СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

7-апрель. Тарыхтын өчпөс бети.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«7-апрель. Тарыхтын өчпөс бети.»

Даербекова Айнура


7-апрель. Тарыхтын өчпөс бети.

Кээ бир адам бийликти кѳтѳр албай,

Элдин канын бүтүндѳй соруп тынат.

Кээ бирѳѳ бийликтин баркын билип,

Эл үчүн эмгектенип кызмат кылат.

Суурулуп элимдин арасынан,

Ошондой азаматтар качан чыгат?


Эл журтум байыртадан сѳзүн улап,

«Бийлик жолу арам жол»- деп айтып келет.

Бийлик берип сынасак адамдарды,

Хан болуп бир топко эсептелет.

Бийлик жолун түшүнбѳстүк кылганданбы,

Анан кайра эл тараптан жектелет.

Эл журтуна тике багып карай албай,

Ѳз элинен, ѳз жеринен четтелет.


Жектелсе да, четтелсе да жѳн кетпей,

Атып салып эл-журтумду кууратты.

Каргыш тийгир жанагы падышасы,

Бүтүндѳй кыргыз элин чыркыратты.

Бийлик үчүн дегенде жан талашып,

Ѳзүнүн кыргыз калкын кыратпы?

Ак үй алды, Алатоо аянтында,

Чиркин ай, кан тим эле суудай акты.


Кудай ѳзү таразалап жазаласын,

Бир күндѳ канча адамды тырпыратсын.

Убалдан коркпос кандай бир жан,

Бейкүнѳѳ ѳз элине ок аттырсын.


Бийлигиң бийлик болбой курусун,

Бийлик үчүн ок чыгарды элиме.

Жанга баткан байлыктын артынан кууп,

Байлык үчүн кастык кылды жериме.

Канткенде бийликти мыкчыгандар,

Жалгыз гана Кудайдан коркуп калат.

Капчыктарын кампайтканга аттиң ай!

Эми дагы канча жылдар сарпталат.

Эми деги канча жылда? Качан? Кантип?

Жалпы Эл-Журт бийликти колго алат.

Кан тѳктүрбѳй тополоңсуз качан деги,

Мекенимди бир боорукер башкарат.


Жүрѳгү таш мыкаачы болушат го,

Адамдардын баардыгы бийликтеги.

Кыргыздын каны менен жазылчудай,

7-апрель. Тарыхтын өчпөс бети.


Жыйырма жыл элимдин эзилгени,

Сыздатып эт - жүрѳктү элжиретти.

Элимдин жашы менен жазылчудай

7-апрель. Тарыхтын өчпөс бети.


Бул күнү мекен үчүн шейит кетти,

Тайманбас кыргызымдын жигиттери.

Ташка чегип тер менен жазылчудай,

7-апрель. Тарыхтын өчпөс бети.


Эл-Журтум кѳксѳп күтүп эркиндикти,

Чын эле колго алдыбы бийликти.

Түбѳккѳ эскерилип бул учур,

7-апрель. Тарыхтын өчпөс бети.







07.04.2010. Бишкек.

2




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!