ЭНЕ … Ар бир адам үчүн, мейли ал чоң кичине, жашы-кары болобу, эне-дүйнөдөгү эң жакын адамыбыз!
Эненин-балдарына деген сүйүүсү айкөл, сүттөн ак, өзүнүн тереңдиги, чексиздиги жана каармандыгы адам таңгаларлык жаралган дүйнөдөгү жападан жалгыз, кайталангыз адам. Жарыкка келген алгачкы күндөн бизди энелер камкор эмгеги, жылуулугу, мээрими, талбаган түйшүгү, чыдамы, тынчсыздануусу курчап алат. Анын назик добушу, жылуу, жумшак колдору бизди алдейлеп сооротуп, ишеним байлатып, көңүлүбүздү куунак тарттырат.
Мына, дүйнөгө капар келген наристе алгач ирет эненин алдейлеген назик үнү менен «Бешик ырын» угуп, эненин сүтүнө тоюп, таттуу уйкуга кетти.
Эненин камкор добушуна жооп кылып, ымыркай алгачкы жолу жылмайды.
Мына, эненин жардамы менен бөбөк кас-кас туруп, алгачкы кадамын таштады.
Анан алгачкы «АПА» деген сөздү айтты.
ЭНЕКЕ
Ой, энеке!
Сенден жарык таң барбы!
Сенин шоолаң түбөлүккө бүтпөгөн.
Ой, энеке!
Сенден күчтүү жан барбы!
Кандай күч бар сенден жардам күтпөгөн!
(А.Токомбаев)
Сабактын темасы:
« 8-март - Энелердин апалардын,
улуу майрамы »
Апа деген сөз айтсам,
Жылуу нурлар куюлат.
Дүйнөдөгү бардык эл,
Бир туугандай туюлат .
Б.Сөлпүев.
Сабактын максаты:
чыгармаларды үйрөтүү
жана уктуруу аркылуу
окуучулардын музыкалык
чыгармачылыгын
калыптандыруу.
Уктуруу үчүн:
«Чоң энемдин осуяты» музыкасын жазган: К.Молдобасанов.
Ыр үйрөтүү үчүн:
«Айым, күнүм ата-энем» музыкасын жана сөзүн жазган: Ш.Эсенгулов.
Музыкалык сабат:
«Музыканын обонуна мүнөздөмө берүүчү мүнөздөмөлөр»
- жай, обондуу.
- созулма, созулунку.
- жай жайыраак.
- ажардуу, кайраттуу,
жандуу.
- шар, ылдам,
- сүйкүмдүү эргүү менен.
- ачык, жаркын.
Сабактын милдеттери:
Билим берүүчүлүк:
8-март майрамынын өзгөчөлүгү жөнүндө окуучуларга
тааныштурууну улантуу, энелер жөнүндө музыканын обонуна
мүнөздөмө берүүнүн жолдорун өздөштүрүүгө үйрөтүү.
Тарбия берүүчүлүк:
Энелерди, апаларды урматтоого, сыйлоого жана музыка жөнүндө
баарлашуу көндүмдөрүнө тарбиялоо.
Өнүктүрүүчүлүк:
Окуучулардын 8-март жана энелер жөнүндө музыкалык
маалымдуулугун кеңейтүү, музыканын обонуна мүнөздөмө берүү
жана музыканы угуп өз оюн айта билүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Башкы идея:
- Окуучуларга 8-март жана энелер жөнүндө музыканын обонуна
(музыканын обонуна мүнөздөмө берүүчү мүнөздөмөлөр)
мүнөздөмө берүүнү өздөштүрүүгө үйрөтүү.
- 8-март жөнүндө музыкага болгон кызыгуусун жана
чыгармачылыгын өөрчүтүү, музыканы угуп мазмунун
айта билүү көндүмдөрүн өнүктүрүү жана аңгемелешүүгө
үйрөтүү.
Өзөктүү сөздөр:
8-март, обон, стил, музыкалык иллюстрация, музыкалык көнүгүү, музыкалык терминдер, музыкалык чыгармачылык.
Сабактын максаты төмөнкү шарттарда
ишке ашырылат:
- окутуу ситуациясында (биз окуу классында болобуз); кичи топтор жана шериктер менен иштөө иш-аракети
- окутуу ситуациясында (биз окуу классында болобуз);
- кичи топтор жана шериктер менен иштөө иш-аракети
(биз биргелешип иштейбиз).
- (биз биргелешип иштейбиз).
Сабактын жабдылышы:
- комуз;
- комуз;
- комуз;
- комуз;
- аккардеон; фортепиано; DVD -борбор, телевизор; мультимедиялык проектор; композиторлордун портреттери; плакаттар, слайддар.
- аккардеон; фортепиано; DVD -борбор, телевизор; мультимедиялык проектор; композиторлордун портреттери; плакаттар, слайддар.
- аккардеон; фортепиано; DVD -борбор, телевизор; мультимедиялык проектор; композиторлордун портреттери; плакаттар, слайддар.
- аккардеон;
- фортепиано;
- DVD -борбор, телевизор;
- мультимедиялык проектор;
- композиторлордун портреттери;
- плакаттар, слайддар.
Угуу үчүн музыкалык материалдар:
- «Чоң энемдин осуяты» (Музыкасын жазган:
К.Молдобасанов) музыкасынын аудио
жазуулары.
Сабакта колдонулуучу көрсөтмө куралдар:
- Апалар, энелер жөнүндө түстүү иллюстрациялар.
- «8-март - Апалардын, энелердин улуу майрамы»
плакаттар менен (слайддык) презентация.
- «Айым, күнүм ата-энем» ырынын минусу
фонограммасы.
САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:
Сабактын этабынын мазмуну
Мугалимдин
иш-аракети
Окуу
иш-аракетин
уюштуруу
Окуучунун
иш-аракети
- Теманы жана сабактын максатын жарыялайт.
- Окуучулардын үн
Эскер-түү
байламталарын ырдоого даярдоо үчүн көнүгүүлөрдү көрсөтөт.
Үн байламталарын ырдоого даярдоо үчүн көнүгүүлөрдү ырдашат (угушат жана кайталашат).
Көнүгүү.
«Ой, энеке!» (музыкасын жазган А.Малдыбаев, сөзү Аалыныкы) чыгармасынан кыска обон аткарышат (класс-хор-жамаат менен иштөө тажрыйбасына ээ болуу).
Билимди
актуалдаш-
тыруу
- Кайталоону уюштурат.
- Музыкалык аспапта ойноп берет же фонограмманы уктурат жана кайталоо үчүн төмөнкү суроолорду берет:
- Угулуп жаткан обондун фрагменти кимдерге мүнөздүү деп ойлойсуңар?
- Кимге таандык болушу мүмкүн?
- Бул обондун өзгөчөлүгү эмнеде
Аткарат (аткаруу-кайталоо) «Ой, энеке!»
Кайталоо
Аудио
файл
Видео
файл
- Музыканын энелерге, апаларга таандык экенин обонду угуу менен аныкташат.
- Обондун текстерин талдашат.
- Эне жөнүндө музыканын мээримдүүлүгүн,
сүйкүмдүүлүгүн,
өзгөчөлүгүн кайталашат.
Жаңы
материалды
түшүндүрүү
- Клара Цеткин жана Роза Люксенбург жөнүндө айтып берет.
- Композиторлор жана акындар жөнүндө кыскача маалмат берет.
- Көргөзмө куралдарды (слайддарды) көрсөтүү жана музыкалык иллюстрациялар менен
Бышыктоо
түшүндүрүү.
- Маалыматты угушат жана эстеп калууга аракет кылышат.
- Көргөзмө куралдарга суроо.
Таблицаны толтурат: :
(Окуучулар бирин-бири текшеришет-жуптар, шериктер менен иштешет).
№ 16 Слайд-ды кара-гыла.
- Плакаттарды (слайд) көрүп жатканда суроолорго жооп берет.
- Жаңы сөздөрдүн маанисин эстеп калышат (сулуу, кооз, обондуу, К. Цеткина, Р.Люксенбург).
- Сен кандай ойлойсуң, музыкада энелердин мүнөзү кандай билинди?
Кайсы чыгармага кандай мүнөздөмөлөр туура келет?
(Окуучулар жебе (стрелка) менен көрсөтүшөт).
Мүнөздөмөлөр:
Чыгармалар:
«Чоң энемдин осуяты».
«Айым, күнүм ата-энем»
- жай, обондуу.
- созулма, созулунку.
- жай жайыраак.
- ажардуу, кайраттуу,
- жандуу.
- шар, ылдам,
- сүйкүмдүү эргүү менен.
- ачык, жаркын
- «Айым, күнүм ата-энем» ырын үйрөтүүнү уюштурат.
Сабакты
жыйынтыктоо
Рефлексия
( ой жүгүртүү,
өз башынан
өткөргөндөрдү анализ кылууга шыктуулук ).
Суроо берет:
? Эне жөнүндөгү обондорго кандай ыргактар мүнөздүү?
? Жай, созулунку музыкасын кандай түшүнөсүн?
? Эмне үчүн?
? Бул музыка сага жактыбы?
? Эмне себептен?
- Ырды угушат.
- Ырды үйрөнүшөт.
Суроолорго жооп берет. Кичи топтор жана шериктер менен өздөрүнүн ой толгоолорун жана эмоционалдык абалдарын билдирет.
Үйгө тапшырма:
- Окуучулар апасын, энесин, эжесин жана карындаштарын 8-март
майрамы менен куттуктаганы жөнүндө кыскача айтып берүү.
- Өткөн теманы кайталап, ырдын сөзүн жаттап келүү.
Жыйынтыгында окуучу төмөнкү түшүнүктөргө ээ болот:
- 8-мартка арналган музыкалардын мазмунун аныктоочу мүнөздөмөлөр жөнүндөгү түшүнүктөргө;
- Музыканын обонуна берилүүчү мүнөздөмөлөрдүн таасирдүү каражаттары жөнүндөгү түшүнүктөргө;
Окуучу төмөнкүлөрдү билет:
- Энелерге арналган музыкалардын обонуна мүнөздөмө берүүнү;
- 8-март-энелердин, апалардын майрамына арналган музыка жөнүндө өз ойлорун түшүндүрө билет.
Окуучу төмөнкүлөрдү өздөштүрө алат:
- Шериктер, жуптар менен ырларды аткарат жана ырдап жатканда обондун мүнөзүн бере алат.
- Музыканы угуп анын мүнөзүнө жараша энелерге жана апаларга болгон өз каалоо тилектерин айта алат.
- Музыканын обонуна мүнөздөмө берүү жана музыканы угуп өз оюн айта билүү көндүмдөрүн өздөштүрө алат.