§ 4. Жааңгер кожонун (Жахангир) кыймылы жана кыргыздар. Суранчы
8-класс
kozubaeva.kg
Сабактын планы
- Жааңгер кожо ким болгон?
- «Суранчы бийдин (буруттун) козголоңу»
- Жааңгер кожого алайлык кыргыздардын колдоо көрсөтүшү
- Нарындык кыргыздардын кыймылга катышуусу.
- Атантай, Тайлактын Жааңгер кожого жардам берүүсү
- Элдик кыймылдын күч алышы
- Элдик кыймылдын жеңилиши, анын себептери жана мааниси.
kozubaeva.kg
Жааңгер кожо ким болгон?
Жааңгер кожо Чыгыш Түркстандын «Ышкийа» сопучулук агымынын өкүлү Аппак-кожонун урпагы, Бурханеддиндин небереси болгон. 1758-ж. Иледеги Чжао-хойдун аскерлеринен жеңилип калган Бурханеддин Бадахшанга качкан. Бадахшан акими султан шах аны өлтүрүп, башын кытай төрөлөрүнө тартуу кылган. Бурханиддиндин өспүрүм баласы Сарымсак Кокондо жашап калган. Анын үч уулунун эң кенжеси Жааңгер 1783-жылы туулган. Жааңгер жаштайынан эле тың чыгып, жакшы тарбияланган.
1758-1759-жж.
Улуттук-боштондук
кыймылдын жоокерлери
kozubaeva.kg
«Суранчы бийдин (буруттун) козголоңу»
- 1820-ж. Кыргыздар
- 1820-ж.
- Кыргыздар
1820-жылы жайында Жааңгер кожо Кокондон кыргыздарга жардам сурап келип, кол кураган.
- Тайлак баатыр Суранчы бий
- Тайлак баатыр
- Суранчы бий
Жааңгер кожого саяк уруусунан Жаңгарач, Байкабас, Мендылак, Тайлак, кыпчак Турдумамбеттин туугандары, чоңбагыштан Суранчы бий жардам берген.
kozubaeva.kg
Кашкар үчүн көтөрүлүш
Кытай баскынчылары менен күрөшүүдө Суранчы бийдин жоокерлеринин даңкы чыккан. 1820-ж. күзүндө Жааңгер кожо кыргыздардан куралган бир нече жүз жоокер менен Кашкарга кол салат. Ошондо Суранчы бий Узун-Артыш айылында 300 жигити менен Кашкарга келип, кытай кароолун талкалашат. Бул салгылашуу кытай булактарында Суранчы буруттун козголоңу деп аталган.
kozubaeva.kg
Жааңгер кожо менен Суранчы бийдин колу душмандын кысымына туруштук бере албай, чегинүүгө мажбур болгон.
Цинь бийлиги кошумча аскер жиберип, Кашкарды сактап калган. Жазалоочу аскерлер Суранчынын Кеншибай деген журтуна келип, орула элек эгинди, 30-дан ашык өргөөнү өрттөп, 20-дан ашык адамды мыкаачылык менен өлтүрүшкөн.
1820
kozubaeva.kg
Жааңгер кожого алайлык кыргыздардын колдоо корсөтүшү
- 1821-ж. Жааңгер кожо Алайга чегинген. Мындагы кыргыз айылдарында ал 2-3 жылча тынч жүрүп калат.
- 1824-жылы Жааңгер кожонун колунун көпчүлүгү кыргыздар менен Алайдан Кашкарга аттанат.
- Салгылашта Турдумамбеттин эң жакын жардамчысы жамантейиттен чыккан Шергазы кармашып жатып каза болот.
- Сан жагынан артыкчылык кылган кытайлар Жааңгер кожонун колун Кашкардан сүрүп чыгарган.
Кыргыз айылы
kozubaeva.kg
Нарындык кыргыздардын кыймылга катышуусу
- 1825-ж. Ички Теңир-Тоодогу саяктардын билермандары Атантай, Тайлак Жааңгер кожонун кыймылына кошулат.
- 1825-ж. күзүндө Тайлактын Ак-Талаадагы айылына Кашкардын кытай төрөсү Юн Цин, Баянбату баш болгон 500 жоокерин жөнөтөт.
- Кытай кошууну Торугарт. Чатыр-Көл аркылуу келип айылга кол салган. Тайлак, Атантай, Жааңгер кожо жок кезде кытай кошууну айылды талкалап, 100-дөн ашык аял, бала-бакыраны кырып баса беришет.
- Бул кабар жетээри менен Тайлак баатыр жоонун артынан сая түшүп, кытай аскерин Баянбату менен кошо түгөл кырып салган.
kozubaeva.kg
Жааңгер кожо Кашкарга аттанат.
- Коконго, Оро-Төбөнүн акиминен жардам сурап кайрылган.
- Коконго, Оро-Төбөнүн акиминен жардам сурап кайрылган.
Жааңгер кожонун көтөрүлүшү
Жааңгер
- Кундустун эмирине, тажиктерге, өзбектерге, казак, кыргыз урууларына жардам сурап чабарбандарды жөнөткөн.
- Кундустун эмирине, тажиктерге, өзбектерге, казак, кыргыз урууларына жардам сурап чабарбандарды жөнөткөн.
кожо
1825-
- Ак-Талаа, Тогуз-Тородо Жааңгер кожо өргүп, чечүүчү салгылашка даярданган.
- Ак-Талаа, Тогуз-Тородо Жааңгер кожо өргүп, чечүүчү салгылашка даярданган.
1826-жж.
kozubaeva.kg
Элдик кыймылдын күч алышы
Жааңгер кожонун
аскерлери
Ак-Бейиттин белин ашып
Ат-Башы
Аксайга түшөт
ИСЛЫК
ТЕШИК-ТАШ
кароолу
кароолу
Кашкарга аттанган
kozubaeva.kg
Жааңгер кожонун жана кытай аскерлеринин салгылашуусу Кашкардын Аппак кожо мазарына жакын жерде болгон.
Тайлак, Атантайдын жигиттери Барчандагы кытай кароолун кыйраткан.
Жааңгер кожонун штабы жайгашкан Башкирим кыштагына күчтөр топтолуп, алар кийин Түмөн суусунун оң жээгиндеги Давлетбахта кытай аскерлерин талкалаган.
kozubaeva.kg
- Жааңгер кожо шаан-шөкөт менен Кашкарга кирип, султан мартабасын кабыл алат. Жаркент. Хотан, Янысардын калкы топтолуп, шаарлардагы цинь сепилдерин талкалап, Кашкарга жөнөшкөн.
- Жааңгер кожонун көтөрүлүшү 1828-жылга чейин созулган.
- Ч. Валиханов жазгандай көтөрүлүшкө 200 миң адам катышкан.
- Көтөрүлүшчүлөр союл, чалгы, кылыч, найза, мылтык, кытай аскерлеринен тартып алган бир нече замбиректер менен куралданган.
- 1827-ж. мартта кыргыздар менен уйгурлар Хотанда ири кошуун топтошкон.
1828-ж.
kozubaeva.kg
- Жааңгер кожону көтөрүлүшү 1820-1828-жж. болгон, бирок курал-жарагы начар карапайым калк Кытайдан келген күчтүү ири аскерлерге туруштук бере алган эмес.
- Кытай бийлиги дайындаган жаңы хакимбеги Исак-ван амалкөйлүк менен Жааңгер кожону кытайларга кармап берген.
- Жааңгер кожону Пекинге алып кетип, кийин өтө коркунучтуу козголоңчу катары кескилеп өлтүрүшкөн.
Жааңгер кожонун көтөрүлүшү.
Кытай булактары
kozubaeva.kg
Элдик кыймылдын жеңилиши жана анын себептери
- Көтөрүлүшчүлөр союл, айры, чалгы, найза, мылтык менен куралданышкан. Аларга курал-жарак, ок-дары жетишпеген;
- Жааңгер кожо Кашкарды ээлегенден кийин түзүлгөн оңтойлуу кырдаалды пайдаланган эмес. Ал Ак-Суу. Кулжа сыяктуу цинь-манчжур бийлигинин таяныч борборуна тезинен чабуул койбоду. Анын ордуна Орто Азиядан жардам күтүп, убакытты уттуруп койду;
- Кытай аскерлери курал-жарак, ок-дары менен жакшы куралданган, мыкты даярдыктан өтүшкөн;
- Кожонун жакын жардамчыларынын ортосундагы ич ара талаш-тартыш, ырктын бузулушу де терс таасирин тийгизген;
- Кащкардын жаңы хакимбеги Исак-вандын чыккынчылыгы да себеп болгон.
kozubaeva.kg
Көтөрүлуштүн тарыхый мааниси
- Жаангер кожонун көтөрүлүшү 1820-1828-жж. узакка созулган көтөрүлүш болгон. Акыркы чечүүчү этабы 9 айга созулган.
- Бул көтөрүлүш жеңилип калганына карабастан, кыймылдын жүрүшүндө түпкү калк кыйла такшалды, эркиндикти эңсөөсү, ага умтулуусу ого бетер күчөдү;
- Цинь-манчжур баскынчылары олуттуу жоготууларга дуушар болуп, алардын Синьцзяндагы үстөмдүгү бошоңдоду;
- Чыгыш Түркстандагы уйгурлар жана тажик, кыргыз, казак элдеринин ынтымагы бекемделди.
kozubaeva.kg
Цинь дөөлөтүнүн үстөмдүгүнө каршы Чыгыш Түркстан элдеринин көз карандысыздык үчүн күрөштөрү:
1839-жылы Жусуп Кожонун көтөрүлүшү. Ага Атантай, Тайлак баатыр, басыз, кыпчак, чоңбагыш уруулары колдоп, Кашкарды камалоого катышкан.
1
1845-жылы чыгыш түркстандык кыргыздар кайрадан козголуп, Жаңы-Гиссар аймагындагы цинь кароолун талкалайт.
2
3
1846-жылы Кашкар дубанындагы кароолдорго жортуул уюштурушкан.
4
1847-жылы Кашкарда кожолордун кыймылы башталган, аларга Алым бий менен Кыдыр бий колдогон.
5
1851-жылы Кашкарга Валихан төрөнүн кошууну көбүнчө кыргыздардан куралган.
kozubaeva.kg
Тема боюнча суроолор:
- Жааңгер кожо жөнүндө эменелерди билесиңер?
- Суранчы буруттун козголоңу тууралуу айтып бергиле.
- Жааңгер кожого алайлык кыргыздар кандайча колдоо көрсөтүшкөн?
- Нарындык кыргыздардын кыймылга катышуусун эсиңерге бек түйгүлө.
- Атантай, Тайлак баатырлар кандай эрдиктерди көрсөтүшкөн?
- Көтөрүлүш эмне үчүн жеңилип калган?
kozubaeva.kg
Көңүл бурганыңар үчүн рахмат!
kozubaeva.kg