СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

8-класстар учун

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ондуруштук авариялар жана катастрофалар

Просмотр содержимого документа
«8-класстар учун»

VIII класстар үчун. Өндүрүштөгү авариялар жана катастрофалар.

Эл чарбасынын аймагындагы авария. Авария жана катастрофанын негизги түшүнүктөрү жана аныктамасы. Жабыркоонун очогу жана кесепеттерине мүнөздөмө (өрт, жарылуу, күчтүү таасир берүүчү уулуу жана радиоактивдүү заттардын таштандысы ж.б.)
Өрт жана жарылуу. Өрттөн жана жарылуудан болгон зыяндарга мүнөздөмө. Калкка өрт жана жарылуу коркунучу күтүлгөн учурда өзүн алып жүрүү эрежесин түшүндүрүү.
Химиялык коркунучтуу заттардын таштандысынан келип чыккан авария. Өндүрүштөгү химиялык коркунучтуу объект. Авариялык-химиялык коркунучтуу заттар (АХКЗ), аларга мүнөздөмө, кыйратуучу факторлору. Химиялык коркунучтуу аймактардагы авариялардын кесепеттери. Калктын Авариялык-химиялык коркунучтуу заттардан (АХКЗ), коркунуч күтүлгөн учурда өзүн алып жүрүү эрежеси.
Радиоактивдүү заттардын таштандысынан келип чыккан авария. Радиациялык-коркунучтуу объектилер. Авариялык жабыркоонун очогуна мүнөздөмө. Жашап турган жердин, абанын жана суунун радиоактивдүү авариядан булгануусу. Адамдардын жана жаныбарлардын жабыркоосуна, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана азык-түлүк, өндүрүштүн радионуклиддик булганышына мүнөздөмө. Радиациялык авариялардын кесепеттери. Калктын радиациялык авария жана жашап турган жердин радиоактивдүү булгануу коркунучу күтүлгөн учурда өзүн алып жүрүү эрежеси жана иш-аракеттери.
Гидродинамикалык авариялар. Гидродинамикалык авариялар, алардын кесепеттери. Калкка суу каптоонун негизинде гидродинамикалык авария коркунучу күтүлгөн учурдагы иш-аракеттерди түшүндүрүү.
Экологиялык тең салмактуулуктун бузулушу. Экологиялык тең салмактуулуктун жашап турган жерде бузулушу. Жаратылыш чөйрөсү менен адамдын жашоо-тиричилигинин байланышына кыскача мүнөздөмө. Атмосферанын булганышы, топурактын, табигый суулардын булганышы, биосферадагы радиация. Булгоочу заттар, булгоочу заттардын чектен ашпаган концентрациясы жөнүндө түшүнүк.
Жашап турган жердеги экологиялык тең салмактуулуктун бузулушунан ден соолукту коргоонун чаралары. Жашоо-тиричиликти камсыздоодогу кийимдин, бут кийимдин жана башка тиричилик элементтеринин ролу.
Окуучулардын өндүрүштүк кырсык таасын болгон аймактагы практикалык иш-аракеттери. Окуучулардын өндүрүштүк ишканада авария коркунучу күтүлгөн учурдагы иш-аракеттери. Кырсыктын сигналдарын угаары менен эшик-терезени жабуу, газдын, суунун, крандарын жабуу, электрди өчүрүү. Вата-марлисинен таңуу жасап, 2%дык соданын эритмесине малып, дүрбөлөңсүз, ызы-чуусуз чыгып, шамал соккон тарапка катар басуу керек.
Химиялык коркунучтуу заттар менен ууланганда биринчи медициналык жардам көрсөтүү. Биринчи медициналык жардам көрсөтүү эрежеси. Жабырлануучуга газга каршы масканы кийгизүүнү, аны эвакуациялоону үйрөнүү.
Жаштардын саламаттыгы жана жашоо образы. Ар бир адамдын ден соолукту сактоодогу жекече кызыкчылыгы. Ден соолукту чыңдоонун жолдору жана ооруну алдын алуу. Негизги жугуштуу оорулардын тобокелчилик факторлору. Өспүрүмдүн жетилүү өзгөчөлүктөрү. Кыздардын жана өспүрүмдөрдүн жыныстык жактан жетилүүсү, организмдин физиологиялык жана психологиялык кайра калыптануусу. Өспүрүмдүн эмгек жана эс алуу режими. Алкоголдун, никотин жана наркотиканын өспүрүмдүн организмине тийгизген таасири.
Ички чөйрөнүн иш жөндөмдүүлүгүнө жана чарчап-чаалыгууга таасирин тийгизген физиологиялык негиздери. Организмге жогорку температуранын, чаңдын, жогорку нымдуулуктун тийгизген таасири ж.б. Иш ордунун жарык менен камсыз болушун талап кылуу.
Ден соолукка таасир берүүчү негизги факторлорду талдоо. Жеке, үй-бүлө, коомдун саламаттыгы. Ички дүйнө жана ден соолук. Жыныстык жактан катнаштын туура калыптануусу. Коллективде жана үй-бүлөдө өз ара психогигиеналык мамиле.
Өспүрүмдүн ден соолугунун физикалык жана психологиялык жактан коргоонун нормасы жана анын мааниси. Алкоголь жана баңгизат колдонгон терс адаттардын социалдык кесепеттери.
1 жана 2-бөлүм боюнча практикалык сабактар: Техногендик кырсык (өндүрүштүк авария), курч мүнөздө болгон аймактагы окуучулардын иш-аракеттери (химиялык коркунучтуу таштандылардан чыккан авария, райондун радиациялык булгануусу, аймактагы экологиялык тең салмактуулуктун бузулуусу ж.б.)
Ишканадагы калктын коопсуздугун камсыз кылууну уюштуруусун үйрөнүү максатында экскурсияга баруу.

IX КЛАСС
Окутуу убактысынын темаларын болжолдуу бөлүштүрүү
Жарандык коргонуунун Мамлекеттик системасынын түзүлүшү жана тапшырмалары. Жарандык коргонуунун Мамлекеттик системасынын түзүлүшү жана тапшырмалары. Согуштук жана тынч убактарда калкты өзгөчө кырдаалдардан коргоодо Жарандык коргонуунун ролу жана орду. Жарандык коргонуунун башкаруу системасы. Билим берүү мекемелеринде Жарандык коргонуунун иш-пландары жана окуучунун милдеттери.
Окутуу мекемелеринде террордук акт болгон учурдагы окуучулардын жүрүш-туруш эрежеси. Окутуу мекемелеринде террордук акт болгон учурдагы окуучулардын жүрүш-туруш эрежеси. Террордук акт деген эмне. Жардыргычтардын түзүлүш түрлөрү.
Мектептин жогорку класстар арасында травманын алдын алууга чаралар. Үйдө, көчөдө, мектепте, дене тарбия сабагында, спорт менен машыкканда жүрүш-туруш коопсуздугу. Химия, физика сабактарында электроприборлорду жана кесүүчү шаймандарды колдонууда, айыл чарба техникасын иштетүүдө жана шаймандарды колдонууда коопсуздук эрежелери.
Ар кандай түрдөгү жаракат алганда биринчи медициналык жардам. Жараатты таңуунун ыкмалары. Асептика жана антисептиканын чаралары. Тиричилик химиясынын препараттарынан ууланууда, кислота жана жегич заттардан болгон күйүктө көрсөтүлүүчү биринчи медициналык жардам. Травма алууда ооруну басаңдатуу жолдору, баш жана кыр аркадан травма алганда биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери. Сууга чөккөн адамга көрсөтүлүүчү биринчи жардам. "Ооздон-оозго", "ооздон мурунга" жасалма дем алдыруу жолдорун жүрөккө кыйыр массаж менен бирдикте жасоо ыкмалары.
Массалык жабыркоо учурундагы биринчи медициналык жардам. Радиациядан травма алуу менен жабыркаган учурдагы биринчи медициналык жардам. Ууландыруучу жана күчтүү таасир этүүчү уулу заттардан жабыркоонун белгилери, биринчи медициналык жардам. Жеке медициналык кутуча жана аны колдонуу эрежеси. Шприц-тюбик. Жеке химиялык пакетти колдонууну үйрөнүү. Өпкөнү жасалма дем алдыруу (РПА - 1) жана аны колдонуу.
Химиялык заттарга каршы пакетти жана шприц-тюбиктерди колдонууну үйрөнүү. Адамдын саламаттыгы, жалпы түшүнүк жана аныктамасы. Ден соолуктун абалынын критерийлери, саламаттыктын резерви жөнүндө түшүнүк, физикалык жана ички дүйнөнүн саламаттыгы. Чың ден соолукта болууга жетишүү жолдору. Өспүрүмдүн окуу жана эс алуу режими. Адамдын ишке болгон физикалык жана акыл-эс жөндөмдүүлүгүнүн күндөр, айлар, жылдар аралыгындагы динамикасы. Чарчоону алдын алуу.
Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо сабактарына системалуу катышуу адатын калыптандыруу.
Курчап турган чөйрөдөгү ден соолукту чындоочу факторлорду колдонуу эрежеси. Өзүнө-өзү милдет жүктөө формасынын негизинде билим алуу. Өспүрүмдүн өздүк гигиенасынын эрежелери жана туура тамактануусу.
Өспүрүмдөрдө өз жанын кыюу көрүнүшү. Өспүрүмдүн организминин психологиялык жана физикалык өзгөчөлүктөрү. Психологиялык туруктуулук жана анын адамдын ден соолугу үчүн мааниси. Өзүнүн сезимин туура башкаруу жолдорун калыптандыруу.
Жугуштуу оорулар жөнүндө түшүнүк. Жугуштуу оорулардын классификациясы.
Жугуштуу оорулар менен күрөшүүнүн жана алдын-алуунун негизги багыттары.
Иммунитет, алдын ала эмдөө жөнүндө түшүнүк, иммунитетти алсыздандыруучу факторлор. Ичеги-карын инфекциялары, ич келте, токсикоинфекция, ботулизм жана жугуштуу гепатиттер. Ооруну козгоочу булактар, жугуу жолдору, негизги белгилери жана алдын алуу.
Энтереробиоз, аскаридоз: ооруну козгоочу булактар, жугуу жолдору, белгилер, алдын алуу.
Дем алуу жолдорунун инфекциялары: грипп, ОРВИ, ангина, кургак учук. Ооруну козгоочу булактар, жугуу жолдору, негизги белгилери жана алдын алуу.
Негизги венерологиялык ооруларды тобокелге салуу факторлорун алдын-алуу (СПИД, сифилис, гонорея, трихономоз).
Практикалык сабактар: кол салуу коркунучу болгон учурдагы окуучунун жүрүш-турушу жана иш-аракети. Окуучуну коргоо үчүн баш калкалоочу (жашынуучу) жай даярдоо.
Жекече коргонуу каражаттарын алуу. Газга каршы каражатты колдонууну иш жүзүндө көрсөтүү.
Химиялык заттарга каршы пакетти жана шприц-тюбиктерди колдонууну үйрөнүү.
"Ооздон-оозго", "ооздон мурунга" жасалма дем алдыруу жолдорун жүрөккө кыйыр массаж менен бирдикте жасоо.







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!