Тест: GraphABS
Суроо №1: Дал келишүүнү аткаргыла:
1. SetPixel(x,y,color);
2. Line(x1,y1,x2,y2);
3. Circle(x,y, radius);
4. Rectangle(x1,y1,x2,y2);
Жооптун варианттарынын туура келүүсүнүн ирээтин көрсөткүлө:
Диоганалынын координаталары (x1, y1) жана (x2, y2) болгон тик бурчтукту сызат.
(x, y) координатасы менен берилген чекитти color түсү менен боёйт;
(x1,y1) координатасы менен берилген чекиттен (x2,y2) координатасы менен берилген чекитке чейин кесинди сызат;
Борборунун координатасы (x,y) жана радиусу radius болгон айлана сызат.
Жооп: 2-3-4-1;
Суроо №2: Графикалык библиотеканы кантип кошобуз?
Жооптон бир вариантты танда:
uses CRT;
uses GraphABS;
var GraphABS;
var CRT;
Жооп: 2;
Суроо №3: координатасы (50,70) болгон чекитке келүү үчүн?
Жооптон бир вариантты танда:
Программа аткарылып жаткан терезенин жогорку сол бурчунан баштап оңго 50 пиксель жана төмөн көздөй 70 пиксель жылуу керек
Программа аткарылып жаткан терезенин жогорку сол бурчунан баштап оңго 70 пиксель жана төмөн көздөй 50 пиксель жылуу керек
Программа аткарылып жаткан терезенин жогорку оң бурчунан баштап солго 50 пиксель жана төмөн көздөй 70 пиксель жылуу керек
Жооп: 1;
Суроо №4: Circle(50,100, 40) командасынын аткарылышында ...
Жооптон бир вариантты танда:
Борборунун координатасы (50,40) жана радиусу 100 болгон айлана сызат.
Борборунун координатасы (100,50) жана радиусу 40 болгон айлана сызат
Борборунун координатасы (50,100) жана радиусу 40 болгон айлана сызат
Жооп: 3;
Суроо №5: Дал келүүнү аткар:
1. FloodFill(x,y,color);
2. SetBrushColor(color);
3. write (text);
Жооптун варианттарынын туура келүүсүнүн ирээтин көрсөткүлө:
Бир түс менен чектелген аймакты (x,y) координатасынын чекитинен баштап color, түсү менен боёйт.
Экранга “Text” текстин чыгарат.
Боёк саптын параметрин color түсүндө орнотот.
Ответ: 1-3-2;
Суроо №6: "Салам!" сөзүн экранда (90,120) координатасынан баштап чыгаруу үчүн ...командасын аткартыш керек.
Жооптон бир вариантты танда:
TextOut ('Салам!',90, 120);
TextOut (120, 90, 'Салам!');
TextOut (90, 120, 'Салам!');
TextOut (90, 120, Салам!);
Жооп: 3;
Суроо №7: Түстү биз ... жардамы менен орнотсок болот.
Жооптон бир нече вариантты танда:
cl(түстөр, англис тилинде);
түстүн сандык маанилери 0 дөн 255*255*255-1 ге чейинки диапазондо
түстүн сандык маанилери 0 дөн 255-1 ге чейинки диапазондо
командалар(түстөр, англис тилинде);
Жооп: 1,2;
Суроо №8: Тик бурчтукту сызуу үчүн ... командасын колдонобуз.
Жооптон бир вариантты танда:
SetPixel(x,y,color);
Rectangle(x1,y1,x2,y2);
Line(x1,y1,x2,y2);
Circle(x,y, radius);
Жооп: 2;