Тема: §28. Серпилгичтүүлүк күчү
7-класс
Сабактын максаттары
1Билим берүүчүлүк
Көрсөткүчтөр
Серпилгичтүүлүк күчү түшүнүгүн калыптандыруу. Серпилгичтүүлүк күчү менен нерсенин салмагынын ортосундагы карым-катнашты аныктоо. Себептик-натийжалык байланыштын жаратылыштагы байкалышын ачып көрсөтүү.
2Өнүктүрүүчүлүк
Натыйжага жете алат эгерде окуучу: эгер окуучу серпилгичтүүлүк күчүнүн физикалык маанисин түшүнсө
: Окуучулар темага карата турмуштан мисал келтирүүгө көнүгөт
3Тарбиялык
Натыйжага жете алат эгерде окуучу:турмуштан мисал келтире алышса, алардын маанисин түшүндүрө алышса
Турмуштагы мисалдарды угуп жана байкоо менен ойлоо сезимдери калыптанат, таанып-билүү жөндөмү жогорулайт
Натыйжага жете алат, эгер окуучунун:
Мисалдарды кунт коюп угуусу, ойлонуусу терен болуп, кызыгуусу артып, жаңыланса.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү.
Сабактагы колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: Интерактивдүү ыкмалар.
Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: Окуу китеби,сүрөттөр, компьютер,проектор,интерактивдүү доска
Нерсенин таянычка же асмага аракет жасаган күчү нерсенин салмагы деп аталат.
Нерсенин салмагы
Ушул учурда асма же таяныч деформацияланат. Башкача айтканда, күч аракет эткен нерсе формасы өзгөртөт. Күчтүн аракети токтогондон кийин кайсы бир нерселер мурунку формасына келсе, кай бирлеринин формасы ошол боюнча калат. Деформациялоочу күч аракетин токтоткондон кийин мурдагы калыбына ээ болгон нерселерди серпилгичтүү нерселер деп аташат
Серпилгичтүүлүк - бул нерселердин касиети. Мисалы, кургак чырпыкты ийсек, алкайра калыбына кетет. Парафин тилкени ийсек, ал ийилген абалын сактапкала берет. Ал эми болот сызгычты ийсек, күчтүн аракети токтогондон кийин түзөлүп, мурдагы абалына кайра келет. Демек болот сызгыч серпилгичтүүлүк касиетке ээ.Нерсе деформацияланганда кайра калыбына келтирүүчү күч - серпилгичтүүлүк күчү деп аталат.
Серпилгичтүүлүк күчү
Штативдин илгичинде болот пружина илинип турат. Анын ы.пдыйкы учуна 100 г жүктү илсек, пружина кайсы бир аралыкка чоюлат. Бул учурда жүктүн салмагы пружинага аракет этет.Ушул учурда пружинада нерсенин салмагына карама-каршы багытталган серпилгичтүүлүк күчү пайда болот.
Эгер жүктү пружинадан бошотсок, серпилгичтүүлүк күчүнүн натыйжасында деформацияланган пружина мурдагы абалына келет. Жипке асылган жүк жөнүндө да ушундай эле жыйынтык чыгарса болот.
Серпилгичтүүлүк күчүнүн деформациялоочу күчтүн багытына карама-каршы
багытталган болот.
Деформациянын чондугу нерсенин олчомуно,куч жумшалган орунга, анын багытына жана нерсе жасалган материалга көз каранды болот
Нерселердин негизги касиеттеринин бири серпилгичтуулук жана пластикалуулук болуп бөлүнөт.
1.Созулуу (же кысылуу) деформациясы Эгер бир учу бекитилген бир тектуу стерженге,анын огун бойлото куч таасир этсек (чойсок же кыссак), анда стержень созулуу (кысылуу) деформациясына ээ болот.
2 . Жылышуу деформациясы. Бетине горизонталь жана вертикаль сызыктар сызылган резина брусогун алабыз.
Брусоктун устунку катмарына рейка бекитип, брусоктун бетине параллель F кучу менен ага аракет этебиз. Брусоктун катмарлары оз ара параллель бойдон калып, жылышат да, вертикаль сызыктар α бурчуна жантаят. F кучу канча чон болсо, α жантаю бурчу да ошончо чон болот.
3.Толгонуу же буралуу деформациясы. Эгер бир жак учу бекитилген стерженге бири-бирине карама-каршы параллель багыттал-
ган кош куч аракет этсе толгонуу же буралуу деформациясы пайда болот.
4.Ийилуу деформациясыТаянычка бекитилген иймек формадагы брусок корсотулгон. Мында брусоктун сырт жагы
созулуп,ич жагы кысылууга дуушар болот.Бул учурда узарбай да кыскарбай да жон гана формасын озгорткон ортонку катмар пайда болот. Ал катмар нейтралдуу катмар деп аталат
Гук закону Серпилгичтүүлүктүн чегинде деформациянын чоңдугу деформациялануучу күчтүн чоңдугуна пропорциялаш болот,б.а
F = - k |x|
F = - k |x| формуладан
к= серпилгичтүүлүк күчү пружинанын узарышына жана катуулук коэффициентине түз пропорциялаш
Бышыктоо : 1.Серпилгичтүүлүк күчү эмнени негизинде пайда болот? 2.Серпилгичтүүлүк күчү кандай багытта багытталат? 3.Гук закону кандайча айтылат? Үйгө тапшырма : § 28