Материктердин жана океандардын келип чыгышы
Оригинальные шаблоны для презентаций: https://presentation-creation.ru/powerpoint-templates.html
Бесплатно и без регистрации.
1
Сабактын максаты:
Материктер менен океандардын келип чыгышы тууралуу маалымат алабыз
1
Материктер менен океандардын жеринин кыртышынын түзүлүшү, литосфералык плиталар менен таанышабыз
2
3
Сабакта жоопкерчиликке, изденгичтикке көнүгөбүз.
Материктер
Материктердин горизонтал багытта өтө жай (жылына бир смге чейин) болжолдуу жылышы. 1620-жылы англис Ф. Бекон Африка материгинин батыш жээктерин Түштүк Американын чыгыш жээктери менен салыштырып, окшоштугун көргөн. 1658-жылы француз Ф. Пласе аны «топон суу» жүргөндө бөлүнүп кеткен деп ойлогон. 1877-жылы С. В. Быханов материктер бир орундан козголуп, жылып кеткен деп көрсөткөн. 1912-жылы немец Ф. Вегенер материктердин жылып жүрүшүн илимий жол менен далилдеп чыккан. 1915-жылы «Материктер менен океандардын пайда болушу жөнүндө» деген китеби жарык көргөн. Анда эки жээктин географиялык, геологиялык түзүлүштөрүнүн окшоштугу, бир кезде экөө бир материк болгондугу айтылган.
Өсүмдүктөрү менен жаныбарларынын бирдейлиги аныкталган. Вегенердин ою боюнча адегенде жер бетинде «Пангеа» деген бир эле суперматерик болгон. Аны «Панталасс» океаны курчап жаткан. Пангеа базальт катмарынын үстүндө калкыган. Палеозой, мезозой замандарында тектоникалык процесстен терең жарылып, бир нече бөлүккө бөлүнгөн. Триас мезгилинде Гондвана жана Лавразия материктерине айланган. Андан кийин бул эки зор материк терең жарылып, ар бир бөлүгү өз алдынча базальт катмарынын үстү менен туш-тарапка жыла баштаган. Алардан азыркы материктер пайда болгон
Океандар
Жердин туташ суу катмары. Материктер менен аралдарды курчап турат. Океан суулары мантиядан бүлөнүп чыккан деген гипотеза айтылып келет.
Океан өзүнө Жердин туздуу суусунун массалуу көлөмүн камтыйт, жана ошондой эле гидросферанын негизги түзүлүш бирдиги болуп саналат. Жердин суу мейкиндиги бир нече өзүнчө океендарга бөлүнгөнүнө карабай, алар баардыгы биригип бир глобалдуу, бири-бири менен байланган туздуу суунун массасын түзөт жана көбүн эсе учурларда Дүйнөлүк океан айтылып жүрөт. Болжол менен Жер үстүнүн 71% (361 млн км² аянты менен) Дүйнөлүк океан менен камтылган.
Литосфера плиталары –
Литосфералык плиталар теориясына ылайык Жердин сырткы кабыгы. Жердин литосферасы бөлүнгөн салыштырмалуу монолиттүү плиталар. Учурда 7 ири (туурасы 1000 кмден жогору) плита бар: Түндүк Америка , Евразия , Түштүк Америка , Африка , Инди-Австралия, Антарктика жана Тынч океан . Бардык ири литосфера плиталары (Тынч океан плитасынан башкасы) континенттик жана океандык бөлүктөрдү камтыйт. Ошондой эле 7 кичи плитага (туурасы 1000 кмден аз) да бөлүшөт: Кокос, Наска, Скоша (Скотия), Кариб, Араб, Филиппин, Каролин. Мындан тышкары түндүктө Түндүк Америка менен Евразия, түштүктө Түштүк Америка, Африка жана Инди-Австралия плиталарынын ортосундагы алкакта жайгашкан майда плиталар да бар.
Литосфера плиталарынын магмалык жана сейсмдик активдүү зоналар менен белгиленген чеги вертикалдык же субвертикалдык бөлүнүү зоналары менен берилген. Литосфера плиталары бири-бирине салыштырмалуу горизонталдык (айрым учурда вертикалдык) багытта бир нече миңдеген кмге чейинки аралыкка (жылына бир нече смден 10 смге чейинки ылдамдыкта) жылып турат. Плиталар кыймылга келгенде четтери бузулат.
Үйгө тапшырма:
Контурдук картага литосфералык плиталардын чек арасын аныктоо.