1.Сырдык сөздөр маанисине карай канчага бөлүнөт?
А) 2
Б)3
В)4
Г) бөлүнбөйт
2. Кыймыл атоочту уюштуруучу мүчолөрдү тап.
А) –ган, -ар, -бас, -оочу, -уучу
Б) –ып, -а(й), -ганы, -ганча, -гыча
В) –ыш, -оо, -уу, -мак, -май
Г) –са, -мак, -макчы, -гай, -эле
3. Атоочтуктарды кайсы мүчөлөр уюштурат?
А)-ган, -ар, -гыча, -ып,-оочу
Б) –ган, -ар, -оо, -ыш, -мак
В) –оочу, -уучу, -бас,-ар, -ган
Г) –ыш, -ганча, -май, -бас
4. Чакчылдардын кайсы сөз түркүмүнө окшош белгилери бар?
А) зат атоочко
Б) сан атоочко
В) сырдык сөзгө
Г) тактоочко
5. Атоочтук турмөк катышкан сүйлөмдү аныкта
А) Жигит өлөр жерине күлүп барат.
Б) Айтылган сөз-атылган ок.
В) Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт.
Г) Күлгөндүн билгени бар.
6. Кайсы этиштин өзгөчө формасы чак жана жак мүчөлөр менен өзгөрбөйт?
А) кыймыл атоочтор
Б) чакчылдар
В) атоочтук түрмөктөр
Г) атоочтуктар
7. Кыймыл атоочторго кайсы мүчөлөр улана берет?
А) чак мүчөлөр
Б) жак мүчөлөр
В) сөз жасоочу
Г) таандык, жөндөмө, көптүк мүчөлөр
8. Чакчылдар кандай синтаксистик кызматты аткарат?
А) ээлик
Б) аныктоочтук
В) толуктоочтук
Г) бышыктоочтук
9.Көбүнчө аныктоочтун милдетин аткарган этиштин өзгөчө формасы:
А) тууранды сөз
Б) сырдык сөз
В) чакчылдар
Г) атоочтуктар
10. Сырдык сөздүн туура жазылышын тап.
А) Бали, жеңелер, иш илгери болсун!
Б) Бали! Жеңелер иш илгери болсун!
В) Бали жеңелер! Иш илгери болсун!
Г) Бали, жеңелер иш илгери болсун!
11.Сүйлөмдөгү атоочтуктардын синтаксистик кызматын аныкта.
Акылына ишенген көп азапты жеңет, ачуусуна жеңдирген күйүкчөл келет.
А) аныктооч
Б) бышыктооч
В) ээ
Г) баяндооч
12. Чакчылдарды кайсы мүчөлөр уюштурат?
А) –бас, -ар, -уучу, -й+элек, -чыдай
Б) –ып+жүргөн, -оочу, -ганы, -кыча
В) –ганы, -ганча, -майынча, -ып
Г) –гычакты, -бай, -ыш, -мөк
13. Кыймыл атоочтор чак, жак мүчөлөр менен өзгөрбөйт, анда кайсы мүчөлөр уланат?
А) этиштен атооч жасоочу мүчөлөр уланат
Б) чакчыл мүчөлөр да жалганат
В) жак, таандык, жөндөмө, көптүк мүчөлөр уланат
Г) тактоочту уюштуруучу мүчө да уланат
14.Кыймыл атоочторду белгиле
А) жасоо, жылмайып, отурган, жасап
Б) чарчаганча, жазыш, отура бер. Жазмай
В) жазалоо, өчүрүү, жолукмак, жазыш
Г) улам-улам карап, жалдырап отурган
15. Кыймыл атооч кайсы сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат?
А) бир да сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткара албайт
Б) бардык сүйлө мүчөсүнүн милдетин аткарат
В) ээлик, толуктоочтук милдет аткарат
Г) ээлик, баяндоочтук, бышыктоочтук милдет аткарат
16. Кайсы сүйлөмдө атоочтук заттык мааниде колдонулду?
А) Көп жашаган адам билбейт.
Б) Көптү көргөн адам билет.
В) Отургандар сууну көздөй басышты.
Г) Арстан алганына кубанбайт
17. Чакчыл түрмөктү тап
А) издегени табылгансып
Б) түзөтүүлө киргизилди
В) алыш-бери
Г) чакчыл түрмөк жок
18. Атоочтуктардын сын атоочко окшош белгилери:
А) сын атоочтун салыштырма даражасынын –ыраак мучөсү уланат
Б) заттык мааниде колдонулуп, баяндоочтук милдет аткарат
В) буюмдардын, заттардын аттарын билдирип, этиштик касиетке ээ
Г) сын атооч сыяктуу заттык мааниде колдонулуп, жөндөмө, таандык, көптүк –лар мүчөлөр менен өзгөрөт
19. Томөнкү сүйлөмдөрдөн чакчыл түрмөктү тап.
А) Ал уялганымды билип, ортобузга соз узатты
Б) Арман-муңун айтып, Алиман кобурашып кете турган.
В) Батыш энелеринен ийменип, аларды дайым сыйлачу.
Г) Жамгыр жаап, балыктар тирилип, көлгө кирип кетишти.
20.Чакчыл түрмөктү тап.
А) таягына сүйөнүп
Б) Алтынайдын келиши
В) шаардан чакырылгандар
Г) көлөкө издеди