Просмотр содержимого документа
«8-класс. Кыргыз тили. Иш кагаздары.»
Кыргыз тили 8-класс
Саламатсыңарбы, окуучулар!
Сабактын темасы:
Иш кагаздары
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк максаты: окуучулар расмий жана расмий эмес иш кагаздары боюнча түшүнүк ала алышат.
Өнүктүрүүчүлүк максаты: расмий жана расмий эмес иш кагаздарынын түрлөрүнүн жазылыш өзгөчөлүктөрүн үйрөнүшөт;
Тарбия берүүчүлүк максаты: окуучулар бири-биринин оюн угуп, сылык, маданияттуу болууга тарбияланышат;
Кептин стилдери
Иш кагаздар стили а) Расмий иш кагаздар б) Расмий эмес иш кагаздар
- Иш кагаздарынын ар бири белгилүү бир иш-чараларга багытталып, калыпка салынган үлгүнүн негизинде ишке ашырылат.
- Адамдардын күндөлүк турмушунда,мамлекеттик мекемелерде.ишканаларда колдонулуучу документтер
расмий жана расмий эмес иш кагаздарына кирет.
Төмөнкүдөй талаптар коюлат:
- диалектилик сөздөрдү колдонбоо;
- көркөм сөз каражаттарын ыксыз пайдаланбоо;
- айтылуучу ойдун тактыгы жана ачыктыгы.
Расмий иш кагаздар
- Келишим
- Указ
- Буйрук
- Закон
- Момерандум
- Токтом
- Программа
- Жобо
Расмий эмес иш кагазда р
- Арыз
- Мүнөздөмө
- Өмүр баян
- Келишим
- Тактама
- Ишеним кат
- Кулактандыруу
- Тил кат
- Билдирүү
Канцелярдык иш кагаздары
- 1 ) Мекемелер тарабынан жүргүзүлүүчү иш кагаздар
- 2)Жеке адамдар тарабынан жүргүзүлүүчү иш кагаздар
Токтом
- Жыйналыштын жүрүшү жазылган документ токтом деп аталат.
- Токтомдо негизинен төмөнкү учурлар көрсөтүлөт:
- токтомдун катар номери
- мекеменин, уюмдун аты
- жыйналыштын өткөргөн убагы
- жыйналышка катышкандардын саны
- каралган маселелер
- жарыш сөздөр
- кабыл алынган чечим
- чогулушту алып баруучулардын колу
Үлгү Токтом
2020-жылы 2-апрелде жаштарды жумуш менен камсыз кылуу боюнча
Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү профсоюз уюмунун кезектеги отуруму болду.
Катышкандар адамдар- 124
Жергиликтүү комитеттин төрагасы-----Сарыбаев Талантбек
Катчы------- Асанова Мээрим
Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн жумушчулары,кызматчылары
Бардыгы---130
Угулду: 2021-жылга Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн жумушчулары жана кызматчылары кабыл алган иш чара бекитилсин.
Жергиликтүү комитеттин төрагасы----- колу ( )
Катчысы-------колу ( )
Өмүр баян
- Адам өмүрүнүн тарыхын жазуу. Өмүр баян бул жеке адамдын социологиялык маалыматтын булагы болуп саналат,жана анын кандай адам экенин, улутун,психологиясын,тарыхын тастыктай алат.
- Өмүр баян жазууда төмөнкү элементтер колдонулат:
1 . Фамилиясы аты (атасынын аты);
2. Туулган жери,айы күнү,жылы;
3. Наамдары, атагы (алган күнү жылы);
4. Билими (бүткөн жылы);
5. Кесип тандоодо таасир тийгизген шарттар;
6. Жогорку билими,аскердик наамы,илимдеги даражасы;
7. Ата-энеси,бир туугандары жөнүндө кыскача;
Үлгү
- Мен, Акылбек кызы Жанара, 1977-жылы 12-январда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында төрөлгөм. 1984-жылы Саруу айылындагы С. Сыдыков атындагы орто мектептин 1-классына кабыл алындым жана аны 1994-жылы аяктадым. 1994-жылы КМУУнун экономика жана башкаруу факультетинин финансы жана кредит бөлүмүнө кабыл алынып, 1999-жылы университетти артыкчылык диплому менен бүтүрдүм. 1999-2000-жылдары «Учкун» акционердик коммерциялык банкына адис катары кабыл алынып, 2005-жылы конкурстук негизде «АТФ-Банктын» кредиттик бөлүмүнө башкы адис катары кабыл алындым. Учурда ушул банктын кредит жана аудит бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жатам. Үй-бүлөлүүмүн. Бир уул, бир кызым бар. Жолдошум Жумалиев Эдил экономист болуп иштейт. Дарегим: Бишкек шаары 03.06.2010 Учкун кичи району 12-үй, батир № 11. Колу /…………………………
Уюл. тел.: 0709 550077 Акылбек кызы Жанара
Үй тапшырма:
Жыйналыштын токтомун жана өмүр баян жазуу
Эскертүү:
Токтомдун татаал түрүнө
жыйналыштын жүрүшүнүн
бардык жагы камтылат.