлүктөр. Өтө коркунучтуу аймактын болушу (транспорт, элдердин чогулган жери). Адамдын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында экологиялык тең салмактуулуктун бузулушу. Мамлекеттик жана муниципалдык коопсуздукту камсыз кылуунун системасынын (милиция, өрт коопсуздугу, тез жардам ж.б.) тапшырмалары жана мүмкүнчүлүктөрү.
Турак-жайдагы авариялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал. Заманбап турак-жайлар, алардын түзүлүштөрү жана жашоо камсыздандыруу (суу түтүктөрү, жылуулук, канализация, жарык берүү ж.б.) өзгөчөлүктөрү. Турак-жайлардагы болуучу авариялык мүнөздөгү кырдаалдар (өрт, суу каптоо, конструкциянын бузулушу, кыйроо).
Турак-жайда өрт чыгуу. Өрттүн келип чыгуу себептери (электр түйүндөрүнүн эрежесин бузуу же кемчиликтери, телевизордун күйүп кетүүсү, газдын чыгуусу, мештерди туура эмес жылытуу, жылыткыч приборлорун туура эмес колдонуу, от менен ойноо ж.б.). Синтетикалык материалдын күйүү өзгөчөлүгү. Курулуштун өрткө туруктуулугу. Өрт учурундагы өзүн алып жүрүү эрежесине рекомендация. Көп кабаттуу имараттардан ташып чыгуу. Өрт өчүрүүчү каражаттар жана аларды колдоно билүү. Өрт өчүрүүдөгү дайыма колдонгон каражаттар (суу, кум ж.б.) өрт өчүргүчтөр, алардын түрлөрү. Аларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү.
Турак-жайды суу каптоо. Каптоонун себептери (борбордук жылыткычтын батареялары жарылганда, канализациядан суу акканда, кранды бекитүүнү унутуп калганда ж.б.). суу каптоодогу өзүн алып жүрүү эрежелери жана суу каптоонун себебин жоюудагы зарыл чаралар.
Тиричиликтеги химиялык каражаттар. Колдонуудагы эреже бузуудан келип чыккан коркунучтар (уулануу, күйүк), ууланууда жана күйүктө биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
Транспорттогу өзгөчө кырдаал. Заманбап транспорт - өтө коркунучтун аймагы. Заманбап коомдук (автобус, троллейбус), темир жол, суу жана авиациялык транспорт түрлөрүнө кыскача мүнөздөмө. Заманбап транспорттун энергетикасы жана коопсуздук шарттары. Транспортко түшүүдөгү жана чыгуудагы, жолдон өтүүдөгү жана авариялык кырдаалдагы жүргүнчүлөрдү тооруган коркунучтар. Транспорт каражаттарын колдонуудагы жүрүш-туруш негизги коопсуздук эрежелери. Коомдук транспорт. Жол кыймылынын катышуучуларынын жүрүш-туруш эрежелери. Жол-транспорт кырсыктары, келип чыгуу себептери жана кесепеттери. Авария болгондогу жүрүш-туруш, жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүү.
Темир жол транспорту. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу. Өзгөчө кырдаалдарда (кыйроо, вагондогу өрт, ток берүүдөгү авария, кокусунан токтоп калуу, поездден калып калуу ж.б.), өзүн алып жүрүү эрежелери.
Суу транспорту. Өрткө каршы көрүлүүчү чаралар. Коллективдик жана жекече коргонуучу каражаттар. Күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдар. кемеден чыгып кетүү жолдору, өзүн алып жүрүү эрежелери.
Авиациялык транспорт. Самолеттун учуусунун коопсуздугун камсыз кылуу. Жүргүнчүлөрдүн ар кандай кооптуу кырдаалдардагы жүрүш-туруштары (учуу, конуу учурларындагы өрт чыгууда, конууга аргасыз болгондо самолетту таштап чыгып кетүү, самолетту террористтер барымтага алганда). Самолеттун салонунда коопсуз жайгашуу.
Социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал. Калк жашаган шаардагы (айылдагы) жалпы криминалдык кырдаал.
Үйдөгү ар кандай уруш-талаш учурларында балдардын өзүн алып жүрүүсү. Мектеп рэкети, акча өндүрүү, кыздардын чатагы. ИИМдин кызматкерлеринин мектеп окуучулары менен алдын алуу иш чараларын өткөрүүсү.
Коопсуздукту камсыз кылуудагы жана кырдаалды баалоодогу маалыматтык фактордун ролу, күч колдонууга карата, анын ичинде өзүн-өзү коргоого өз убагында көрүлгөн чечкиндүү иш-аракет. Өзүн-өзү коргоо жана анын чеги.
Жашап турган жердеги экологиялык тең салмактуулуктун бузулушуна байланышкан өзгөчө кырдаал. Жашап турган жердеги абанын, суунун жана топурактын булганышы, алардын себептери. Тамактануу, азык-түлүктүн сапатынын төмөндүгү жана ден соолукка тийгизген терс таасири.
Жашап турган жердеги экологиялык тең салмактуулугунун бузулушунда (турак-жайдын герметациясы, квартиранын абасын тазалоо, сууну тазалоо, азык-түлүктүн сапатын көзөмөлдөө жана аларды көрсөтүлгөн убакка чейин сактоо) адамдын коопсуздугун камсыз кылуучу негизги иш-чаралар жана аларды аткаруунун тартиби.


Окуучулардын өзгөчө кырдаалдар учурундагы иш-аракеттери.
Жалпы билим берүүчү мектептерде өрт чыгуу учурунда окуучулардын иш-аракеттери. Өрт өчүргүчтөрдүн түзүлүшү жана алардын түрлөрү. Өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуунун эрежеси.
Имараттан ташып чыгуу иш-аракеттери. Газга каршы каражатты колдонуу эрежеси. Газга каршы масканы кийүүнү үйрөнүү.
Күйүктө биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери. Күйүктө биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери. Таңуучу пакетти кантип туура колдонот?



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!