СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

6-класс тарбиялык сааттын иштелмелери

Нажмите, чтобы узнать подробности

тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«6-класс тарбиялык сааттын иштелмелери»
























6-КЛАСС


ҮЧҮН


ТАРБИЯЛЫК


САБАКТАР































1


Сабактын темасы: МАКСАТ ЖАНА МАКСАТКА


УМТУЛУУЧУЛУК


Сабактын максаты:


  • Максат коюунун маанисин түшүнүшѳт;


  • Тексттерди окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат;


  • Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт.


Сабактын жабдылышы:


Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк),


темага байланыштуу таркатмалар ж.б.


Сабактын ыкмасы: Башкарып окутуу


Сабактын жүрүшү:


Мугалим:


Элибизде: «Таланттуу бала талпынган куштай, кумары канбас асманга учпай» деген нускалуу кеп бар. Бул сага тиешелүү жаш жеткинчек. Дайыма талпынып, куш сыяктуу чексиз бийиктикке, асманга, илимдин туу чокусуна, талбас эмгекке умтулуп турсаң, тилеген максатыңа жетүүгѳ аракет кылсаң жараткан ѳзү сага жар болот.


Ар бир адам келечекке максат коюп жашайт. Кѳздѳгѳн максатыңа жетүүгѳ ашыгат. Максатсыз эч бир инсан болбосо керек. Сен дагы алдыга жакшы максат кой. Элибизде: «Жаштын тилегин берет», «Жакшы ниет жарым ырыс» дейт эмеспи. Сен курдуу балдардын алдыга койгон максаттарын окуп кѳрчү. Балким, сенде мындай максаттар четтеп саналаар.


Менин максаттарым (окуучулар оз максаттарын айтышат)



Мен эл керегине жараган ѳмүр сакчысы болсом деп максат кылам. Ак халатчан ѳмүр сакчылары адамдардын жашоосуна ѳмүр улайт эмеспи. Алар мээримдүү, кийген халаттарындай кѳңүлдѳрү да таптаза аруу инсандар. Талбай билим алып, ушул кесипке тезирээк эле жетсем экен.




Окуткан эжейимдей мугалим болууну дайыма самап келем. Эжейдин сабакка кирүүсүн чыдамсыздык менен күтѳбүз. Ал мээримдүү жана боорукер. Бар билимин окуучуларына арнаган, мээрими чексиз мугалим болуу менин эң улуу максатым. Тилегим кабыл болсо экен.




Менин максатым эл керегине жараган, адептүү, аруу дилдүү жѳнѳкѳй адам болуу, жана керектүү бир кесипке ээ болуу. Алдыга койгон максатка жетүү үчүн талбас эмгек, жогорку билим керек эмеспи. Ошондуктан илим сересине чыгууну да тилек кылам.



Бышыктоо: Нуска сѳздѳр


Жаңы билим менен босогону аттасаң,


Жаркыраган келечек күтүп алат.


Билим менен куралданбаган адам бийиктикке жетпейт.


Бакытка жетем деген аракетиң,


Бараандуу эмгек менен айгинеленсин.


Ак кѳңүлдүүлүк менен аруулук, жана эмгекчилдик менен жѳнѳкѳйлүк улуулукка жетелейт.


Үйгө тапшырмалар:


1.«Менин максатым» деген темада дилбаян жазгыла.


  1. Максат, максатка умтулуучулук жѳнүндѳ класстер түзгүлѳ.





























Сабактын темасы: ЖОЛДОШ ЖАНА ЖОЛДОШЧУЛУК


Сабактын максаты:


  • Жолдош жана жолдошчулук жѳнүндѳ түшүнүк алышат;


  • Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат;


  • Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт.


Сабактын жабдылышы:


Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк),


темага байланыштуу таркатмалар ж.б.


Сабактын ыкмасы: Башкарып окутуу


Сабактын жүрүшү:


Мугалим:


Эмне үчүн адам жолдоштук мамилеге муктаж? Эмне үчүн кыргыз элинде «Жолдош - кудайдын бир аты» - деп аздектеп айтылат? Бул акылга назар салчы...


Окуучум, тирүү адам албетте жолдошсуз болбойт. Ким менен жолдош тутунсаң дагы, жолдоштуктун каадаларына кѳнүл бургун. Кимде-ким жолдошун эсине албаса, жолдошу дагы аны эсине ал байт. Кимдин жолдошу кѳп болсо айыптары жабылат. Жаңы жолдош тапсаң, эски жолдошторуңдан жүзүндү үйрүбѳгүн. Жакшы жолдош - адамга улуу казына. Айрым адамдар сени менен жарым жолдош болушат. Алар менен да жакшы жүргүн. Сенден жакшьшык кѳрүшсѳ акырындап сени менен бир денедеги жан сыяктуу жакындашьш чыныгы доско айланышат. Жолдошуңдун жолдошторун ѳз жолдошторуң, душмандарын сенин дагы душмандарың катары сана. Жолдошуңа душман, душманыңа жолдош болгон кишилер менен, ошондой эле акылсыз менен асти жолдош болбогун. Акылсыз, наадан жолдош акылдуу душмандан жаман.


Окуучум, жолдошум кѳп деп баарына тегиз караба. Турмушуң шаң-салатанат менен ѳтүп турган убакта ѳздѳрүн жолдош кѳрсѳтүп, муктаждыкка кабылган чагыңда таштап кеткен адамдарды жолдош деп билбе. Анткени алар чыныгы жолдош эмес, талкан жолдоштор. Бир күнү капилет душман болуп калса, сага зыян келтирет. Бушайман болосуң, тыйынчалык пайда чыкпайт.



Бышыктоо үчүн суроолор:


1.«Дос - Кудайдын бир аты» - дегенди кандайча түшүнѳсүң?


  1. «Жакшы жолдош адамга улуу казына» - деген нуска сѳздүн мааниси кандайча чечемеленет?


  1. Жолдошуңдун душмандары эмне үчүн сага да душман болот?



Залкар ойлор


Чыныгы жолдош, жакшылыкты,


Жамандыкты тең бѳлѳт.


Сен уктасаң, кошо уктап,


Сен кѳргѳндү тең кѳрѳт. В.Шекспир


Адамды чанып кѳнгѳн киши жолдоштукка жарабайт. Демокрит



Үйгө тапшырмалар:


1.Жолдоштукту даңазалаган кѳркѳм чыгарма жаратып кѳрчү.


2.Жолдоштук жѳнүндѳгү макал-лакаптарды таап жаттагыла.


3.Залкар ойлорду окуп, класста талкуулагыла.


































































Сабактын темасы: КЕКЧИЛ БОЛБО, КЕЧИРИМДҮҮ БОЛ!


Сабактын максаты:


  • Кекчил болбой кечиримдүү болууну үйрѳнүштү;


  • Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат;


  • Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт.


Сабактын жабдылышы:


Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк),


темага байланыштуу таркатмалар ж.б.


Сабактын ыкмасы: Багыттап окутуу


Сабактын жүрүшү:


Мугалим:


Бир акылман: «Бирѳѳ бир жаагыңды урса, анда экинчи жаагыңды тосуп бер» деген экен. Муну менен эмне демекчибиз? Элибизде жакшы сѳздѳр бар эмеспи «Алдыңа келсе жети атаңдын кунун кеч», «Жакшылыкка жакшылык ар кишинин ишидир, жамандыкка жакшылык эр кишинин ишидир» деген сыяктуу. Жакшьшыкка жакшылык кылуу ар бир адамдын аткара ала турган жумушу, ал эми жамандыкка жакшылык кылуу кѳпчүлүктүн колунан эле келе бербейт. Ал үчүн эрк, сабырдуулук керек. Кечиримдүү, айкѳл болууга умтулушуң керек. Кекчилдик сапатты ѳзүңдѳн оолак тутууга аракет кыл. Пейилиңди оңдо. Пейил - бул адамгсрчиликтин чен-ѳлчѳмү. Эгер сенде адамга тиешелүү бардык асыл сапаттар болсо, бардык адамдар ѳзүңѳ жараша мамиле кылат.


Талкуу үчүн текст:


Талкуу үчүн «Отуз жыл бою айтылбаган сыр» тексти тыным менен окулат. Окуучуларга алгач тѳмѳнкү суроо берилет: Текстте кекчилдикке,


кечиримдүүлүккѳ байланышкан кандай окуялар баяндалат деп ойлойсуңар? Андан соң, чыгарманын биринчи бѳлүмү кѳрктүү окулат.


Жылдызбек кѳз байланганда гана үйгѳ баш бакты. Негедир күндѳгүдѳн башкача, жашырып каткан бир сыры бардай. Ал түз эле уктоочу бѳлмѳсүнѳ кетти да, чакырса да кечки тамакка келбеди.


-Уктайм, дейт чарчаган го... Тим кой, - деди апасы, - Эртең менен эрте турат эмеспи.


«Ооруп калган жокпу?» деп шекшиген Садыр Жылдызбекке барды. Жылдызбек ал учурда эч нерседсн капарсыз уктап калыптыр. Жашырып каткан кѳгѳргѳн чекеси менен кѳзү даана кѳрүнүп, чалкасынан түшкѳн.


Атасы уулунун бул абалын кѳрүп чочуп кетти. Чекеси да ысып турат. Садыр Жыддызбекти эптеп ойготту. Уйкусун ачкан соң, эмне болгонун сурады.


Окулган текстти окуучулар кайталап айтып беришет. Мындан кийинки окуя кандай болоору жѳнүндѳ божомолдорду айтышат.



Ой жүгүртүү үчүн суроолор:


1.Жылдызбек эмне үчүн ачыгын айткан жок, эмне үчүн атасын алдады?


  1. Атасы баласына отуз жыл бою айтылбаган сырды эмне үчүн айтып берди деп ойлойсуңар?


Үйгө тапшырмалар:


  1. Нуска сѳздѳрдү окуп, талкуулагыла.


2.«Кекчил болбой, кечиримдүү бол!» деген темада дилбаян жазгыла.


7











































Сабактын темасы: БИРѲѲГѲ ЖАМАНДЫК ОЙЛОБО ЖАНА ЖАСАБА


Сабактын максаты:


  • Жамандыктын кандай экенин түшүнүшѳт;


  • Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат;


  • Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт.


Сабактын жабдылышы:


Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк),


темага байланыштуу таркатмалар ж.б.


Сабактын ыкмасы: Багыттап окутуу


Сабактын жүрүшү:


Мугалим:


Балдар, «жамандык» деген сѳз кулакка канчалык жагымсыз туюлары баарыбызга эле маалым. Бирѳѳгѳ жамандык жасоодон алыс болгула. Ата-бабаларыбыздын «Бирѳѳгѳ ор казсаң, ага акыры ѳзүң түшѳсүң», «Бирѳѳгѳ ыргыткан ташың, ѳз башыңа тиет» деген нуска сѳздѳрү бар эмеспи. Булардын канчалык деңгээлде чындык экендигин тѳмѳндѳгү окуядан байкоого болот.


Талкуу үчүн текст:


Жамандыктын кесепети


Бир шаарда эки адам кошуна жашаптыр. Бири аябай ыймандуу, адилеттүү, ак ниет адам экен. Аны жанындагы кошунасы эч кѳралбайт экен. Баскан турганын, жасаган ишин аңдып, дайыма ач үчүн жамандьык издеп жүрѳ берет. Абийирин кетирип, элге шылдың кылсам деп самайт, бирок ал адамдын эч бир жаман жагын байкабайт. Кайра күндѳн-күнгѳ аброй күтүп эл оозуна алына берет.

Акыры айласы түгѳнгѳн кара ниет кошунасы бир кул сатып алат. Ал кулга жакшы мамиле жасап ѳзүнѳ кѳндүрүп алып бир күн ага мындай дейт:


-Мен сага кѳп жардам бердим, эми менин да айтканымды аткаргын, - дейт. Ошентип күн кечкиргенде ал сатып алган кулун ээрчитип баягы ак ниет кошунасынын тамбашысына чыгат да, кулуна кайрылып:


-Эми сен мени ѳлтүргүн, - деп айтат. Ал аябай таң калып, анын себебин сурайт. -Менин ѳлгѳн денемди кошунамдын тамбашысынан таап, аны күнѳѳлѳшѳт, ал


элге маскара болот. Мен ошондо ѳз максатыма жетем, - деп айтат.


Кызматчысы ал иштен баш тартып:


-Урматтуу тѳрѳм, мен сизге таң калып турам. Сиз ѳлгѳңүңүздѳн кийин кошунаңыздын маскара болгону кандай пайда берет? - дегенине да болбой, ѳз максатынан кайтпай, кайра-кайра жалдырап, кѳп акча сунуш кылып, ѳзүнүн макулдугун жазып туруп алат. Кызматчысы айласыз анын сунушун аткарат да, ѳзүнѳ тиешелүү байлыкты алып, ал шаардан качып кетет.


Эртеси караниеттин сѳѳгүн кошунасынын тамбашысынан таап, аны ѳлтүрдү деп күнѳѳлѳп зынданга салып коюшат. Ошентип ак жеринен караланып калат.


Ал эми караниетти ѳз каалоосу менен ѳлтүргѳн кул жарым жолго барганда. эсине келип, күнѳѳсүз кошунанын абалын элестетип кайра кайтат. Хан сарайга барып,


караниет жазып берген кагазды кѳрсѳтүп, окуяны баяндап аны зындандан куткарып алат.


Ой жүгүртүү үчүн суроолор:


  1. Эмне үчүн караниет кошунасын кѳралбайт деп ойлойсуңар?


  1. Кошунасын жаманатты кылыш үчүн ѳлүмгѳ да даяр экендигин кандайча түшнѳсүңѳр?

  2. Анын кызматчысы кандай адам экен?


Тапшырмалар:


  1. Нуска сѳздѳрдү окуп, маанисин чечмелегиле.


  1. «Жамандык» жѳнүндѳ жат кѳрүнүштѳрдү ролдоштуруп аткарып бергиле.







































5 сабак


БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК


(1-СЕНТЯБРЬ БИЛИМ КҮНҮ!)


Сабактын максаты:


  • окуучулар «билимдүүгө дүйнө жарык экендигин» түшүнүшөт;


  • билим тууралуу макалдардын, учкул сөздөрдүн маанисин түшүнүшөт;


  • илим-билим алууга умтулуу керектигин билишет;


  • билимдүү адам кор болбостугун, ар дайым сый үстүндө болорун билишет;


  • бирин-бири сыйлоого, бирөөнүн пикирин уга билүүгө көнүгүшөт;


  • адептик сапаттарын калыптандырышат ж.б.


Сабактын жабдылышы:


Билим тууралуу макалдар, учкул сөздөр жазылган плакаттар, түстүү маркерлер, ватмандар ж.б.


Сабактагы негизги иш-аракеттер:


Диалог, дискуссия, аңгемелешүү, окуу, топтордо иштөө.


Сабактын жүрүшү:


1-кадам: Уюштуруу иштери. Доскага тема жазылат, билим тууралуу макалдар, учкул сөздөр көрүнөө жерге илинет:


Билген билимине ишенээр, билбеген эмнесине ишенээр.


Билеги жоон бирди жыгат, билими зор миңди жыгат.


Билек жирей албаганды – билим жирейт.


Билим – адамдын канаты.


Билим – деңиз, акыл – кайык.


Билим – жанып турган чырак.


Билим жашоо – чырагы, өнөр – элдин курамы.


Билим – кенч, эмгек анын ачкычы.


Билим – мейман, акыл – ээ.


Билим – оошот, ырыс – жугушат.


Билим – ырыс азыгы.


Билим – элге, суу – жерге.


Билим акылдын чырагы.


Билим албаган жаш, там түбүндөгү таш.


Билим алуу ийне менен кудук казгандай.


Билим алууну бешиктен башта.


Билим болбой, илим болбойт.


Билим издеген өсөөр, бүлүк издеген өчөөр.


Билим үйрөнсө киши, көккө жетет тиши.


Билим көптүк кылбайт, өнөр аздык кылбайт.


Билим куттун түгөнбөс азыгы.


Билим кымбат, билүү кыйын.


Билим эр азыгы, эр эл казыгы.


Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.


Билимди сатып алабайт, анны казып алат.


11

Билимди элден изде, алтынды жерден изде.


Билимдин кени китепте.


Билимдин күчтүүсү - адамдык.


Билимдүү өлсө кагазда каты калат.


2-кадам: Сабак төмөндөгүдөй киришүү сөзү менен башталат.


Мугалим: Мына балдар, бүгүн 1-сентябрь! Билим майрамы! Баарыңарды майрамыңар менен куттуктайм. Силер билим алып, эл керегине жароо, ата-эненин ишеничин актоо үчүн мектепке кадам таштап жатасыңар. Доскадагы «Билимдүүгө дүйнө жарык» деген сөздү окудуңарбы? Кандай деп ойлойсуңар билимдүү адамга гана дүйнө жарык болуп, билим алалбай жүргөндөргө караңгы болобу? Сөз кандай мааниде айтылып жатат? Жарык болсо кандай аны кандай сезебиз?


Окуучулар мугалимдин суроосуна жооп беришип, тема жөнүндө өз ойлорун ортого салышат. Окуучулардын эркин сүйлөөсүнө мугалим шарт жаратыш керек.


3-кадам: Мугалим доскага илинген макалдардын ар бирине токтолуп, окуучулардан алардын маанисин сурап, класста талкуу уюштурат. Макалдарды дептерлерине жазып алышат.


4-кадам: Алыкул Осмоновдун «Биринчи сентябрь», «2» менен Эмилбек», «Окуу мага» деген ырларын мугалим көрктүү окуп, окучулардан ырдын маанисин сурайт. «2» менен Эмилбек» ырын окуучулар ролдоштуруп да окушат. Окуучуларга көрктүү окутса да болот.


Биринчи сентябрь


Күлө карап барлык жак,


Келген кенже билимге.


Салам айтат куттуктап,


Сентябрдын бирине.


Кары билим жол ачат,


Кичинекей билимге.


Мектептердин бары аппак,


Сентябрдын биринде.


Так келе элек тил менен,


Таттуу билим алганы.


Биринчи келди мектепке,


Биринчи класс балдары.


Акыл менен окуткан,


Кулак салып апага.


Жети жашар Жеңишкан,


Жакшы олтурат партада.


«2» менен Эмилбек


Эмилбек, Эмилбек,


Эбелектей жеңилбек.


12

Биздин берген суроого,


Жооп берет мындай деп.


Кырк алтынчы жыл кетти,


Кырк жетинчи жыл жетти.


Жарым жылдык белгиңиз,


Кандай экен билели.


  • «2»иң канча?


  • жети.


  • «4»үңчү?


  • эки.


  • «3»үң канча?


  • «3»үмбү...


Үчүм… Таң…


Эсимен чыгып кетти, Айтор Төртпү... Бешпи…


  • Тартибиңчи?


  • Тартибимби…


Тартиптен:


«1» жок,


Эмесе «1» берет элек дешти:


Андыктан,


Андан да «2».


  • «5»иң канча?


  • «5»им… Тиги… тиги… (Башын тырмап) «Ж»ны, «Ш» кылып


(Мурдун тартып) «5»им «Шок» деди.


Окуу мага


Болуу үчүн –


Күч,


Күкүк суу шарындай


Табылмакпы –


Оттуу


Жаштык чагындай…


Улутунган


Себебимдин чечүүсү


13

Окуу –


Мага,


Керексиң ээ …


Дарыдай.


5-кадам: Сабакты бышыктоодо класстагы окуучуларды эки топко бөлүп, ар бир топко бирден ватман, бирден маркер берип «Бүгүнкү сабактан алган таасирибиз» деген темада презентацияга чыгууга тапшырма берилет.


6-кадам: Окуучулар презентация жасашкандан кийин мугалим сабакты жыйынтыктап, жакшы катышкандарды баалайт.


Үйгө тапшырма: А.Осмоновдун ырларын, макалдарды жаттап келишет.

























































14



Сабактыын темасы: ТУУЛГАН ЖЕРДИН ТОПУРАГЫ


АЛТЫН

Сабактын максаты:


  • «Туулган жердин топурагы алтын» деген макалдын маанисин чечмелей алышат;


  • Ата журттун улуулугун даңазалай алышат;


  • Мекенге кызмат кылууга тарбияланышат;


  • Кыргызстандын символикалары менен таанышышат;


  • бири-бирин сыйлоого үйрөнүшөт;


  • мекенчил инсан болууга тарбияланышат.


Сабактын жабдылышы:


Кооз жерлер чагылдырылган сүрөттөр, желектин, гербдин макеттери, Кыргызстандын географиялык картасы, түстүү стикерлер (желими бар кагаздар) ж.б.

Сабактагы негизги иш-аракеттер:


Диалог, дискуссия, аңгемелешүү, окуу, топтордо иштөө.


Сабактын жүрүшү:


1-кадам: Уюштуруу иштери. Окуучулар Кыргыз Республикасынын гимнин ырдашат. Окуучулар 2 топко бөлүнүшөт. Ар бир топко бирден ватман, бирден түстүү маркер берилет. Топко «Туулган жердин топурагы алтын» деген макалды чечмелөөгө тапшырма берилет. Окуучулар топто макалды талкуулашып, презентацияга даярданышат. Жактоого ар бир топтон бирден гана окуучу чыгат.


Биринчи топко желектин, экинчи топко гербдин макети берилип, аларды негизги белгилерин чечмелөөгө да тапшырма берилет. Ал эми символикалардын кабыл алынган жылы, авторлору жөнүндө мугалим кошумча маалымат бериши керек.


2-кадам: Мугалим окуучуларга «Бала өзүнүн шаарын кантип сактап калды» деген жомокту окуп берет. Жомок окулгандан кийин төмөндөгүдөй суроолор менен окуучуларга кайрылса болот:


  1. Эмне үчүн Султанмамыт балага ачуусу келди?


  1. Бала төө менен, сакалдуу эчкини эмне кылды?


  1. Хан баланын айтканына кантип макул болду?


  1. Эгер сен баланын ордунда болгонуңарда эмне кылмаксыңар?


  1. Жомоктон кандай таасир алдыңар?



3-кадам: Мугалим ар бир окуучуга бирден стикер (желими бар барак) таратып «Сабактан кандай таасир алдыңар? Кыргызстандын кайсы аймагында болгонсуңар? Ал жерлер силерге эмнеси менен жакты?» деген суроолорго жооп жазып, доскадагы геограяилык картанын каалаган жерине жабыштырууга көрсөтмө берет. Убакытка жараша ар бир кагазды окуп, жалпы талкуу жүргүзсө болот.



Үйгө тапшырма: «Мекеним алтын турагым» деген темада билбаян же эссе жазып келишет.













Сабактын темасы: КЫРГЫЗ ТИЛИМ – БАЙЛЫГЫМ!

(23-сентябрь -Мамлекеттик Тил күнү)


Сабактын максаты:


окуучулар кыргыз тили мамлекеттик тил экендигин билишет;


мамлекеттик тилдин мыйзамдагы ролун аныктай алышат;

кыргыз тилине кызмат кылууга, тилдин тазалыгын, тилдин байлыгын сактоого тарбияланышат;


Сабактын жабдылышы:


Мамлекеттик тил мыйзамынын тексти, Мамлекеттик тил гимнинин тексти


(кассетага же диске жазылган варианты да), магнитофон, кыргыз тили жөнүндө жазылган макалдар, учкул сөздөр, улуу инсандардын айткан ойлору, ватман, маркер

Диалог, дискуссия, аңгемелешүү, окуу, топтордо иштөө.


Сабактын жүрүшү:


1-кадам: Уюштуруу иштери. Сабак Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил гимни менен башталат. Магнитофондон ыр уктурулат, окуучулар кошулуп ырдашат.


2-кадам: Мугалим доскадагы ватмандын ортосуна «Тил» деп жазат да, окуучулардан ушул түшүнүккө байланышкан ойлорун сурайт. Окуучулардын айтканын мугалим ватманга улам жазып турат. Экинчи ватманга «Кыргыз тили» деп жазат. Буга да окуучулардын олйорун жазат. Жыйынтыгында кластер түзүлөт.


3-кадам: Мугалим А.Осмоновдун «Эне тили» деген ырын окуучуларга көркөм окутат. Өзү окуп берсе да болот. Ырдын маанисин чогуу талкуулашат.

4-кадам: Белгилүү инсандардын кыргыз тили жөнүндө айткан ойлорун мугалим окуп берет, же ватманга жазып класстын көрүнөө жерлерине илет. Окуп, окуучулар өз ойлорун ортого салышат

Менин эң негизги таянганым – азыркы кыргыз тили. (Ч.Айтматов)


Р.Рыскулов Элдин тили элдин жанында дээр элем.


Н.Байтемиров Эне тил эне сүтүт менен тең.



5-кадам: Мугалим окуучуларга «Малекеттик тил мыйзамы» жөнүндө түшүнүк берип, айрым беренелерди окуп берет, же доскага жазып коет. Башталгыч класстын окуучулары болгондуктан алгач «Мыйзам» жөнүндө түшүнүк бериш керек.


«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамы» 8 баптан, 36 беренеден турат. Мыйзам 2004-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган. Мисалы:


1-бап. Жалпы жоболор


1-берен: Кыргыз Республикасынын Конститутуциясына ылайык кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили толуп саналат.


Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн негизги уңгусунун бири катары мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин бардык чөйрөлөрүндө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Руспубликасынын дагы башка мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү түрдө иштейт…


2-берене: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик тилдин иштеши жана конституциялык статусун колдоо үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзөт, анны үйрөнүү жана өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик тилди окутуу боюнча мамлекеттик программаларды кабыл алат жана каржылайт.


Үйгө тапшырма: «Кыргыз тилим байлыгым!» деген темада эссе жазып келишет.











Сабактын темасы: ЖОЛДО ЖҮРСӨҢ, АБАЙЛА!

Сабактын максаты:


  • окуучулар жолдо жүрүүнүн эрежелери менен таанышышат;


  • светофордун белгилерин ажырата алышат;


  • шаар ичинде жолдон өтүүнү үйрөнүшөт;


  • бири-бирин сыйлоого, урматтоого тарбияланышат.


Сабактын жабдылышы:


Жол белгилери, светофордун макети, 4 ватман, 4 маркер ж.б.


Сабактагы негизги иш-аракеттер:


Диалог, дискуссия, аңгемелешүү.


Сабактын жүрүшү:


1-кадам. Уюштуруу иштери.

Мугалимдин сөзү:


Балдар, силер автоунаалар көп жүрө турган жерлерге барганда кандай


эрежелерди сакташыңар керек билесиңерби? Бүгүнкү сабакта мына ошол эрежелер жөнүндө аңгемелешебиз. Кана айткылачы? Силер жолдон кантип өтөсүңөр? Светофорду көрдүңөр беле? Алардын түстөрү эмнелерди түшүндүрөт? Жолдон жүгүрүп өтүүгө болобу?


Ушул сыяктуу суроолор менен окуучуларга кайрылып алардын жоопторун угат

. 2-кадам: Класстагы окуучулар 4-топко бөлүнүшөт. Ар бир топко бирден ватман, бирден маркер берилет. Ар бир топ «Жолдоо жүрүүнүн эрежесин» түзүп чыгышат


3-кадам: Мугалим доскага сүрөттүү жолдо жүрүүнүн эрежесин илет. Окуучулар өздөрү түзгөн эрежелерден сүрөткө дал келгенин таап, сүрөттүн жанына жазышат.


4-кадам: Мугалим өзүнүн даярдаган жолдо жүрүүнүн эрежесин доскага илип, окуучуларга түшүндүрүп берет.

Жолдон кантип өтүү керек?


  • ар дайым жоолдун чети менен, жөө адамдар жүрүүчү жол(тротуар) менен басуу керек;


  • эч качан шашып, жүгүрүп өтпөө керек;


  • алгач жолдун атоунааларга карама-каршы жагын карап, машина жок болсо басуу керек;


  • жолдун ортосуна барып, ак сызыкка токтоп жолду дагы кароо керек, машина жок болсо анан гана өтүүгө болот;


  • эгерде сфетофор болгон болсо анын жарыктарына көңүл коюу шарт;


  • эгерде кызыл күйсө «Токто!»;


  • эгерде сары күйсө «Даярдан»;


  • эгерде жашыл күйсө «Өтө бер!»;


  • светофорду карабай жолдон өтүүгө болбойт;


  • эч качан жолдогу машиналар менен жарышууга болбойт;


  • машиналардын артына чиркешүүгө болбойт ж.б.



5-кадам: Светофордун макетин көрсөтүп, терең түшүнүк берилет. Мүмкүнчүлүк болсо макеттин ар бир жарыгы күйсө жакшы болот. Атайын столдун үстүнө жолдорду даярдап, светофорду жайгаштырып, оюнчук машиналарды өткөрүп, «кантип өтүү керек?» деген суроолорду берип практикалык жумуш уюштурса да сабак максатына жетет.

6-кадам: «Үй-мектеп-үй» баракчасын сызышат. Үйүнөн мектепке чейинки аралыктагы ар бир көчөнү, жайгашкан имараттарды, светофорлорду да эске алуусу керек. Мугалим көзөмөлдөп турат.


Үйгө тапшырма: Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жаттап келишет.






















































Сабактын темасы: МУГАЛИМ – АЛТЫН ЧЫНАРЫМ!


Сабактын максаты:


  • мугалимдердин кадыр-баркын билишет;


  • мугалимдерге сый-урмат көрсөтүүнү үйрөнүшөт;


  • устат жана шакирт жөнүндө түшүнүк алышат;


  • мугалимдерди майрамы менен куттукташат;


  • айрымдары мугалим болууну да максат кылышат ж.б.


Сабактын жабдылышы:


Мугалимдер, устаттар жөнүндө макалдар жазылган кагаздар, ватман, түстүү


маркерлер, А-4 форматындагы түстүү (кызыл, сары, жашыл, көк ж.б.)кагаздар, клей, кайчы ж.б.


Сабактагы негизги иш-аракеттер:


Диалог, дискуссия, аңгемелешүү, жупта, топтордо иштөө.


Сабактын жүрүшү:


1-кадам: Уюштуруу иштери. Мугалим А.Осмоновдун «Мугалим» деген ырынын ар бир куплетин өз-өзүнчө ватманга жазып, көрүнүктүү жерге илет. Окуучулар ырды мугалим менен чогуу үн чыгарып көрктүү окушат.


Мугалим


Мээнети көп ушундай,


Биздин алтын мугалим.


2-кадам: Мугалим октябрь айынын биринчи жумасы мугалимдердин майрамы экендигин окуучуларга түшүндүрөт. Балдарга «ким мугалим жөнүндө ыр билет?» деген суроо менен кайрылат. Каалаган окуучу ырдап берет. Мисалы: «Мугалим алтын чынарым» деген обондуу ырды жалпы ырдашса да болот.


3-кадам: Окуучуларга 4 топко бөлүнүп, ар бир топко бирден ватман, маркер, түстүү кагаздар, клей таратылат. Алар мугалимдер майрамына дубал гезит жасашат. Ырлар, калоо-тилектер да дубал гезитке жазылат.


4-кадам: Устатка кандай мамиле кылуу керектигин төмөндөгү чакан аңгеменин негизинде түшүндүрсө болот.


***


Күндөрдүн бир күнүндө Улукман Акимдин устазы бир иш менен алардыкына келип калат. Атасы уулунун устазын үйгө кирүүгө муражат кылат. Ата менен устаз үйдө сүйлөшө баштайт да Улукманды атасы отун алып келип чай кайнатууга жумшайт.


Бир убакта атасы сыртка чыкса, уулу ыйлап отурат.


  • Сага эмне болду? – дейт атасы.


  • Сиз мени отунга жумшадыңыз, отун болсо тамдын башында, а устазым болсо тамдын ичинде отурат, анан кантип мен анын үстүнө чыгып отун алам, - дептир.


Ата сөзүн таштап, устазды улуктаган Абу Али ибн Сина кийин атактуу дарыгер болбодубу.


5-кадам: Топтор жасаган дубал гезиттерин жакташат. Мыкты деп табылган дубал гезит мектептин залына илинет.

Үйгө тапшырма: Мугалимдерге концерттик программага даярданып келишет.




































Сабактын темасы: КАРЫСЫ БАР ҮЙДҮН ЫРЫСЫ БАР


Сабактын максаты:


  • окуучулар кайрымдуулукка тарбияланышат;


  • кары адамдарды сыйлоого үйрөнүшөт;


  • чоң-ата, чоң-энелеринин кадыр-баркын түшүнүшөт;


  • карылардын кеңешин дайыма угуу керектигин билишет;


  • адептик билимдерин өнүктүрүшөт ж.б.


Сабактын жабдылышы:


Темага байланышкан макалдар жазылган кагаздар, кары адамдардын сүрөттөрү, магнитофон ж.б.

Сабактагы негизги иш-аракеттер:


Диалог, дискуссия, мугалимдин аңгемеси.


Сабактын жүрүшү:


1-кадам: Уюштуруу иштери.


Сабак мугалимдин «Кимдин чоң ата-чоң энеси, таята-таенеси бар? Аларды жакшы көрөсүңөрбү?» деген суроо менен баштайт. Окуучулардын көпчүлүгү кол көтөрүшөт. Мугалим аларды кубаттап: «Азаматсыңар балдар, баарыңар жакшы көрөт экенсиңер. Азыр мына ошол силердин сүйүктүү инсандарыңарга арналган төмөндөгү ырды чогуу угабыз» деп магнитофондон «Ары үйдө аксакалдуу кары болсо!» деген ырды уктурат. Эгерде мүмкүнчүлүк болбосо тексттин таап өзү ырдап, же көркөм окуп берсе да болот.


2-кадам: Мугалим балдардан ким карылар жөнүндө макал билерин сурап, айткан окуучуларды кубаттап турат. Улам айткандарын доскага жазып турса да болот. Мисалы:


Кары билгенди – пери билбейт дейт


Карынын сөзүн капка сал


Карынын сөзү - акылдын көзү


Карынын сөзү - канык, көрсөткөн сөзү - жарык Карынын сөзү - жамак, жамагы – жашоого сабак Карынын сөзү кеп болот, калайыкка эп болот

3-кадам: Мугалимдин төмөндөгө аңгемени окуучуларга окуп же айтып берет.


Улууларга мамиле


Улуу адам келсе, анны өзүңдөй өйдө өткөрүүгө, анны тамак менен да, сөз менен да, урмат менен да сыйлоого тийишпиз. Силерден да улуу бир туугандарыңар, туугандарыңар болсо, алардан тез-тез кабар алып барып тургула, куру барбай колдон келген бир назы-немат, же белек ала барсаң андан бетер тигилердин көңүлүн аласың.


Улуу адамдын астында сөз талашпагыла, булкунуп-жулкунбагыла, анын сөздөрүн, насаатын уккула. Улуулар – силерге караганда бул дүйнөгө меймандар. Алар үйгө келсе, жол бошоткула, колуна суу куйгула, тосуп алгыла, атын байлагыла, чыгып кетип жатса, ордуңардан туруп узаткыла, атына мингизгиле, үйдөн чыгаргыла, бут жана сырт кийимдерин кийүүгө жардам бергиле.



4-кадам: «Эмне үчүн карылар үйү пайда болгон? Адамдарга мындай үй зарыл беле?» деген суроолорду ортого таштап, дискуссия өткөрсө да болот.


Үйгө тапшырма: «Карысы бардын ырысы бар» деген темада кыскача дилбаян жазып келишет.




























Сабактын темасы: МЕКЕНИМДЕ АЛТЫН КҮЗ


Сабактын максаты:


-окуучулар жыл мезгилдердин ичинен күздүн өзгөчөлүгүн билишет;


  • күз берекелерин атай алышат;


  • күздөгү аба ырайына мүнөздөмө бере алышат;


  • мөмө-жемиштердин ар биринин пайдалуу жактарын айта алышат ж.б.


Сабактын жабдылышы:


Сары жалбырактар, мөмө-жемиштер(алма, анар, жүзүм, жаңгак ж.б.),


ватмандар, клей, кайчы, маркер ж.б.


Сабактагы негизги иш-аракеттер:


Диалог, дискуссия, аңгемелешүү, топтордо иштөө.


Сабактын жүрүшү:


1-кадам: Уюштуруу иштери. Каласстагы окуучуларды мугалим 6 топко бөлөт. 1-топ «Алма», 2-топ «Жаңгак», 3-топ «Өрүк», 4-топ «Жүзүм», 5-топ «Дарбыз», 6-топ «Коон» деп аталат. Ар бир топко бирден ватман, бин нече жалбырак, клей, кайчы, маркер берет. Убакытты белгилеп топторго жалбырактардан күз мезгилинин бир көрүнүшүн жана топтун атын чагылдырган сүрөт тартууга тапшырма берет. Окуучулар жалбырактарды кыркып, ватманга жабыштырып, чыгарма жаратыш керек.


2-кадам: Убакыт бүткөндөн кийин топтор өз чыгармаларын жактоого чыгышат. Ар бирине кол чабышып, кубаттап турушат. Эң жакшылары мугалим тарабынан бааланат.


3-кадам: «Күз мезгили силерге эмнеси менен жагат?» деген суроо менен мугалим окуучуларга кайрылат. Окуучулардан жооптор алынып, кызуу талкуу жүрөт.


4-кадам: Мугалим күз жөнүндөгү ырды окуп берет. Окуучулар да көрктүү окушат. Эмне үчүн күздү «жоомарт» деп айтабыз? Деген суроо берсе да болот.


Жоомарт күз


Жоомарт күз берекесин төгүп турат,


Жер эне балдарына белек сунат.


Элимдин курсагы ток бейкутчулук,


Жаш балдар көңүлү шат оюн курат.


5-кадам: Улукбек Омокеевдин «Кеч күз» деген ыры менен сабак жыйынтыкталат.


Кеч күз


Кээде ачык,кээде асман түнөрүңкү


Тоо жактан суук тарткан илеп келет.


Күн дагы баштагыдай ачууланбай,


Мемиреп жылуу, салкын нурун төгөт.


Үйгө тапшырма: Окуучулар мөм-жемиштер жөнүндө ырларды, табышмактарды жазып, жаттап келишет.



























12 сабак


БИЛИМ ТҮГӨНБӨГӨН КЕНЧ


Сабактын максаты:


Окуучулар билимдин адам турмушундагы ролун билишет. Билимдүү болууга шык артып, Ата Мекенди сүйүүгө үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылышы:


Доскада “1-сентябрь билим күнү!”, “Дайыма тынчтык болсун!”, “Атажуртум – ыйык турагым” ж.б. маанидеги чакырыктар жазылып турушу керек. Сабак мугалимдин чеберчилигине байланыштуу жабдылат.


Сабактын жүрүшү:


Алгачкы коңкуроо кагылып, окуучулардын жан дүйнөсүн башкача аруу сезим чулгап турган мезгилде өтүлгөн сабак бир өмүр эсте калса керек. Жайы менен эс алып классташтарын, мугалимдерин сагынган окуучулардын жүзүнөн шаттык менен кубанычтын жышааны байкалат. Ар бири өзүн чоң адам катары сезип турушат. Ак мектептин босогосун аттаган окуучуларга алгачкы сабак кандай тартипте өтүлөт? Мына ошол багытта өз тажрыйбабызды бөлүшөбүз.


Мугалим окуучуларды жарык жүз менен тосуп алат. Окуучулар алгач класска киргенде эле доскадагы төмөндөгүдөй ыр саптарын окуп толкундоо сезими пайда болот:


Мектебимди жакшы көрөм баарынан,


Эже-агайды эстеп-эстеп сагынам.


Мугалим сабакты “Мен силерди сагындым деген” оюн менен баштайт. Колуна жалтырата жасалган “билим ачкычын” кармап “Мен силерди сагындым. Себеби…” деп бир окуучуга ачкычты тапшырат. Ал окуучу да “мен силерди сагындым” деген сөздү, сагынычтын себебин айтуу менен башка окуучуга тапшырат. Оюн ушул тартипте улана берет. Бул оюн балдардын бири-бирине болгон ынактык сезимин күчөтөт.

Андан соң магнитофондон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимни уктурулат. Окуучулар кол чаап отурушат. Сабак мугалимдин куттуктоосу менен башталат.


Мугалим: Балдар, мына силер күткөн билим күнү да кирип келди. Баарыңарды бул майрамыңар менен куттуктайм. Асаманыңар ачык, дилиңер жарык болсун. Билим деңизинде чаалыкпай сүзгүлө. Ата-эненин, мугалимдердин ишеничин актагыла. Илим-билимдин туу чокусун багындырган аалым болгула. Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүнө өз салымыңарды кошкула. Кана балдар, ушул касиеттүү Атамекенибизди даңазалаган ыр саптарынан айтып бергилечи. Кайсы акындардын ырларын билесиңер? – деген кайрылуусунан кийин Мекен жөнүндө билген ырларын көркөм окушат.


Мисалы, Алыкул Осмоновдун “Ата Журт” деген ыры. Атажуртум, тууган элим Мекеним, Жан кубатым, сүйгөн жерим секетим. Тоо-ташыңдын, турпагыңдын, сууңдун Мен көрбөдүм пайдасы жок бекерин.



28

Тууган жерим атажуртум, бир боорум,


Мен өзүңдүн гүл багыңда төрөлдүм.


Заманыңдын мен ырыстуу акыны,


Дарбыз, коон, жүзүмү бар корооңдун.


Сүйөм сени, сүйгөндүгүм сүттөн ак,


Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат.


Өлгөндө да сенин таттуу жытыңды,


Жаткым келет көкүрөккө кучактап.


Мендеги өмүр, меники эмес сеники,


Менин ырым меники эмес элдики.


Ар бир демим, ар бир соккон секунтум,


Өзүңдүкү, алар эмес желдики.


Сабактын мындан аркы бөлүгү сынчыл ойломдун стратегияларын пайдалануу менен өтүлөт. Окуучулар “Синквейн” түзүшөт. “Синквейн” француз тилинен алынган. Ал сөздүн мааниси беш сап ыр дегенди түшүндүрөт.


  1. Зат атооч (бир сөз)


  1. Сын атооч (эки сөз)


  1. Этиш (үч сөз)


  1. Төрт сөздөн турган фраза же сүйлөм


  1. Синоним же маанилеш сөз


Мисалы окуучуларга сунушталган тема Атажурт болсо, төмөндөгүдөй синквейн түзүлүшү мүмкүн.


Атажурт


Ыйык, кооз


Суктантат, тамшандыртат, ыйлатат


Туулган жердин топурагы алтын


Атамекен


Окуучулар иштеп жаткан учурда магнитофондон Темир Назаровдун аткаруусундагы “Туулган жер” аттуу ыры уктурулат. Окуучулар түзгөн синквейндерин кезек менен окушат, ар бир окуучу кол чабуу менен кубаттоого алынат.


Андан соң “Сүрөттөр көргөзмөсү” деген сабактын бөлүгү башталат. Мында каананын ар кайсы жерине илинген Кыргызстандын кооз жерлери, тарыхый инсандарынын сүрөттөрүн көрүп чыгышат. Ар биринин тушуна токтолуп ал сүрөт жөнүндө билген маалыматтарын айтышат. Бири-биринин оюн толукташат. Класста кеңири талкуу жүрөт. “Манас” эпосуна да токтолуп, окуучулар Манастан үзүндү айтышат.


Герб, туу жөнүндө да түшүнүк берилет. Кыргызстандын картасы окуучуларга көрсөтүлүп, жайгашкан аймагы, каада-салты, үрп-адаты, тили жөнүндө да айтылат. Мамлекеттик тил гимни уктурулат.





29

Окуучулар сабактын акырында “Мен Кыргызстандын келечегин кандайча элестетем?” деген темада беш мүнөттүк эссе жазышат. Сабак “Кыргыз көчү” деген күүнү уктуруу менен аяктайт.




































































13 сабак


УБАКЫТ АКЧАДАН КЫМБАТ


Сабактын максаты:


Окуучулар убакытты туура пайдалануу жөнүндө кеңеш ала алышат. Убакыттын тез өтүп кетерин, учурунда аны жакшылыктарга жумшап калууну үйрөнүшөт. «Убакыт учкан куштай», «Убакыт алтындан кымбат» деген сөздөрдүн айланасында кеп талкуу уюштурушат.


Сабактын жабдылышы:


Убакытты билдирүүчү саат, адамдардын ар түрдүү иш аракеттерин чагылдырган фото сүрөттөр, ватман, түстүү маркерлер.


Сабактын жүрүшү:


Мугалим балдарга сааттын адам турмушундагы ролу жөнүндө суроо салат. Балдардын жоопторун уккандан кийин доскага илинген ватманга «Убакыт дегенди кандай түшүнөсүңөр?» деген суроого жооп берилген окуучулардын ойлорун кыскача кластер түрүндө жазат. Окуучулар менен бир күндүк убактысын кандай өткөрөрү жөнүндө пикирлешет. Төмөндөгү атайын материалды мугалим теманы түшүндүрүүдө пайдаланса болот.

Убакыт акчадан кымбат


Адам баласынын жашоосун жөнгө салуу үчүн ар кыл баалуулуктар берилген,


алардын эң маанилүүлөрүнүн бири – убакыт.


Деги эле убакытты туура колдонуу кандай максатты көздөйт? Биздин ага канчалык деңгээлде мутаждыгыбыз бар? Убакытты туура колонуудагы негизги максат – биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздүн толук ачылышын камсыздоо, мани-маңыздуу жашоо, өмүрдүн кадыр-баркына жетүү, жашоого болгон чыгармачыл мамиле.


Күндөлүк жашоодо өз ара убакыттын кандай гана тездик менен өтүп жаткандыгын моюнга алгандыгыбыз ошол убакытты толук кандуу колдоно албагандыгыбыздан, бир топ иштерди жасаганга үлгүрбөгөндүгүбүздөн улам келип чыгат. Адам баласына берилген башка баалуулуктарга салыштырмалуу бүгүнкү бизге берилген убакытты, акча же баалуу буюм сымал, эч качан эртеңки күнгө, кийинкиге сактап кое албайбыз. Убакыт өттүбү - өттү, ал сиздин колуңуздан учат, өтмүштүн энчисине айланат.


Көпчүлүккө мүнөздүү болгон убакытты туура колдонбоочулуктун бир канча себеби бар:


  1. Көпчүлүк адамдар убакытты туура колдонууга эч умтулбайт. Себеби, алдыга койгон так максаты жана ага жетүү үчүн аракети жок.


Күндөлүк план түзүп жатканда жасай турган иштерде карама-каршылыктар пайда болсо, «Эгер бул ишти азыр, бүгүн аткарбасам эмне болот?», «Түпкү максаттарыма кандай таасирин тийгизет?» деген суроолорду өзүңүзгө бериңиз. Эгер жооптор өтө терс болсо, анда ал ишти, болгон күчүңүздү колдонуп болсо да, аткарууңуз керек.


  1. Убакытты туура колдонбогонубуздун дагы бир себеби аны түгөнгүстөй, чексиздей кабыл алгандыгыбызга байланышкан.


31

Убакытты роционалдуу колдонуу боюнча адис М.Фортинонун аныктоосуна ылайык, орточо 75 жыл жашаган адамдын күнүгө 8 саат уктагандыгын эске алсак, ал:


25 жылын уктоо менен, 7 жылын ваннада жана дааратканада, 6 жылын тамактануу, 5 жылын бир нерселерди, кимдир бирөөлөрдү күтүү, 3 жылын ар кыл чогулуштарга катышып, 1 жылын бир нерселерди иликтеп, 6 айын жол жарыгын күтүп, 120 саатын тишин тазалоо менен өткөзөт экен.


Бул иликтөө эч түгөнгүстөй сезилген убактыбызды кандай колдонгонубузду айкын көрсөтүп турат.


Андан тышкары, бизди ар дайым күтүп турган, маанилүүдөй сезилген башка тузактар да бар. Аларды төмөндөгүдөй категорияларга бөлүүгө болот:


  • телевизордун маңдайында өткөн убакыт;


  • керексиз телефон сүйлөшүүлөр;


  • күтүлбөгөн коноктор;


  • чыгынбастык ж.б.


Күндөлүк жашоодо өз кемчиликтерибизден, бизди артка тарткан көнүмүш адаттардан кутулуу ар кимибиздин колубузда. Канча жашка келгендигибизге карабастан, ар дайым Жараткан тарабынан бизге энчи катары берилген убакытка ээлик кылып, өз убактыбыздын кожоюуну болушубуз зарыл. Өтмүштөгү кетирилген кемчиликтерди, бошко кеткен убакыттарды эстеп башты мыкчып отура берүүдөн эч майнап чыкпайт. Албетте, сабак алуу үчүн алар мыкты устат болуп саналат. Эске ала турган жагдай – сиз тажрыйба жасап жаңылып, кетирген кемчиликтерден сабак алып, кайрадан ишти баштоо жолун тандап алсаңыз, ал сизге өтө кымбатка туруп, көп убактыңызды алышы мүмкүн. Буга чейин далай жолу сындан өткөн дагы бир ыкма – сизге чейинкилердин тажрыйбаларынан сабак алып, туура тыянактарды чыгара билсеңиз, ал күчүңүздү, таасирдүүлүгүңүздү алда канча арттырары талашсыз.

Көңүлгө түйө турган нерсе: Убакыт эч качан аздык кылбайт. Биз каалаган бардык нерсеге жетүү үчүн убакыт жетишерлик бар. Сиз, башка адамдар сыяктуу эле, дайыма бир нерселер менен алек болуп жүрөсүзбү? Бирок, сизден да көбүрөөк иштеп, көп нерселерге жеткен адамдар бар. Алардын убактысы сиздикинен көп эмес. Алардын негизги өзгөчөлүгү убакытты туура колдоно алгандыгында. Убакытты туура колдоно билүү - машина айдаганды үйрөнгөндөй эле жөндөмдүүлүк. Сиз да ошол жөндөмдүүлүктү толук өздөштүрө аласыз.


(Асылбек Жоодонбековдун «Шоокум» журналындагы материалынан пайдаланылды. 2007-жыл, январь)

















32

14 сабак


УЛУТТУН УЛУУЛУГУ ТИЛИНДЕ


Сабактын максаты:


Окуучуларга кыргыз тилинин улуулугун, көркөм сөздөргө бай экендигин түшүнүшөт. Ар бир улуттун тарыхы, маданияты, улуулугу эне тилинен байкала тургандыгын баалай билүүгө багыт алышат. «Өнөр алды кызыл тил» деген сөздүн айланасында талкуу уюштурушат. Сөздү барктай билүүгө, таза, маданияттуу сүйлөөгө адаттанышат. Мамлекеттик тилдин учурдагы күңгөй-тескейи жөнүндө да пикирлешишет.


Сабактын жабдылышы:


Кыргыз тили жөнүндө жазылган лозунгдар, кыргыз тилиндеги китептер, кыргыз тилинин гимнинин тексти.


Сабактаны жүрүшү:


Сабак кыргыз тилинин Гимнин ырдоо менен башталат (магнитофондон уктурса да болот). Гимн ырдалып бүткөндөн кийин окуучуларга мугалим тарабынан мамлекеттик тилге байланышкан ар кандай суроолор берилип, жооп алынат. Класста эркин талкууланат. Окуучулар акындар жазган кыргыз тили жөнүндөгү ырларды көркөм, жатка окушат. «Кыргыз тилинин келечеги менин көз карашымда» деген темада кыскача эссе жазышат. Жазган эсселерин каалаган окуучулар класста окуп, талкууланат, мугалим тарабынан бааланат. Эсселердин мыктылары мектептин дубал гезитине же массалык маалымат каражаттарына жарыяланат. Сабакты өтүүдө мугалим төмөндөгү материалды пайдаланса жакыш натыйжа берери талашсыз:


Өнөр алды кызыл тил


Кеп көркү - тил, ойдун көркү - сөз болот,


Кишиде – жүз, жүздүн көркү - көз болот.


(Жусуп Баласагын)


Кыргыз эли тилге, сүйлөө маданиятын артыкча маани берген эл болгондуктан, «өнөр алды кызыл тил» дешкен. Абалкы учурларда бир сөздөн баш алынып, таап айтылган жүйөлүү бир сөз менен адамдын адамдын башы азатка чыккан. Ошон үчүн чечендик өнөр адамзаттын сөз өнөрүнүн, тил маданиятынын төрүнөн орун алган.


Чечендик өнөр, ири алды, адамдын тубаса таланттуулугуна түздөн-түз байланыштуу келип, эчен, ар кыл чөйрөдө, ар кандай жагдайда кабылып, өзүнүн логикасын, күчүн, тапкычтыгын, акыл таразасын, психологиясын сынаган тынымсыз көнүгүүсүнүн, изденүүсүнүн аркасында жүрө-жүрө калыптанган.


Демек, кыргыз элинин сөздү багытталган жакка карата таамай, учкул сүйлөй билген, суроого так, далилдүү жооп таба алган сөзмөр адамдары, кептин бүрүн тандап түрмөк-түрмөк ыр нөшөрүнө айланта алган ири ырчылары, алп манасчылары көп, акылдуулугу, кыйындыгы тилинен чыккан чоң чөйрөсү болгондугу анык.


Кыргыз элинде уникалдуу төкмөлүк өнөрдүн диапазону абдан масштабдуу. Алсак, импровизациялык өнөрдүн кылда чокусу – төкмөлүккө жеткен эл шайырлары өмүрүндө көргөн, билген, уккан, туйган ар нерселерди көзүңчө эле шыдыр ырга салып ар санат кылып же чоң дастанга айлантып салган. Ошентип, көлөмдүү эпосту бир жолу угуп, экинчи жолкусунда өзүнчө вариациялап айтып кетүү; Арстанбекче


33

бүтүндөй бир доордун түрүн (болгондо да ага ошол доордун тарыхын, экономикасын, идеологиясын, үрп-адат, салт-санаасын сыйгыза) ушунчалык элестүү, төп, ары таамай кылып ыр менен сүрөтүн тартып берүү; бар билгенин Токтогул, Барпыча терең философиялык, социалдык-турмуштук маанайдагы терме, санат кылып нускалап ырдоо; Жеңижокчо «Аккан сууну» апталап төгүп түгөтө албачу касиет – дал ушул төкмөлүктүн натыйжасы.


Элдик чечендердин асыл сапаты турмуштук ар кыл түйүндүү маселелерди туура чечмелей билген акылмандыгы, хандан-бектен кайра тартпаган өткүрлүгү, баарына тең караган калыстыгы өңдүү үч сапатынан айрыкча көрүнгөн. Бирок, бардык тарабынан төп келген чечендер эл ичинен сейрек чыккан. Манастын учурундагы Байжигит, Ажыбай, Жаныбек хандын доорунда (14-15-кк.) Жээренче, Алдаркөсөө, Акыл Карачач, кийинки кездердеги Тилекмат, Мойут, Сарт, Садыр, Кыдыр акелер, Калыгул, Көкөтөй, Куйручуктар – ошондой чечендерден.


Мына алар тарабынан айтылган берметтей накыл сөздөр, учкул ойлор, туура жооптор:


«Акыл - башта», «Кубат - сөөктө», «Уят - көздө», «Дүйнөдө турмуш - кызык», «Кыял, санаа күлүк», «Жан - ширин», «Илим – күчтүү», «Уйку - таттуу».


Чечендерге: «Кордук эмне?» - десең, алар: «Орто жашка барганда багы качса, орто жолго барганда аты өлсө, карып калган чагында кемпири өлсө – ошол кордук», - деп, токтолбой жооп беришкен. Ошентип, чечендер кепти кандай сүйлөөнү жөндөп, тилдик каражаттарды так, туура пайдаланууну үйрөтүп, келегей сөздөрдү оңдоп айтып, тектеш элдердин сөздөрүнөн кыргыз тилине кошуп, өзүлөрү да жаңы сөздөрдү жасап, тилдин мол запасын топтоп, биринчи кезекте, тилди байытышы.



































34

15 сабак


АЛТЫНДАН АРТЫК АККАН СУУ


Сабактын максаты:


Суунун адам жашоосундагы зарылдыгын түшүнүшөт. Агын сууну булгабоого, ысырап кылбоого үйрөнүшөт. Акын-жазуучулардын суу жөнүндө жазган чыгармаларынан мисал келтире алышат. «Суу жашоонун – негизги булагы» деген сөздүн айланасында кеп козгошот.


Сабактын жабдылышы:


Көлдөрдүн, дарыялардын, кургап чөлгө айланган жерлердин сүрөттөрү, ватмандар, түстүү маркерлер, Жеңижоктун «Аккан суу» ырынын ырчылардын аткаруусундагы тексти, магнитофон.


Сабактын жүрүшү:


Сабактын башында окуучуларга магнитофондон «Аккан суу» ыры (кайсы варианта болсо да) уктурулат. Андан соң доскадагы ватмандын ортосуна «Суу» деп жазып, окуучулардан ар түрдүү пикирлер алынат. Алардын айткандары кластер катары ватманга түшүрүлөт. Бардыгы өз ойлорун айтып бүтүшкөндөн кийин ар бир пикирге токтолуп, класста талкуу уюштурулат. Жыйынтыгында сууну үнөмдүү пайдалануу, таза сактоо жөнүндө сунуштар иштелип чыгат. Окуучулардын түшүнүгүн калыптандыруу үчүн төмөндөгү материалды мугалимдерге пайдаланууга сунуштайбыз.


Суу деген эмне?


Биз, суу көп болгондуктан, бул маселенин үстүндө ойлонуп да койгубуз келбейт. Мектепте гана суу, суутек менен кычкылтектин кошулмасы, анын химиялык формуласы Н2О деп окуганбыз. Мындан башка суу жөнүндө эч кандай түшүнүгүбүз жок. Окумуштуулар 1783-жылы суутекти күйгүзгөндө суу пайда болорун байкашкандан тартып суунун азыркы учурдагы формуласы 1805-жылы Гумбольдт менен Гей Люссак тарабынан иштелип чыккан. Илимий маалыматтар боюнча суутектин ар түрдүү изотоптору – дейтерий, перитий бар. Булар суунун сапатын аныктайт. Таза суу ар дайым жеңил суунун аралашмасы болуп эсептелет, анда оор жана өтө оор суунун аралашмасы эң эле аз санда. Суунун түзүлүшү жана чыныгы жаратылыш аягына чейин изилденип бүтө элек, бирок биз, суу жашоонун бирден-бир булагы болгондуктан, ага сарамжалдуу мамиледе болууну унутпашыбыз керек. Бардык жандуу нерселердин жарымынан көбү суудан турат. Төрөлгөнүнө үч күн болгон наристе 97 пайыз, сегиз айлык бала 81 пайыз суудан турат. Ал эми салмагы 70 кг.чоң кишинин денесинде 65-70 пайыз суу бар, же анын денесинин 45-50 кг. суудан турат. Ал түгүл микроорганизмдердин да 50 пайызы суу. Тамак аштардан эң эле суусу көптөр (95%) салат, бадыраң, шпинат, цикорий, спарна. Капустада, помидордо, жашыл буурчакта, козукарында 90%, алмурутта, алмада 85%, картошкада 80% суу бар. Мөмө-жемиштердин, жашылчалардын составындагы суу адамдын организмине жагымдуу таасир этип, ар түрдүү суусундуктарга Караганда чаңкоону жакшы кандырат.


Биздин республикада канча суу бар?




35

Муздардын эришинен ачык жерде суу көлмөлөрү жана жер астындагы суулар пайда болот. Жер астындагы суулардын жалпы саны суткасына 30,0 млн. кубометрди түзөт. Кыргызстандагы жер үстүндөгү суулар жалпы суунун 4,4 пайызын түзөт. Алардын жалпы аянты 6836 км. Эң эле узун дарыя деп эсептелген Нарындын узундугу 535 км, Чүй 224 км, Чаткал 205 км. Республика боюнча 1932 көл бар. Алардын эң чоңдору – Ысык-Көл – 6236 кв.км, Соң-Көл – 275 кв.км, Чатыр-Көл – 175 кв.км.


Иче турган суунун сапаты


Башка өлкөлөрдөй эле, Кыргызстанда да иче турган суу тартыштык кылат, бул айрыкча түштүк регионуна тиешелүү. Борбордоштурулган суу менен камсыз кылуу республиканын калкынын 30 гана пайызын камтыйт, негизинен алар – Бишкек жана башка чоң шаарлар. Суу түтүктөрүнүн тармагы айрыкча айыл жерлеринде таптакыр иштен чыккан, ошон үчүн ал жерлерде иче турган таза суу менен камсыз кылуу чоң маселеге айланып отурат. Калктын калган бөлүгү өзөндөрдүн, арыктардын сууларынан пайдаланышат.


Суулардын булганышы өнөр жай, айыл чарба ишканаларынан агып чыккан кир суулардан да болуп отурат. Аларда уу химикаттар, минералдык жер семирткичтердин калдыктары, ар түрдүү таштандылар бар. Биздин шаарларда жана айылдарда бүгүнкү күндүн кадимки көрүнүшүнө айланган тоодой үйүлүп жаткан таштандылар, акыр-чикирлер, жер үстүндөгү суулардай эле, жер астындагы сууларды да булгайт. Булганган суу, албетте, ар түрдүү инфекциялык ооруларды пайда кылат. Официалдуу маалыматтарга Караганда, көпчүлүк учурларда мындай инфекциялык оорулардан беш жашка чейинки балдар көз жумушат. Оорулардын 70 пайызы дизентерия, сальмонеллез, вирустук гепатит болуп эсептелет.


Ар түрдүү маалыматтарга караганда, Кыргызстандын калкынын 1,4 пайыздан 30 пайызга чейинкиси таза суудан пайдалана алышпайт.


Сууга сарамжал мамиле керек


Жер шарынын калкы өтө ылдам темп менен көбөйүп, ошону менен бирге сууга болгон талап да жогорулоодо. Сууга болгон тартыштык бардык жерде, айрыкча суу менен камсыз кылууга каражаты, квалификациялуу жумушчу күчү жетишпеген жарды, жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө өтө катуу сезилүүдө. Мындай өлкөлөрдүн калкы жалпы жер шарынын калкынын дээрлик жарымынан көбүн түзөт. Азыр сууга болгон талапты канааттандыруунун жолдорун табуу үчүн кеңири изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. Мунун бир жолу болуп мындуу абанын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу эсептелет. 20-кылымдын башталышында ушул максатта майдаланган акиташ жайгаштырылган 13 пирамида курулган. Алардын бийиктиги 10 метрге, узундугу 30 метрге жеткен. Окумуштуулар аларды абадан сууну бөлүп алуу үчүн орнотушкан. Мындай курулуштар мындан эки миң жыл мурун эле Феодесия шаарын суу менен камсыз кылып, аба кудуктары деп аталган. Мындай курулуштарды толугу менен калыбына келтирүү азыркы шартта мүмкүн болбой калды.


(Жума Мамбетовдун «Шоокум» журналындагы материалынан пайдаланылды. 2006-жыл, ноябрь-декабрь)





36

16 сабак


ТУУРА ТАМАКТАНУУ –


УЗАК ЖАШООГО ӨБӨЛГӨ


Сабактын максаты:


Окуучуларга туура тамактануунун эрежелерин үйрөнүшөт. Тамактын адам жашоосундагы, ден соолугунун чың болушундагы салымы жөнүндө билишет. Узак жашоонун сыры туура тамактанууда экендигин түшүнүшөт.


Сабактын жабдылышы:


Жашылчалар, жер жемиштер, ар түрдүү тамактардан аз-аздан дасторконго коюлат. Тамактануу, даам жөнүндөгү макал-лакап, учкул сөздөр жазылган лозунгдар.

Сабактын жүрүшү:


Мугалим окуучуларга «Жакшы көргөн тамагыңарды атагыла» деп кайрылат. Ар бир окуучу жактырган тамагын атагандан кийин мугалим тамак-аштын адамдар үчүн зарылдыгын, туура тамактануу эрежеси бар экендигин айтып берет. Ал үчүн төмөндөгүдөй даяр текстти да пайдаланса болот:


Тамактануунун так эрежеси барбы?


Кыргыздар туура тамактанууга көп деле көңүл бурушпагандыктан, улгайган курактагылардын тамак сиңирүү органдары ооруга көп чалдыгарын дарыгерлер баса белгилеп жүрүшөт. Ал эми туура тамактануу өмүрдүн узак болушуна, ден соолуктун чың болушуна өбөлгө түзөт эмеспи. Тамак адамга күч-кубат гана бербестен, анын жашоосунун ажырагыс факторлорунун бири болуп саналат. Тамактанууга жапондор өзгөчө көңүл буруп, ал тургай, бул тууралуу мыйзам да кабыл алышкан. Аларда көбүнчө сууга бышкан күрүч абдан бааланат. Ал эми Африкадагы айрым улуттарда курт-кумурска башкы сыйлуу тамак катары саналат. Италияда болсо кыргыздар үчүн анча маанилүү болбогон «макарон» эң сыйлуу даам болуп эсептелет. Бирок жапондор же башка улуттар жеген тамак-аштар кыргыздарга таптакыр эле жакпай калышы мүмкүн. Анткени, ар бир калктын өзүнүн ашказанына жаккан улуттук тамак-ашы болот. Эжигей, курут, жуурат, каттама сыяктуу түпкү тамак-аштарыбызды азыр күнүмдүк турмушта кеңири колдонбосок да, бешбармакты дайыма эле жасап жүрөбүз. Негизинен Кыргызстандын түндүгүндө өткөн аш-тойлордо бул сыйлуу тамак сөзсүз даярдалып жүрөт.


Кечки тамактан кийин дароо жатууга


камдануу туурабы?


Адам канчалык көп иштесе, ошончолук тамактанышы керек деген принцип бар. Бул принципти айылда жашагандар көбүрөөк пайдаланса болот. Шаардыктар көп учурда аз кыймыл-аракет жасагандыктан, көпчүлүгү жаш кезде эле толуп кетишет.


Дүйнөдөгү бардык диетологдор кечки саат алтыдан кийин желген тамак өтө зыяндуу деп жүрүшөт. Ал эми биздин ата-бабаларыбыз тамактын күчтүүсүн кечинде жеп-ичишкен эмеспи. Америкада болсо калктын 47 пайызы кечкисин кубаттуу тамак-аш ичишет. Бул – туура эмес. Кечки тамакты иче салып эле жатууга кам урган жарабайт, жатардагы оокат уйкуга эки саат калганда ичилгени оң, эң акыркы тамакты кечки саат сегизде ичүү абзел. Ал эми туура тамактангысы келгендер төмөнкү эрежени эске ала жүргөнү оң. Күнүмдүк рациондун 25 пайызын эртең


37

мененки тамак, 45 пайызын түшкү тамак, калган 35 пайызын кечки тамак түзгөнү эң пайдалуу. Бул тамактануунун экинчи принциби. Үчүнчү принципке тамакты аздан жеп жана түрлөп ичсе жакыш сиңет деген эреже ылайык. Тамакты майдалап чайнап жесе, ашказанга сиңимдүү болот. Бул ыкма – ашказан ооруларынын алдын алуучу, адамды толуп кетүүдөн сактоочу бирден бир курал. Качан тамакты шашып-бушуп, майдалабай жегенде, табити тартпай турса да, жөн эле курсак тойгузуу үчүн ичкенде, тамак сиңирүү органдарына күч келип, ошондон улам ар кандай жара оорулары пайда болушу мүмкүн. Кийинки принцип тамак-аштын температурасына байланыштуу. Көп учурда айылдагы жеңелерибизи, апаларыбыз самоорду шарактата кайнатып, ысык чайдан ырахаттана уурттаганды жакшы көрүшөт. Бирок, алдыга келген биринчи тамакты же сунулган чайды 65-75 градустан жогорку температурада ичкенибизде, кызыл өңгөчтө, ашказанда ар кандай даражадагы күйүктөр пайда болуп, бул кийин ушул органдык шишик ооруларына чалдыктырышы мүмкүн.


Жаштыктын деми жашылча-жемиштер


менен мөмө-чөмөлөрдө…


Өзбек эли чайканаларда чайды аз-аздан куюп, суутуп алып ичишет. Ал эми мурутунда муз тоңдурган карандай суук делген Сибирде жашагандар чайды жайык тарелка өңдөнгөн атайын идиштерге куюп, суутуп ичишет экен. Ошондуктан, чайга сүт же каймак куюп ысыгын кетирип, тамакты болсо бир аз суугандан кийин ичүү да тамактануу эрежелерине кирет. Куурулган тамактар боорго күч келтиргендиктен, көп учурда сууга бышырылган азыктар ден соолукка пайдалуу. Куурулган этти өзгөчө жатарда жебеш керек. Бир аптада төрт гана жолу эт жеген туура. Тузду да ашыкча пайдаланууга болот. Мисалы, чоң кишинин күнүмдүк керектөөсүнө 6 грамм эле туз жетиштүү.


Дүйшөмбү күнү тамактын курамында жалаң сүт, айран сыяктуу азыктар болгону дурус. Шейшембиде эт аралаш тамак жеген туура. Тамактын курамында 100-150 грамм эт болгону жетиштүү. Шаршембиде жер-жемишти жеген пайдалуу. Картошка, сабиз, чамгыр, кызылча, капуста, болгар калемпири жана башка ар түрдүү жашылчалар микроэлементтерге жана витаминдерге өтө бай. Жайында жана күзүндө жемиштин түрлөрүн болушунча жеп-жеп алыш керек. Бейшембиде, колдон келсе, балык жеген жакшы. Калган күндөрү адам өзү каалагандай тамактанса болот.


Биздин эл колдо бар тамагын ичип-жеп, ошого эле кайыл болуп көнгөн. Бирок, ошол тамак-ашты да түрлөп, мүнөздөп ичсе болорун элес албайт. Албетте, азыр жакыр турмуштун айынан алыскы айылдарда жалаң нан менен, карандай чай менен отурган үй-бүлөлөр да бар. Бирок «алма быш, оозума түш» деп жамбаштап жата бербей, ээн жаткан бакчага ар кандай мөмө-чөмө өстүрүп, же болбосо картөшкө, капуста, буурчак сыяктуу жашылчаларды эгип, терген түшүмүн пайдаланып, организмдин күнүмдүк рационун толтурууга неге болбосун? Дегинкиси, дүйнөнүн эч бир жеринде идеалдуу тамактануу дал ушундай болот деген так эреже иштелип чыккан эмес.


(Гүлнур Жумалиеванын «Шоокум» журналындагы материалынан пайдаланылды. 2007-жыл, Бирдин айы)



38

17 сабак


ЖАН АЗЫГЫ – ЖАГЫМДУУ МУЗЫКА


Сабактын максаты:


Балдардын музыкага болгон табити калыптанат. Кыргыз музыкасынын улуу касиетин аңдай алышат. Музыканын адам сезимине таасир эткен улуулугун сезе билишет.


Сабактын жабдылышы:


Кыргыз элинин музыкалык аспаптары. Магнитофон, комуз күүлөрүнүн дисктери.


Сабактын жүрүшү:


Сабак «Кыргыз көчү» күүсүн уктуруу менен башталат. Же болбосо элдик ырлардан бирөөсү уктурулса да болот. Андан соң мугалим окуучулардын музыкага болгон кызыгуусун, кыргыз музыкасы жөнүндө түшүнүгүн сурайт. Кыргыздын улуу комузчулары, композиторлору жөнүндө да маалымат берет. Музыканын касиети – оорулуу адамды айыктыра ала тургандыгын лекциялык материал менен окуучуларга жеткирет.


Бейтапсыңбы? Музыка ук!


Илгери ислам мамлекеттеринде жандүйнөсү жабыркап, акылынан айнып калгандар үчүн атайын ооруканалар иштечү экен. Мисалы, 8-кылымда Фес шаарында, 9-кылымда Багдад менен Дамаскта, 1279-жылы Алепподо бейтапканалар ачылып, оору-сыркоолорду музыканын жардамы менен дарылоо ыкмасы колдонулган. Ал эми байыркы түрк уруулары музыка жана үн аркылуу таасир эткен адамды «бакшы» же «кам» деп аташкан. 1284-жылы Каирдин башкаруучусу Аль-Мансур Сайфиддин «Мансурийя» ооруканасын курдурган. Бул жерде ар кыл музыкалык аспаптар кеңири колдонулган. Андан тышкары, үнү «таттуу» муэдзиндерди диний күүлөрдү көркөм окуп берүүгө чакырышкан. «Мансурийя» бейтапканасы бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган, ал жерде байыркы дарылоо ыкмасы дале колдонулат. Ал эми айрым заманбап бейтапканаларда телерадиодон жана компьютердик жабдуулардан чыккан үндөр пайдаланылат.


Байыркы Осмон жана Сельжук өлкөлөрүндө да музыка менен дарылоо ыкмасы кеңири колдонулган. Түркиянын Эдирне шаарында жайгашкан Дарул-шифа дарылоо мекемеси Осмон маданиятынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Бул жайдын ортосунда орун алган сахнада сценкалар коюлуп турган. Ал эми мунаранын алдындагы фонтан тегерегине бир калыпта чачылып, өзүнүн шыңгыр добушу менен кишинин жарпын жазып турган. Кайсы ооруга кандай тон, кандай ыргак туура келерине чейин тактап, бул багытта жогорку чеберчиликке жетишкен. Адистер кайсы убакта кандай музыканы угуу маанилүү экендигин да аныкташкан. Мисалы, «нихивенд» ыргагын – түштөнүүдөн кийин, «растты» - күүгүм киргенде жана түнкүсүн угуу көбүрөөк натыйжа берери аныкталган. Соңку кездерде медицина илими музыканын таасирин дагы тереңирээк изилдөөгө киришти. Мисалы, азыр Түркиянын Мармара университетинде музыканын өнөкөт ооруларга жана психологиялык жабырланууларга каршы таасири изилденүүдө.




39

Музыка кандайча таасир этет?


Адам организминин 60-80 пайызы суудан турары эч кимге деле жаңылык эмес. Так ушул суулар денебизде ар кандай дабыштык термелүүлөрдү кулак менен гана укпастан, ар бир клеткабыз менен сезебиз. Ар кандай башаламандыктар бизди стресстик абалга алып келип, көңүлүбүздү чөгөрөт. Натыйжада иммундук системабыз начарлап организмибиз алсыз болуп калат. 90 децибелден жогору үн толкундары стрессти пайда кылып, угуу жөндөмүбүздү начарлатат. Доктор Пиерс Дж. Ховардын айтымында, жогорку жыштыктагы кыймылдуу музыка адамдын аң-сезимине алкоголдук ичимдиктердей, баңгизаттардай таасир берип, жүүнүн бошотуп, көз каранды абалга алып келет. Биз сезген үндөр курсактагы балага да таасирин тийгизет. Түйүлдүктөгү баланын угуусу 16 жумадан кийин эле өөрчүйт.


Адамдын үнүнүн дарылык касиети бар. Бирок, адамдар анын баалуулугун толук түшүнө элек. Үн бүт клеткаларга жана органдарга таасир берет. Ал эми анын дарылык касиетин колдонуш үчүн жагымдуу музыка угуш керек. Тронто университетинин профессору Кейт Мур «Адам эмбриологиясы» аттуу китебинде адамдын эмбрионунда алгач угуу жөндөмү (кулак), анан көрүү (көз), акырында сезимдүүлүгү, түшүнүгү жана интеллекти (мээ жана жандүйнөсү) өрчүйт деп жазат.


(Элеонора Абдылдаева «Шоокум» журналындагы материалынан пайдаланылды. 2008-жыл, февраль айы)










































40

Сабактын темасы: КАРГЫШ АЛБАЙ, Алкыш АЛ!


Сабактын максаты:


«Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт» деген макалдын маанисин түшүнүшөт. Окуучулар бата алууга, ар дайым бирөөнүн ыраазычылыгын угууга үйрөнүшөт. Каргыштан коркууга, качууга аракет жасашат. Батанын адам турмушундагы, диний түшүнүгүндөгү ролун билишет.


Сабактын жабдылышы:


Ар түрдүү баталардын тексттери, ватмандар, меркерлер.


Сабактын жүрүшү:


Мугалим окуучуларга «Ким бата бере алат?» деген суроо менен кайрылат. Бата берүүнү каалаган окуучуларга мүмкүнчүлүк берилип, батасын угуп жалпы класстагы окуучулар алакан жайып бата кылышат. Андан соң балдарга батаны түрлөргө бөлүү жөнүндө тапшырма берилет. Ватмандарга жазылып доскага илинет.


Бул жөн гана айтылган сөз дебе


Элибизде «Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет», «Жакшы сөз – жарым ырыс», «Дубада – батада күч бар», «Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт», «Улуулардын батасын ал», «Бир нерсеге чечим чыгарардан мурда ойлон», «Жаштын тилегин берет», «Жети өлчөп, бир кес», «Айтылган сөз – атылган ок, кайра алалбайсың», «Бир нерсени тилээрден мурда ойлонуп, анан тиле, тилегиң жүзөгө ашса, өкүнүп калба», «Бир сөз бар – иш бүтүрөт, бир сөз бар – баш кестирет», «Бычак жарасы бүтөт, сөз жарасы бүтпөйт», «Жүрөгүнүн үшүн алуу», «Оозуна келгенди оттоо», «Ойлор чындыкка айланат» ж.б.у.с.сөздөрдү көп эле угуп жүрөбүз. Бирок, бул сөздөрдүн төркүнүнө, айтылган күчүнө толук кандуу маани бербейбиз, булардын күнүмдүк жашообузда өтө маанилүү экенин, тилекке каршы баарыбыз эле этибарга ала бербейбиз. Бир ой акырындап сөзгө айланат. Сөз сүйлөмгө, сүйлөм болсо дайыма айтып жүргөн төл сөзгө айланат. Ал акырындап адат болуп, мүнөзгө өтөт. Мүнөз болсо биздин тагдырыбызды белгилейт. Башкача айканда, оюбуз кандай болсо (оң же тескери, жакшы же жаман), тагдырыбызды да өзүбүз ошондой белгилеп алышыбыз мүмкүн. Ойго батып жыйынтыкка келүүдөн мурда, ал ойду талдап көрүү зарыл. Кийинки сөз күнүмдүк турмушта колдонулуп келген сөздөрдүн, анын ичинен алкыш жана каргыш сөздөр тууралуу болмокчу.

Топтордо иштөө «Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө»


Эзелтеден ата-бабаларыбыз жогоруда айтылган макалдар менен бирге «Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө» деген сөздөр аркылуу ар бир айткан сөзүбүзгө этият мамиле кылуубуз зарылдыгын эскертип келишкен. Себеби, жаштар улуулардан бата алып, анан гана олуттуу ишке белсенишкен. Бата аркылуу ишинин оңуна чыгарына ишенишкен. Сөздө жана ойдо энергия бар. Биздин бабаларыбыз илгертен жакшы нерселерди ойлогула, «кудай ниетиңе жараша берет» дешчү. Же болбосо, элибизде айтылып келаткан «пейил оңолмоюнча, киши оңолбойт» же «заман оңолбойт» деген сөздөр да тегин жерден чыкпаса керек.

Батанын күчүнө ишенүү сыяктуу эле, каргыштын күчүнө ишенүү да ошончолук маанилүү. Эмнеге элден бата алуу аркылуу кээ бир жүгүбүз жеңилдеп, ишибизди, ден соолугубуздун оңолоруна ишенебиз да, каргышка ишенгибиз келбейт же ага көңүл бурбайбыз.Келгиле дайыма жакшы тилек тилейли.


Үй иши: үйдөгү ата-энелерибиздин берген батасына анализ жургүзүү




Сабактын темасы:


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СИМВОЛИКАЛАРЫНДАГЫ


ТҮСТӨРДҮН ЧЕЧМЕЛЕНИШИ


Сабактын максаты:


Кыргыз Республикасынын символикаларынын маанисин түшүнүшөт. Символикалардагы белгилерди, түстөрдү чечмелей алышат. Адам жашоосундагы түстөрдүн ролун аныктоого үйрөнүшөт.


Сабактын жабдылышы:


КРдин Герби, туусу, Гимндин тексти. Сары, кызыл, көк, ак түстөгү барактар, клей, кайчы, карандаш, магнитофон.


Сабактын жүрүшү:


Сабак КРдин мамлекеттик гимнин уктуруу менен башталат. Гимн ырдалып жатканда окуучулар колдорун жүрөк тушка коюп, дене-бойду түз кармап турушу мугалим тарабынан көзөмөлдөнөт. Гимнди музыкага кошулуп ырдоого көнүгүшөт. Андан соң мугалим окуучуларды эки тайпага бөлүп, түстүү кагаздарды, кайчы, клей таркатып берет. 1-топ «Туунун», 2-топ «Гербдин» макетин жасашат. Жасагандары доскага илинип, мугалим тарабынан бааланат. Символикалардагы түстөр жөнүндө класс жетекчи төмөндөгү материалда пайдалана алат.

Символикалардагы түстөр


Айрым авторлор символдорду түшүнүү үчүн, аны ар кандай топторго бөлүштүрүп келишкен. Мисалы, космикалык обьектерге, атмосфералык кубулуштарга байланышкан символдор (жылдыз, күн, ай, чагылган ж.б.); жердеги жаратылыш символдору (жаныбарлар, канаттуулар, балыктар, курт-кумурскалар, өсүмдүктөр ж.б.); адамдардын өзү менен байланышкан символдор (жүрөк, кол, көз ж.б.) жана ошондой эле, алар жараткан искусство предметтери жана курулуштар (архитектуралык имараттар, курал-жарактар, ритуалдык жана турмуш-тиричилик предметтери; фантастикалык жаныбарлардын символдору (ажыдаарлар, бир мүйүздүү жаныбарлар, грифон); ошондой эле, ар кандай фигура, белгилер (крест, христограмма, түстөр, сандар ж.б.).


Символ грек сөзүнөн алынып, белги, мүнөздүү белги, уруксат белгиси деген маанини түшүндүрөт. Ошол эле мезгилде символ ар кандай түрдүү мааниге ээ болушу мүмкүн. Байыртадан эле ар кандай белги жана символдорду ойлоп табуу жана аларды колдонуу адамдарга мүнөздүү белгилердин бири болуп келген. Адам аларды колдонууну өзү үчүн же болбосо уруусу же уругу үчүн өзгөчө белгиленүүчү белгисин алуу салты өтө тереңге сүңгүп кетет жана ал салт дүйнөнүн бардык элдерине кеңири тараган. Бул салттар уруулук түзүлүш мезгилинде пайда болуп, тарыхтын алгачкы общиналык мезгилиндеги бардык элдерге тиешелүү болгон.


Кыргыз Республикасынын туусунун өңүнүн кызыл түстө болушу кыргыз эли үчүн кандай мааниге ээ? Эмесе, макаланын нугун ушул багытка буруп, кыргыз эли үчүн кызыл түс кандай мааниге ээ болгондугуна токтолуп көрөлү. Негизи кызыл түс


– жылуу жана активдүү түстөрдүн бири. Жалпы эле кызыл түс өмүрдүн, энергиянын, күндүн, оттун жана жайдын, ошону менен бирге ал коркунучтун болуу мүмкүндүгүн


жана канды түшүнүдүргөн. Ал эми эмоционалдык жактан ал эң күчтүү сезимдерди – сүйүүнү жана кубанычты, агрессияны жана жек көрүүнү, ал эми социалдык жактан согушту жана революцияны түшүндүргөн. Көптөгөн революциялардын, көтөрүлүштөрдүн белгиси кызыл түс болгон. Мисалы, Кытайдагы «кызыл каштуулардын», Ирандагы 778-жылкы араб халифатына каршы чыккандардын туусунун өңү кызыл болгон. 19-кылымдагы Гарибальдинин ыктыярдууларынын кызыл көйнөктөрдү кийиши жана кийинки эле Россиядагы 1917-жылкы революцияга байланыштуу кызыл туу, кызыл жылдыз, кызыл гвардия же кызыл аскер, кызыл армия, кызыл жагоо жана башка аталыштардын болушу, кыргыздарда революциядан кийин аялдардын кызыл жоолук салынышы – мунун айкын далили. Психологдордун айтуусу боюнча, күчтүү адамдар өздөрүнө кызыл түстү тандап алышат, ал эми эрки бош адамдар бул түстөн качышат, мындай түс алардын кыжырын келтирет. Мифологияда бул түс көптөгөн кудайлар менен байланышкан. Мисалы, Кытайда Чи-ди (кызыл башкаруучу) – күндүн, оттун жана жайдын кудайы. Байыркы Римде бул түс Марс кудайы менен, ал эми Египетте Сету жана Апопу кудайы менен байланышкан. Орто кылымдардагы европалык костюмдардагы кызыл түс бийликти түшүндүргөн.


Кыргыз эли байыртадан бери эле бул түстү сүйүп, буюмдарынын, кийим-кечектеринин кооз жасалгасын кызыл түскө келтиришкен. Мисалы, боз үйдүн уук-керегеси, түндүгү, эшиги кызыл түстө болгон. Айрым ырым-жырымдарды жасоодо да кызыл түстү ырым катары пайдаланышкан. Кызамык оорусу менен ооруган учурда, тезирээк сакайып кетиш үчүн, үйдүн ичин кызыл буюм-тайымдар менен жасалгалап, жылуулашкан. Көздүн тирсек оорусунан айыгыш үчүн, атыжокко, ортонго кызыл жип байлашкан. Ошондой эле кыргыз эли бул түстү чөптүн тамырынан алышкан. Бир нерсени боеш үчүн, эндиктин тамырын, эңгилчекти, жошону жана союлган малдын жаңы канын да колдонушкан. Боек чөптүн тамырын айрынын же болбосо учтуу таяктын жардамы менен казып алышкан. Тамырды жууп-тазалап, көлөкөдө кургатып, сокуга же болбосо жаргылчакка салып майдалап, анан аны ченем менен кайнаган сууга салып каалаган нерсесин боешкон.


Бул түс аркылуу кыргыздар сулуулукту да, уялууну да, сүйүүнү да билдиришкен. Мисалы: Кызыл жүздүү адам, өңүнө кызыл жүгүрдү, уялганынан өңү кызарып кетти ж.б. Ошондой эле, кыргыз элинин келип чыгышын көптөгөн окумуштуулар түстөрдүн этнониминин атрибутикасына карап, кызыл түс менен байланыштырышат. Кызыл түс – түштүк кыргыздардын, көк түс – түндүк кыргыздардын түсү болгон деп эсептегендер да бар.


Бышыктоо: Кытай жазма булактары боюнча, байыркы кыргыздар байлыгына жана бийлик даражасына жараша, түрдүү материалдардан жасалган, ар түрдүү формадагы баш кийимдерди кийишкен. Байыркы мезгилде ак түстөгү баш кийимдерди шамандар же болбосо бийлик башчылары, хандар гана кийишкен. Кызыл түс аскер адамдарынын белгиси катары эсептелинип, алар дайыма кызыл калпак кийип жүрүшкөн.Кыргыз элинде кызыл түстөн тышкары, ак, көк, сары, кара түстөрдү да колдонушкан. Кыргыздар дүйнөнүн 5 элементинин стихиясын түстөргө байланыштырышкан. Ага ылайык, от – кызыл, жер – сары, дарак – көк, теңир – ак

Үй тапшырма: стихия деген эмне?

.


20 сабак


КАЛП АЙТУУ, ЖАЛАА ЖАБУУ,


АЛДАМЧЫЛЫК


Сабактын максаты: Балада калпычылык кичинекейинен калыптанат. Ал кээ бир ата-энелердин орой, баланы кагып-силккен, уруп жиберген катуу мамилесинен улам болот. Бала коркконунан калп айтууга бара баштайт. Анан калпычылыкка өтөрү, аны адат кылары талданат. Мындан арылуунун жолу көрсөтүлөт. Алдамчылык ишеничти кетирет, жалаа жабуу адамды сыздатат. Ак жүр, ар нерсеге так жүр.


Сабактын жабдылышы: Адеп китеби, ватман ж.б.


Сабактын жүрүшү:


Мугалим окуучуларды класстын санына жараша үч топко бөлүштүрөт. Ар бир топ берилген убакыттын ичинде “Калп” даярдашат. Белгиленген убакыттан соң, ар бир топ даярдаган калпын айтышат. Класс жалпы талкуулашат.


Мугалимдин сөзү:


“Калптын казаны кайнабайт”, “Калп айткан адам жарыбайт” деген макалдар калк арасында эбактан бери эле жашап келет. Бул макалдарда камтылган ой, калпычылыктын жаман сапат экендигин айгинелейт. Бала калпычылыкты кичинекей кезинен эле үйрөнө баштайт. Себеби, кандайдыр бир туура эмес иш жасап, ата-энесинин урушунан коркуп калп сүйлөйт. Ошентип бул сапат билинбей калыптана берет. Төмөндөгү окуя да ушуга байланыштуу.


Бир күнү Болот менен Эрбол үйдө жалгыз калышты. Алардын апасы тойго кетти. Болот Эрболдон эки жаш улуу. Ал жети жашта. Эрбол экөө таекеси сатып келип берген оюнчук “КАМАЗ” менен ойноп жатышкан. Болот аны сындырып алды. Апасы тойдон келип, сынган оюнчукту көрүп, Болоттон:


-Балам, оюнчукту ким сындырды? – деп сурады. Коркуп кеткен болот:


-Эрбол сындырды – деп калп айтты. Апасы күлүмсүрөп Эрболду кучагына алды


да:


-Эрболума тойдон момпосуй алып келдим, - деди. Ызасына чыдабаган Болот:


-Эмне үчүн? Ал машинаны сындырып салбадыбы? Мен сындырбасам деле мага момпосуй бербейсизби? – деди.


-Жок. Эрбол машинаны сындырганы үчүн момпосуй берем! – деди апасы.


Апасынын бул сөзүнө таң калган Болот:


-Апаке, машинаны мен сындыргам. Мага момпосуй бериңизчи – деди. Апасы күлүп:


-Мына, уулум! Калп баары бир билинип калат! Андыктан, калп айтпай жүргүн – деди.


Көрдүңөрбү балдар калп канчалык жашырба, баары бир билинип калат. Калп айтканга көнүкпө, чынчыл болууга аракет кыл.


Алдамчылык менен жалаа жабуу да терс сапаттардан. Алдамчылык – жалган менен эриш аркак. Адамдардын бири-бирине болгон ишеничин кетирет. Адамдык сапаттын жоголушуна алып келет. Ал эми жалаа жабуу эң жийиркеничтүү сапат. Жабыркатат, жүрөктү сыздатып адам турумушун жагымсыз нукка бурат. Алдамчы,



45

жалаакор адамдарды жек көрөлү, өзүбүдөн бул сапаттарды алыс айдайлы. Ак, ар нерсеге так жүрөлү.


Калп айтуунун кесепети


Досторум, силерге мектеп турмушунан кызыктуу бир окуяны айтып берүүнү чечтим. Мектепте окуп жүргөнүбүздө мугалимдерибиздин үй тапшырмасын аткара албай калганда, ар кандай шылтоолорду айтып, аларды алдаганга аракет кылган окуучулар көп кездешет. Бир жолу мен да ошондой акыбалда калып, экинчи калп сүйлөбөс болдум.


Мен анда 6-класста окуур элем. Биздин мектепте тартип катуу болчу. Бир күнү биология сабагынан Акылай эже биздин класска жан-жаныбарлар жөнүндө кызыктуу сабак өтүп, андан соң бардыгыбызга кийинки аптада курт-кумурска, өсүмдүктөрдөн гербарий жасап келүүбүздү үй тапшырма катары берди. Эгер аны аткарбасак аябастан туруп, дароо “2” кое турганын да алдын ала эскертип койду.


“Макул” деп сөз бергенибиз менен кийинки аптага чейин көпчүлүгүбүз эжейдин тапшырмасын унутуп коюптурбуз. Бир эле Айсулуу деген эң жакшы бааларга окуган кыз эже айткан күнү эле кооз гүлдөрдү, көпөлөктөрдү кармап, аларды бир жумадан бери кургатып келиптир. Акылай эже Айсулууга ыраазы болуп, дароо “5” койду, а калгандарына жини келип “2” коюп салды. Эң коркунучтуусу ал күнү мектеп боюнча линейка бар болучу. Андыктан, мага кезек келгенде эжеге даярдап койгон гербарийимди үйгө унутуп койдум деген шылтоону айта салбасмынбы. Эже мага жинденген жок, жай гана “Андай болсо, үйүң жакын эле, 15 минуттун ичинде барып алып кел,” - деп сабактан бошотуп койду.


Кызыктын баары ошондо башталды. Мектептен чыгаарым менен үйгө чуркап барып, бир кичинекей кагаз куту таап, анын ичине пахта салдым. Огороддон талаа чөптөрүн жана он чакты чегирткелерди кармап, кутунун ичиндеги пахтага жайгаштырып, шашылган бойдон мектепке кайттым. Акылай эже кутуну ачканда баягы менин чегирткелеримдин бардыгы секирип кетишти, а огороддон алынган чөптөр талаа чөбүндөй болбой эле бүрүшүп, соолуп калыптыр. Класстагы “2” алгандар да, “5” алгандар да, эжейим да менин жоругума боору катканча күлүштү. Ошондо биринчи жолу, жана башкалардан өзгөчө айырмаланган “2” менен курдаштарымдын арасында уят болгом. Ушундай окуядан кийин үй тапшырмаларымды берилген күнү эле аткарууга, эч кимге калп сүйлөбөгөнгө өзүмө-өзүм сөз бердим.

















46

21 сабак


НАМЫС ЖАНА НАМЫСТУУЛУК


Сабактын максаты:


Окуучулар намыстуу болууга намыстуулукка тарбияланышат. Балдардын улуттук намысы ойгонот.

Сабактын жабдылышы:


Ватман, маркерлер, ж.б.


Сабактын жүрүшү:


Мугалим сабакты «Намыс деген улуу журт» деген темада 5 мүнөттүк эссе жазуу менен баштайт. Каалаган окуучулар жазган эсселерин класста окушат. Жалпы талкуу өткөрүшөт.


“Намыс… Бул адамдын адамдык өлчөмү, анын кишичилик даражасынын бийиктик ченеми”.


Касым Тыныстанов


“Эр энеден төрөлөт, элге кызмат кылат. Баатырды намыс жаратат”.


Торгой


Эл оозунда мындай бир икая айтылып жүрөт:


Күндөрдүн биринде намыс өз кийимин жоготуп койду. Ырахат-жыргалга, байлыкка жана күч-кубатка кайрылып, алардан жоголгон кийимин талап кылды. Булардын бирөө дагы анын кийимин таап берүүгө кудуретсиз эле. Акырында намыстын кийимин өкүнүч менен бушаймандык таап келди.


Намыс – бул адам баласынын эң жогорку сапаты. Ыймандын бир бутагы. Жогорудагы икаяда айтылгадай намысты колдон чыгаргандан кийин, аны кайрадан табуу, аны менен жарашуу кыйын. Канча байлыгың болсо да, эч кимде жок күч кубатка ээ болсоң да, өзүң сезген жыргалга тунуп турсаң да намысыңды кетирип алсаң анда сен адашкан адамсың. Өкүнүч менен бушайман болуу гана сени ошол абалдан чыгарууга жардам бериши мүмкүн. Анткени өткөн ишке өкүнгөн адам аны кайрадан кайталабоого аракет жасайт.


Элибизде сөз бар эмеспи “Эрди намыс, коенду камыш өлтүрөт” деп айтылган. Негизинен намыс эр жүрөк, эркин болууну каалаган, кадыр-баркын бийик сактаган, ата-салтын даңктаган, өзгөлөрдү барктаган адамдардын сапаты болуп эсептелет. Улуу акыныбыз Барпы Алыкулов “Ариет менен намысты алган жигит жакшы экен” деген ыр саптары менен эр жигиттердин намыс-ариетинин, намыстуулугунун бийиктигин баса белгилеген.

Кыргыз эли эр жүрөк, намыстуу баатырларга бай эл. Илгертеден эле алышкан жоосун доого жыккан жигиттер улуттук намысын колдон беришкен эмес. Канчалаган кан күйгөн согуштарда да кыргыз туусунун бийик желбиреп турушу үчүн күрөшүшкөн. Анткени туусу кулаган элдин намыс-ариети төгүлүп, эр жигиттеринин баштары жер караган. Элдин намысын коргой албаган суу жүрөк деп эсептелишкен.

Төмөндөгү Байдылда Сарногоевдин “Намыстанып” деген ырын окуп көрөлү. Кыргыздардан космосту багындырган космонавт, кыл чокуларды багындырган альпинист, жер бетин гүлзарга айландырган багбан, дүйнөлүк чемпион болгон балбандар саналуу гана. Эмне үчүн мындай ийгиликтерге жетишпейбиз. Жетишкен


47

жагыбызды башкаларга көрсөтүп сыймыктансак болбойбу? Бар болгон күчүбүздү, бар болгон акылыбызды ар-намысыбыз үчүн арнайлычы. Намыстуу адам болууга умтулалычы.


Намыстанып


Кыргыздан кыйын учкуч аз,


Кыл чокуларга чыккыч аз.


Курулуш салган чебер аз,


Ойлонуп тапкан өнөр аз.


Гүл бакча тиккен багбан аз,


Күрөштө чыккан балбан аз.


Футболчу жагы жокко эсе,


Бул жактан начар алгалаш.


Ар иштен мисал келтирип,


Айтсам бар бир топ кемчилик.


Кыйындар чыкчу кез жетти,


Кырк бир жыл мурун телчидик.


Тоолуктун шаарын көрсөк деп,


Дос элдер келет кубанып.


Кыргыздар аз го дегенде,


Кызарып кетем уялып.


Далай иш бүттү колуңдан,


Таланттуу кыргыз жаштары.


Жебиреп сүйлөй бербейин


Жетишкен жагың аз дагы.


Ар-намыс үчүн арналсын:


Жүрөктүн ар бир какканы,


Бар болгон күчтөр бойдогу,


Бар болгон акыл баштагы.


Б.Сарногоев


Ар-намыстын арты ийгилик


Нурзаман жалкоолуктан улам сабакта ар дайым “2” деген бааны алчу. Ал канчалык жакшы окуюн деп аракет кылса да, жалкоолук аны жүгөндөп кое бербеди. Шоктугун айтпа. Классташ кыздары анын жасаган кылыктарынан аябай тажашты. Балдар болсо аны көп өздөрүнө кошкусу келишчү эмес.


Бир күнү класс жетекчиси балдарга шаардагы маданий эстеликтерге баруу үчүн жолдомо алып келди. Бирок алардын ичинде Нурзамандын аты-жөнү жок эле. Муну агайы бала үчүн таасир болсун деп атайын жасаган эле. Ыза болгонунан “Мен эмне үчүн барбайм?” деп класс жетекчисинен сурады. Мугалим аны башынан сылап, эркелетип: “Нурзаман, бул жолдомо жүрүш-турушу, кыздарга, мугалимдерге жасаган


48

мамилеси аябай жакшы балдар үчүн экен. Сенин ал жерге баргандан кийин тартибиңди жакшы кармай албасыңды эске алышканбы, жолдомого атыңды киргизишбептир. Балким жакшы окуп, тартиптүү болуп калсаң кийинчерээк барарсың?” деген таасирдүү сөзүн айтат.


Мына ушул окуядан кийин Нурзаман тез эле башка адам болуп чыга келет. Себеби ал: “Эмне үчүн мен башкалардай боло албайм? Жакшы окуганга, тартиптүү жүргөнгө, мугалимдерге жакканга менин деле мүмкүнчүлүгүм бар да. “5” деген баа менин күндөлүгүмдө турса жарашпайбы? Эмнеге кыздар, досторум мени жактырышпайт десе...” деп аябай намыстанат. Ар-намысынын күчтүүлүгүнөн ал тез эле өзгөрөт. Көп ийигиликтерге жетишип, сүйүктүү досторду таап, классташ кыздарына жагып, мугалимдин мактоо сөздөрүн уга баштайт. Нурзаман ар-намыстын арты ийгилик алып келерине чындап ишенет.





















































49

Сабактын темасы:


АДАМЗАТТЫН АЗЫГЫ КИТЕП


Сабактын максаты:


Балдардын китеп окууга болгон кызыгуусу артат. Китепти сүйүүгө, китептен таасир алууга үйрөнүшөт. Ак ниет, билимдүү болууга тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы:


Ар түрдүү багыттагы китептер, ватман, маркерлер ж.б.


Сабактын жүрүшү:


Мугалим балдардан китептин пайда болуу тарыхы жөнүндө маалымат суроо менен сабакты баштайт. Кимдин кандай темадагы китептерди окугусу келерин, эң акыркы окуган китеби, андан алган таасирлери жөнүндө да маалымат алат.

Мугалимдин сөзү: 23-апрель – китеп күнү


Эсиңиздеби, биринчи жолу мектеп партасына олтуруп, мугалимиңиз колуңузга «Алиппени» карматканы; кооз сүрөттөр жана бейтааныш тамгалар; үйүңүзгө дегдеңдеп чуркап келип бардыгына мактанып, жетине албай турганыңыз?..


Китеп ар кыл маалыматтарды өзүнө камтып, эски менен жаңыны, улуу менен кичүүнү, эл менен элди бириктирүү касиетине эгедер. Китепти кеңешчи, ишенимдүү дос десе да болот. Шекспирдин трагедиялары, Сервантестин «Дон Кихоту», Гетенин «Фаусту», Пушкиндин поэзиясы «түбөлүктүү жандоочулар» деген наамга бекеринен арзыбаган чыгар. Ар бир муун өзүнө ачылыш жасап, жашоосунда кайра-кайра аларга кайрылып турат. Буга Нобель сыйлыгынын лауреаты Герман Гессе толугу менен кошулуп, кайра окууну чыгармачылык деп билип, адамдын рухний дүйнөсүн көтөрө турган сапатын жогору баалаган. Ал эми араб жазуучусу Аббас Махмуд аль-Акад: «Бир сыйрадан эки китепти окуганыңа караганда, бир китепти эки сыйра окуп чыкканың терең жана маанилүү», - деген. Бирок, кийинки учурда кайталап окуганды мындай кой, өмүрү колуна китеп кармап көрбөгөндөрдүн саны арбыды. 1995-жылы Парижде болуп өткөн ЮНЕСКОнун генералдык конференциясында ушул маселе козголуп, китептин баркын көтөрүү, адамзаттын маданий жагына социалдык жактан жетилүүсүнө салым кошкон адамдардын эмгегин баалоо максатында, 23-апрель «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү» деп кабыл алынган. Бул дата жөн эле тандалып алынган эмес, дал ушул күнү дүйнөлүк адабияттын дөө-шаалары: Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсиласо де ла Вега каза болгон; Морис Дрюон, Х.Лакснесс, Владимир Набоков, Мануэль Мехиа Вальехо сыяктуу атактуу акын-жазуучулар жарык дүйнөгө келишкен. Ал эми 2-апрелди – атактуу жомокчу Ханс Кристиан Андерсендин туулган күнүн дүйнө эли «Балдарга арналган китеп күнү» катары белгилешет.


Бышыктоо: Окуучулар өздүк китепканалары боюнча сүйлөп беришет.

Үй иши: Жомок окуп келүү











23 сабак


ЖОЛДО ЖҮРСӨҢ, САК БОЛ!


Сабактын максаты:


Окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөнүшөт. Шаардын, айылдын көчөлөрүндөгү жол эрежелерин үйрөнүшөт. Балдар өзүн-өзү сыйлоого, тыкандыкка, тактыкка, улууларды сыйлоого, кыраакылыкка тарбияланышат.


Сабактын жабдылышы:


Светофордун макети, жол белгилеринин үлгүлөрү жана керектүү адабияттар.


Сабактын жүрүшү:


а) уюштуруу;


б) мугалимдин аңгемеси:


Балдар, бүгүн биз тарбиялык сабагыбыздан «Жолдо жүрсөң, абайла!» деген темада сабак өтөбүз. Азыркы мезгилде техниканын өнүккөндүгүнө байланыштуу атайын жолдор, машина жолдор да абдан да көп. Кыргызстандын бардык булуң-бурчуна авто жолдор салынган. Ал эми бул жолдордо жүрүү үчүн атайын эрежеге баш ийүү керек. Айрыкча кыймыл көп болгон шаарда жүрүү үчүн төмөнкү эрежелерди эске тутуп, тротуар менен басып, бир аз оң жагына жакын жүрүү керек. Эгер тротуар жок көчө болсо, анда жолдун сол жагы менен транспорттун кыймылына каршы жүрүү керек. Светофордун сигналына баш ийүү шарт. Көчөнүн бир жагынан экинчи жагына светофордун жашыл жарыгы күйгөндө гана же жол кыймылын жөнгө салгычтын сигналына карап гана өтүү керек. Көчөдөн жөө кишилер баскан жер менен өт, эгер ал жок болсо, эки жолдун кайчылашкан жеринен түз басып өт. Көчөнүн бир жагына өтүүдөн мурда эки жагыңды жакшылап карагын, ал үчүн адегенде сол жагыңды, жолдун ортосуна келгенде оң жагыңды карагын. Автобустан же тролейбустан түшөрүң менен көчөнүн аркы бетине «өтөмүн» деп ашыкпа! Эгерде өтө турган болсоң, келе жаткан транспорту билиш үчүн артыңды карагын. Эгерде өйдө-төмөн жүрүп жаткан транспорттор көп болсо, өзүңдөн чоң кишилер менен биргеликте өт.


Көчөдөн өтүп бара жатканда оң жаккы бурулушка сак болгун, анткени түз келе жаткан транспорт кээде оң жакка бурулуп кетиши мүмкүн. Мындай учурда алар кичине фараларын жандырып белги берет. Коньки же велосипед менен жүргөндө өтүп бара жаткан машинанын артына жабышып ойноо жөнүндө ойлобогун, ал абдан зыян. Келе жаткан машинанын алдынан жүгүрүп өтпө, сен бул туура эмес кылыгыңды эрдик деп түшүнбөгүн. Андан жалаң гана сен жапа чекпейсиң, шофер каттуу жаза алат. Ата-энеңди чоң кайгыга саласың. Эгер сен кокустан машинаны көрсөң ордуңдан жылба, машина сени айланып өтөт. Ата-энеңден уруксат болгондо гана өз алдыңча транспортко түшүү керек. Кандай транспорт менен кайсы жерге барарыңды анык билгин.


Мектеп жашындагы кенже балдар автобустун алдыңкы эшигинен кире алышат. Машина же автобуска түшүп жатканда түртүшүүгө болбойт. Автобустун ичинде балалуу аялды же карыган кишинин кирип келгенин көрсөң ошол замат ордуңду бошоткун. Эгер кишилер келген аялдамага түшүшпөсө сени өткөрүп коюусун сурангын. Автобустун же тролейбустун эшиги автоматтык түрдө жабылгандыктан түшөөрдө, кирээрде абдан сак болгун, жол эрежелерине так болгун.


51

Шашкалак


Адат күтпөй башкараак,


Жүрүп дайым шашмалап.


Асан ысмың өзгөрүп


Атка кондуң шашкалак.


Өтмөк элең көчөдөн,


Итиң менен жарышып.


Селейишти далай жан,


Сени көрө калышып.


Бутар басып тормозду,


Рулга кол карышып.


Машиналар күү менен,


Кете жазды кагышып.


Ай шашкалак, шашкалак,


Жүрсөң боло сак карап.


Кош айтып бул өмүрдөн,


Кала жаздың таш жалак.


Жол китеп


Түшпөсүн түк колуңдан,


Чыкпасын түк оюңдан.


Түркүн түстүү белги бар,


Жол бойлото коюлган.


Күндүзбү же кечтеби,


Эл уктаган кездеби.


Окуй бер бул жол китеп,


Ачык турган беттери.


Олку-солку болбо көп,


Мындай китеп жолдо көп.


Турат сага эскертип,


«Түз бас», «оңго», «солго» деп.














52

24 сабак


ООМАТТУУ ОШУМ - СЫЙМЫГЫМ


Сабактын максаты:


Ош шаарынын азыркы жана байыркы абалы жөнүндө маалымат алышат. Балдар өз мекенин сүйүүгө үйрөнүшөт. Алардын дүйнө таануусу, ой жүгүртүүсү калыптанат.

Сабактын жабдылышы:


Ватмандар, маркерлер, сүрөттөр.


Сабактын жүрүшү:


а) уюштуруу.


Мугалим класстын жалпы абалына, окуучулардын маанайына көз жүгүртөт (парталар «П» формасында жайгаштырылат). Сабакты «Туурамчы» деген оюн менен баштайбыз.


Бул оюндун шарты төмөндөгүчө. Алгач биринчи тайпа атаандаш тайпасынан каалаган бир окуучуну чакырып алышып өздөрү макулдашкан бир жаныбардын атын кулагына айтат. Ошол окуучу өзүнүн тайпасына карап, айтылган жаныбарды үн чыгарбастан, өзүнүн кыймыл-аракети менен туурап жаныбарды чагылдырат. Ал эми тайпасы ошол кайсы жаныбар экендигин таап алуулары шарт.

Белгиленген убакыттын ичинде тайпасы жаныбардын атын туура таба албаса утулат. Тууроону көп жолу тапкан тайпа жеңишке жетишет.


Бул оюн ойнолуп бүткөн соң балдар менен кошо отуруп, ооматтуу Ошубуздун тарыхы жөнүндө сөз кылабыз.


Ош шаары


Ош шаары Кыргызстандын байыркы ири шаарларынын бири. Ал Ош облусунун борбору болуп, Фергана өрөөнүнүн түштүк чыгыш чет жакасында, Кичи Алай тоосунун түндүк этегиндеги Ош – Кара – Суу түздүгүндө деңиз деңгээлинен 700-1000 метр бийиктикте жайгашкан.


Ош шаары Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири, анын тарыхы так эмес. Уламыштар анын пайда болушун Александр Македонский, ал турсун Сулайман пайгамбар менен байланыштырат. Археологиялык изилдөөлөр бул жердеги элдер биздин эрага чейинки 1000 жылдыкта отурукташкандыгын далилдеген. Ири шаар катары жазма даректерде 9-10- кылымдарда айтылат. Ошол учурда Ош шаары чоңдугу боюнча Ферганада үчүнчү шаар болгон. Ушул шаар аркылуу Орто Азиядан Кытай менен Индия соода жолу өткөн.


Ош шаары байыркы заманда Улуу Жибек жолундагы кербендер токтоп, дем алып кетүүчү маанилүү борбор болгон. Азыркы учурда Ош шаарыбызда 3 жогорку окуу жайы, 3 оорукана, 4 төрөт үйү бар. Ошондой эле «Токтогул», «Навои» ж.б. эс алуу парктары, Кыргыз, Өзбек театрлары бар.


Ар бир адамды таң калтырчу нерсе бул тоо шаардын так ортосунда орун алгандыгында. Сулайман тоосу Ак-Буура дарыясынын сол жээгинен орун алган, анын мурдагы аты «Бара Кух» болгон экен.


Бийигине чыгып алып чокуңдун


Келет менин шаарды тиктеп отургум.


53

Сулайман тоо көөнө шаарга көрк берип,


Ортосунан орун алган Ошумдун.


Киргил тартып кирип келген иңирден


Агымына карт тарыхты сиңирген.


Элим жашайт Ак-Бууранын жээгинде


Жоомарттыгы жоругунан билинген.


Көрүшкөндө балкып кеткен от денең Көп улуттуу көөнү жакшы дос кенен. Мээрим төгүп сырттан келген мейманын, Сыйлап алган сыймыктанам Ош менен.


Жолон толкуп окугансыйт саптарын, Шыбыр-шыбыр желге ыргалса бактарың. Ак-Буурам ай, угам Сенин шарыңдан, Ырысбайдын обон созуп жатканын.













































54

25 сабак


ЖАЛКООЛУК – ЖАМАН ЖОРУК


Сабактын максаты:


  • Окуучулар жалкоолук жөнүндө түшүнүккө ээ болушат.


  • Жалкоолук жаман адат экендигине ынанышат.


  • Жалкоолуктун маанисин түшүнүшөт.


Сабактын жабдылышы:


Төкмө акын Аалы Туткучевдин фотосу, “Жалкоолук” деген ырынын тексти, DVD,


диск.


Сабактын жүрүшү:


1-кадам: Мугалим окуучулар менен биргеликте “Жалкоолук” деген сөзгө кластер түзөт. Жалкоолук тууралуу окуучулардын ойлору угулат, класста талкууланат.


2-кадам: DVD аркылуу окуучулар А.Туткучевдин “Жалкоолук” деген ырын угушат.


3-кадам: Окуучуларга ырдын текстти таркатылат. Алар ырдалып жаткан учурда кошо ээрчип текст менен таанышышат.

4-кадам: Ыр уктурулуп бүткөндөн кийин окуучулардан пикирлер суралат.


Суроолорго жооп беришип, жалпы класста талкуу уюштурулат.


5-кадам: Класс жетекчи сабакты жыйынтыктайт.


Жалкоолук


Маасысы жок кепиччен,


Жуурканга башын бекиткен.


Жан багып мештин түбүндө,


Жатып алып жеп-ичкен.


Чак түшкө чейин ойгонбой,


Чакырган жерден кечиккен.


Ток урган жандай секирип,


Той десе, чуркап жетишкен.


Жаштар укса, айтайын


“Жакоолук” деген кесиптен.


Таш баканын үстүнө


Минип алган жалкоолук.


Уясына үлүлдүн


Кирип алган жалкоолук.


Эшигин ачпай эмгекке,


Илип алган жалкоолук.


Периштени укпай, шайтандын


Тилин алган жалкоолук.


Өткөрүп бекер, жаштыктын


Күнүн алган жалкоолук.


Сөңгөгүн коюп, өмүрдүн


Гүлүн алган жалкоолук.


55

Намаздан беш маал эринип,


Динин алган жалкоолук.


Аны сүйгөн адамда


Анча эмес болот ден соолук.


Төшөктөн турбай уктасаң,


Төрүңдөн бакыт, кут качат.


Каалабай эмгек кылышты,


Каалаган жакка бут басат.


Аңгыча достор табышып,


“Алып ий” деп кагышып,


Мурунга пияз жыттатат.


Илээнди жүрүп, жалкоолук


Ичкилик менен жупташат.


Акылын укпай “колхоз” деп,


Атасы менен мушташат.


Шапкесин бутка кийгизип,


Шайтандын ою ишке ашат.


Аңгыча жалкоо атыңа


Алкаш наамы учкашат.


Коңурбайды жеңгенсип,


Коңурук тартып уктатат.


Кутулган кандай ырахат


Куруган уйку илдеттен!


Түгөнбөс, бүтпөс уйкунун


Түбүнө түшүп ким жеткен?


Көз ачпай өтөт өмүрүң,


Көп окуп, көптү билбестен.


Башыңа келсе шум ажал,


Барбайм деп кайда качасың?


Топурактан жаралдың,


Топуракка батасың.


“Кыямат кайым” болгончо


Кыймылсыз уктап жатасың.


Тирүүлүктө уйкуңдун


Түгөткөн болсоң запасын.


Намазың жок окуган,


Тозоктун күйгөн отунан


Башыңды кайда катасың?


Жалкоо эркек ордуна


Жакшылап баксаң бир уйду,


Айран, сүт, каймак, май менен


Ач кылбай багат бир үйдү.


Эринип эмне табасың?


Элиңе кантип жагасың?


56

Пайдасыз, зыянга айланса,


Бага албай катын-баласын,


Көкүрөк керип пайда жок,


Көк уйча болбой каласың.


Жалкоолук менен жакырлык


Жакындар болот тамырлаш.


Жалкоолук болсо агасы,


Жакырчылык – карындаш.


Жалкоолонсоң, жакырлык


Артыңан жетет бат эле,


Аралыгы жарым жаш.


Максатты койгон кишилер


Эч качан жалкоо болушпайт.


Максаты жок илээнди


Жалкоонун санын толуктайт.


Багыты жок андайлар


Баштарын эч бир оорутпайт.


Жүрөктө жалын барында


Жүгүрүп бутун жоорутпайт.


Карылык каршы жеткенде,


Кайран жаштык өткөндө,


Кайгырып ыйлап солуктайт.


Убакыт созбой эмгек кыл,


Ушул кез эртең жолукпайт.


Максаты жок кишилер


Дарбазасыз футболдой,


Багыттап топту теппейсиң,


Баш аламан бут чоймой.


Бар күчүң коройт, тепкениң


Бир дагы голго туш болбой.


Максаты бар азамат


Мергенчи аткан жебедей


Кадалат таамай жамбыга,


Каршы учкан желди кенебей.


Жетиш үчүн максатка,


Мезгилге жабыш кенедей.


Козголбой жатсаң, жалкоолук


Кол-бутту байлайт желедей.


Чыга албасаң желеден,


Чымынсың анда, эр эмей.


Тентибей, элге кызмат кыл,


Тең болсун десең телегей.


Адал болсун ыйманың,


Ак болсун элге кылганың,


57

Алдейин сүйгөн энедей.


Жата берсең эринип,


Жамбашыңды талытат.


Кан чуркабай денеңе,


Канча көп оору жабышат.


Жаш туруп денең морт болсо,


Жаштыгың нени жарытат?


Отузда орок орбогон,


Кыркында кылыч чаба албайт.


Эл-жерин багыш кайдагы,


Багылбай катын, балдары,


Өз жанын дурус бага албайт,


Кытайдан келген товардай,


Кыздарга жөндөп жага албайт.


Жалгыз айтар жообу бар,


Заманды оор деп жамандайт.


Кубалап душман атпаган,


Кытайга үркүп качпаган,


Тынччылык ушул заманды айт.


Алланын берген өмүрүн,


Акыл-эс менен пайдалан.


Наристелер канча өттү,


Төрөлгөн күнү жайраган.


Дени сак, күчү бар туруп,


Эрингендерге арданам.


Эч кимге тийбес зыяны


Максатың болсун кармаган.


Бел жооруткан иш бизден,


Берекеси Алладан.


Издесек болот бейишти


Эненин таман алдынан.


Толготуп бизди төрөгөн,


Тогуз ай багып кардынан.


Жонуңа жөө көтөрүп,


Меккеге барып келсең да,


Кутулбайсың карзыңан.


Анда кантип кутулдук


Ааламды түгөл жараткан


Алла Таала парзынан?


Кутулууга алардан


Куруган өмүр адамда аз,


Жаннатта бизге нур болчу,


Жакшы ишибиз андан да аз.


Өлүмдөн кийин чын дүйнө,


58

Өтсө өмүр, кайра жаралбас.


Аракет кылып жатпоого,


Карыздын баарын актоого


Жетишсек экен замандаш!


Аалы Туткучев


Тарбиялык сабакты жыйынтыктоо:


Мугалим жалкоолук жөнүндө өз пикирин билдирип ырдын маанисин чечмелеп берет. Үйгө тапшырма катары “Жалкоолук” тууралуу эссе жазып келүүгө тапшырма берилет.


























































59

26 сабак


КЫРГЫЗСТАН БИЗДИН МЕКЕНИБИЗ


Сабактын максаты:


Окуучулар мекендин ыйыктыгы жөнүндө түшүнүккө ээ болушат. Мекенге болгон аяр мамилени үйрөнүшөт. Мекенди даңазалаган тексттер менен таанышышат.


Сабактын жабдылышы:


Мугалимдин лекциясы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.


Сабактын жүрүшү:


Мугалим окуучуларга Кыргызстан жөнүндө маалымат берет. Кыскача баяндама жасайт.

1-кадам: Мугалимдин лекциясы.


Кыргыз жери - бийик жер,


Кырда ойногон кийиктер.


Ар чокусун карасаң –


Ак калпактуу жигиттер.


С.Жусуев.


Кыргыз эли тээ кылымдарды карыткан, уюткулуу улуу журт. Чокусу асман тиреген, кен байлыкка толгон Алатоосу, бейиштин тѳрүндѳй болгон кооз табияты менен сыймыктана алат. Мына ошол бийик аска-зоолор кыргыз элин чеп сыяктуу эчен душмандардан коргоп келген. Жеринин кѳркүнѳ кѳрк кошкон Ысыккѳл, Соңкѳл, Чатыркѳл ж.б. майда кѳлдѳрү жүздѳп саналат.


Кут даарыган жергебиздеги сан миңдеген ѳзѳн-суулар, керилип жаткан салкын тѳрлѳр, сан байлыкка толгон чытырман токойлору, адамга жакын кайберендери биздин байлыгыбыз болуп эсептелет.


Улуу тоонун койнун мекендеген ата-бабаларыбыз байыркы улуулук, тазалык, бийиктик сыяктуу түшүнүктѳрүн асман тиреген чокулары менен байланыштырган. Мындай тоо кыргыздарда улуу чоку Хантеңири болгон. Аны эзелки замандан бери эле ыйык тоо катары эсептешкен.


Кѳптѳгѳн оош-кыйыш замандарды башынан ѳткѳргѳн кыргыз эли адамдык аруулугун, кең пейилдүүлүгүн, айкѳлдүгүн, меймандостугун бүгүнкү күнгѳ чейин чып-чыргасын коротпой сактап келди. Кыргыз эли илгертеден эле канатташ, ичкен ашы бирге табакташ башка улуттун ѳкүлдѳрү менен дилдеш, санаалаш болуп бирге конуп келишкен. Ынтымак ырашкерлигин, улуттун абийирин баарынан жогору коюп, кыргыз деген улуу атты ѳчпѳс легендага айландырууга ѳбѳлгѳ түзүшкѳн. Кайсыл улут менен алака түзүп жашабасын, ѳздѳрүнүн салт-санаасын, нарк-насилин, улуттук жѳрѳлгѳсүн, эң негизгиси эне тилин унуткан эмес. Кийинки урпактарга мурас катары таберик кылып калтырып келишкен.


Айкѳл Манас бабабыздын басып ѳткѳн жолунан эле чоң ѳрнѳк алсак болот. Манас баатырдын кыйынчылык күндѳрүн тең бѳлүшкѳн 40 чоросу да ар кандай улуттун ѳкүлдѳрүнѳн болгон. Мисалы эң жакын чоросу, эмчектеш болгон жан кыйышпас досу Алманбет да кытай улутунан болгон. Ѳзүнүн дининен, ата-энесинен кечип, кыргыз жергесин, Манас баатырды арка бел тутуп качып келген Алманбетти


60

бооруна кысып, минген атын тартуулап, бир тууган тутунушунан баатырдын айкѳлдүгүн, адамдык сапатынын улуулугун байкоого болот.


Бир даанышмандан:


-Кайсыл адам, кайсыл улут мыкты? – деп сурашыптыр. Баягы даанышман эки колуна жерден топурак уучтап алып:


-Мына ушул эки колумдагы топурактын кайсынысы жакшы? – деп сураптыр.


Андан соң эки колундагы топуракты бири-бирине кошуп туруп мындай дептир:


-Эки колумдагы топурактын бири-биринен айырмасы жок болгон сыяктуу эле, бардык калк, улут бир-бирине ынак бурадарлар.


5 миллион калкы бар Кыргызстанда бүгүнкү күндѳ 80 ден ашык улут мекендеп жатышат. Алар ѳз тилин, салтын, тутунган динин сактап келишет. Бул да болсо кыргыз улутунун айкѳлдүгү. Башка улутка кысым кѳрсѳтпѳй, ынтымакта жашагандыгы. Чет ѳлкѳдѳн келген бѳтѳн улуттун ѳкүлдѳрү күндѳн күнгѳ кѳбѳйүп, айрыкча жаштары ѳз билимдерин Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда улантып жатышат. Алар үчүн мамлекет тарабынан ыңгайлуу шарттар түзүлүп, эң негизгиси кыргыз элинин меймандос, жакшы мамилелери кѳрсѳтүлүп жатат. Биздин байлыгыбыз достукта, биримдигибиз ынтымагыбызда. Ошондуктан кыргыз жаштары, “Кыргызстан – жалпыбыздын мекенибиз” аттуу ураанды дайыма жадыбызда сактайлы, ата салтын, улуттун менталитетин унутпайлы.


2-кадам: Окуучулар текст боюнча суроолорго жооп беришет.


Суроолор:


1.Ата-бабаларыбыз улуулук, тазалык, бийиктик сыяктуу түшүнүктѳрүн кайсы чоку менен салыштырышкан, эмне үчүн?

2.Манас баатырдын Кытайдан качып келген жан кыйышпас досу ким болгон?


3.Кыргызстанда бүгүнкү күндѳ канча улуттун ѳкүлдѳрү жашашат?


  1. Мекениңдин сени суктанткан жактарынайтып бере аласыңбы?


  1. Кайсыл улуттан дос күткүң келет?


3-кадам: Залкар ойлорду талкуулашат.


Залкар ойлор


Ким башка улутка акаарат келтирип,


сѳксѳ, анда ал ѳз улутунун акмагы.


Р. Гамзатов


Достук – алтындан да кымбат.


Башкаларга жарыгыңды чачсаң,


Алар дагы сага жарыгын чачат.


Достуктун башаты ишеним.


Достуктун жолу улуу.


Кыргыз – бабам,


Казак – канатташым,


Тажик – тагдырлашым,


61

Ѳзбек – ѳз элим.


(Элден)


Үйгө тапшырмалар:


1.“Кыргыз эли – айкѳл эл” деген темададилбаян жазгыла.


2.Залкар ойлорду окуп, ар бирин талдагангааракет жасагыла.

































































62

27 сабак


АТЫНА ЗАТЫ ТѲП КЕЛГЕН, ЧҮРѲКТѲЙ


КѲЛДѲР КИМДЕ БАР?


Сабактын максаты:


Кыргызстандагы белгилүү көлдөр тууралуу маалыматка ээ болушат. Көлдөрдүн атына байланышкан уламыштар менен таанышышат. Көлдөрдүн кооздугу жөнүндө сүйлөп бере алышат.


Сабактын жабдылышы:


Мугалимдин лекциясы, залкар ойлор жазылган ватмандар, көлдөрдүн фото сүрөттөрү, Кыргызстандын картасы.


Сабактын жүрүшү:


Мугалим окуучуларга Кыргызстандагы көлдөр жөнүндө маалымат берет. Картаны пайдаланып көлдөрдүн жайгашкан аймагын көрсөтөт. Кыскача баяндама жасайт.


1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.


Ысыккѳл – кыргыз кѳлү кылкылдаган,


Кыз-келин кылаасында шыңкылдаган.


Кылымдар колдон түшкѳн маржан болуп,


Кѳрүнбѳй тереңинде жылтылдаган.


Ысыккѳл – кыргыз кѳлү шарпылдаган,


Кѳркүнѳ кѳктѳн башка тартынбаган.


Замандар кербенчидей чубап ѳтүп,


Чарчаса саясында салкындаган.


Кѳзү курч, кѳкүрѳгү бек уландары,


Пейли кең, берешен кол адамдары.


Ысыккѳл, касиетиңен айланайын,


Сыйла, сүй бакыт берген замананы.


А. Осмонов


Кыргыз жеринин кѳркүнѳ кѳрк кошуп турган дагы бир улуттук жүзү бар. Ал – кыргыз элинин бермети, күзгүсү, сыймыгы болгон Ысыккѳл, Соңкѳл, Чатыркѳл, Сарычелек кѳлдѳрү. Бул кѳлдѳрдүн кѳркү сүрѳттѳѳгѳ сѳз жетпеген ѳзүнчѳ бир керемет. Кѳп акындар ѳз калемдеринен сулуу кѳлдѳрдү даңазалап ырларды жаратышкан, музыканын кѳркѳм үнү менен жуурулуштурушкан.


Чет ѳлкѳдѳн кѳптѳгѳн туристтер келишип, кѳлдѳрдүн тарыхын, жаралышын изилдеп, эс алып кетишет. Алардын пайда болушу, аталышы да ѳзүнчѳ бир узун сабак кеп болот айта келсе. Анда бизге мурас болгон ушул кѳлдѳрдүн келип чыгышына саресеп салып кѳрѳлү.


Ысык-Кѳл



63

Илгери типтик тоонун чокусунда хан сарайы бар экен. Бул сарай бир каардуу ханга тиешелүү эле. Бир күнү хан бир кедейдин айдай сулуу кызы бар деп угуп калды. Хан ошол замат жигиттерине ал кызды алып келүүнү буюрду. Ошентип кызды хандын сарайына алып келишти. Кыз: “Ханга күң болуп жүргѳнчѳ ѳлгѳнүм артык”, - деп хан сарайдын терезесинен секирип кетти.


Ошол замат хандын таштан салынган сарайы кулап, анын ордуна кѳпкѳк, жылуу бир тоодой кѳл пайда болот. Ал кѳлдү элдер Ысык-кѳл деп аташты.


Жайдын ачык күнү, күн батып бара жаткан мезгилде ал хан сарайдын калдыктары кѳрүнүп турат жана кыздын муңканып ыйлаган үнү угулат дешет.


Сары-Челек


Илгери Сары-Челек кѳлү Тоос кѳл деп аталыптыр. Тоос кѳл деген эң бир кооз, тоос куш дегендей. Ушунчалык суусу тунук болгондуктан, ѳзүңдүн ѳңүңү да ошол кѳлдѳн кѳрсѳң болот. Тоос кѳл аты ѳчүп, Тоскоол болуп аталып калышынын себеби мындай болуптур.


Ушул кѳлдѳ сыйкырдуу Каракашка тулпар болуптур. Аны “Суу тулпары” деп коюшкан. Бир күнү айылдын аксакалдары ал кѳлдүн жээгине барып кѳл тарапты карап олтурушса, кѳлдүн үстүндѳ баягы “Каракашка тулпар” пайда болуп, кѳлдүн үстүндѳ кудум бийчи кыздай чимирилип кайрадан кѳл түбүнѳ кирип кетет.


Бир күнү Тоос кѳл ѳзүмдүн сыйкырымды, күчтүүлүгүмдү кѳрсѳтѳйүн деп жоого аттанат. Туура эле барып Бозбу-Ата тоосуна тирешет. “Эй тоо, керек болсо мен сени агызып, таш талканыңды чыгарганга чейин кудуретим жетет” - деп ѳзүнчѳ элирип, эрдемсинет. Анда Бозбу-Ата тоосу анын кыжырына тийип: “Эр болсоң агызып кѳрчү? Мен деген бекем тоомун” - дейт. Экѳѳ бири-биринен ѳтүп кыйынсына башташат. Ошондо Тоос кѳл суусун каптата баштаганда ортодон бир пайгамбар чыгып: “Кой Тоос кѳл, бир ачууңду мага бер. Эгерде сен сууңду каптатсаң жок жерден жердин бетинде ѳскѳн ѳсүмдүктѳрдү, жан жаныбарларды кыйратасың” - деп чоң кетмен алып Бозбу-Ата тоосу менен Тоос кѳлүнүн ортосун тосуп коет. Ошондон улам Тоскоол кѳл деп аталып калат. Мурдагы Тоскоол азыркы Сарычелек кѳлү. Сарычелек кѳлүнүн аталышынын себеби мындай болуптур: Ошол Тоскоол кѳлүнүн четинде карагайлардын боорун оюп, ар дайым бир киши челек жасачу экен. Карагайлардан сары челектерди жасап, элге таркаткан дейт. Ошондон кийин кѳлдүн Тоскоол аты ѳчүп Сарычелек кѳлү деп аталып калыптыр.


2-кадам:Текст боюнча суроолор берилет.


  1. Ысыккѳл жѳнүндѳ кандай уламыштарды билесиң?


  1. Сарычелек кѳлүнүн мурунку аталыштарыкандай?


  1. Эмне үчүн Сарычелек деп аталып калган?


3-кадам: Залкар ойлор талкууланат.


Залкар ойлор


Кѳл таянычы – жер,


Кѳсѳм таянычы – эл.


Кѳл толгондо чайпалат.


64


Кѳл чайпалса кѳбүгү бетине чыгат,


Эл чайпалса тентеги четине чыгат.


Кѳлдү бороон толкутат,


Элди эселек толкутат.


Кѳлдү токтотууга болот,


Элди токтотууга болбойт.


(Элден)


Үйгө тапшырмалар:


1.Соң-Кѳл, Чатыр-Кѳл жѳнүндѳгү уламыштардытаап жазгыла.


2.Кѳлдүн сулуулугун даңазалап ѳз калемиңерден кѳркѳм чыгарма жаратыпкѳргүлѳ.


3.Залкар ойлорду талкуулагыла.















































65

28 сабак


ЖЕР-СУУ АТАЛЫШТАРЫ


Сабактын максаты:


Окуучулар жер-суу аталыштарынын мааниге ээ болушун билишет. Өз айылдарынын атын чечмелешет. Уламыш жаза алышат.

Сабактын жабдылышы:


Мугалимдин лекциясы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.


Сабактын жүрүшү:


Мугалим жер-суу аталыштарынын мааниси тууралуу мааалымат берет.


1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.


Келгиле балдар, Кыргызстандын картасын колубузга алып саякат жасап кѳрѳлү. Картага кѳз жүгүртсѳк чакан гана ѳлкѳ экендигин баамдайбыз. Жер-суу аталыштарына маани берели. Кыргызстандын чѳлкѳмүндѳ адамдарды ѳзүнүн кооздугу, табийгый сулуулугу менен ѳзүнѳ тартып турган жерлер ѳтѳ кѳп. Ар бирибиз ѳзүбүздүн жашап жаткан жерибизге эле маани береличи. Кѳптѳгѳн жер-суу аталыштары. Алардын аталыштарына маани берүү, ата-бабалардан калган мурас экендигин таануу Атамекенди сүйүүгѳ, аны коргоого, ата-бабалардын тарыхын терең үйрѳнүүгѳ зор мааниси бар.


Адам баласы курчап турган дүйнѳнү, жер-суу, тоо-таш, жалпысынан жаратылышты билүүгѳ, аны таанууга умтулат. Ошолордун ичинде жер-суу аттары да адам баласынын турмушунда чоң ролду ойнойт.


Жер-суу аттары – тарыхтын күбѳсү. Аны топонимика илими изилдейт. Ал гректин “топос” (жер, орун) жана “онома” же “онима”, “ат” деген сѳздѳн алынып, жер-суу аттары деген маанини билдирет.


Бишкек


Илгери-илгери Бишкек деген баатыр киши жашаптыр. Ал эрки күчтүү, эр жүрѳк, балбан баатыр болгондуктан, эл аны урматтап сыйлашкан экен. Ал ар дайым келген жоонун бетинде, жүргүзүлгѳн согуштун алдында жүргѳндүктѳн, анын Бишкек деген аты эл оозунда айтылат.


Кийин Бишкек үй-бүлѳсү менен Аламүдүндүн Чуңкурчак деген жерине, азыркы чоң автобекеттин ордуна, кѳчүп келип, дыйканчылык кылып жашай баштайт. Бишкек ѳлѳѳрүндѳ Баймурат, Манаккозу, Манаппай, Жорго, Ырыскул деген беш уулун чакырып алып:


-Балдарым! Менин сѳѳгүмдү Аламүдүн суусунун боюна, кара жолдун түндүк жагындагы дѳбѳгѳ койгула. Ал жерден жыл бою Анжыян, Ташкент тараптан Токмок менен Ысыккѳлдү карай тынымсыз жүрүп турган жүргүнчүлѳрдүн карааны мени жалгызсыратпайт. Колуңардан келсе бир жылдан кийин күмбѳз тургузуп койгула, - деп керээзин айтып дүйнѳдѳн кайтат.

Балдары атасынын айтканын аткарышат. Бир жыл ѳткѳндѳн кийин Бишкектин беш уулу атасына күмбѳз тургузушат. Ѳткѳндѳр ал жерге токтоп куран окуйт. Соодагерлер кербен сарай салышып, чайкана ачышат. Ар улуттун ѳкүлдѳрү отурукташа башташат. “Бишкекте түнѳдүк, Бишкектен жѳнѳдүк” деп жүрүп, ал жер


66

Бишкек деп аталып кетет. Ошентип жылдан жыл ѳткѳн сайын ал жер чоң шаарга айланат.


Жалал-Абад


Азыркы Жалал-Абад шаары мындан 2000-3000 жылдар мурда купкурук саргайып жаткан, таштак жер болгон имиш. Бир күнү ал жерге Жалал деген киши барып, ал жерди кѳрүп, ошол жерде жашоону чечет да, жерлерди ѳздѳштүрүп, кѳң салып, жерди жумшартат. Үй салып бак-дарактарды олтургузуп, чоң кѳлѳкѳлѳѳчү бак кылат. Бала-чакасы менен ошол жерде жашап калышат. Аяк-бияктан ѳткѳн кербенчилер Жалалдын багын кѳрүшүп, Жалалдын багына аз да болсо дем алып кетели дешип, багында рахаттанып дем алышып: “Ээ Жалал, бул жерди авват кылып жибердиң го”, - деп тамшанышчу. Ар жылы жолдон ѳтүп бара жаткан кербенчилер Жалалдын багына дем алышып, “авват,авват” кылып жибериптир дешип, Жалал – Авват болуп калыптыр. Кийинчерээк ал жакка, бириндеп элдер кѳчүп барышып, турак-жай салып, элдер кѳбѳйѳ баштады.


Ошондон кийин Жалал-Ават деп отуруп, “Жалалабат” деген кишинин наамындагы шаар пайда болгон экен.


КОЗУБАГЛАН


Бул дарыя Лейлек районунун Ѳзгѳрүш айылында жайгашкан. Дарыя Карасан жайлоосунан, кичинекей булактардан жана майда дарыялардан куралып аккан суу Ѳзбек Республикасынын аймагындагы Сыр дарыяга куят.


Илгери ѳткѳн заманда Козубаглан жана Кожобаглан деген эки бир тууган болуптур.


Мухамед алейхисалам сыяктуу бул эки киши Алла тааланын үмѳттѳрү экен. Эки бир тууган эмне десе ошол нерсе заматта пайда болчу экен. Кожобаглан коңшулаш пролетар районунда коон, дарбыз ѳндүрүп элге азык катары берип турчу. Мусулман болушуп ислам динин бекем туткан. Ошентип жүрүп Козубаглан таягын таянып, Карасан жайлоосуна чыгып келет. Ал жерде жайлоонун таза абасына, кооз жаратылышына суктанып, черин жазат. Аралап олтуруп, арчалуу токойдун арасынан бир чоң таштын түбүнѳ келип: “Ушул жерден суу чыкса, эл канып ичсе”, - деп таягын сайган дешет. Ошол жерден чыккан суу “аппак кѳбүк” болуп ага баштап, кандуу дарыяга айланат. Себеби саратан мезгилинде кан жутпаса тартылбайт. Кээ бир мизгелдерде суу тартылбаса, эл канаттуу куштардын канын чыгарып сууга таштап, ар кандай ырымдарды кылчу экен. Ошондо суу тартылып, кайра тунуйт, саратан мезгилинде улуу агып, кара түстѳ болот. Ошентип, суу чыгарган Козубагландын ысымы менен “Козубаглан” дарыясы калган дешет.


2-кадам: Окуучуларга суроолорду берип жооп алат:


1.Жер-суу аттарын кайсыл илим изилдейт?


2.Бишкек, Жалабат, Кѳктонду эмне себептенушундайча аталып калган?


3-кадам: Залкар ойлорду талкуулашат.


Залкар ойлор


Ар кимдин туулган жери ѳзүнѳ мисир.


67


Туулган жердин топурагы алтын.


Булбул гүлзарын сүйѳт,


Адам мекенин сүйѳт.


Мекенимдин түтүнү да бал жыттанат.


(Элден)


Үйгө тапшырмалар:


  1. Ѳзүңѳр жашаган аймактагы жер-суу аттарынын келип чыгышын изилдегиле.


  1. Залкар ойлорду талкуулагыла.





















































68

Сабактын темасы:


АБАЛКЫ АТТАРДЫ КАСТАРЛАЙ БИЛЕЛИ


Сабактын максаты:


Окуучулар жер аталыштары жөнүндө кеңири маалымат алышат. Эски аталыштардын маанисин билишет. Эски аталыштан жаңы аталышка ээ болгон жер-суу аталыштары жөнүндө маалымат жыйнашат.


Сабактын жабдылышы:


Мугалимдин лекциясы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.


Сабактын жүрүшү:


1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.


Кылымдардан бери аталып келаткан жерлердин, айыл-кыштактардын, суулардын, мектептердин, шаарлардын аттарын ѳзгѳртүү бүгүнкү күндүн модасына айланып бараткандай. Ѳзүң ойлоп кѳрчү жаш жеткинчек, жер-суу аттарынын абалкы аталышы ата-бабаларыбыздын унутулгус тарыхын элестетип турат. Аларды ѳзгѳртүү менен басып ѳткѳн жолубузду, эчен кылымдык санжырабызды унутуп жаткан жокпузбу? Келечегибизге нарк-насилсиз кадам таштап жаткан жокпузбу? Ар бир кыргызмын деген атуулдун жүрѳгүн мына ушундай түпѳйүл суроолор уяласа жакшы болмок.


Мисалы, азыркы убакта айылдардын, шаарлардын, мектептердин аттарын адам аттары менен алмаштыруу аябай күч алды. Жаңыны жаратабыз деп эскини бүлүндүрүп жатабыз. Албетте, бул чоң жаңылыштык. Анткени алардын нукура эски аттарынсактоо, ѳзүбүздүн ыймандуулугубузду, адептүүлүгүбүздү, кичүү муундардын алдындагы парзыбызды аткаруу болуп саналат.


СССРучурундагы жер-суу аттарынын түпкү аталыштарын ыксыз алмаштыруунун дагы кайталануусуна жол бербейли. Анын калдыктарынан бүгүнкү күнгѳ чейин толук арыла элекпиз го. Мисалы, Кыргызстандын түндүгүндѳгү жерлердин аталыштары Рыбачье, Прижевалский, Покровка, Ивановка, Сосновка, Иличовка делип орус тилине ѳзгѳртүлгѳн. Эмне үчүн Рыбачье дегенди ѳзүнүн абалкы аталышы менен Балыкчы дегенге болбосун. Же эмне кыргызча аттар түгѳнүп баратабы?


2-кадам:Окуучуларга өз алдынча төмөндөгүдөй таблицаны толтурууга тапшырма берилешт:



Таблицаны толтурабыз




Абалкы аты


Азыркы аты




Рыбачье


Балыкчы

Пржевалский


Каракол




Үйгө тапшырмалар:


1.Силер жашаган аймактан да ушундай кѳрүнүштѳр учурайбы, алар жѳнүндѳ жазгыла.


2.“Жер-суу аталыштары ѳзгѳрүлүп кетсе, кунун жоготобу?” деген темада класста талкуу уюштургула.



3.Жогорудагы таблицаны толтургула.


30 сабак


ТУЗ ТАТКАН ЖЕРИҢЕ КЫЯНАТТЫК


КЫЛБА


Сабактын максаты:


Окуучулар адептүү, бирөөнүн акын жебеген инсан болууга тарбияланышат. «Бир күн туз таткан жериңе миң күн салам» деген макалдын тегерегинде талкуу уюштурушат. Жомоктун негизинде кыянаттык кылбоого тарбияланышат.


Сабактын жабдылышы:


Жомоктун негизинде тартылган сүрөттөр, ватман, маркер ж.б.


Сабактын жүрүшү:


Мугалим окуучулардан «Кыянат» деген сөз жөнүндө маалымат сурайт. Берген жоопторун ватманга кластер түрүндө улам жазып турат. Андан соң «Туз таткан жериңе кыянаттык кылба» деген жомокту окуп берет, мүмкүнчүлүк болсо окуучулар өз алдынча окушса жакшы натыйжага жетишүүгө болот.


Туз таткан жериңе кыянаттык кылба


Кадимки заманда бир улуу жана адил падыша болгон экен. Ал ар бир сөзүн жана


амалын адилеттүүлүк менен аткарып, өз элине кайрымдуу болуптур.


Күндөрдүн биринде таң эрте падышага казынага ууру түшкөнүн кабар кылышат. Ал увазирлери менен окуя болуп өткөн жерге жетип барат. Казынага жер түбүнөн жол казылган, бардык алтын жана кымбат баалуу буюмдар каптарга салынган, бирок эч нерсе уурдалбаган экен. Падыша айраң болуп казынаны текшертсе, чындыгында эле эч нерсе жоголбоптур. Таң калган падыша мындай дептир:


“Ушунча күн казынага жол казып жетип келген киши эч нерсе албаса? Мунун себеби эмне?” Бул окуяга баары айраң. Ошондо падыша жар чакыртып мындай дейт: “Ким ушул ишти кылган болсо күнөөсүн кечтим. Бирок эч нерсе уурдабаганынын себебин айтып берсе болгону”.


Арадан үч күн өтүп падышанын алдына бир жигит келиптир. Анын адептүүлүгү жана жылдыздуу жүзү падышага жагыптыр. Жигиттин жөнүн сураганда ал мындай дептир:


-Падышам, алгач мен күнөөкөрдүн бир кашык канын кечиңиз. Сиздин казынаңызга уурулукка кирген менмин. Себеби муктаждык мени ушуга мажбур кылды. Негизи ууру эмесмин, кесибим соодагер. Бар мал-мүлкүмдү алдырып кембагал болуп калдым. Мусаапырмын, соодагерликтен башка кесибим жок. Ойлоп-ойлоп казынаңызга уурулукка түшүүгө баш байладым, бир нече күн жерди казып казынаңызга кирдим. Бар байлыгыңызды капка салдым. Карасам жерде бир ак нерсе туруптур. Эмне экен бул деп жыттап жана татып көрдүм. Билсем, туз экен. Ошондо атамдын насааты эсиме түштү: “Туз таткан жериңе кыянат кылба!” деген. Мен ошончо жер казган аракетимден кечип казынадан чыгып кеттим.


Падыша сүкүт сактап мындай деди:



70

-Уккула эй увазирлерим! Ушул жигит бир жалам туз үчүн мага ак экен. Бүгүндөн баштап ушул бала мага уул жана мураскор, менден кийинки так мураскору да ушул. Себеби канча жылдар тузум жана жайыл дасторконумдун меймандары мага канча кыянат кылышты. Туз акы канчалык улук экендигин ушул жигиттен үйрөнгүлө, өрнөк алгыла.
































































71


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!