СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

7-апрел Кыргызстандагы тонкоруш

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«7-апрел Кыргызстандагы тонкоруш»

Бекитемин

Мектеп директору: Д.Жангелдиева


Капалов Эшимбек атындагы орто мектеби 2018-2019-окуу жылы Апрель

элдик революциясынын 9 жылдыгын белгилөө жөнүндө

иш чаранын планы.


Аткарылуучу иштердин мазмуну

мөөнөтү

жооптуулар

көзөмөлдөйт

1

Апрель элдик революциясынын 9 жылдыгына карата класстык сааттарды өтүү

02.04.18

Класс жет.

М.Узбекова

2

«Эрдиктери калсын биздин жүрөктө!» дил баян жаздыруу

03.04.19

Г.Шыгаева

М.Узбекова

3

« Элдик революция- эстен кеткис ирмемдер» сүрөт сынагын өткөрүү

02.04.19

В Шайбекова

М.Узбекова

4

“Ажалыңды текке кетти дебейбиз, арт жагыңда атпай журтуң калкың бар!” көркөм окуу

05.04.19.

З Бейшекеева


М.Узбекова

5

«7-апрель –элдик революция» дубал газета чыгаруу

01.04.19

Кл.жет

М.Узбекова

6

Баатырларча курман болгон жигиттердин элесин эскерүү (линейка өткөрүү)

05.04.19

Бардык класс

М.Узбекова

7

«Элесиңе ыр сунам» жаш калемгерден ыр десте

05.04.19

“Жаш калемгер” клубу

М.Узбекова

8

«Баатырлардын баяны» сахналаштыруу

05.04.19

У.Мамаев

М.Узбекова

9

Элдик революциясына карата ишембилик өткөрүү

06.04.19

Бардык пед жамаат

М.Узбекова






Бакай-Ата райБББнө

Капалов Эшимбек атындагы орто

мектебинин администрациясынан


Капалов Эшимбек атындагы орто мектебинде 7-Апрель Элдик революциянын 9 жылдыгын белгилөө боюнча маалымат.


Капалов Эшимбек атындагы орто мектебинде 2019-жылдын Апрель элдик революциясынын 9 жылдыгын белгилөө жөнүндө иш чара бекитилген.

Бекитилген иш чаранын негизинде ар бир класс жетекчилер тарбиялык сааттарды өтүштү. Бардык класстар «Эрдикке таазим», «7-апрель революция күнү»,”Элдик револция- эстен кеткис ирмемдер” жана башка темадагы дубал газеталарды чыгарышты. Андан сырткары класстар «Талкаланган ак үй», «Баатырларга таазим» деген темада сүрөт тартышты. 5-апрелде «Баатырларга таазим» деген темада сахналаштырылган эскерүү кечеси өткөрүлдү. Эскерүү кечеде алгач бийлик өкүлдөрүнүн иштерин көрсөтүп, андан соң пикетти, пикетте курман болгондорду сахналаштырып көрсөтүштү. Көркөм окуулар окулуп, ырлар ырдалды. Дил баяндар жазылды. Андан сырткары улуттук оюндардан «Ордо» оюну өткөрүлдү. 5-апрель күнү тизилме өткөрүлүп, тарых мугалими Мамаев Улан агайыбыз Апрель революциясы жөнүндө баяндама жазады. Жаш калемгерлер тобунан ”Элесиңе ыр сунам” аттуу көркөм өз калемдеринен жаралган ырларды көркөм окуп беришти.

6-апрель күнү жалпы мектеп жааматы менен биргеликте Элдик революция күнүнө карата ишембилик өткөрүлдү.



Мектеп директору: Д.Жангелдиева


Бекитемин

Мектеп директору : Д.Жангелдиева


Капалов Эшимбек атындагы орто мектебинин 2018-2019-окуу жылында

7-апрелге арналган «Элестери калсын биздин жүрөктө» аттуу эскерүү кечесинин

сценарийи.


Алып баруучу 1: Кутмандуу күнүңүздөр менен , ардактуу коноктор, агай- эжелер жана

окуучлар!

Алып баруучу 2: Арбаңыздар, бүгүнкү “Элестери калсын биздин жүрөктө” аттуу 7-

апрелдеги курман болгон баатырларыбызды эскерүү кечесинин

күбөлөрү!

Алып баруучу 1: Аталардын каны ойноп жүрөктө,

Эл бийлигин колго алаар мүнөттө.

Эх, каран күн, жалп деп өчтү өмүрлөр,

Элестери калды эски сүрөттө....

Алып баруучу 2: Ошондо да ажал менен арбашып,

Улам алга, алга карай жол басып.

Чалгы менен чабылгандай сулашты,

Акыркы дем чыкканынча кармашып...

Алып баруучу 1: Анда эмесе, алгачкы сөздү ________________________ берсек.

Алып баруучу 2: Кийинки сөздү мектептин тарых сабагынын мугалими

_________________________ агайыбызга узатсак.

Алып баруучу 1: Асылдар ай, курман болгон асылдар

Азабыңар кайсы күнү басылаар,

Бош калган туур-жүрөктөгү жарака

Боорун тытат эне,бала, асыл жар

Алып баруучу 2: Анда , 9-класстарынын окуучуларынын аткаруусундагы

“Жүрөктөгү так” сахналаштырылган сценкага көңүл буралы.

Алып баруучу 1: Айтпадыңар эң акыркы керээзди,

Артыңардан ээрчиткенсип элести,

Силер баскан кандуу ошол чын куран

Бир жөн гана “Көтөрүлүш” дебеспи

Алып баруучу 2: Жок, жок, силер бийлик алып бердиңер,

Элим үчүн ажал жүзүн көрдүңөр

Өмүрүңөр текке гана кетпесин

Эр жигиттер баатыр мүнөз жигиттер

Алып баруучу 1: Анда эмесе, мектептин бийчилеринен “Кыргыз бийине”

назарыңыздарды бурсак

Алап баруучу 2: “Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү менен өтөт” демекчи,

окуучуларыбыздын көркөм окууларына берсек

Алып баруучу 1: Силер бизге теңдик алып бердиңер

Канкорлордун зор бийлигин жеңдиңер

Өзүңөрдү курман чалып болсо да,

Үй- бүлөлүк чепти бузуп көмдүңөр.

Алып баруучу 2: Асылдар ай,курман болгон асылдар,

Азабыңды тартат эне асыл жар

Ажалыңды текке кетти дебегин

Артыңарда атпай журтуң калкың бар

Артыңарда калың кыргыз калкың бар.

Алып баруучу 1: 2010-жылдын тарыхта “ Элдик кандуу көтөрүлүш” катары жазылса

6-апрелдеги Таластагы коогалаң “Элдик революциянын башаты”

катары тарыхта калды деп айтсак болот. Мына ушундай кандуу

көтөрүлүш менен жан аянбай аянтка чыккан баатырлардын курман

болгондорунун саны жыл санап өсүп барат.

Алып баруучу 2: Себеби, ок жеп , атынын натыйжасында ошол октун уусунан оңоло

албагандар да көп. Таластан чыккан 8 баатыр

  1. Айылчиев Эмилбек Турдубекович (1983- жылы туулган)

  2. Ашыралиев Саламатбек Абдыбекович (1963-жылы туулган)

  3. Жолчубек уулу Урмат (1978-жылы туулган)

  4. Огонбаев Жылдызбек Мадылбекович (1958- жылы туулган)

  5. Сейдасанов Күмүшбек Сүйүнбекович (1964-жылы туулган)

  6. Үсөн уулу Дастан (1990-жылы туулган)

  7. Сатыбалдиев Бекболсун Мадинович (1961-жылы туулган)

  8. Назаров Казыбек Казакович (1959-жылы туулган)

Алып баруучу 1: Оорукана көзүн ачып акырын,

Асыл жардын көрдүм жүзүн жашыгын.

Ошондо да : “Алдыңбы , Ак үй ? ” деп,

Жообун соң алдым дүйнө актыгын!

Ушуну менен “Элестери калсын биздин жүрөктө” аттуу 7-апрель

элдик революциянын 9 жылдыгына арналган кечебиз соңуна келип

жетти.