| Сабакты уюштуруу: окуучуларды орундуктарга жайгашуусун карап, Жагымдуу маанай түзүү үй тапшырма: кайталоо мативация түзүү: валенттүүлүк деген эмне эле? Жаңы теманы түшүндүрүү: Бирикмелердеги атомдордун арасындагы электрондордун бирдей тең бөлүштүрүлбөгөнү кычкылдануу деп аталат. Электрондору башка элементтин атомдоруна жылышкан (өткөн) учурда оң кычкылданууга ээ болот. Башка элементтин атомунун электрондору өткөн (кабыл алган) элементтин атому терс кычкылдануу көрсөтөт. Татаал заттагы атомдордун биринен экинчисине канча электрон өткөндүгүн көрсөткөн сан кычкылдануу даражасы же кычкылдануу саны деп аталат. Жөнөкөй заттарда атомдордун кайсынысынан болбосун электрондор жылышпайт, ошондуктан элементтин кычкылдануу даражасы нөлгө барабар. Бирикмелерде айрым элементтер бир эле кычкылдануу даражасын көрсөтөт. Бирок көпчүлүк элементтер түрдүү бирикмелерде ар түрдүү кычкылдануу даражаларын көрсөтөт. Жегич металлдар +1, жегич жер металлдар +2, фтор -1ге туруктуу кычкылдануу даражасына ээ. Суутек үчүн көпчүлүк бирикмелерде +1 ал эми металлдардын гидриддеринде жана айрым бирикмелерде ал -1ге барабар Кычкылтектин кычкылдануу даражасы -2 ге барабар, өтө кычкылдуу бирикмелерде -1ге жана кычкылтек фторидинде OF2 +2ге барабар. Бирикменин формуласын билүү жана молекуладагы атомдордун бардыгынын кычкылдануу даражаларынын суммасы нөлгө барабар экенгдигин эске алуу менен, кычкылдануу даражасы туруктуу эмес элементтер үчүн анын маанисин аныктап алууга болот. СО х+(-2)=0 х=+2 СО2 х+2(-2)=0 х=+4 СН4 х+4(+1)=0 х=-4 С2 Н2 2х+6 (+1) =0 х=-3 С2 Н5ОН 2х+6(+1)+(-2)=0 х=-2 Практика пробиркага туз кислотасын куюп ага цинктин кесекчесин салабыз 2HCl + Zn ----- ZnCl2 + H2 Сабакты бышыктоо: кычкылдануу даража деген эмне? H3PO4 PH3 H2SO3 Cr2O3 Үйгө тапшырма берүү: §4,1 окуу №4 чыгарып келүү |