СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

7_класс_1.3._КП_Тексттик_маалыматты_коддоо

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

7_класс_1.3._КП_Тексттик_маалыматты_коддоо

Просмотр содержимого документа
«7_класс_1.3._КП_Тексттик_маалыматты_коддоо»




7 - класс

Бөлүм боюнча компьютердик практикум:

1.3. Тексттик маалыматты коддоо

Тапшырма 1.

Тапшырманы аткаруу үчүн Блокнот жана MS Word тексттик редакторлорун колдонгула. Символдун кодун аныктоо керек жана атайын символдорду коюунун жардамы менен(ВставкаСимволы) символду коду боюнча табуу керек.

Чыгаруу:

Керектүү символду тандоо менен, биз анын сандык кодун терезенин оң жак төмөнкү бурчунан көрө алабыз. Таблицадагы бардык символдор сандык коддорунун өсүү тартиби менен жайгашкан, андыктан бсилерге берилген сандык код менен табууга болот.

Жыйынтыгы:

“WORD”

«Windows» то 200 205 212 206 208 204 192 210 200 202 192- «ИНФОРМАТИКА»


Word тексттик редакторунун жардамы менен символдун сандык кодун аныктоо.

Word тексттик редакторун [Программы/Microsoft Word] командасы менен ишке киргизүү,

[вставка/символ]. командасын киргизүү. Экранда Символ диалогдук терезеси пайда болот. Windows коддоосундагы символдун сандык кодун аныктоо үчүн из: ачылуучу тизмеден кирилица (дес) дегенди тандап алуу керек. Символдор таблицасынан символду тандоо керек (мисалы, “А” баш тамгасын). Код знака тексттик талаасында символдун ондук сандык коду пайда болот (биздин учурда ал 192). Unicode коддоосундагы символдун он алтылык сандык кодун аныктоо үчүн из: ачылуучу тизмеден Юникод (шестн) коддоо тибин тандап алуу керек. Символдор таблицасынан символду тандоо керек (мисалы, “А” баш тамгасын). Код знака тексттик талаасында символдун он алтылык сандык коду пайда болот (биздин учурда ал 0410).


«Блокнот»: абвгдежий рстуфхцчшщ – мен окугум келет

Блокнот тексттик редакторунда сандык коддордун жардамы менен символдорду киргизүү.

  1. [Программы/ Стандартные/ Блокнот] командасы менен Блокнот стандарттык тиркемесин ишке киргизүү.

  2. Кошумча цифралык клавиатуранын жардамында {Alt} баскычын басып туруу менен 0221 санын киргизип, {Alt} баскычын коё берсек, документте «а» символу пайда болот. Бул процедураны 0225 тен 0233 сандык коддоруна чейин кайталасаңар документте Windows коддоосундагы 12 символдун удаалаштыгы – “абвгдежзий” пайда болот.

Кошумча цифралык клавиатуранын жардамында {Alt} баскычын басып туруу менен 224 санын киргизсек, документте «р» символу пайда болот. Процедураны 225 тен 233 кө чейин кайталагыласаңар документте MS-DOS коддоосундагы 12 символдун удаалаштыгы – “рстуфхцчшщ” пайда болот





СР1251 – азыркы кезде эң көп тараган Microsoft Windows тун коддоосу болуп саналат. (“СР” “Code Page”, “коддук бет” дегенди билдирет).

СР1251 коддук таблицасы

1) #160 үзгүлтүксүз пробел,

2)  #173 жумшак алып өтүү.


·  СР866 - MS DOS тун коддоосу

СР866 коддоосу

1) #255 үзгүлтүксүз пробел.


Тапшырма 3.

Microsoft Word тексттик редакторундагы Windows кодддосун колдонуп, ИНФОРМАТИКА сөзүн коддогула. Microsoft Word тексттик редакторундагы Unicode коддоосун колдонуп, 0423 0427 0415 041D 0418 041A кодун жандыргыла.

Блокнотто жайгашкан Windows коддоосун колдонуп, төмөнкү сүйлөмдү декоддогула:

0255 0032 0245 0238 0247 0243 0032 0243 0247 0232 0242 0252 0241 0255