7-Апрель окуясы: Келечек үчүн көз жумган эр азаматтарды тарых унуттурбайт
Кыргызстан: 7-Апрель – Элдик революция күнү. Кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуя. Каргашада 87 азамат окко учту, элдин жыргал жашоосу үчүн көз жумгандар кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.
Төмөндө "Супер-Инфо" гезитинин 2010-жылдын апрель айындагы №388-санына жарыяланган макала.
6-7-8-АПРЕЛЬ... ХРОНИКА
Жашоо-турмуштун улам оордоп баратканына чыдабаган эл Кыргызстандын жакынкы тарыхында экинчи ирет элдик ыңкылап жасады. Тынч митингге чогулгандар алгач бийликти алмаштырышып, элдик бийлик орнотуп тынышты. Бирок жеңиш курмандыксыз болгон жок. 7-апрель Кыргызстандын тарыхында кандуу шаршемби катары калды.
22:09 Бишкекте Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет жасалды.
22:13 Жаалданган эл кайрадан облустук администрациянын имаратын басып алды. Күч органдары Талас ИИБинин имаратына жашынышты.
22:28 Бишкекте Эмил Каптагаев менен Турат Мадылбеков камакка алынды.
23:00 Ошто Анвар Артыков камакка алынды.
7-АПРЕЛЬ
01:15 Бишкекте укук коргоо органдарынын кызматкерлери Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти.
01:32 Депутат Иса Өмүркулов камакка алынды.
07:05 Орусиядан келген Темир Сариевди милиция кызматкерлери “Манас” аба майданынан кармап кетишти.
09:13 Экс-вице-премьер-министр Элмира Ибраимова камакка алынды.
09:44 Нарында райондук акимчиликтин алдына атчандар чогулушту.
09:50 Абдыганы Эркебаев камакка алынды.
09:53 Милиция кызматкерлери Бишкектеги оппозиция өкүлдөрүнүн үйлөрүн тинтүүгө алып жатканы тууралуу кабар тарады.
10:11 Алайда Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөлөрү камакка алынышты.
10:35 Сокулук районунун акимчилигинин алдында “Темир Сариевди бошоткула” деп 1000ге жакын адам чогулду.
11:00 Таласта чогулган эл оппозициячыларды бошотуу талабын коюшту.
1
1:00 Өкмөт башчысы Данияр Үсөнов парламентте депутаттарга өлкөдөгү абал боюнча маалымат берди.
11:08 Бишкекте БЭКтин штабы жайгашкан “Форум” ишканасынын имаратынын жанында чогулган митингчилер менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болду.
11:10 Таласта облустук администрациянын имаратына эл кирип барды.
12:16 Нарында элдик губернатор шайланды.
12:32 Сокулукта эл Ош-Бишкек жолун бууду.
13:00 6-апрель түнү Таласта көтөрүлгөн элди басмакчы болуп барган ИИМдин башчысы Молдомуса Конгантиевди митингчилер кармап алышты. Сабоолордон соң ал элге кайрылуу жасап, милиция эл менен экенин айтты.
13:10 Бишкекте Ак үйгө атайын даярдыктагы аскерлер киргизилди.
13:30 Токмокто эл Чүй райондук акимчилигине кирип барды.
13:47 Ак үйгө кирүүгө биринчи чабуул жасалды.
14:00 Аксыда элдик аким болуп Кадыркул Өмүрбеков дайындалды.
14:10 Таласта облустук ИИБ элдин колуна өттү.
14:15 Алайда кармалган адамдар бошотулушту. Бийлик элдин колуна өттү.
14:25 Ак үйдүн алдындагы атышуулардан 5 адам жаракат алды.
14:30 Камакка алынган Темир Сариев: “Элге каршы күч колдонбогула”,- деп абактан Курманбек Бакиевге кайрылды.
15:30 Таласта эл биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров менен Молдомуса Конгантиевди катуу сабап салышты.
16:00 Токтогулда элдик бийлик орноду.
16:10 УТРК митингчилердин көзөмөлүнө өттү.
18:32 Бишкектеги №4-ооруканада Ак үйдүн алдынан жаракат алган эки адам каза болду.
18:53 Камактагы оппозиция лидерлери бошотулушту.
19:18 Эл ЖКнын имаратына кирип барды.
19:30 “Молдомуса Конгантиев өлдү” деген кабар тарады.
19:50 Ак үйдүн алдындагы атышуулардан ондогон адамдар каза тапканы белгилүү болду.
20:00 Бийлик оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөштү.
21:00 Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен “Манас” аба майданы аркылуу Бишкектен чыгып кеткендиги айтылды.
21:30 Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитети Кыргызстандагы абалды көзөмөлдөө жоопкерчилигин алгандыгын жарыялады.
22:00 Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин курамы такталды. Ага 14 оппозициячы мүчө, ал эми төрайымы болуп Роза Отунбаева дайындалды.
23:30 Генерал Исмаил Исаков абактан бошотулду.
23:57 Данияр Үсөнов өкмөт башчылык кызматынан кеткендиги жөнүндө арызын жазып берди.
8-АПРЕЛЬ
00.20 Ак үй тараптан ок атуулар токтоду.
0
0:32 Чогулган эл Ак үйгө кирип барды.
01:00 Бишкекте талап-тоноолор башталды. Мындай аракеттер таң атканга чейин уланды.
07:30 Курманбек Бакиевдин Ош шаарындагы резиденцияда экендиги маалым болду.
08:00 Орусия менен Казакстан “Курманбек Бакиевди кабыл албайбыз” дешкендиги тууралуу маалымат тарады.
09:00 Курманбек Бакиев Жалал-Абадга баргандыгы айтылды.
10:30 Жалал-Абадда Курманбек Бакиевди колдогондор митинг өткөрүштү.
11:00 Ошто элдик губернатор болуп Кушбак Тезекбаев шайланды.
11:30 Баткенде элдик губернатор шайланды.
12:00 Оппозиция өкүлдөрүнөн турган убактылуу өкмөт түзүлдү.
12:30 Ак үйдүн алдында эл кайра чогулуп, Жаныш Бакиев менен Данияр Үсөновдун чыгышын талап кылышты.
12:40 “Азия Универсал Банкы”, “Ысык-Көл”, “Кыргыз кредит”, “Манас”, “Акыл” банктарынын ишмердүүлүгү Улуттук банктын көзөмөлүнө өттү.
13:52 Саламаттыкты сактоо министрлигинен алынган маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 75ке, ал эми жабыркагандардын эсеби 1000ге жетти.
МЕРТ БОЛГОНДОРДУН ЖАКЫНДАРЫНА 1 МИЛЛИОН СОМДОН БЕРИЛЕТ
Убактылуу өкмөт коогалаңда каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө компенсация иретинде 1 миллион сомдон төлөп берүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөт башчысынын каржы иштери боюнча орун басары Темир Сариев билдирди. Ал: “8-апрелде кечки саат тогузда дагы бир адам каза тапты. Аны менен мерт болгондордун саны 75ке жетти. Бул маркумдардын жакындарына мамлекеттин эсебинен 1 миллион сомдон көмөк берилет. Оор жаракат алып, ооруканада жаткандарга 100 миң сомдон, ал эми жеңил жаракат алгандарга 20-30 миң сомдон берилет”,- деп билдирет
Апрель окуясы: элге окту ким ачкан? Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева 7-апрелде жыйырмадай жалданма көзгө атар элге карата ок ачканын айтып чыкты.
Заирбек Бактыбаев
Жарыяланган учуру: 08.12.2011
Ал мындай пикирин 7-декабрда 7-апрель cоту боюнча сотто күбө катары көрсөтмө берип жатып билдирди. Бирок айрымдар анын сөздөрү эч кандай далилдерге негизделбегенин айтышууда.
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева 7-апрелде Бишкектеги "Форум" ишканасынан Ак үйгө чейин келип, эл арасында жүргөндөрдүн бири. Ал апрель сотунда көрсөтмө берип жатып, ошол күнү элге карата ок аткан жалданма көзгө атарлар болгонун билдирди.
- Биз ошол жерде жүргөндө 22 адам экен деп балдар эсептеген. Мен өзүм үчөөнү Ак үйдүн үстүнөн көрдүм. Тарых музейинин жана “Илбирстин” үстүнөн дагы үчөөнү көрдүм. Биз алар “Илбирстин” үстүнөн чуркап баратканын көрдүк.
"
Божомол факты боло албайт"
Анткен менен укук коргоочунун берген көрсөтмөсү чындыкка коошпойт дегендер да болууда. 7-апрелде набыт болгондордун жакындарынан жана жабыр тарткандардан түзүлгөн “Мекен шейиттери” кыймылынын төрагасы Осунбек Жамансариевдинайымында, Үмөталиева далилдерге эмес, жөн гана божомолдорго таянып билдирүүдө.
- Сөздөрүнүн баары тек гана божомол. Өзү көргөнүн айтпайт. “Ак жумал, бирок кавказ улутуна окшош, мурду коңкойгон” дейт. Мунун баарын ал кайдан алып жатканын түшүнгөн жокпуз. Анын сөздөрүн биз эсепке деле алган жокпуз.
Өткөн жылы май айында Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаровда көзгө атарлар кармалганын маалымат жыйынында билдирген болчу. Бекназаров “Азаттык” менен маегинде, көзгө атарлар боюнча мындайча түшүндүрмө берди:
- Көзгө атарлар бүгүн кармалып турушат. Алар Бакиевдердин, Мамлекеттик күзөт кызматынын жана “Альфанын” көзгө атарлары. Ошолор көзгө атарлар деп эсептелет. Ал эми кимдер атканын ошолор билет да,“бул аткан, тигил аткан” деп айтышпайбы. Башка жалданган көзгө атарлар болсо да алар өздөрү билет. Ошолор айтыш керек.
Сот адилеттиги болобу?
7-апрел соту боюнча элге каршы курал колдонгон, массалык адам өмүрүн кыюуга барган деген шек менен жалпысынан 28 адамга күнөө коюлууда. Алардын башында учурда издөөдөгү мурдагы президент Курманбек Бакиев жана мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев баштаган бир нече адам бар.
Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Мындан тышкары Мамлекеттик күзөт кызматынын жана Улуттук коопсуздук комитетинин атайын бөлүктөрүнүн жоокерлери да айыпталып, учурда кармалып турушат. Алар өздөрүнө коюлган айтыптарды четке кагып келишүүдө.
“Альфа-антитеррор” коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков сот иши калыс жүрбөй жатканын айтып, сот жалданма көзгө атарлар боюнча берилген көрсөтмөлөрдү эске алышы керектигин белгиледи.
- Буларды дагы бир ирет текшерип чыгыш керек. Мыйзамдуу, адилеттүү сот ишин камсыз кылып, аягына чыгарабыз десек ошондой жолго барышыбыз керек. Азыр бир топ жоокерлерди жазага тартып жатышат. Бул жерде сот иши бир тараптуу гана каралып жатат.
2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн алдынан 87 адамга ок тийип каза болуп, жүздөгөн адам жараат алган болчу. Аларды көзгө атарлар аткан деп айтылып келет.
5