Просмотр содержимого документа
«9-класс Геометрия»
Жалал абад облусу, Ала-Бука району, Достук айылы
Сидикова С
№ 16 А. Навои
9-класс Геометрия
Сабактын темасы:
Синустар теоремасы
Сабактын максаттары:
Окуучулар синустар теоремасы жѳнүндѳ түшүнүк алышат;
Берилген суроолорго жооп бере алышат жана ѳз алдынча кѳнүгүүлѳрдү иштей алышат;
Алган билимдерин турмушта колдоно билишет;
Сабактын жабдылышы:
- Ноутбук
- Телефон
- Дептер
- Ручка
- Сызгыч
- калем
Өтүлгөн теманы кайталоо:
Косинустар теоремасы.
Ар кандай үч бурчтуктун бир жагынын квадраты калган эки жагынын квадраттарынын суммасынан ал жактардын жана алардын арасындагы бурчтун косинусунун эки эселенген кѳбѳйтүндүсүн кемиткенге барабар.
Жаңы тема:
Синустар теоремасы
Синустар теоремасы:
Ар кандай үч бурчтуктун жактары ал жактарга каршы жаткан бурчтардын синустарына пропорциялаш болот.
Далилдөө: ∆АВС берилсин.
болорун далилдейбиз.
АС жагына ВD бийиктигин түшүрөбүз.
Анда тик бурчтуу эки ∆ пайда болот:
∆ АВD жана ∆ВDС .
∆ ABD да BD=c·sinα
∆ BDC да BD=a·sinγ
же c·sinα=a·sinγ .
2) α -кең бурч болгондо,
∆ ABD да BD=c·sin(180-α)=c·sinα
∆ BDC да BD=a·sinγ болот.
Бул учурда да c·sinα=a·sinγ
- жана 2) барабардыктарынан
а:sinα=c:sinγ экени келип чыгат.
Демек,
алабыз.
Теорема далилденди.
№ 8 b=12 см γ=30 0 β=45 0 с=?
Ж:
Бышыктоо:
№ 9
2) a=3,7 см c=5,9 см γ=23 0 20 / α=?
α=14 0 23 / Ж: α=14 0 23 /
№ 10
1) b=110 см α=45 0 γ=102 0 30 / a=?
α+β+γ=180 0 β=180 0 -(45 0 +102 0 30 / )=32 0 30 /
a=144,7 см Ж: a=144,7 см
2) с=18 см α=130 0 β=27 0 16 / γ=?
α+β+γ=180 0 γ=180 0 -(130 0 +27 0 16 / )=22 0 44 /
b=21,34 см Ж: b=21,34 см
№ 13
Берилген: ABCD –параллелограмм AС=12 см 0 0 0
AB=? BC=?
Ж:
5. Үй тапшырма. №11; №12