СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

7-класстын биология сабагы

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«7-класстын биология сабагы»

Сабактын темасы: Балыктардын түзүлүшү,көбөйүшү жана өрчүшү.Систематикасы.

Сабактын максаты:

а)Балыктардын түзүлүшү,көбөйүшү жана өрчүшү, систематикасы жөнүндөгү маалыматтар менен таанышат. Бири бирине суроо берүү менен аңгеме жүргүзүшөт. б)Логикалык ой жүгүртүүсү,эске тутуусу,кабыл алуусу өнүгөт. в) Окуучулар жаныбарларды сүйүүгө,камкордуулук менен мамиле жасоого,бири-бирине сылыктык менен мамиле түзүүгө адептүүлүкө тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Тема боюнча түстүү сүрөттөр,буклеттер,карточкалар

Сабактын ыкмасы: Аралаш сабак.

Сабактын тиби: Жаңы теманы өтүү.

Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу

2.Жаңы тема

3.Өтүлгөн теманы бышыктоо










Табышмак

Канаты бар экен, бирок уча албайт.

Буттары жок , толкуп басат.

Жаңылмач

Ала-була балык алабуга (форель балыгы),
Алабуга балык болот бекен
Ала-Бука сууда?
Ала-була балык алабуга,
Алабуга балык болбойт экен
Ала-Бука сууда.

Жаңы теманы түшүндүрүү: Балыктар омуркалуу жаныбарлардын ичинен эң чоң тобу болуп,алар жердеги бардык сууларда: океанда,деңизде дарыяда,көлдө,көлмөлөрдө,өрөөндөрдөн тартып бийик тоолуу аймактардагы булактарга чейин тараган.Балыктар сууда жашоого жакшы ыңгайланышкан. Алардын денесинин формасы сүйрү сүзүүгө ыңгайлуу.Терисинин сырты кабырчык менен капталган.Жуптуу көкүрөк жана курсак сүзгүчтөрү бар.Дем алуу органдары бакалоорлор. Балыктардын көбөйүүсү сууда жүрөт жана 20 000 ашуу түрлөрү бар.Алардын денесинин формасы байырлаган жерлерге жана жашоочу түрүнө байланыштуу болот. Алыска сүзө албаган таман балыктардын денеси каптал жактарынан кууш келет.Балыктардын чоңдүгу 1 см ден ашып 16-20 см чейин жетет.Эң кичинекей балык 1 см.Кит аккуланын узундугу 20 м ге жетип салмагы 12-14 тонна.Кыргызстанда балыктардын чоңу ысыккөл жилингринин узундугу 1 м ден ашат,массасы 20-25 кг жакын.

Топ менен иштөө



1.Балыктар кандай жерлерди байырлашат? 2.Балыктардын денесинде каптоолор бар жана алардан кандай мааниси бар? 3.Балыктардын кандай сүзгүчтөрү бар жана алардын кызматы кандай? 4.Балыктардын түсү жашоо чөйрөсүндө өзгөрулүп турабы? 5.Балыктын скелетинин башка омурталуулардан айырмачылыгы кандай? 6.Балыкта хорда барбы? 7.Балыктын нерв системасы кайсы бөлүктөрдөн турат?

Ден соолук баракчасы





1.Кальций-сөөктөрдү жана тиштерди бекем сактоого жардам берген минерал.

Тамактардын кайсынысында  кальций  көп?

А) Кант Б) Күрүч В) Сыр Г) Эт

2.Кайсы балыктын боорунан  витаминге бай медициналык  балык майы алынат?

А) Треска Б) Камбала В) Осетр Г) Сазан Д) Карп

3.Кайсы класстагы жаныбарлардын саны эң көп?

А) Балыктар классы Б) Курт кумурскалар классы

В) Рак сымалдар классы Г) Жөргөмүш сымалдар классы

Марлен бир айда эки сантиметр өсөт.Эмне үчүн кальцийге бай тамактарды жегендиги Марлендин боюнун өсүшү үчүн маанилүү?

Жооп:_________________________________________________________________________

Үйгө тапшырма: Балыктардын түзүлүшү,көбөйүшү жана өрчүшү.Систематикасы