Просмотр содержимого документа
«8-класс КРнын геологиясы»
Т.Айбашев атындагы орто мектеби 8-класс География предмети
Мугалим: Уркунова Гульзат
Сабактын темасы: Геологиялык түзүлүшү жана өнүгүү тарыхы. Байыркы муз доору.
Эмне үчүн Кыргызстандын бир аймагында алтын, бир аймагында көмүр, нефть, башка жагында аки таш чыгат?
Орогендик кыймылдардын (тоо пайда болуу процесси) жүрүү этабы боюнча Тянь-Шань бир нече геологиялык структураларга бөлүнөт:
- Түндүк Тянь-Шань
- Ортоңку Тянь-Шань
- Түштүк Тянь-Шань
Алай-Түркстан тоо системасы менен Какшаал тоо системасынын орогендик кыймылдары окшош болгон үчүн, алар «Түштүк Тянь-Шань» деп берилет.
Эскертүү!!
Бул физикалык географиялык аймактар менен дал келбейт.
Кыргыз Ала- Тоосу
Күнгөй Ала-Тоо
Тескей Ала-Тоо
Соӊ-Көл Тоо
Кара-Жорго
Түндүк Тянь-Шань
Талас Ала-Тоосу
Алгачкы палеозойдун башында каледондук ойдуңдар Иле Ала-Тоосунун түштүк жана батышында пайда боло баштаган
Кембрийдин аягында жана ордовиктин башында каледондук биринчи көтөрүүлөр башталган. Анда Кара-Тоо-Талас катталыш зонасы түзүлгөн.
Ордовиктин аягында жана силурдун башында экинчи каледондук көтөрүлүү жүрөт. Мында Суусамыр, Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгү, Чоң Кемин, Жыргалаң катталыштары пайда болот. Түндүк Тянь-Шандын каледондук геосинклиналдык режими аяктайт.
Узак убакыт бою календондо пайда болгон тоолор үбөлөнүп, эрозияга учурап домпоктор пайда болуп, талкаланган тектери ойдуңдарды толтуруп, келки массивдерге айланат
А к-Шыйрак
Жетим тоосу
Нарын-Тоо
Көөлүү
Көк-Ирис-Тоо
Чаткал кырка тоосу
Чандалаш
Пскем к.т .
Ортоңку Тянь-Шань
Молдо-Тоо
Алгачкы палеозойдо Ортоңку Тянь-Шандын аймагы ойдуң болуп, суу астында жаткан жана чөкмө тектер топтолгон.
Силур жана девондун башталышында кийинки каледондук жана герциндик тоо көтөрүлүү жүргөн. Натыйжада, Пскем, Чаткал кырка тоолору, Ак-Шыйрак тоо системаларыб б.а. Борбордук Тянь-Шандын тоолору көтөрүлгөн.
Какшаал кырка тоосу
Фергана кырка тоосу
Алай-Түркстан кырка тоосу
Түштүк Тянь-Шань
Соңку ордовикте жана силурда кийинки каледондук тоо көтөрүүлүдө Түштүк Тянь-Шандын Памир-Алайын кучагына алган.
Ортоңку жана соңку палеазойдо герциндик орогендик кыймылдар болуп, Какшаал, Жаңы-Жер, Турдук катталыштары көтөрүлгөн.
Герциндик тоо көтөрүлүү Түркстан жана Алай кырка тоолорунда ортоңку карбондо күчөгөн.
- Герциндин тоо көтөрүлүүдөн кийин салыштырмалуу кыймылсыз абал сакталып, тектоникалык режими платформаларга жакын, бирдиктүү континенталдык массив пайда болгон.
- Герциндик кыймыл чөкмө тектердин калың катмарына магманын жиреп кириши менен коштолуп, метаморфоздолгон, натыйжада интрузивдик тоо тектердин массивдерин п.к. ( Гранит, мрамор, баалуу таштар п.б.)
- Палеозой заманындагы узакка созулган геологиялык өсүп-өнүгүш Тянь-Шандын Түндүгүндө каледонид, Ортоңку бөлүгүндө каледонид менен герцинид, ал эми Туштүгүндө герциндик тоо тектеринин пайда болушуна алып келген.
- Бул мезгилдерде Ортоңку жана Түштүк бөлүгүндө ойдуңдарды океан каптап, климат жылуу болуп турган. Ошондуктан бул аймактарда көмүр жана нефть кендери таралган.
Палеозойдогу катталыштын аягында тоолор катуу үбөлөнүп, талкаланып денудацияланган.
- Түндүк, Ортоңку, Түштүк Тянь-Шанды бири-биринен терең жаракалар бөлүп турат:
- Тянь-Шандын эң негизги структуралык сызыгы
- Чаткал-Нарын жаракасы
1
2
Тянь-Шандагы салыштырмалуу тынч абал палеоген мезгилиндеги альпы көтөрүлүүсү менен бузулду.
Палеогендин олигецен доорунда ойдуңдар ийилип, дөңсөөлөр көтөрүлүп альпы кыймылы башталат. Ал бардык Кыргызстандын аймагын ордуна алып, Чоң Алай кырка тоосу да көтөрүлүп чыгат.
Көтөрүлүүдө тянь-Шандын түштүк жана чыгыш чет жакаларында байыркы структурасын бузбай жалпы көтөрүлөт. М: Сырттар Сары-Жаз, Ара-Бел, Кум-Төр, Ак-Сай, Чатыр-Көлдүн аймагы.
Тоолордун бийик көтөрүлүшү алгачкы мөңгүлөрдүн пайда болушуна алып келди.
Байыркы муз доору.
- Тянь-Шань жана Памир тоолорун төртүнчүлүк доордо бир нече жолу муз каптаган. Ал Борбордук жана Ички Тянь-Шанды калкан сымал жердин бетин жаап да калган.
- Ал рельефтин ар түрдүү формаларын пайда кылды.
Байыркы муз доору.
- Муздар терең капчыгарларды, кар сымал, тепши сымал рельефтин формаларын пайда кылган. Мореналар жана акклюмулятивдик жана скульптуралык рельефтин фармаларын да пайда кылган .
Байыркы муз доору.
- Мөңгүлөр биздин байлыгыбыз. Таза суунун булагы. Жаратылышыбыздын кооздугу. Айыл чарбасында да чоң рол ойнойт.