1.Тактоочторду белгиле.
А) бүгүн, салкын, көк, кары
Б) кечээ,жай,көп, адамча
В) билимсиз, немисче,жаш
Г) өткүр, алгыр, баладай
2. Тууранды сөздөрдүн маанисине карай бөлүнүшүн тап.
А) Жөнөкөй жана татаал
Б) Эт, де деген сөздөр айкалышкан тууранды сөздөр
В) Табыш жана элес тууранды сөздөр
Г) Тууранды сөздүн лексикалык, марфологиялык,синтаксистик маанилери
3. Кайсы сүйлөмдө сын-сыпат тактоочтор жок?
А) Шаардын дүкөндөрүндө китептер көп сатылууда.
Б) Анын атасы айылдан аман-эсен келди.
В) Аман-эсен келгендерди төргө бетме-бет отургузушту.
Г) Күүгүм талаш үйүн көздөй жөө-жалаң жөнөдү.
4. Тактооч деген эмне?
А) Кыймыл-аракетти билдирген сөздөр
Б) Кыймыл-аракет багытталган затты билдирген сөздөр
В) Этиштин чактарын билдирген сөздөр
Г) Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын билдирген сөздөр.
5. Этиштин өзгөчө формаларын белгиле.
А) мамиле, ыңгай, чак
Б) жак, сан, жөндөмө
В)өткөн чак, учур чак, келер чак
Г) атоочтук, чакчыл, кыймыл атооч
6. Атоочтуктарды кайсы мүчөлөр уюштурат?
А) –ган, -ар, -гыча,-ып, -оочу
Б) –ган, -ар, -оо,-ыш,-мак
В) –оочу, -уучу, -бас, -ар, -ган
Г) –ыш, -ганча, -май, -бас
7. Атоочтук түрмөк катышкан сүйлөмдү аныкта.
А) Жигит өлөөр жерине күлүп барат.
Б) Айтылган сөз- атылган ок.
В) Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт.
Г) Күлгөндүн билгени бар.
8. Келе жаткандарды көрө коюп, аял үй ичин жыйнаштыргыча шашты.
Сүйлөмдөн чакчылдарды тап.
А) келе жаткандарды
Б) үй ичин
В) жаткандарды көрүп
Г) жыйнаштыргыча
9. Сырдык сөздөрдүн туура жазылышын тап.
А) Бали, жеңелер, иш илгери болсун!
Б) Бали! жеңелер иш илгери болсун!
В) Бали жеңелер! Иш илгери болсун!
Г) Бали, жеңелер иш илгери болсун!
10. Суйлөмдөн атоочтуктарды тап.
Жайылган досторконго бышырылган чий боорсоктор төгүлдү.
А) досторконго, боорсоктор
Б) жайылган, төгүлдү
В) бышырылган, досторконго
Г) бышырылган, жайылган
11. Атоочтуктардын тизмесин белгиле
А) улутуна карады, аткарып келди, ырдап берди, жазып жатат
Б) агарган таң, келер мейман, ырдоочу бала, бүтө элек үй
В) жардамдашуу, барыш-келиш, ушактамай, алмак
Г) барамын, барасын, аткарылган иш, барат, барабыз
12.Атоочтуктарды сын атоочко окшош белгилери
А) сын атоочтун салыштырма даражасынын –ыраак мүчөсү уланат
Б) заттык мааниде колдонулуп, баяндоочтук милдет аткарат
В) буюмдардын, заттардын аттарын билдирип, этиштик касиетке ээ
Г) сын атооч сыяктуу заттык мааниде колдонулуп, жөндөмө, таандык, көптук –лар мүчөлөр менен өзгөрөт
13.Төмөнкү жаңылмачтан чакчылды тап.
Чоң казанда кырмычык,
Кырып жедим тырмышып.
Өйдө чыктым тырмышып,
Ылдый түшүм жылмышып.
А) кырып, жылмышып, тырмышып
Б) кырып, жылмышып, ылдый
В) тырмышып, жылмышып, өйдө
Г) кырып, ылдый
14.Сүйлөмдөгү атоочтуктардын синтаксистик кызматын аныкта.
Акылына ишенген көп азапты жеңет, ачуусуна жеңдирген күйүкчөл келет.
А) аныктооч
Б) бышыктооч
В) ээ
Г) баяндооч
15.Көбүнчө аныктоочтун милдетин аткарган этиштин өзгөчө формасы:
А) тууранды сөз
Б) сырдык сөз
В) чакчылдар
Г) атоочтуктар