Просмотр содержимого документа
«6.Органдар жана органдар системалары»
Органдар жана органдар системалары
Иш планы 1)Органдар жана органдар системалары жөнүндө түшүнүк 2)Функциялык система 3)Организмдин функциялары
Адамдын оргонизими көптөгөн органдардан турат. Формасы,түзүлүшү,ээлэген орду ар турдуу болгон жана бир же бир нече өзүнө гана тиешелүү функцияларды аткаруучу дененин бир бөлүкчөсү орган деп аталат
Органдар аткарган кызмат физиологиялык функция деп аталат. Органдардын түзүлүшү менен аткарган кызматы бири бирине шайкеш болот.
Мисалы: ченгелде бармак башка манжалардын каршысында жайгашкан, ошондуктан кармоого ынгайлуу. Бут кетменде болсо бармак башка манжалардын катарында жайгашкан, ал басууга ынгайлуу.
Орун алган жерине жараша органдар ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Ички органдар дене көңдөйлөрүн, ал эми сырткы органдар дененин сыртынан орун алган. Органдар башка органдарсыз өзүнчө иштебейт, ал эми оргонизим кээбир органдарсыз элэ өз милдетин аткара берет. Маселен, колду, тишти же көзду хирургиялык жол менен алып койсо деле, организм жашай берет. Ал эми жүрөксүз, өпкөсүз, боөйрөксүз ж.б органсыз жашоо болбойт.
Бир нече органдар биригип, бир функцияны аткарышат. Алар органдар системасын түзүшөт. МИСАЛЫ:
Тамак сиңирүү системасы
Кан айлануу системасы
Нерв системасы
2)Функциялык система Тигил же бул кызматты аткарганда жекече органдардын системасы аракеттенбестен, бир нече системалар биргелешип иштешет. Кандайдыр бир тиричилик аракетти аткарган органдар системаларынын бирикмесин орустун физиологу академик П.К.Анохин функциялык система деп атаган.
Организм өзүнө клеткаларды, ткандарды ,органдарды жана органдар системаларын камтыйт. Алар бири бирине тыгыз байланышып бир бүтүндөй иштейт. Нерв системасы жана кандагы активдүү заттар аркылуу организмдеги процестер бир-бирине шайкеш болуп айлана-чөйрөгө ынгайланышат.
3) Организмдин функциялары Организм ички жана сырткы чөйрөнүн кичине элэ өзгөрүүлөрүнүн дайыма сезип жана ага жооп берип турат. Эгерде организм суунун, кычкылтектин жоктугун же температуранын оөзгөрүшүнүн , зыяндуу заттардын таасирин, тамак-аштын аз же көптүгүн сезбесе, жашоо болбой турганын баарыбыз жакшы түшүнөбүз. Организмдин көптөгөн факторлорго нормалдуу жооп бериши анын биологиялык муктаждыктарды(ачкалыкты, суусаганды ж.б.) канаатандыруусу жана чөйрөнүн кубулуштарына конушу болуп саналат. Мындай тиричилик организмдин функциясы деп аталат.
Тирүү организмдин негизги функциясы-бул зат алмашуу жана энергия пайда кылуу. Клеткалардын , ткандардын, органдардын курамына кирген заттарды организм сырткы чөйродөн алынган заттардын эсебинен жаны клеткалар пайда болуп, органдар, системалар тынымсыз иштеп, жумуш аткарат. Ошону менен бирге сырткы чөйрөгө ажыроонун зыяндуу бирикмелери, ашыкча заттар жана жылуулук болунуп чыгат.
ГАЗ АЛМАШУУ
Организмде органикалык татаал заттар жөнөкөй кошулмаларга, майда бөлүкчөлөргө ажыраганда энергия пайда болот. Ал энергия биринчиден, организмдеги температуураны бир калпта кармоого, ар кандай тиричилик процестерине жумшалат. Экинчиден, заттын алмашуусу менен баардык физиологиялык функциялар тамак сиңирүу, болуп чыгаруу, кыймыл-аракет, өсүү, өнүгүү ж.б. процестер менен байланыштуу. Курчап турган сырткы чөйрөнүн шарттарына жарша организм суу жана азык заттар менен камсыз болуп турса, анын функциялары нормалдуу жүрүп турат .
Организмдин функциясы клеткалардын, ткандардын жана органдардын химиялык курамы жана физика-химиялык касиеттери туруктуу болушун камсыз кылуу болуп саналат.